Загрузка документа…
Тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-майындагы № 275 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн иштетилбеген камыш кантын алып келүү үчүн квоталарды бөлүштүрүүнүн ЭРЕЖЕСИ
1. Жалпы жоболор
1. Бул эреже Кыргыз Республикасынын аймагында даамсыз - жыпар жытсыз же боёк кошулмалары жок, Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн бирдиктүү товардык номенклатурасынын (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ ТН) 1701 13, 1701 14 коддору менен классификацияланган, иштетилбеген камыш кантын (мындан ары - иштетилбеген камыш канты) алып келүүдө тарифтик жеңилдиктерди берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Бул эрежеде төмөндөгү түшүнүктөр пайдаланылат:
- өндүрүүчү ишкана - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкер катары катталган, төмөнкү чен белгилерге ылайык келген юридикалык же жеке жак:
ишканада иштетилбеген камыш кантын кайра иштетүү үчүн керектүү технологиялык жабдуулардын болушу;
иштетилбеген камыш кантынан алынган ак шекердин сериялык өндүрүлүшүнүн болушу:
- иштетилбеген камыш кантын жеткирип берүүчү - иштетилбеген камыш кантын жеткирип берүү үчүн өндүрүүчү ишкана менен контракты болгон, контракты жок учурда - тараптардын ниетин далилдеген башка документтин көчүрмөсү бар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган юридикалык же жеке жак;
- квота - Кыргыз Республикасына ташып келүүгө мүмкүн болгон жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусунда аныкталып жана белгиленген иштетилбеген камыш кантынын көлөмү.
2. Иштетилбеген камыш кантын алып келүүгө квоталарды берүүнүн тартиби жана шарттары
3. Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу орган жылына:
1) 1-ноябрга чейин төмөндөгүлөрдү түзөт:
- келерки жылда кантты өндүрүү үчүн керек болгон иштетилбеген камыш кантынын көлөмүн көрсөтүү менен Кыргыз Республикасында кантты өндүрүү жана керектөөнүн балансын;
- кант өндүрүүчү ишканалардын тизмесин;
- Кыргыз Республикасынын аймагына иштетилбеген камыш кантын алып келүү боюнча үчүнчү өлкө менен контракты болгон же тараптардын ниетин далилдеген башка документи бар жеткирип берүүчүлөрдүн тизмесин;
2) 1-декабрга чейин иштетилбеген камыш кантын кант өндүрүүчү ишканаларга жана иштетилбеген камыш кантын жеткирип берүүчүлөргө иштетилбеген камыш кантын ташып келүү үчүн келерки жылга карата квотанын көлөмүн бөлүштүрөт;
3) башка учурларда (квотанын калдыгы, квотадан баш тартканда, кантты өндүрүүчү ишкананын же иштетилбеген камыш кантын жеткирип берүүчүнүн иштетилбеген камыш кантын ташып келүүгө лицензиясын кайтарып алганда) иштетилбеген камыш кантын ташып келүү үчүн квотанын көлөмүн кайра бөлүштүрөт;
4) алынып келе турган иштетилбеген камыш кантын максаттуу пайдалангандык жөнүндө тактама берет.
4. Соода ишин жөнгө салуу тармагындагы ыйгарым укуктуу орган:
- квота белгиленген жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин, бекитилген квотанын көлөмүнүн чегинде өндүрүүчү ишканаларга же иштетилбеген камыш кантын ташып келүүчүлөргө иштетилбеген камыш кантын ташып келүүгө лицензияларды берет;
- 1-апрелге чейин отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык комиссияга иштетилбеген камыш кантын ташып келүүнүн иш жүзүндөгү көлөмдөрү боюнча маалыматты жөнөтөт.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн алынып келген иштетилбеген камыш кантын ташып кирүүдөгү бажы алымдарынан бошотуу менен бажы жол-жоболоруна жайгаштырууга байланышкан бажы операциялары бажы органдары тарабынан төмөнкү шарттарды сактаганда ишке ашырылат:
1) иштетилбеген камыш кантын өндүрүүчү ишканалар менен контракты бар жеткирип берүүчү же кантты өндүрүүчү ишкана алып келет;
2) соода иши тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан ар жылдык квотанын белгиленген көлөмүнүн чегинде берилген лицензиянын болушу;
3) декларант болгон жактын Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде гана максаттуу пайдалануу жөнүндө жана аталган товарларды Евразия экономикалык бирлигинин мүчөлөрү болгон мамлекеттердин аймагына чыгарууга жазуу жүзүндөгү милдеттенмесин көрсөткөндө.
3. Иштетилбеген камыш кантын ташын келүүгө квоталарды бөлүштүрүү ыкмасы
6. Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу орган жыл сайын, иштетилбеген камыш кантын ташып келүү квотасы бекитилген жылы, 1-январдан 31-декабрга чейин, иштетилбеген камыш кантынын көлөмүн бөлүштүрөт:
- кантты өндүрүүчү ишканаларга - 70 пайыз;
- иштетилбеген камыш кантын жеткирип берүүчүлөргө - 30 пайыз.
7. Квотаны бөлүп берүү табыштамалары табыштамаларды кабыл алуу жөнүндө кулактандыруу жарыялангандан кийин 14 календардык күндүн ичинде 1-тиркемеге ылайык форма боюнча кабыл алынат.
Табыштамага төмөнкү документтер тиркелет:
- устав, юридикалык жактын мамлекеттик каттоосунун көчүрмөсү, же жеке ишкердин (жеке жактын) мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүгү;
- ушул Эреженин 2-тиркемесине ылайык формадагы алынып келүүчү иштетилбеген чийки камыш кантын максатына жараша пайдалануу жөнүндө милдеттенме;
- жеткирип берүүчүлөргө иштетилбеген камыш кантын ташып келүү үчүн өндүрүүчү ишканалар менен болгон контракттын көчүрмөсү, же контракты жок болгон учурда - тараптардын ниетин тастыктаган документтин көчүрмөсү;
- документтерди ишенимдүү киши аркылуу берген учурда - ишеним каты, анын паспортунун көчүрмөсү.
8. Квоталардын көлөмүн иштетилбеген камыш кантын жеткирип берүүчүлөрдүн ортосунда бөлүштүрүү, жеткирип берүүчүлөргө аныкталган, жылдык квотанын жалпы көлөмүнөн ар бир жеткирип берүүчүгө 10 процентинен ашпаган көлөмдө берилген арыздардын ирет тартиби боюнча ишке ашырылат.
9. Кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде табыштамалар каралат.
10. Иштетилбеген камыш кантын ташып келүү квотанын көлөмдөрү жок калганга чейин бөлүштүрүлөт.
11. Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу орган квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнөн кечикпей иштетилбеген камыш кантын ташып келүүгө бөлүштүрүлбөй калган квотанын көлөмү тууралуу маалыматтарды квота түгөнгөнгө чейин интернет-ресурстарда жарыялайт.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн иштетилбеген камыш кантын алып келүү үчүн квоталарды бөлүштүрүүнүн эрежесине 1-тиркеме |
Форма
ТАБЫШТАМА
____________________________________________________________________ (юридикалык жактын толук аталышы же жеке жактын аты-жөнү)
Иштетилбеген камыш кантын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1701 13, 1701 14)
көлөмү _____________________ тоннада ташып келүү үчүн квота бөлүп берүүнү сурайт.
Жетекчи | ___________________ | ________________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
Юридикалык жактар үчүн мөөрдүн орду (күнү):
Жеке жактар үчүн паспорттук маалыматтар __________________________________________________
______________________________________________________________________________________
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн иштетилбеген камыш кантын алып келүү үчүн квоталарды бөлүштүрүүнүн эрежесине 2-тиркеме |
Форма
Товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө МИЛДЕТТЕНМЕ
1. Жалпы маалыматтар
Кабыл алуучу/импортер
__________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы)
ИНН 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0
2. Алып келинген товар жөнүндө маалымат
__________________________________________________________________________________
(товардык аталышы)
__________________________________________________________________________________
(товардын ЕАЭБ ТЭИ ТН коду)
3. Товарлардын максаттуу пайдаланылышы
Аталган товарларды алардын максатталган багытына ылайык пайдаланууга милдеттенем. Аталган товарлар максатсыз пайдаланылган учурда Кыргыз Республикасынын бажы жана салык мыйзамдарына ылайык, тиешелүү бажы төлөмдөрүн, салыктарын жана үстөк төлөөгө милдеттенем.
Жетекчи | ______________________________/ | ________________________/ |
| (жетекчинин аты-жөнү) | (колу) |
__________________________________________________________________________________
(күбөлүктүн номуру, күбөлүктү берген орган, берилген мөөнөтү жана колдонуу мөөнөтү)