Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябры № 545 токтомунун редакциясына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-июну № 347
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 306 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 9-пунктунун экинчи абзацы "чек араны коргоо жана кайтаруу маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине" деген сөздөрдөн кийин "жана 10 пайызы Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын атайын эсебине" деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын.
2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 566 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |