ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 333 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62»Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция17.06.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 17-июну № 333

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Республикалык телерадиоборбору" мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, техникалык жактан модернизациялоо жана башка пландалган иштерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-4-пунктундагы "көчмө теле студияны сатып алууга" деген сөздөр "ишкананы техникалык модернизациялоого" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

С.Жээнбеков