ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы № 299 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62»Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө«токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому

Редакция03.06.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 3-июну № 299

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Аба кемелеринин учуу коопсуздугун, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде аба кыймылын тейлөөнүн ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле республиканын аэропортторунда аэронавигациялык жабдууларды модернизациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 1-5-пункт менен толукталсын:

"1-5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасына 2015-2016-жылдардагы финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза кирешенин 25 пайызын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алыш-бериш эсебине которууга уруксат берилсин.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

С.Жээнбеков