Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июлундагы № 350 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-июлундагы № 381 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын зергерчилик өнөр жайын 2018-жылга чейин өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
1. Кыргыз Республикасынын зергерчилик өнөр жайынын учурдагы абалы
Кыргыз Республикасында азыркы учурда 255 алтын кени бар, алардын жалпы запасы 2 миң 149 тоннаны түзөт. Алтындын негизги бөлүгү бийик тоолуу Кумтөр кенинде казып алынат, ал алтынды казуу боюнча Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде (КМШ) 3-орунда, ал эми дүйнөдө 22-орунда турат. Акыркы жылдарда алтынды казуу жылына 18-20 тонна деңгээлинде туруктуу сакталууда.
Кыргыз Республикасындагы зергерчилик тармагынын динамикалуу өнүгүшү жана көтөрүлүшү 1998-жылдан 2009-жылга чейин белгиленген.
Акыркы жети жылдан бери ата мекендик өндүрүштөгү кымбат баалуу металлдардан зергер буюмдарын чыгаруу басаңдап баратканы жана тиешелүү түрдө, зергер буюмдарынын импортунун кыйла өсүшү байкалууда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын расмий маалыматтары боюнча алтындан кыргыз зергер буюмдарын чыгаруунун көлөмү төмөнкүдөй болду:
Жылдар | Алтын, жерг. өндүрүш кг | Алтын, чет элд. өндүрүш (импорт) кг | Күмүш, жерг. өндүрүш кг | Күмүш, чет элд. өндүрүш (импорт) кг |
2009 | 231 | 25 | 195 | 349 |
2010 | 34 | 42 | 131 | 1226 |
2011 | 62 | 52 | 99 | 5946 |
2012 | 90 | 203 | 75 | 8393 |
2013 | 87 | 2055 | 103 | 15771 |
2014 | 62 | 2831 | 87 | 11654 |
2015 | 79 | 1281 | 89 | 9701 |
Таблицада көрүнүп тургандай, ата мекендик өндүрүштөгү күмүштөн жасалган зергер буюмдарды чыгаруу 2009-жылга салыштырмалуу 2015-жылы 2,2 эсеге азайган, мында, күмүш зергер буюмдарынын импорту ушул эле жылдары 28 эсеге көбөйгөн. Ата мекендик өндүрүштөгү алтындан чыгарылган зергер буюмдарды өндүрүүнүн көлөмү 2009-жылга салыштырмалуу 2015-жылы 2,9 эсеге түшкөн, ошол эле мезгилде алтындан зергер буюмдарынын импорту 50 эсеге көбөйгөн.
Импорттун көбөйүшү экспорттун кескин кыскаруусуна жана рыноктон ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн зергер буюмдарын сүрүп чыгарышына алып келди, бул келечекте жалпы зергерчилик өнөр жайынын жоголуу коркунучун түздү.
Апробациялоо жана эн салуу үчүн салыктардын түшпөй калышы орто эсеп менен 2013-жылы башка кыйыр салыктарды эсептебегенде 36 млн. сомдон ашып кетти.
Ата мекендик зергер продукциясынын экспорту жалпы өндүрүлгөн продукциянын көлөмүнөн 5%дан азыраакты түздү. Көмүскө жүгүртүүдө бул көрсөткүч бир топ жогору.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кымбат баалуу металлдар департаментинин расмий маалыматы боюнча 2015-жылы Кыргыз Республикасынын зергерчилик өнөр жайында 594 ишкер субъект иштеген, анын ичинде 156 юридикалык жактар жана 438 жеке жактар, 14 адистештирилген зергер дүкөндөрү иштеп, 1500дөн ашуун киши зергер буюмдарын чыгаруу жана сатуу менен алектенишкен.
Кыргыз Республикасынын зергерчилик тармагында зергерчилик рыноктун катышуучуларынын коммерциялык эмес бирикмелери түзүлгөн. Чакан жана орто ишканалар негизинен кызмат көрсөтүү жана соода тармагында иштешет, ал эми өндүрүштө иштегени аз. Чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүүнүн мындай жолу өлкөнүн жаратылыш, эмгек, интеллектуалдык жана башка ресурстарын сарамжалсыз пайдаланууга алып барат.
Зергерчилик өнөр жайын өнүктүрүүнү солгундаткан факторлор болуп төмөнкүлөр саналат:
- колдонуудагы кредиттик ставкалардан жана өлкөнүн азыркы өнүгүү деңгээлине жооп бербеген ченемдик укуктук актылардын талаптарынан улам чет элдик өндүрүүчүлөрдүн буюмдарына салыштырмалуу ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясынын өздүк наркы жогору болушунан алардын атаандаштыкка жөндөмсүздүгү;
- чийки зат түрүндөгү аффинирленген алтындын баасынын жогору болушу;
- өлкөнүн зергерчилик рыногунун импорттон жана көмүскө өндүрүштөн жетишсиз корголушу, алардын сатылышы жылдык чекене сатуу көлөмүнүн 70% түзөт;
- зергерчилик тармагына тиешелүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары зергер буюмдарын чыгаруучу алдыңкы өлкөлөрдүн, ошондой эле чыгарыла турган продукциянын өздүк наркын жогорулаткан Евразиялык экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин мыйзамдары менен шайкеш келүүсүн талап кылат;
- өндүрүшкө жаңы татаал дизайн-моделдеги жасалгаларды киргизүүгө мүмкүндүк бербей турган зергер буюмдарынын өндүрүшүндөгү учурдагы техникалык жана технологиялык деңгээли;
- зергерчилик өнөр жайы үчүн жумушчу адистиктер боюнча кадрларды кесиптик даярдоо деңгээлинин жетишсиздиги;
- зергерчилик өндүрүштү зергер таштары менен камсыздоонун төмөн деңгээли;
- ички жана тышкы рыноктордо ата мекендик соода маркаларын (бренддерин) илгерилетүүнүн жетишсиздиги.
2. Концепциянын негизги максаттары
Бул Концепция жакынкы эки жылда секторду өнүктүрүүгө көмөктөшө турган төмөнкү максаттарды коёт:
- зергерчилик рыногунда ишкерлик ишин натыйжалуу жана цивилизациялуу жүргүзүү үчүн жалпы дүйнөлүк шарттарга тең келген укуктук шарттарды түзүү жолу менен ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү. Кымбат баалуу металлдардан зергерлик жана башка тиричилик буюмдарын жүгүртүү жаатындагы колдонулуп жаткан мыйзамдарды зергерлик буюмдарды өндүрүү боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн мыйзамдарына максималдуу шайкеш келтирүү керек;
- кымбат баалуу металлдардын жана кымбат баалуу таштардын рыногундагы көмүскө жүгүртүүнү легалдаштыруу;
- Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кирүүнүн алкагында ата мекендик зергерчилик өнөр жайынын туруктуу иштөөсүн жана өнүгүүсүн камсыздоо максатында өлкөнүн ички рыногун коргоо;
- ата мекендик зергерчилик продукциясын өндүрүүчүлөрдү камсыздоо үчүн ички чийки зат базасын өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын зергерчилик өнөр жайын өнүктүрүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу маселелери боюнча социалдык диалогду, ишканалардын жана мамлекеттик органдардын өнөктөштүгүн активдештирүү.
3. 2018-жылга чейин зергерчилик өнөр жайын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу милдеттери жана багыттары
Концепциянын максаттарына жетүү жана зергерчилик тармагын өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү милдеттер жана чаралар аткарылууга тийиш:
- ата мекендик зергерчилик өнөр жайы үчүн кыргыз продукцияларын дүйнөлүк зергерчилик рынокторуна илгерилетүү мүмкүндүгүн камсыздаган атаандаштык чөйрөнү түзүү;
- өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жана ата мекендик зергерчилик продукциясын сатуу рынокторун кеңейтүү, жаңы иш орундарын түзүү;
- ак ниет атаандаштык үчүн бирдей шарттарды түзүү;
- улуттук зергерчилик искусствосунун салттарын сактоо жана андан ары өнүктүрүү;
- ички рынокто да, эл аралык деңгээлде да жарнама компанияларын жана көргөзмөлөрүн уюштуруу жолу менен кымбат баалуу металлдардан жасалган ата мекендик зергер буюмдарына суроо-талапты арбытуу;
- кымбат баалуу металлдардан жасалган ата мекендик зергер буюмдарына керектөөчүлөрдүн ишенимин жогорулатуучу кепилдиктер системасын түзүү менен зергер буюмдарынын рыногунун көлөмүн кеңейтүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
- кымбат баалуу металлдардын экспортунун чийки затка багытталуусун кыскартуу, өлкөдө чыгарылып жаткан кымбат баалуу металлдарды болушунча зергерчилик жана башка буюмдарга пайдалануу;
- кыргыз зергер ишканаларынын зергер таштарга болгон муктаждыгын камсыздоо;
- зергерлик тармакты өнүктүрүү саясатынын маселелерин тейлөөчү мамлекеттик органдын эгидасы алдында коомдук бирикмелерди жана товар өндүрүүчүлөрдүн уюмдарын тартуу менен туруктуу иштеп турган сүйлөшүү аянтчасын түзүү аркылуу мамлекет, бизнес жана керектөөчүнүн кызыкчылыктарынын оптималдуу балансын түзүү. Бул ыкчам тартипте ушул сектордун көйгөйлөрүн талкуулоого жана чечимди, анын ичинде тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу маселелери боюнча чечимди кабыл алууга мүмкүндүк берет.
4. Зергер буюмдарын чыгаруу жана сатуу субъекттеринин ишине мамлекеттин катышуу механизмдери жана даражасы
Экономиканын бул тармагына таасирдүү колдоо көрсөтүү зарылдыгы бышып жетилди, Кыргыз Республикасында өнөр жайды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын катарына ушул секторду кошуунун максатка ылайыктыгын шарттап турат, мунун көпчүлүк бөлүгүн майда жана орто ишкерлик субъектилери түзөт.
Кымбат баалуу металлдардан зергер жана башка тиричилик буюмдарын жасоо үчүн тийиштүү инфраструктурасы бар жерлерде атайын экономикалык зоналарды өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында шарттарды камсыздоо зарыл.
Өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын негиз кылып жана Кыргыз Республикасы алтын табуучу мамлекет экендигин эске алып, ыйгарым укуктуу органдын атынан Кыргыз Республикасынын аймагында кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар менен болгон операцияларга байланышкан маселелерди жөнгө салышы керек, ошондой эле кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар менен жүргүзүлгөн операцияларды мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча мамлекеттин саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга тийиш.
1. Мамлекеттик контролдоо иш-аракетинин жааты:
- кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштардын жана алардан жасалган буюмдардын чыгарылышы канчалык мыйзамдуу экендигин мамлекеттик контролдоо;
- кымбат баалуу металлдарды, кымбат баалуу таштарды жана алардан жасалган буюмдарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнү (алып чыгууну) мамлекеттик контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомун сатуучу уюмдар аткаргандыгын мамлекеттик контролдоо;
- ата мекендик зергерчилик рыногун сапатсыз продукциядан коргоо максатында зергер буюмдарын мамлекеттик текшерүү тамгасы менен сыноо жана аларга мамлекеттик эн-тамгасын салуу.
2. Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү:
- жеке менчик институтун бекемдөө, ошол эле учурда рынокту либералдаштыруу - аны мамлекет тарабынан ашыкча жөнгө салуудан бошотуу;
- Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн (Зергерлер ассоциациясы, Зергерлер союзу ж.б.) Кыргыз Республикасынын зергерчилик өнөр жайын өнүктүрүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды талкуулоого катышуусу.
3. Кымбат баалуу металлдардан жасалган зергер жана башка тиричилик буюмдарын дүйнөлүк зергерчилик рынокторуна чыгарууну мамлекеттик колдоо:
- Кыргыз Республикасынан экспорттоло турган кымбат баалуу металлдардан чыгарылган зергер жана башка тиричилик буюмдарын эн-тамга салуудан бошотуу жана ыктыярдуу эн-тамга салууну киргизүү;
- ата мекендик зергерчилик ишканалардын өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн көргөзмөлөргө катышуусуна мамлекеттик органдардын көмөктөшүүсү;
- лицензияларды, уруксаттарды тариздөө, мамлекеттик контролду жүргүзүү мөөнөттөрүн максималдуу азайтуу;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү соода өкүлчүлүктөрүн жана диаспораларын ата мекендик зергер продукциясын башка өлкөлөрдүн рынокторуна чыгаруу ишине тартуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген чет элдик менчик ээлерине таандык кымбат баалуу металлдарды жана зергер таштарды зергер жана башка тиричилик буюмдарына кайра иштетүүгө жана кийин аны менчик ээсинин заказы боюнча өлкөдөн чыгарып кетүүгө оңтойлуу шарттарды түзүү.
4. Ички рынокту коргоо:
- импорттук зергер буюмдарын сыноодон жана мамлекеттик пробирдик эн-тамгасы коюлгандан кийин гана эркин жүгүртүүгө чыгаруу тартибин орнотуу;
- ЕАЭБдин аймагында мүчө мамлекеттердин улуттук пробирдик эн-тамгаларынын аракетин кароочу Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан, ЕАЭБдин бажы аймагында Кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар менен болгон операцияларды жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашуунун долбоорун ратификациялоо;
- соода эрежелерин бузгандыгы жана кымбат баалуу металлдардан чыгарылган зергер жана башка тиричилик буюмдарын өндүрүүчү өлкөнү жашыргандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү.
5. Кыргыз Республикасынын зергер продукциясынын атаандаштыкка жөндөмүн жогорулатуунун формалары жана методдору:
- ата мекендик зергерчилик өнөр жайында продукциянын көлөмүн көбөйтүү;
- энергия үнөмдөөчү технологияларды жайылтуу жана бардык жерде колдонуу;
- зергер буюмдарын моделдөөнүн жана даярдоонун алдыңкы технологияларын жайылтуу.
6. Өлкөнүн зергерчилик рыногун өз алдынча жөнгө салуу механизмдерин төмөнкү жолдор менен жайылтуу жана кеңири пайдалануу:
- зергер буюмдарына, кошмосуна жана лигатуралык эритиндисине талаптарды белгилөөчү, эл аралык ченемдерге ылайык келген ата мекендик стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу;
- Зергерлер ассоциациясын жана башка уюмдарды өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдарга өзгөртүп түзүү;
- керектөөчүлөрдүн ата мекендик зергер буюмдарына ишенимин камсыз кылуу максатында бизнес коомчулук менен мамлекеттик органдардын аракеттенүүсү.
7. Зергерчилик өнөр жайын илимий-техникалык жана кадрдык камсыздоо:
- жумушчу кадрларды жана тармактын бардык деңгээлиндеги адистерди даярдоо менен тармакта анын өнүгүү муктаждыгына жооп берген кадрдык потенциалды түзүү. Бул багытта ар кандай деңгээлдеги окуу жайларынын потенциалын күчөтүү талап кылынат. Зергерчилик тармагындагы ишканаларды кадрдык камсыздоо чөйрөсүндө окуу жайлары менен ишканаларды координациялоо жана аракеттенүү маселелери өзгөчө ролду ойношу керек. Кыска мөөнөттүү программа боюнча кесиптик-техникалык билим берүү системасында тийиштүү адистиктер боюнча окуучулардын санын көбөйтүү, иштеп жаткан кесиптик лицейлердин жана өндүрүштөрдүн базасында окутуу-өндүрүштүк комплекстерди түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо керек. Тиешелүү багыттар боюнча Россиянын, Түркиянын ЖОЖдоруна окууга жөнөтүлө турган студенттердин санын көбөйтүү зарыл;
- кымбат баалуу металлдардан жана кымбат баалуу таштардан чыгарылган буюмдарды стандарттоону жана сертификаттоону өркүндөтүү;
- зергер буюмдарына жана зергер коймого улуттук жана тармактык стандарттарды иштеп чыгуу керек.
5. Концепцияны ишке ашыруунун механизми жана шарттары
Көп өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, улуттук зергерчилик өнөр жайын өнүктүрүү инвестициялык ишти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, ички рынокту коргоого, ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмүн жогорулатууга багытталган мамлекеттик саясат менен аныкталат.
Зергерчилик тармакты өнүктүрүү жаатындагы активдүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү төмөнкү негизги чараларды жүзөгө ашырууну болжойт:
- зергерчилик өнөр жайына активдүү колдоо көрсөткөн өлкөлөрдө (Кытай, Индия, Түркия) мамлекеттик колдоо практикасын изилдөө;
- зергер буюмдарынын ишканалары дүйнөлүк рынокко экспорттук ташууларды кеңейтүүгө шарттарды түзүү жана экономикалык кызыгууну камсыз кылуу;
- эл аралык талаптарга жооп бере турган стандарттарды колдонуу менен ата мекендик зергер буюмдарынын атаандаштыкка жөндөмүн жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагына зергер буюмдарын мыйзамсыз алып кирүүгө каршы аракеттенүү;
- кымбат баалуу металлдардан чыгарылган зергер жана башка тиричилик буюмдарын сатуу эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү: жасалма пробирдик эн-тамгалар, коштомо документацияда көрсөтүлгөн кымбат баалуу таштардын мүнөздөмөлөрүнүн шайкеш эместиги.
6. 2018-жылга чейин зергерчилик өнөр жайын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжалар
Концепцияны ишке ашыруу максатында зергер тармагын мындан ары өнүктүрүү боюнча маселелерди чечүүнү караган Иш-чаралар планы иштелип чыкты.
Концепцияны ишке ашыруунун негизги жыйынтыктары катары төмөнкүлөр күтүлүүдө:
- 2018-жылга карата алтын менен күмүштү зергер буюмдары түрүндө керектөөнүн жылдык көлөмүн 2 тоннага чейин жеткирүү, чекене жана экспорттук сатуулардын көлөмүн көбөйтүү;
- зарыл шарттары бар кошумча жумуш орундарын түзүү;
- тармакта иштегендердин санын 2500 адамга чейин жеткирүү.
Концепциянын алкагында аткарыла турган иш-чаралар жалпысынан экономиканын өндүрүштүк, социалдык-тиричилик, билим берүү тармактарын жакшыртууга багытталат.
7. Концепциянын жагымдуу өбөлгөлөрү жана тобокелдиктери
Концепцияны ийгиликтүү ишке ашыруу бир катар жагымдуу өбөлгөлөрдүн болушуна көз каранды. Мунун ичине ЕАЭБдин шарттарына тез арада көнүп кетүү кирет, анткени товарларды өз ара соодалашууда ички рыноктун иштөөсүнүн алкагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер алып кирүүчү жана алып чыгуучу бажы төгүмдөрүн, тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын, атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонушпайт.
Кымбат баалуу металлдардын жана кымбат баалуу таштардын ЕАЭБдин аймагында эркин жүгүртүлүшү үчүн шарттарды түзүү максатында Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан ЕАЭБдин бажы аймагында кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар менен операцияларды жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашуунун долбоору иштелип чыккан.
Концепцияны ишке ашыруунун ийгилиги тармактагы бирикмелердин, сектордогу алдыңкы ишканалардын активдүү катышуусуна жана сектордун абалына таасир этүүчү мамлекеттик органдардын күч-аракеттерин натыйжалуу координациялоого байланыштуу болот.
Жакын арада Концепциянын иш-чараларын аткарууну кыйындатып же болтурбай коё турган, же анын натыйжалуулугун төмөндөтүшү мүмкүн болгон тобокелдүү факторлор бар. Алсак, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө экономикалык активдүүлүктүн төмөндөп баратышы, бул өз кезегинде ички рынокто жана Бирликтин негизги рынокторунда сатып алуу жөндөмүнө, капиталга жана инвестицияларга жетүү шарттарына таасирин тийгизет. Өз ара байланышкан фактор катары чыгымы аз өндүрүштүк база сыяктуу, же мисалы өнөр жай керектөөчүлөрүнө электр энергиясынын тарифтери боюнча жогорулатуу жагына өзгөртүү жана башка факторлор Кыргыз Республикасынын атаандашууга айрым артыкчылыктарын начарлатып коюшу мүмкүн.