Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-июну № 310
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө") өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.Ш.Омуркулов, Н.В.Никитенко, Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө") өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июнундагы № 310 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.Ш.Омуркулов, Н.В.Никитенко, Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүлөрдү белгилейт.
Ушул долбоордо санариптик берүүлөргө ийгиликтүү өтүү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн кеңейтүүгө жана алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга жөндөм түзүүчү жаңы технологияларды, телекоммуникациялар тармагында узак мөөнөттүү бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү эске алуу менен санариптик берүүлөр рыногун өнүктүрүү үчүн укуктук шарттарды түзүү максатында "Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына оңдоолорду киргизүү сунушталууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында санариптик берүүлөргө өткөрүү долбоору артыкчылыктуу улуттук долбоорлордун бири катары аныкталгандыгын белгилей кетүү керек.
Жалпысынан мыйзамдын долбоорунун концепциясын колдоо менен, төмөнкү сын пикирлерди жана сунуштарды эске алууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренеси боюнча.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндө "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин отузунчу абзацын жаңы редакцияда баяндоо сунушталат. Бирок, бул оңдоолор "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына жооп бербейт, ага ылайык эгерде ченемдик укуктук актынын (анын түзүмдүк элементинин) колдонуудагы редакциясына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана (же) толуктоолордун саны тексттин жарымынан ашыгын түзсө же болбосо айрым өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүнү баяндоо же кабылдоо техникалык жактан кыйын болсо, ченемдик укуктук актыга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор ченемдик укуктук актынын (анын түзүмдүк элементинин) жаңы редакциясы түрүндө жол-жоболоштурулат.
Ошондой эле, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндө бир эле учурда "радио электрондук каражаттарды эксплуатациялоо укугуна жыштык ыйгарууга уруксат берүү", "радио электрондук каражаттарды эксплуатациялоо укугуна жыштык ыйгаруу", "жыштык ыйгаруу" деген түшүнүктөр колдонулууда. Анын ар түрдүү чечмеленишин болтурбоо максатында бирдиктүү термин колдонууну сунуштайбыз.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин жоболорун эске алып, мыйзамдык деңгээлде радио жыштыктар боюнча эки комиссиянын иштешин болтурбоо максатында Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүн толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Ошол эле учурда, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацына ылайык Радио кызматтарга радио жыштыктарды бөлүштүрүү улуттук таблицасын түзүү жана пландаштыруу функциясы Радио жыштыктар боюнча мамлекеттик комиссияга берилгендигине көңүл буруу керек.
Ошондой эле, Мыйзамдын долбоорунда Радио кызматтарга радио жыштыктарды бөлүштүрүү улуттук таблицасын бекитүү функциясын түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына берүү сунушталат.
Сунушталган ченем, ошондой эле кийин "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзамдагы ички карама-каршылыктарга алып келет. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
"Банкроттук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-21-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык уруксаттын же лицензиянын негизинде иш жүргүзүүчү карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө соттун чечиминде атайын уруксаттын же лицензиянын алып коюлгандыгы (иш-аракети токтотулгандыгы) тууралуу көрсөтмө болууга тийиш. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун ("Радио жыштык спектрин лицензиялоо") 10-беренесинин 18-бөлүгүн толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Байланыш тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ири инвестициялар талап кылынгандыктан, жыштык ыйгаруулар берилген мөөнөттүн ичинде, тиешелүү түрдө 2 жана 5 жылдын аралыгында чыгымдарды актоо мүмкүн эместигине байланыштуу 10-берененин 6-абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"Өндүрүштүк коммерциялык эмес жана коммерциялык максаттар үчүн радио электрондук каражаттарды эксплуатациялоо укугуна жыштык ыйгарууга уруксат 5 жылдан кем эмес жана 15 жылдан ашпаган мөөнөткө берилет.".
Мыйзамдын долбоорунун 11-берененин 1-бөлүгүн толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз, себеби сунушталган ченем "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине каршы келет, ага ылайык электр байланыш оператору - өзүнүн электр байланыш тарамын иштетүүчү жана электр байланыш жагындагы иштин тийиштүү түрүнө лицензиясы бар жеке же юридикалык жак.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 4-бөлүгүндөгү биринчи сүйлөмдү өзгөртүүнү караштырган Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 8-бөлүгүнүн жобосу "ички электр байланыш тармагы" жана "жабык электр байланыш тармагы" сыяктуу негизги түшүнүктөргө каршы келет. Ушуга байланыштуу карама-каршылыктарды жоюу максатында Мыйзамдын долбоорунун аталган бөлүгүн толуктап иштеп чыгуу максатка ылайык деп эсептейбиз.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгүндө "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда, ага ылайык почта байланыш жаатындагы ишке, маалымат жиберүү жаатындагы ишке, радио жыштык спектрин колдонууга лицензия берүүгө лицензиялык талаптар "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинде көрсөтүлгөн жоболорго жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Мында, бул ченем почта байланыш жаатында лицензия алуу тартиби менен байланышкан маселени камтыбайт.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык радио жыштык спектрин пайдаланууну лицензиялоонун, радиоэлектрондук каражаттарды эксплуатациялоо укугуна жыштык ыйгаруу тартиби, лицензияны берүү, узартуу, токтото туруу, токтотуу, ажыратуу тартиби, ошондой эле лицензиялык талаптар, лицензиялык контролдоо, лицензиялык жыйымдарды жана төлөмдөрдү алуу электр байланыш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Сунушталган ченем "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында өксүк жаратууда, себеби "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинде юридикалык жана жеке жактардын байланыш жагындагы иштери "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Мыйзамга ылайык берилген лицензиянын (лицензиялык келишимди кошкондо) негизинде жүргүзүлөт деп көрсөтүлгөн.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгүнүн он бешинчи абзацындагы "лицензия алуучуга 3 жылдан кем эмес убакытта бул жөнүндө милдеттүү түрдө билдирүү менен" деген сөздөрдү алып салууну зарыл деп эсептейбиз, себеби алдын ала өзгөчө кырдаалдын келип чыгышын же улуттук коопсуздукту жана тартип сактоону ыкчам камсыз кылуу зарылдыгын алдын ала билүү мүмкүн эмес.
Ошондой эле каралып жаткан Мыйзамдын долбоорунун текстин "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине өзгөртүү киргизүүчү бөлүгү боюнча Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык келтирип баяндоо максатында Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толуктап жазууну сунуштайбыз:
"5. 22-берененин биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.".
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасында колдонулуучу радио жыштык спектрин пайдалануу жаатындагы эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын ченемдери менен" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган радио жыштык спектрин пайдалануу жаатындагы мыйзамдар менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренеси боюнча.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүндөгү төртүнчү абзацта "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктун күчүн жоготту деп таануу сунушталууда, анда программаларды, берүүлөрдү түзүүнү жана аларды жайылтууну өзүнө камтыган телерадиоберүү лицензиялана турган иштин түрү болуп саналаары каралган.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ишкерлик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо талап кылынат. Ошондуктан буга чейин даярдалган жөнгө салуучу таасирин талдоону толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде каралган аныктамаларга шайкеш келтирүү максатында Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгүндөгү экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "же жабык тармактарды" деген сөздөрдөн кийин "электрбайланыш" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрында № 891 токтому менен "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылган, мында анын ченемдери сунушталган Мыйзамдын долбоорунун жоболорун кайталап өткөндүгүн белгилейбиз.
Мыйзамдын долбоорунун 3-беренеси боюнча.
3-беренедеги "санариптик берүүлөр пакети" деген аныктаманы алып салууну, "берүүлөр пакети" деген аныктаманы киргизип, аны төмөнкүдөй мазмунда баяндоону сунуштайбыз:
"берүүлөр пакети - электр байланыш тармактары аркылуу берилүүчү, бир пакетке бириктирилген теле-, радиоканалдардын жыйындысы. Санариптик берүүлөр пакети ошондой эле субтитрлерди, телетекстти, телегидди жана башка кошумча маалыматты камтышы мүмкүн".
18-беренени төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"18-берене. Теле-, радиоканалдарды жайгаштырууга уруксат берүү
1. Аналогдук берүүдөгү жана/же санариптик берүүлөр пакетиндеги теле-, радиоканалдарды колдонулган технологияларына карабастан жайгаштыруу мыйзамда аныкталган тартипте ыйгарым укуктуу органдын телерадио уюмдарга берген уруксатынын негизинде ишке ашырылат.".
21-беренени төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толуктоо сунушталууда:
"5. Телерадиоберүү операторлорунун тармагынын иш жүргүзгөн аймагында, телерадиоберүү операторлору, чет элдик телеканалдарды толук бойдон ретрансляциялабаган ачык түрдө таркатылган эфирдик телеканалдарды милдеттүү түрдө өз пакеттеринде жайгаштырат. Бул учурда аталган эфирдик телеканалдар оператордун берүүлөр пакетинде, бардык телерадиоканалдардын тизмесинин башында артыкчылык берилген тартипте толук жана өзгөртүлбөгөн түрдө жайгаштырылат. DVB-T2 стандарттагы эфирдик санариптик берүү жана спутниктик телерадиоберүү операторлору буга кирбейт.".
"Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кабелдик уктуруу уюмуна анын берүүсүнө карата берүүнү каалагандай формада колдонуу жана берүүнү пайдаланууга уруксат берүү боюнча өзгөчө укуктар, мындай уруксатты бергендиги үчүн сый акы алуу укугу менен чогуу таандык болот. Ушуга байланыштуу "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин сунушталган редакциясынын 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"1. Телерадиоберүү системасынын субъекттери телерадиопрограммалардын жана телерадиоберүүлөрдүн авторлору жана башка ээлик кылуучулары болушат".
"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин сунушталган редакциясынын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "аудиовизуалдык чыгармалар" деген сөздөрдү алып салууну, "автордук жана чектеш укуктар" деген сөздөрдү "автордук укук жана чектеш укуктар" деген сөздөр менен алмаштырууну зарыл деп эсептейбиз.
"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык жеке менчик жана башка телерадио уюмдар жарандардын маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу максатында жеке жана/же юридикалык жактарды түзүүгө укуктуу. Ушуга байланыштуу жогоруда аталган ченемди кайталабоо үчүн Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 10-бөлүгүн алып салууну зарыл деп эсептейбиз.
"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизүүгө сунушталган өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун бүткүл тексти боюнча "чет элдик" же "чет мамлекеттик" деген сөздөрдү тиешелүү түрдө колдонуу сунушталат.
Ошону менен бирге, сунушталган Мыйзамдын долбоорунун жоболорун стилистикалык жана редакциялык жактан толуктап кылдат иштеп чыгуу талап кылына тургандыгын белгилейбиз. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун түзүмүн жана мазмунун "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Жогорку Кеңештин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эсепке алуу менен Мыйзамдын долбоорун толуктап иштеп чыгууну максатка ылайык деп эсептейт.