Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-сентябрындагы №526 токтому менен бекитилген |
Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-июнундагы № 293, 2017-жылдын 2-июнундагы № 334, 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 565, 2020-жылдын 30-январындагы № 43, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 9, 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 556
токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Аттестациялык комиссия
3. Квалификациялык аттестация
4. Апелляциялык комиссия
5. Аттестациялоонун жыйынтыгы жөнүндө билдирүүнүн тартиби
6. Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучуга
квалификациялык күбөлүктү берүүнүн тартиби
1-тиркеме. Арыз
2-тиркеме. Аттестация барагы
3-тиркеме. Аттестациянын тапшырмасы
4-тиркеме. Аттестациялык протокол
1. Жалпы жоболор
Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө ушул жобо баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан (мындан ары - аттестациядан) өткөрүүнү жана аны уюштурууну жөнгө салат.
Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуучу жеке жактар (мындан ары - талапкер) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) берүү жолу менен төмөнкүдөй документтерди аттестациялык комиссияга берет:
- белгиленген үлгүдөгү өз колу менен жазылган арызды (1-тиркеме);
- ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык белгиленген үлгүдөгү квалификациялык күбөлүктү алууга талапкердин анкетасынын түп нускасын;
- жогорку экономикалык билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсүн же башка жогорку билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсүн;
- паспорттун көчүрмөсүн;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 334 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- соттолбогондугун күбөлөндүргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген документти;
- түстүү эки фото сүрөттү (3x4 өлчөмүндө);
- квалификациялык күбөлүктү бергендиги үчүн төлөмдүн төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны.
Арыз зарыл болгон документтердин толук пакети берилгенден кийин катталат. Квалификациялык аттестация башталганга чейин беш күн калганда документтерди кабыл алуу токтотулат.
Коргоо берилген документтердеги маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти талапкерлер тартат.
Баардык документтер көктөлөт бекитилиши керек, тышына талапкердин аты-жөнү жазылат.
Квалификациялык аттестациядан өткөрүү үчүн квалификациялык аттестацияга киргизүүнү аттестациялык комиссия жүргүзөт.
Квалификациялык аттестацияга кирүү укугу берилген талапкерлердин тизмесин ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси квалификациялык аттестациянын башталышына 2 (эки) күн калганда бекитет.
Жеке жактарга баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алууда баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
- талапкер тарабынан берилген документтерде шайкеш келбеген же туура эмес маалымат аныкталганда;
- документтердин пакети толук эмес берилгенде;
- кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу болгондо.
Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алууну каалаган жеке жактарды квалификациялык аттестациядан өткөрүү үчүн, ошондой эле келип түшкөн даттанууларды кароо үчүн ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен даттанууларды кароочу жана аттестациялык комиссия түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 334, 2020-жылдын 30-январындагы № 43, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 556 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун талапкерлерине карата квалификациялык талаптар
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 9 токтомунун редакциясына ылайык)
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугуна талапкерлер төмөнкүдөй квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
- жогорку билими болууга;
- кынтыксыз ишкер аброюна ээ болууга.
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугуна талапкер төмөнкүдөй учурларда кынтыксыз ишкер аброюна ээ эмес же аны жоготкон деп эсептелет:
- эгерде анын экономика чөйрөсүндө кылмыш жасаганы үчүн алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу болсо;
- эгерде сот тарабынан анын аракеттери же аракетсиздиги юридикалык жактын банкроттугун кошуп алганда, мажбурлап жоюуга алып келген деп таанылса;
- эгерде ал соттун чечими боюнча банктык, финансылык, аудитордук, камсыздандыруу жана инвестициялык чөйрөлөрдө иштерди жүзөгө ашырууга укуксуз болсо;
- эгерде ал соттун чечими боюнча иштин башка чөйрөлөрүндө кынтыксыз ишкер аброюн жоготсо;
- анда өзүнүн финансылык милдеттенмелерин төлөө боюнча аткарылбаган соттун чечими болсо;
- эгерде ал баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга атайылап анык эмес маалыматтарды жана документтерди берсе.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 9 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Аттестациялык комиссия
Аттестациялык комиссия беш мүчөдөн жана жооптуу катчыдан турат.
Аттестациялык комиссиянын төрагасы менен эки мүчөсү туруктуу негизде ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнөн ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан дайындалат.
Аттестациялык комиссиянын эки мүчөсү Кыргыз Республикасынын инвестициялык институттарынын ассоциациясынын сунушу боюнча баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй (5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар) катышуучуларынан алты айдан ашуун эмес мөөнөткө дайындалат.
Комиссиянын жыйынын даярдоону жана иш кагаздарын жүргүзүүнү комиссиянын жооптуу катчысы жүргүзөт.
Аттестациялык комиссия:
- квалификацияны аттестациялоо программасын (мындан ары - программа) иштеп чыгат жана аттестациялык тапшырмаларды даярдоо учурунда пайдаланылуучу суроолордун жана жооптордун тизмесине киргизет;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын өзгөрүүлөрүн эске алуу менен программага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет;
- бекитилген программанын негизинде аттестациялык тапшырманын мазмунун (тексттер жана тапшырмалар), жооптордун варианттарын даярдайт;
- электрондук алып жүрүүчүдө иштелип чыккан жана бекитилген аттестациялык тапшырмаларды жооптору менен андан ары электрондук квалификациялык аттестацияны өткөрүү үчүн электрондук программага киргизет;
- аттестациялык иштерди текшерүү жана аттестациянын жыйынтыктарын баалоо учурунда анонимдүүлүктү камсыз кылуу үчүн аттестациялык тапшырманы жана талапкердин аттестациялык баракчасын коддоштуруунун жол-жоболорун иштеп чыгат жана колдонот;
- жүргүзүлгөн аттестациянын жыйынтыгы боюнча талапкерлердин аттестациялык тапшырмаларына текшерүүлөрдү жүргүзөт.
Аттестациялык комиссиянын кеминде 3 мүчөсү катышса аттестациялык комиссиянын жыйыны мыйзамдуу болуп эсептелет. Чечим аттестациялык комиссиянын жыйынына катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыгып калган учурда аттестациялык комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Аттестациялык комиссиянын жыйыны жана аларда кабыл алынган чечимдер протокол менен таризделет, аттестациялык комиссиянын катышкан мүчөлөрү колдорун коюшат. Аттестациялык комиссиянын жыйынында талкууланган маселелерди жазуу үчүн жазуулардын техникалык каражаттары колдонулат.
Аттестациялык тапшырмалардын мазмундары ар бир аттестациянын алдында, программага жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен каралат.
Жазуу жүзүндөгү аттестациялоодо комиссия иштеп чыккан жана бекиткен аттестациялык тапшырмалар жооптору менен кошо конвертке салынып, чапталат. Конверт чапталып кошулган жерге аттестациялык комиссиянын ар бир мүчөсү колдорун коюшат. Конверт аттестациянын төрагасында сакталат жана талапкерлер аткарган аттестациялык тапшырмаларды текшерүү башталардын алдында, аттестациялык комиссия тарабынан ачылат.
Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү аттестациялык тапшырмаларды кароонун учурунда купуялуулукту сакташы керек.
Аттестациялык комиссия текшерүүнү бүткөндөн кийин аттестациялык баракчалардын (2-тиркеме) жана тапшырмалардын (3-тиркеме) коддорунун кайсы талапкерге таандык экендигин аныктайт.
Аттестациялоонун жыйынтыктары аттестациялык комиссиянын протоколдору менен таризделет (4-тиркеме).
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Квалификациялык аттестация
Квалификациялык аттестация баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алууга талапкер адамдын билиминин деңгээлин баалоонун каражаты болуп эсептелет, ага аттестациялык тапшырмаларды жазуу жүзүндөгү же электрондук тест түрүндө аткаруу жана жазуу жүзүндөгү жана электрондук маселелерди чечүү кирет.
Квалификациялык аттестация жарым жылда бир жолу өткөрүлөт.
Паспортту же өзүн күбөлөндүргөн башка документти көрсөткөн учурда талапкерлер квалификациялык аттестацияга киргизилет. Жүйөлүү себептер менен квалификациялык аттестацияга келбей калган талапкер аттестацияны өткөрүүнүн кезектеги графигине ылайык жана керектүү документтерди жаңыртканда андан өтө алат.
Аттестациялык тапшырмалар төмөнкүдөй программанын негизинде иштелип чыгат жана эки бөлүктөн турат:
1-бөлүк. Базалык суроолор.
2-бөлүк. Атайын суроолор.
Аттестациялык тапшырманын ар бир бөлүгү 50 суроодон турат.
Квалификациялык аттестациянын ар бир бөлүгүнүн жыйынтыгы өзүнчө эсептелет.
Талапкерлер өздөрүнүн кароосу боюнча программанын бир же эки бөлүгү боюнча квалификациялык аттестациядан өтүшөт.
Талапкер эки бөлүктүн бирин ийгиликтүү тапшырган учурдан тартып бир жылдын ичинде квалификациялык аттестациянын программасынын экинчи бөлүгүн тапшырууга укуктуу. Көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин мурда аткарылган программанын бөлүгү боюнча аттестациянын жыйынтыктары жараксыз деп табылат жана кайра тапшырылат.
Программанын эки бөлүгү боюнча аттестациядан ийгиликтүү өткөн учурда баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгү берилет.
Ар бир бөлүк боюнча суроолордун 75 пайызынан кем эмесине туура жооптор болгондо аттестациядан ийгиликтүү өттү деп эсептелет.
Жазуу жүзүндөгү аттестация башталардын алдында талапкерлерге аттестациялык баракчалар жана аттестациялык тапшырмалар таратылып берилет. Квалификациялык аттестациядан өтүүгө каралган убакыттын ичинде толтурулган аттестациялык баракчаларды жана аткарылган аттестациялык тапшырмаларды талапкер жооптуу адамга берүүгө милдеттүү. Талапкердин аттестациялык баракчасына жана аттестациялык тапшырмасына идентификациялануучу коддор коюлат.
Баардык талапкерлердин аттестациялык баракчалары жооптуу катчы тарабынан өзүнчө конвертке салынып, ал эми аткарылган ар бир аттестациялык тапшырма башка конверттерге салынып чапталат.
Электрондук аттестациялоо башталардын алдында талапкерлерге программанын логини жана паролу берилет.
Квалификациялык аттестацияны өткөрүү учурунда ченемдик укуктук актыларды, маалымдамаларды жана атайын адабияттарды, уюлдук байланыш каражаттарын пайдаланууга, аттестациялык тапшырмаларды жана аларга берилген жооптордун варианттарын көчүрүп жазууга, көчүрмөсүн алууга, аттестациялык тапшырманын маңдайкы тышына жана арт жагына ар кандай тиешеси жок жазууларды жазууга же болбосо белгилерди коюуга, башка талапкерлер менен сүйлөшүүгө тыюу салынат.
Аттестациялык тапшырмага берилген жооп калем менен эмес, ручка менен тегеректелиши керек. Ручка менен тегеректелген жоопту оңдоого тыюу салынат.
Бир бөлүк боюнча квалификация аттестациялык тапшырманы аткаруу үчүн жумшалуучу убакыттын узактыгы 60 мүнөттөн ашпашы керек.
Ушул талаптарды бузган талапкерлер аудиториядан чыгарылып жиберилет жана аттестациядан өткөн жок деп эсептелет.
Кечигип келген талапкерлер алгачкы 20 мүнөттүн ичинде гана аттестацияга киргизилет. Кечиккен талапкерлер үчүн убакыт узартылбайт.
Аткарылган аттестациялык иштер жана алардын аттестациялык баракчалары аттестациялык комиссиянын төрагасында сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Апелляциялык комиссия
Аттестациялык комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда талапкер квалификациялык аттестациянын жыйынтыктары жарыяланган учурдан тартып беш календарлык күндүн ичинде апелляция жөнүндө арызын берүүгө укуктуу. Жүйөөсү бар апелляция жөнүндө арызды талапкер бир жолу гана жекече таанышууга уруксат берилүүчү аттестациялык аткарылган иш менен таанышкан учурдан тартып жазуу жүзүндө берет. Апелляция жөнүндө арызды берген талапкерге аттестациялык тапшырмаларды жана жооптордун варианттарын көчүрүп жазууга, алардын көчүрмөсүн алууга жана алып кетүүгө тыюу салынат.
Апелляциялык комиссиянын курамы беш мүчөдөн жана жооптуу катчыдан турат. Апелляциялык комиссиянын төрагасы апелляциялык комиссиянын мүчөсү болууга тийиш.
Апелляциялык комиссиянын төрагасы жана эки мүчөсү туруктуу негизде ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнөн дайындалат.
Апелляциялык комиссиянын эки мүчөсү Кыргыз Республикасынын инвестициялык Институттарынын ассоциациясынын сунушу боюнча баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй (5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар) катышуучуларынан алты айдан ашуун эмес мөөнөткө шайланат.
Комиссиянын жыйынын даярдоону жана иш кагаздарын жүргүзүүнү комиссиянын жооптуу катчысы жүргүзөт.
Апелляциялык комиссиянын жыйыны анын мүчөлөрүнүн 3төн кем эмеси жана талапкер катышса өткөрүлөт.
Апелляциялык комиссия апелляция жөнүндө арызды бир айлык мөөнөттө карашы керек.
Апелляциялык комиссия:
- келип түшкөн апелляция жөнүндө арызды карайт;
- апелляция жөнүндө арызды кароонун жана аттестациялоонун жыйынтыгы тууралуу чечимди кабыл алат.
Апелляциялык комиссиянын жыйыны болуучу күн апелляция жөнүндө арыз берген талапкерге жыйынга чейинки 2 күндөн кечиктирилбей билдирилет. Апелляциялык комиссияга билдирбей туруп талапкер жок болгон учурда, ага апелляциялык комиссиянын жыйыны болуучу күн жөнүндө билдирилсе, анын катышуусу жок эле чечим кабыл алынат.
Апелляцияны кароонун жыйынтыгы талапкерге беш күндүк мөөнөттө билдирилет.
Кайталап апелляция берүү кароого кабыл алынбайт.
Талапкер апелляциялык комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда, бул чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте доо-арыз берилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-июнундагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Аттестациялоонун жыйынтыгы жөнүндө билдирүүнүн тартиби
Жазуу жүзүндөгү аттестациялоонун жыйынтыктары аны өткөргөндөн кийин бир айлык мөөнөттөн кечиктирилбей талапкерлерге жарыя кылынат жана ыйгарым укуктуу органдын жарыялар тактасына илинет.
Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугуна талапкерлерди электрондук аттестациялоодо аттестациянын жыйынтыктары талапкерлерге тестирлөө аяктагандан кийин дароо жарыяланат.
Квалификациялык аттестацияга катышуу үчүн берилген документтер, ошондой эле аткарылган аттестациялык тапшырмалар талапкерлерге кайтарылып берилбейт жана үч жыл бою сакталат, бул мөөнөт өткөндөн кийин жогоруда көрсөтүлгөн документтер менен тапшырмалар акт түзүлүп жок кылынат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучуга квалификациялык күбөлүктү берүүнүн тартиби
Аттестациялык комиссия квалификациялык аттестациянын жыйынтыгы боюнча баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн (мындан ары - квалификациялык күбөлүк) берүү жөнүндө буйрукту чыгарат.
Квалификациялык күбөлүккө аттестациялык комиссиянын төрагасы кол коёт жана аны берүү жөнүндө аттестациялык комиссиясынын чечими кабыл алынган жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуусунун берилген квалификациялык күбөлүктөрүнүн мамлекеттик реестрине жазуу киргизилген күндөн тартып 3 күндүн ичинде берилет.
Квалификациялык күбөлүк мөөнөтсүз болуп саналат.
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жана/же квалификациялык күбөлүк алган адамдын анкеталык маалыматтары өзгөргөн учурда квалификациялык күбөлүк алмаштырылып берилет.
Квалификациялык күбөлүктүн түп нускасы жоголсо же жараксыз болуп калса баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу дубликатты берүү жөнүндө арызды аттестациялык комиссияга берет.
Квалификациялык күбөлүктү алмаштыруу жана анын дубликатын берүү тиешелүү арызды берген күндөн тартып беш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Квалификациялык күбөлүктү алмаштыруу жана анын дубликатын берүү үчүн акы алынбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 565 токтомунун редакциясына ылайык)
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аттестациялык комиссиясы
АРЫЗ
Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алууга укук берүүчү аттестацияга кирүүгө уруксат берүүңүздү өтүнөм.
Койгон колу _________________________
201__-жылдын "____" _____________________
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аттестациялык комиссиясы
АТТЕСТАЦИЯ БАРАГЫ
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык күбөлүгүн алуу үчүн __________________________________ бөлүм (бөлүмдөр) боюнча квалификациялык аттестация.
Бланк менен тест алуу.
Аттестациянын узактыгы _____ саат ___ мүн.
Идентификациялык код |
|
|
|
|
__________________________________________________________________
(аттестациялык комиссиянын жооптуу катчысы толтурат)
Фамилиясы ___________________________________________________________ Аты _________________________________________________________________ Атасынын аты ________________________________________________________ Аттестация өткөн күн 201__-жылдын ____ _____________ Талапкердин колу _____________________________________________________ |
(талапкер толтурат)
Бишкек шаары, 201__-жыл
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аттестациялык комиссиясы
АТТЕСТАЦИЯНЫН ТАПШЫРМАСЫ
Идентификациялык код |
|
|
|
|
Бөлүк (бөлүктөрдүн аталышы)
1-50 суроолор.
Жооптордун варианты: А, Б), В), Г)
...
ж.у.с.
Туура жооптордун жалпы саны ________________
Туура эмес жооптордун жалпы саны ___________
4-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аттестациялык комиссиясы
Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн квалификациялык аттестациядан өтүүсү жөнүндө АТТЕСТАЦИЯЛЫК ПРОТОКОЛ
Аттестациялануучу: ________________________________________________________________
(аты-жөнү)
Аттестация өткөрүлүүчү жер: ________________________________________________________
Аттестация өткөрүлүүчү күн: ________________________________________________________
Аттестациялык комиссиянын курамы:
1. ________________________________________________________________________________
2. ________________________________________________________________________________
3. ________________________________________________________________________________
4. ________________________________________________________________________________
5. ________________________________________________________________________________
Аттестация өткөрүүнүн формасы
__________________________________________________________________________________
(жазуу жүзүндө, оозеки,
__________________________________________________________________________________
тест алуу, аңгемелешүү д.у.с.)
Суроолордун саны жана мазмуну (зарыл болгон учурда): _______________________________
__________________________________________________________________________________
1-бөлүк. Базалык суроолор:
2-бөлүк. Атайын суроолор:
Жооптордун саны жана мазмуну (зарыл болгон учурда): ________________________________
__________________________________________________________________________________
Аттестациялык комиссиянын корутундусу: ____________________________________________
Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн койгон колдору:
1. __________________________________________________________________________ М.О.
(аты-жөнү)
2. _______________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
3. _______________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
4. _______________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
5. ______________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
5-тиркеме
Квалификациялык күбөлүктү алууга талапкердин АНКЕТАСЫ
1. Аты-жөнү ___________________________________________________________________________
2. Жарандыгы _________________________________________________________________________
3. Туулган жылы, күнү, айы жана жери ____________________________________________________
4. Паспорттук маалыматтары: сериясы ____________________ номери ________________________
берилген дата ______________ ким тарабынан берилген ____________________________________
5. Жашаган жери _______________________________________________________________________
үй телефону ___________________________ кызматтык телефону ____________________________
6. Жогорку билимиңиз барбы № _________________________________________________________
(ооба, жок)
окуу жайдын аталышы __________________________________________________________________
адистиги ________________________ аяктаган жылы ________________________________________
7. Азыркы учурда иштеген жери: уюмдун аталышы _________________________________________
ээлеген кызматы _______________________________________________________________________
8. Экономикалык органдардагы жалпы иш стажы ___________________________________________
акыркы 5 жылдын ичинде сиз иштеген экономикалык органдар жөнүндө маалыматтарды көрсөтүңүз
_______________________________________________________________________________________
(уюмдун аталышы, кызмат орду)
9. Сиз азыркы учурда лицензиясы бар уюмдун адиси болуп иштейсизби? ______________________
(ооба, жок)
10. Сиз баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй ишти ишке ашыруу укугуна лицензиядан
ажыратылган уюмдун адиси болуп иштейсизби? ____________________________________________
(ооба, жок)
11. Сиз экономика чөйрөсүндө кылмыш жасаганыңыз үчүн сот жоопкерчилигине
тартылдыңыз беле ? _____________________________________________________________________
(ооба, жок)
Толтурган дата 20____-жылдын "____" _____________________
Колу ___________________________________________________