Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 34 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июну № 318
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 44 "Этил спиртин, аракты жана пивону ата мекендик өндүрүүчүлөр менен типтүү макулдашуулардын долбоорлору жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомунун редакциясына ылайык)
Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрүн декларациялоо максатында, "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы № 316 "Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрү тууралуу декларацияларды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- аталышындагы "көлөмдөрү тууралуу декларацияларды берүү тартиби жөнүндө жобону" деген сөздөр "көлөмдөрүн декларациялоо тартибин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрүн декларациялоо тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Алкоголдук продукцияларды өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрү жөнүндө декларациянын формасы (FORM STI-144) 2-тиркемеге ылайык;
- Этил спиртинин иш жүзүндө өндүрүлгөн жана сатылган көлөмдөрү жөнүндө декларациянын формасы (FORM STI-145) 3-тиркемеге ылайык;
- Кийинки отчеттук жылга этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн болжолдуу көлөмдөрү жөнүндө декларациянын формасы (FORM STI-146) 4-тиркемеге ылайык;
- Этил спиртинин жана алкоголдук продукциялардын иш жүзүндө импорттолгон жана сатылган көлөмдөрү жөнүндө декларациянын формасы (FORM STI-147) 5-тиркемеге ылайык;
- Ишканалар боюнча сатылган этил спиртинин көлөмдөрү жөнүндө декларациянын формасы (FORM STI-148) 6-тиркемеге ылайык;
- Атайын керектөөчүлөр тарабынан пайдаланылган этил спиртинин көлөмдөрү жөнүндө декларациянын формасы (FORM STI-149) 7-тиркемеге ылайык;";
- 3-пунктундагы "жаратылышты пайдалануу" деген сөздөр "экология" деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрү тууралуу декларацияларды берүү тартиби жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- токтом ушул токтомдун 2-7-тиркемелерине ылайык редакцияда 2-7-тиркемелер менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 44 "Этил спиртин, аракты жана пивону ата мекендик өндүрүүчүлөр менен типтүү макулдашуулардын долбоорлору жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
1-тиркеме
"Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрүн декларациялоо ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип чийки заттын бардык түрлөрүнөн өндүрүлгөн этил спиртин, ошондой эле алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрүн декларациялоо боюнча негизги принциптерди жана ченемдерди аныктайт.
2. Чийки заттын бардык түрлөрүнөн өндүрүлгөн этил спиртин, анын ичинде шарап материалдарынан жана мөмө-жемиш ширелеринен өндүрүлгөн жетиле элек спиртти импорттоочу, өндүрүүчү, сактоочу жана жеткирүүчү, ошондой эле алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды импорттоочу, өндүрүүчү, сактоочу жана жеткирүүчү юридикалык жактар этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Декларацияларды беришет.
3. Кийинки отчеттук жылга этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү көлөмдөрү жөнүндө болжолдук маалыматтар этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кийинки отчеттук жылга этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнүн болжолдуу көлөмдөрү жөнүндө декларацияда (FORM STI-146) берилген маалыматтардын жана ченемдердин негизинде иштелип чыгат.
4. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түшүндүрмө кат түрүндө берилүүчү ишкананын ишине таасирин тийгизүүчү тиешелүү факторлор болгондо этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды иш жүзүндө өндүрүүнүн көлөмүнөн четтөөгө жол берилет, бирок юридикалык жак тарабынан берилген Кийинки отчеттук жылга этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнүн болжолдонгон көлөмдөрү жөнүндө декларациядагы (FORM STI-146) өндүрүштүн болжолдонгон жылдык планынын 15 пайызынан ашык эмес.
5. Декларациянын формасы көк жана кара түстөгү сыяны колдонуу аркылуу кол менен толтурулат же принтерде басып чыгарылат. Декларацияны кагаз бетине эки тараптуу басып чыгарууга жол берилбейт.
6. Декларацияда оңдоолордун болушуна жол берилбейт.
7. Чийки заттын бардык түрлөрүнөн өндүрүлгөн этил спиртин, ошондой эле алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды импорттоонун, өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрүн декларациялоо Декларациялардын төмөнкү формаларын берүү аркылуу жүргүзүлөт:
1) Алкоголдук продукцияларды өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрү жөнүндө декларация (FORM STI-144);
2) Этил спиртинин иш жүзүндө өндүрүлгөн жана сатылган көлөмдөрү жөнүндө декларация (FORM STI-145);
3) Кийинки отчеттук жылга этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнүн болжолдуу көлөмдөрү жөнүндө декларация (FORM STI-146);
4) Этил спиртинин жана алкоголдук продукциялардын иш жүзүндө импорттолгон жана сатылган көлөмдөрү жөнүндө декларация (FORM STI-147);
5) Ишканалар боюнча сатылган этил спиртинин көлөмдөрү жөнүндө декларация (FORM STI-148);
6) Атайын керектөөчүлөр тарабынан пайдаланылган этил спиртинин көлөмдөрү жөнүндө декларация (FORM STI-149).
8. Ушул Тартипте каралган учурлардан тышкары, тиешелүү уячаларда көрсөткүчтөр жок болсо "0" мааниси көрсөтүлөт.
9. Декларациянын жана анын тиркемелеринин датаны камтыган уячаларында дата "КК. АА. ЖЖЖЖ." (күн, ай, жыл) форматында көрсөтүлөт. Мисалы: "01.01.2015".
10. Декларацияда бардык нарктык көрсөткүчтөр миң сом менен көрсөтүлөт. Импорттолгон, өндүрүлгөн, сатылган этил спиртинин жана алкоголдук продукциялардын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт.
11. Декларациялардын төмөнкү бөлүгүндө Декларацияга кол койгон адамдын толук аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлөт, кол коюлат жана юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
12. Декларация этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кагаз жүзүндө баруу тартибинде берилиши же тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча жөнөтүлүшү мүмкүн.
13. Декларация баруу тартибинде же тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо аркылуу заказдык кат менен берилген учурда этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы Декларацияны алган датаны, Декларацияны кабыл алган кызмат адамынын ИСНин көрсөтүү менен уячаларды толтурат жана штамп коёт.
14. Баруу тартибинде берилген учурда Декларация эки нускада толтурулат: биринчи нускасы этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда калат, экинчи нускасы этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылат жана анда сакталат.
15. Кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча берилген учурда Декларация этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эки нускада жөнөтүлөт: биринчи нускасы этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда калат, экинчи нускасы этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын белгиси менен юридикалык жакка кабарлоо аркылуу заказдык кат менен жөнөтүлөт жана анда сакталат. Почта байланышынын заказдык каттын жеткирилгендиги жөнүндө кабарлоосу Декларациянын берилгендигинин ырастоосу болуп саналат.
2. Алкоголдук продукцияларды өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрү жөнүндө декларацияны (FORM STI-144) берүү тартиби
16. Алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүүчү, сактоочу жана жеткирүүчү юридикалык жактар Алкоголдук продукцияларды өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрү жөнүндө декларацияны (FORM STI-144) (мындан ары - Декларация) отчеттук айдан кийинки айдын 3үнөн кечиктирбестен этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга беришет.
17. Декларациянын "Уюм боюнча маалымат" (FORM STI-144-001) 1-тиркемеси жана "Обочолонгон бөлүм боюнча маалымат" (FORM STI-144-002) 2-тиркемеси бар.
Мында Уюм боюнча маалымат" (FORM STI-144-001) 1-тиркеме жана "Обочолонгон бөлүм боюнча маалымат" (FORM STI-144-002) 2-тиркеме обочолонгон бөлүм боюнча көрсөткүчтөр болгон учурда гана берилет. Эгерде юридикалык жактын кайсы бир тиркемени толтурууга көрсөткүчтөрү жок болгон учурда, мындай тиркеме толтурулбайт жана этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилбейт. Декларацияга көрсөткүчтөрү бар гана тиркемелер тиркелет.
18. Декларацияны толтуруу толтурулган тиркемелердеги көрсөтүлгөн маалыматтарды Декларациянын тиешелүү формаларына көчүрүүдөн башталат жана Декларациянын көрсөткүчтөрүн эсептөө менен аяктайт.
19. 001-уячада "X" түрүндөгү белги коюлат:
1) эгерде Декларация календардык ай үчүн биринчи жолу тапшырылып жатса, белги "алгачкы" уячасына коюлат;
2) эгерде мурда ушул эле декларациялоо мезгили үчүн отчет тапшырылып, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилип жактан такталган Декларацияда оңдолсо, белги "такталган" уячасына коюлат.
20. Декларациянын уячалары төмөнкүдөй тартипте толтурулат:
1) 102-уячада юридикалык жактын он төрт орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган ИСНи көрсөтүлөт;
2) 103-уячада уюштуруу документтерине ылайык юридикалык жактын толук аталышы көрсөтүлөт;
3) 104-уячада юридикалык жактын салыктык катталган жери боюнча этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үч орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган коду жана ошол ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлөт;
4) 107-уячада юридикалык жакты каттоо учурунда статистика органдары тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт;
5) 112-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн сегиз орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган индекси көрсөтүлөт;
6) 113-уячада юридикалык жак иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт;
7) 114-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (көчөнүн, кичи райондун аталышы, үйдүн, батирдин номери) көрсөтүлөт;
8) 115-уячада юридикалык жактын байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;
9) 116-уячада юридикалык жактын электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;
10) Декларациянын жана анын тиркемелеринин 201 жана 202-уячаларында жана декларациялоо мезгили башталган жана аяктаган дата көрсөтүлөт. Мисалы, 2016-жылдын январы үчүн: "01.01.2016" жана "31.01.2016".
21. 112-116-уячалардын маалыматтары Декларация берилген датага карата толтурулат.
Эскертүү: 102-104 жана 107-уячалардын маалыматтары ыйгарым укуктуу салык органынын салык төлөөчүнү каттоо боюнча маалыматтар базасына шайкеш келиши керек.
22. 1-17-графаларга маалыматтар төмөнкүчө киргизилет:
1) катар номери көрсөтүлөт;
2) алкоголдук продукциялардын декларациялануучу түрү көрсөтүлөт;
3) Евразия экономикалык коомдоштугунун Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы боюнча товардын он орундуу коду көрсөтүлөт;
4) этил спиртинин алкоголдук продукциялардын курамында камтылышы пайыздык катышта көрсөтүлөт;
5) декларациялоо мезгилинин башталышына карата даяр алкоголдук продукциялардын калдыгынын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
6) декларациялоо мезгилинде өндүрүлгөн даяр алкоголдук продукциялардын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
7) алкоголдук продукция кайтарылган учурунда декларациялоо мезгилинде кайтарылган даяр алкоголдук продукциялардын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
8) даяр алкоголдук продукциялардын башка келишинин табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
9) декларациялоо мезгилинде КНС боюнча эсеп-фактуралардын маалыматтарына же товардык-транспорттук коштомо кагазга ылайык өндүрүлүп, жүктөп жөнөтүлгөн продукциялардын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
10) декларациялоо мезгилинде экспорттолгон алкоголдук продукциялардын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
11) декларациялоо мезгилинде сатылган жана экспорттолгон алкоголдук продукциялардын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
12) декларациялоо мезгилинде алкоголдук продукциялардын декларациялануучу түрүн өндүрүүгө сарпталган этил спиртинин же башка чийки заттын чыгымынын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
13) алкоголдук продукциялардын сактоо учурундагы өндүрүштүк жоготууларынын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
14) алкоголдук продукциялардын ташуу учурундагы өндүрүштүк жоготууларынын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
15) алкоголдук продукциялардын башка чыгымдарынын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
16) декларациялоо мезгилинин аягына карата алкоголдук продукциялардын калдыгынын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
17) декларациялоо мезгилинин аягына карата акциздик маркалар менен маркаланган даяр алкоголдук продукциялардын калдыгынын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт.
23. Декларацияда алкоголдук продукциялардын бир нече түрүн толтурууда 5-17-графалардын жалпы жыйынтыктоочу көрсөткүчтөрү көрсөтүлөт.
24. Алкоголдук продукцияларды өндүрүү же жүгүртүү боюнча маалыматтар болгон учурда обочолонгон бөлүм тарабынан башкы уюм боюнча өзүнчө "Уюм боюнча маалымат" 1-тиркемеси толтурулат, андан кийин обочолонгон бөлүм боюнча "Обочолонгон бөлүм боюнча маалымат" 2-тиркемеси толтурулат жана Декларацияга бардык бөлүмдөр жана башкы уюм боюнча жыйынтык маалыматтар киргизилет.
§ 2.1. Декларациянын "Уюм боюнча маалымат" (FORM STI-144-001) 1-тиркемесин толтуруу тартиби
25. Декларациянын "Уюм боюнча маалымат" (FORM STI-144-001) 1-тиркемесинин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлүүчү маалымат (FORM STI-144) Декларациянын тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалымат менен бирдей болушу керек.
28. 1-19-графаларга маалыматтар төмөнкүчө киргизилет:
1) катар номери көрсөтүлөт;
2) алкоголдук продукциялардын декларациялануучу түрү көрсөтүлөт;
3) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы (мындан ары - ТЭИ ТН) боюнча товардын он орундуу коду көрсөтүлөт;
4) алкоголдук продукциялардын курамында этил спиртинин камтылышы пайыздык катышта көрсөтүлөт;
5) декларациялоо мезгилинин башталышына карата даяр алкоголдук продукциялардын калдыгынын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
6) декларациялоо мезгилинде өндүрүлгөн даяр алкоголдук продукциялардын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
7) алкоголдук продукция кайтарылган учурунда декларациялоо мезгилинде кайтарылган даяр алкоголдук продукциялардын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
8) даяр алкоголдук продукциялардын башка келишинин табигый көлөмү көрсөтүлөт;
9) декларациялоо мезгилинде КНС боюнча эсеп-фактуралардын маалыматтарына же товардык-транспорттук коштомо кагазга ылайык чекене сатылган алкоголдук продукциялардын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
10) декларациялоо мезгилинде КНС боюнча эсеп-фактуралардын маалыматтарына же товардык-транспорттук коштомо кагазга ылайык дүң сатылган алкоголдук продукциялардын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
11) декларациялоо мезгилинде КНС боюнча эсеп-фактуралардын маалыматтарына же товардык-транспорттук коштомо кагазга ылайык сатылган алкоголдук продукциялардын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
12) декларациялоо мезгилде экспорттолгон алкоголдук продукциялардын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
13) декларациялоо мезгилде сатылган жана экспорттолгон алкоголдук продукциялардын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
14) декларациялоо мезгилинде алкоголдук продукциялардын декларациялануучу түрүн өндүрүүгө сарпталган этил спиртинин же башка чийки заттын чыгымынын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
15) алкоголдук продукциялардын сактоо учурундагы өндүрүштүк жоготууларынын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
16) алкоголдук продукциялардын ташуу учурундагы өндүрүштүк жоготууларынын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
17) алкоголдук продукциялардын башка чыгымдарынын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
18) декларациялоо мезгилинин аягына карата алкоголдук продукциялардын калдыгынын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
19) декларациялоо мезгилинин аягына карата акциздик маркалар менен маркаланган даяр алкоголдук продукциялардын калдыгынын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт.
27. Декларацияда алкоголдук продукциялардын бир нече түрүн толтурууда 5-19-графалардын жалпы жыйынтыктоочу көрсөткүчтөрү көрсөтүлөт.
§ 2.2 Декларациянын "Обочолонгон бөлүм боюнча маалымат" (FORM STI-144-002) 2-тиркемесин толтуруу тартиби
30. Декларациянын "Обочолонгон бөлүм боюнча маалымат" (FORM STI-144-002) 2-тиркемесинин уячалары төмөнкүдөй тартипте толтурулат:
1) 102-уячада юридикалык жактын он төрт орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган ИСНи көрсөтүлөт;
2) 103-уячада уюштуруу документтерине ылайык юридикалык жактын толук аталышы көрсөтүлөт;
3) 104-уячада юридикалык жактын салыктык катталган жери боюнча этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үч орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган коду жана ошол ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлөт;
4) 107-уячада юридикалык жакты каттоо учурунда статистика органдары тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт.
29. 2-тиркеменин 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлүүчү маалымат Декларациянын (FORM STI-144) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалымат менен бирдей болушу керек.
30. 1-19-графаларга маалыматтарды киргизүү обочолонгон уюм боюнча маалыматты көрсөтүү менен Декларациянын "Уюм боюнча маалымат" (FORM STI-144-001) 1-тиркемесине окшош болушу керек.
31. Декларацияда алкоголдук продукциялардын бир нече түрүн толтурууда 5-19-графалардын жалпы жыйынтыктоочу көрсөткүчтөрү көрсөтүлөт.
3. Этил спиртинин иш жүзүндө өндүрүлгөн жана сатылган көлөмдөрү жөнүндө декларацияны (FORM STI-145) толтуруу тартиби
32. Чийки заттын бардык түрлөрүнөн өндүрүлгөн этил спиртин, анын ичинде шарап даярдалуучу материалдардан жана мөмө-жемиш ширелеринен өндүрүлгөн жетиле элек спиртти өндүрүүчү, сактоочу жана жеткирүүчү юридикалык жактар Этил спиртинин иш жүзүндөгү өндүрүлгөн жана сатылган көлөмдөрү жөнүндө декларацияны (FORM STI-145) (мындан ары - Декларация) отчеттук айдан кийинки айдын 3үнөн кечиктирбестен этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга беришет.
33. 001-уячада "X" түрүндөгү белги коюлат:
1) эгерде Декларация календардык ай үчүн биринчи жолу тапшырылып жатса, белги "алгачкы" уячасына коюлат;
2) эгерде мурда ушул эле декларациялоо мезгили үчүн отчет тапшырылып, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилген, такталган Декларацияда оңдолсо, белги "такталган" уячасына коюлат.
34. Декларациянын уячалары төмөнкүдөй тартипте толтурулат:
1) 102-уячада юридикалык жактын он төрт орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган ИСНи көрсөтүлөт;
2) 103-уячада уюштуруу документтерине же паспортуна ылайык юридикалык жактын толук аталышы көрсөтүлөт;
3) 104-уячада юридикалык жактын салыктык катталган жери боюнча этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үч орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган коду жана ошол ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлөт;
4) 107-уячада юридикалык жакты каттоо учурунда статистика органдары тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт;
5)112-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн сегиз орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган индекси көрсөтүлөт;
6) 113-уячада юридикалык жак иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт;
7) 114-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (көчөнүн, кичи райондун аталышы, үйдүн, батирдин номери) көрсөтүлөт;
8)115-уячада юридикалык жактын байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;
9) 116-уячада юридикалык жактын электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;
10) Декларациянын 201 жана 202-уячаларында декларациялоо мезгили башталган жана аяктаган дата көрсөтүлөт. Мисалы, 2016-жылдын январы үчүн: "01.01.2016" жана "31.01.2016".
35. 112 - 116-уячалардын маалыматтары Декларация берилген датага карата толтурулат.
Эскертүү: 102-104 жана 107-уячалардын маалыматтары ыйгарым укуктуу салык органынын салык твлеечүнү каттоо боюнча маалыматтар базасына шайкеш келиши керек.
36. 1-11-графалардагы маалыматтар төмөнкүдөй тартипте толтурулат:
1) катар номери көрсөтүлөт;
2) спирттин декларациялануучу түрү көрсөтүлөт;
3) декларациялоо мезгилинин башталышына карата даяр продукциялардын (спирттин) калдыгынын суммасы акчалай түрдө (миң сом менен) көрсөтүлөт;
4) декларациялоо мезгилинин башталышына карата даяр продукциялардын (спирттин) табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
5) декларациялоо мезгилинде даяр продукцияны (спиртти) өндүрүүнүн көлөмү акчалай түрдө (миң сом менен) көрсөтүлөт;
6) декларациялоо мезгилинде даяр продукцияны (спиртти) өндүрүүнүн табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
7) декларациялоо мезгилинде сатылган даяр продукциялардын (спирттин) суммасы акчалай түрдө (миң сом менен) көрсөтүлөт;
8) декларациялоо мезгилинде сатылган даяр продукциялардын (спирттин) табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
9) декларациялоо мезгилинин аягына карата даяр продукциялардын (спирттин) калдыгынын суммасы акчалай түрдө (миң сом менен) көрсөтүлөт;
10) декларациялоо мезгилинин аягына карата даяр продукциялардын (спирттин) калдыгынын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
11) отчеттук мезгилде продукциялардын декларациялануучу түрү боюнча төлөнгөн акциз салыгынын суммасы (миң сом менен) көрсөтүлөт.
37. Декларацияда этил спиртинин бир нече түрүн толтурууда 3-11-графалардын жалпы жыйынтыктоочу көрсөткүчтөрү көрсөтүлөт.
4. Кийинки отчеттук жылга этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнүн болжолдуу көлөмдөрү жөнүндө декларацияны (FORM STI-146) толтуруу тартиби
38. Чийки заттын бардык түрлөрүнөн өндүрүлгөн этил спиртин, анын ичинде шарап даярдалуучу материалдардан жана мөмө-жемиш ширелеринен өндүрүлгөн жетиле элек спиртти өндүрүүчү, сактоочу жана жеткирүүчү, ошондой эле алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүүчү, сактоочу жана жеткирүүчү юридикалык жактар Келерки отчеттук жылга этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнүн болжолдуу көлөмдөрү жөнүндө декларацияны (FORM STI- 46) (мындан ары - Декларация) учурдагы жылдын 5-майына (алдын ала) жана учурдагы жылдын 5-декабрына (такталган) чейин этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга беришет.
39. 001-уячада "X" түрүндөгү белги коюлат:
1) эгерде Декларация календардык ай үчүн биринчи жолу тапшырылып жатса, белги "алгачкы" уячасына коюлат;
2) эгерде мурда ушул эле декларациялоо мезгили үчүн отчет тапшырылып, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилген, такталган Декларацияда оңдолсо, белги "такталган" уячасына коюлат.
40. Декларациянын уячалары төмөнкүдөй тартипте толтурулат:
1) 102-уячада юридикалык жактын он төрт орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган ИСНи көрсөтүлөт;
2) 103-уячада уюштуруу документтерине же паспортуна ылайык юридикалык жактын толук аталышы көрсөтүлөт;
3) 104-уячада юридикалык жактын салыктык катталган жери боюнча салык органынын үч орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган коду жана анын аталышы көрсөтүлөт;
4) 107-уячада юридикалык жакты каттоо учурунда статистика органдары тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт;
5) 112-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн сегиз орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган индекси көрсөтүлөт;
6) 113-уячада юридикалык жак иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт;
7) 114-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (көчөнүн, кичи райондун аталышы, үйдүн, батирдин номери) көрсөтүлөт;
8) 115-уячада юридикалык жактын байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;
9) 116-уячада юридикалык жактын электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
10) Декларациянын 201 жана 202-уячаларында декларациялоо мезгили башталган жана аяктаган дата көрсөтүлөт. Мисалы, 2016-жылдын январы үчүн: "01.01.2016" жана "31.01.2016".
41. 112-116-уячалардын маалыматтары Декларация берилген датага карата толтурулат.
Эскертүү: 102-104 жана 107-уячалардын маалыматтары ыйгарым укуктуу салык органынын салык төлөөчүнү каттоо боюнча маалыматтар базасына шайкеш келиши керек.
42. 1-10-графаларга маалыматтар төмөнкүчө киргизилет:
1) катар номери көрсөтүлөт;
2) иш жүргүзүлүп жаткан жердин иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлөт;
3) лицензияда көрсөтүлгөн иштин түрү көрсөтүлөт;
4) өндүрүү пландаган продукциялардын түрү көрсөтүлөт;
5) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы (ТЭИ ТН) боюнча товардын он орундуу коду көрсөтүлөт;
6) ишкананын эсептелген максималдуу жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
7) өндүрүштүк кубаттуулукту пайдалануу коэффициенти көрсөтүлөт;
8) өндүрүштүк кубаттуулукту иш жүзүндө пайдалануунун көлөмү декалитрде (дал) төмөнкү формула боюнча эсептеп чыгарылат: "(6-графанын мааниси) * (7-графанын мааниси)";
9) мурдагы жылда өндүрүлгөн продукциялардын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
10) келерки жылга пландалган өндүрүлүүчү продукциялардын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт.
43. Декларацияда продукциялардын бир нече түрүн толтурууда 9-10-графалардын жалпы жыйынтыктоочу көрсөткүчтөрү көрсөтүлөт.
5. Этил спиртинин жана алкоголдук продукциялардын иш жүзүндө импорттолгон жана сатылган көлөмдөрү жөнүндө декларацияны (FORM STI-147) толтуруу тартиби
44. Чийки заттын бардык түрлөрүнөн өндүрүлгөн этил спиртин, анын ичинде шарап даярдалуучу материалдардан жана мөмө-жемиш ширелеринен өндүрүлгөн жетиле элек спиртти импорттоочу, сактоочу жана жеткирүүчү, ошондой эле алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды импорттоочу, сактоочу жана жеткирүүчү юридикалык жактар Этил спиртинин жана алкоголдук продукциялардын иш жүзүндө импорттолгон жана сатылган көлөмдөрү жөнүндө декларацияны (FORM STI-147) (мындан ары - Декларация) отчеттук айдан кийинки айдын 3үнөн кечиктирбестен этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга беришет.
45. 001-уячада "X" түрүндөгү белги коюлат:
1) эгерде Декларация календардык ай үчүн биринчи жолу тапшырылып жатса, белги "алгачкы" уячасына коюлат;
2) эгерде мурда ушул эле декларациялоо мезгили үчүн отчет тапшырылып, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилген, такталган Декларацияда оңдолсо, белги "такталган" уячасына коюлат.
46. Декларациянын уячалары төмөнкүдөй тартипте толтурулат:
1) 102-уячада юридикалык жактын он төрт орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган ИСНи көрсөтүлөт;
2) 103-уячада уюштуруу документтерине ылайык юридикалык жактын толук аталышы көрсөтүлөт;
3) 104-уячада юридикалык жактын салыктык катталган жери боюнча этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үч орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган коду жана бул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлөт;
4) 107-уячада юридикалык жакты каттоо учурунда статистика органдары тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт;
5) 112-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн сегиз орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган индекси көрсөтүлөт;
6) 113-уячада юридикалык жак иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт;
7) 114-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (көчөнүн, кичи райондун аталышы, үйдүн, батирдин номери) көрсөтүлөт;
8) 115-уячада юридикалык жактын байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;
9) 116-уячада юридикалык жактын электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;
10) Декларациянын 201 жана 202-уячаларында декларациялоо мезгили башталган жана аяктаган дата көрсөтүлөт. Мисалы, 2016-жылдын январы үчүн: "01.01.2016" жана "31.01.2016".
47. 112-116-уячалардын маалыматтары Декларация берилген датага карата толтурулат.
Эскертүү: 102-104 жана 107-уячалардын маалыматтары ыйгарым укуктуу салык органынын салык төлөөчүнү каттоо боюнча маалыматтар базасына шайкеш келиши керек.
48. 1-13-графаларга маалыматтар төмөнкүчө киргизилет:
1) катар номери көрсөтүлөт;
2) алкоголдук продукциялардын декларациялануучу түрү көрсөтүлөт;
3) ТЭИ ТН (ЕАЭБ ТСИ ТН) боюнча товардын он орундуу коду көрсөтүлөт;
4) МК дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификаторуна ылайык импорттолуучу этил спиртин жана/же алкоголдук продукцияларды өндүргөн өлкөнүн коду (ИСО 3166) 004-97 (Россия Федерациясы - 643, Беларусь Республикасы - 112, Казакстан Республикасы - 398, Кыргыз Республикасы - 417, Армения Республикасы - 051) көрсөтүлөт;
5) декларациялоо мезгилинин башталышына карата этил спиртинин жана/же алкоголдук продукциялардын калдыгынын суммасы (миң сом менен) көрсөтүлөт;
6) декларациялоо мезгилинин башталышына карата этил спиртинин жана/же алкоголдук продукциялардын калдыгынын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
7) декларациялоо мезгилинде импорттолгон этил спиртинин жана/же алкоголдук продукциялардын суммасы (миң сом менен) көрсөтүлөт;
8) декларациялоо мезгилинде импорттолгон этил спиртинин жана/же алкоголдук продукциялардын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
9) декларациялоо мезгилинде КНС боюнча эсеп-фактуралардын маалыматтарына же товардык-транспорттук коштомо кагазга ылайык сатылган этил спиртинин жана/же алкоголдук продукциялардын суммасы (миң сом менен) көрсөтүлөт;
10) декларациялоо мезгилинде КНС боюнча эсеп-фактуралардын маалыматтарына же товардык-транспорттук коштомо кагазга ылайык сатылган этил спиртинин жана/же алкоголдук продукциялардын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
11) декларациялоо мезгилинин аягына карата этил спиртинин жана/же алкоголдук продукциялардын калдыгынын суммасы (миң сом менен) көрсөтүлөт;
12) декларациялоо мезгилинин аягына карата этил спиртинин жана/же алкоголдук продукциялардын калдыгынын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
13) отчеттук мезгилде төлөнгөн акциз салыгынын суммасы (миң сом менен) көрсөтүлөт.
49. Декларацияда продукциялардын бир нече түрлөрүн толтурууда 5-13-графалардын жалпы жыйынтыктоочу көрсөткүчтөрү көрсөтүлөт.
6. "Ишканалар боюнча сатылган этил спиртинин көлөмдөрү жөнүндө декларациянын" (FORM STI-148) формасын толтуруу тартиби
50. Алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүүчү, сактоочу жана жеткирүүчү юридикалык жактар Ишканалар боюнча сатылган этил спиртинин көлөмдөрү жөнүндө декларацияны (FORM STI-148) отчеттук айдан кийинки айдын 3үнөн кечиктирбестен этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга беришет.
51. 001-уячада "X" түрүндөгү белги коюлат:
1) эгерде Декларация календардык ай үчүн биринчи жолу тапшырылып жатса, белги "алгачкы" уячасына коюлат;
2) эгерде мурда ушул эле декларациялоо мезгили үчүн отчет тапшырылып, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилген, такталган Декларацияда оңдолсо, белги "такталган" уячасына коюлат.
52. Декларациянын уячалары төмөнкүдөй тартипте толтурулат:
1) 102-уячада юридикалык жактын он төрт орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган ИСНи көрсөтүлөт;
2) 103-уячада уюштуруу документтерине жана паспортуна ылайык юридикалык жактын толук аталышы көрсөтүлөт;
3) 104-уячада юридикалык жактын салыктык катталган жери боюнча этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үч орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган коду жана ошол ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлөт;
4) 107-уячада юридикалык жакты каттоо учурунда статистика органдары тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт;
5) 112-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн сегиз орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган индекси көрсөтүлөт;
6) 113-уячада юридикалык жак иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт;
7) 114-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (көчөнүн, кичи райондун аталышы, үйдүн, батирдин номери) көрсөтүлөт;
8) 115-уячада юридикалык жактын байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;
9) 116-уячада юридикалык жактын электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;
10) Декларациянын 201 жана 202-уячаларында декларациялоо мезгили башталган жана аяктаган дата көрсөтүлөт. Мисалы, 2016-жылдын январы үчүн: "01.01.2016" жана "31.01.2016".
53. 112-116-уячалардын маалыматтары Декларация берилген датага карата толтурулат.
Эскертүү: 102-104 жана 107-уячалардын маалыматтары ыйгарым укуктуу салык органынын салык төлөөчүнү каттоо боюнча маалыматтар базасына шайкеш келиши керек.
54. 1-5-графаларга маалыматтар төмөнкүчө киргизилет:
1) катар номери көрсөтүлөт;
2) декларациялоо мезгилинде КНС боюнча эсеп-фактуралардын маалыматтарына же товардык-транспорттук коштомо кагазга ылайык этил спирти жөнөтүлгөн ишкананын аталышы көрсөтүлөт;
3) этил спирти жүктөп жөнөтүлгөн ишкананын ИСНи көрсөтүлөт;
4) декларациялоо мезгилинде сатылган этил спиртинин табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
5) декларациялоо мезгилинде сатылган этил спиртинин суммасы (миң сом менен) көрсөтүлөт.
55. Декларацияда бир нече чарбакер субъекттерди толтурууда 4-5-графалардын жалпы жыйынтыктоочу көрсөткүчтөрү көрсөтүлөт.
7. Атайын керектөөчүлөр тарабынан пайдаланылган этил спиртинин көлөмдөрү жөнүндө декларацияны (FORM STI-149) толтуруу тартиби
56. Этил спиртин медициналык, ветеринардык жана техникалык максаттарда, ошондой эле тамак-аш эмес продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер Атайын керектөөчүлөр тарабынан пайдаланылган этил спиртинин көлөмдөрү жөнүндө декларацияны (FORM STI-149) этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аталган жактын муктаждыктары үчүн этил спиртинин чыгымынын ченемдерине ылайык, отчеттук жылдан кийинки жылдын 10-январына чейин календардык жыл аяктаганда бир жолу беришет.
57. 001-уячада "X" түрүндөгү белги коюлат:
1) эгерде Декларация календардык ай үчүн биринчи жолу тапшырылып жатса, белги "алгачкы" уячасына коюлат;
2) эгерде мурда ушул эле декларациялоо мезгили үчүн отчет тапшырылып, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилген, такталган Декларацияда оңдолсо, белги "такталган" уячасына коюлат.
58. Декларациянын уячалары төмөнкүдөй тартипте толтурулат:
1) 102-уячада юридикалык жактын он төрт орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган ИСНи көрсөтүлөт;
2) 103-уячада уюштуруу документтерине жана паспортуна ылайык юридикалык жактын толук аталышы көрсөтүлөт;
3) 104-уячада юридикалык жактын салыктык катталган жери боюнча этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үч орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган коду жана бул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлөт;
4) 107-уячада юридикалык жакты каттоо учурунда статистика органдары тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт;
5) 112-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн сегиз орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган индекси көрсөтүлөт;
6) 113-уячада юридикалык жак иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт;
7) 114-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (көчөнүн, кичи райондун аталышы, үйдүн, батирдин номери) көрсөтүлөт;
8) 115-уячада юридикалык жактын байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;
9) 116-уячада юридикалык жактын электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;
10) Декларациянын 201 жана 202-уячаларында декларациялоо мезгили башталган жана аяктаган дата көрсөтүлөт. Мисалы, 2016-жылдын январы үчүн: "01.01.2016" жана "31.01.2016".
59. 112-116-уячалардын маалыматтары Декларация берилген датага карата толтурулат.
Эскертүү. 102-104 жана 107-уячалардын маалыматтары ыйгарым укуктуу салык органынын салык төлөөчүнү каттоо боюнча маалыматтар базасына шайкеш келиши керек.
60. 1-9-графаларга маалыматтар төмөнкүчө киргизилет:
1) катар номери көрсөтүлөт;
2) этил спиртин жеткирүүчү ишкананын аталышы көрсөтүлөт;
3) декларациялоо мезгилинин башталышына карата этил спиртинин калдыгынын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
4) декларациялоо мезгилинин башталышына карата этил спиртинин калдыгынын наркы миң сом менен көрсөтүлөт;
5) декларациялоо мезгилинде сатып алынган этил спиртинин табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
6) декларациялоо мезгилинде пайдаланган этил спиртинин табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
7) декларациялоо мезгилинде пайдаланылган этил спиртинин наркы миң сом менен көрсөтүлөт;
8) декларациялоо мезгилинин аягына карата этил спиртинин калдыгынын табигый көлөмү декалитрде (дал) көрсөтүлөт;
9) декларациялоо мезгилинин аягына карата этил спиртинин калдыгынын наркы миң сом менен көрсөтүлөт.".
"2-тиркеме
FORM STI-144
Алкоголдук продукцияларды өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрү жөнүндө ДЕКЛАРАЦИЯ"
Юстиция министирлигинин архивинде сакталган.
"3-тиркеме
FORM STI-145
Иш жүзүндө өндүрүлгөн жана сатылган этил спиртинин көлөмдөрү жөнүндө ДЕКЛАРАЦИЯ"
Юстиция министирлигинин архивинде сакталган.
"4-тиркеме
FORM STI-146
Кийинки отчеттук жылга этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнүн болжолдуу көлөмдөрү жөнүндө ДЕКЛАРАЦИЯ"
Юстиция министирлигинин архивинде сакталган.
"5-тиркеме
FORM STI-147
Иш жүзүндө импорттолгон жана сатылган этил спиртинин жана алкоголдук продукциялардын көлөмдөрү жөнүндө ДЕКЛАРАЦИЯ"
Юстиция министирлигинин архивинде сакталган.
"6-тиркеме
FORM STI-148
Ишканалар боюнча сатылган этил спиртинин көлөмдөрү жөнүндө ДЕКЛАРАЦИЯ"
Юстиция министирлигинин архивинде сакталган.
"7-тиркеме
FORM STI-149
Атайын керектөөчүлөр тарабынан пайдаланылган этил спиртинин көлөмдөрү жөнүндө ДЕКЛАРАЦИЯ"
Юстиция министирлигинин архивинде сакталган.