Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-майы № 275
Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн иштетиле элек камыш кантын алып келүүгө квоталарды бөлүштүрүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн иштетиле элек камыш кантын алып келүүнүн жол-жоболорун тартипке салуу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2015-жылдын 8-майында кол коюлган протоколдун 44-пунктуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн иштетиле элек камыш кантын алып келүүгө квоталарды бөлүштүрүүнүн эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2015-жылдын 8-майындагы № 5 "Мамлекеттик. чек аранын кыргыз-казакстан участогу аркылуу өтүүчү товарларды жана транспорттук каражаттарды бажылык контролдоону жокко чыгаруу жөнүндө" чечими күчүнө кирген күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |