Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-июну № 363
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 "Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 8-апрелиндеги чечимин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 "Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 669 токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
"Тиркеме
Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын ТИЗМЕСИ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызматтык автотранспорт каражаттары.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматтык автотранспорт каражаттарын кайтарууну жана коштоону (эскорттоочу) жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызматтык автотранспорт каражаттары.
3. "Кыргыз инкассациясы" жабык акционердик коомунун акчалай каражаттарды жана баалуу жүктөрдү ташуу боюнча атайын транспорттору.
4. Соттолгон жана камакка алынган адамдарды ташуу (конвой менен алып жүрүү) үчүн арналган атайын кызматтык