Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июлундагы № 350 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-июлу № 381
Кыргыз Республикасынын зергерчилик өнөр жайын 2018-жылга чейин өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө
Зергерчилик тармагындагы ишканаларды өнүктүрүү жана атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатуу үчүн оңтойлуу шарттарды түзүүгө багытталган чараларды көрүү, ички рыноктун талаптарын канааттандыруу, зергерчилик продукциясынын экспортун көбөйтүү жана иш орундарын түзүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын зергерчилик өнөр жайын 2018-жылга чейин өнүктүрүү концепциясы (мындан ары - Концепция) 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын зергерчилик өнөр жайын 2018-жылга чейин өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга жооптуу министрликтер жана административдик ведомстволор анын аткарылышын камсыздашсын жана отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен квартал сайын тийиштүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирге ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
- отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын зергерчилик өнөр жайын 2018-жылга чейин өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/Иш-аракеттер | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар |
1. Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | |||||
1.1 | Кыргыз Республикасында кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар рыногун жөнгө салуу жаатында колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүү | Кыргыз Республикасында кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштардын рыногун жөнгө салуу жаатындагы колдонулуп жаткан эрежелерге жана жоболорго инвентаризация жүргүзүү, тийиштүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | 2016-жылдын IV кварталы | Зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө көмөк берүүчү укуктук шарттарды түзүү | ФМ (Финансы министрлигине караштуу Кымбат баалуу металлдар департаменти), ЭМ |
1.2 | Зергерчилик тармагын мыкты өнүктүрүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | Кыргыз Республикасында кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар менен болгон операцияларды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2017-жылдын I кварталы | Зергерчилик тармагын өнүктүрүү үчүн оңтойлуу шарттарды түзүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларды бекитүү | ФМ, ЭМ |
1.3 | Ички рынокто зергер буюмдарын өндүрүүчүлөрдү жана сатуучуларды текшерүүнү жөнөкөйлөтүү | Зергер буюмдарын өндүрүүчүлөрдү жана сатуучуларды текшерүү механизмдерин кайрадан карап чыгуу боюнча бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен тегерек столдорду өткөрүү | 2016-жылдын IV кварталы | Текшерүүлөрдү жөнөкөйлөтүү боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгып, бекитүү | ФМ, ЭМ, ФЧ МК, бизнес-ассоциациялары (макулдашуу боюнча) |
2. Кымбат баалуу металлдардын жана кымбат баалуу таштардын рыногунда көмүскө жүгүртүүнү легалдаштыруу | |||||
2.1 | Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү | Кымбат баалуу металлдардын, табигый кымбат баалуу таштардын жана алардан жасалган зергер буюмдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | 2017-жылдын IV кварталы | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү | ФМ, ЭМ, ИИМ |
2.2 | Продукцияны мыйзамсыз өндүрүүнү жана сатууларды ачуу, анын ишин токтотуу | Тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргелешкен текшерүүлөрдү уюштуруу | 2017-жылдын I-II кварталдары | Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн ишкердик субъектилерин административдик, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу. Мыйзамсыз соодага жол бербөө | ФМ, ЭК МК (Финансы полициясы), ЭМ |
3. Кымбат баалуу металлдардан жасалган зергер буюмдарын жана башка тиричилик буюмдарын дүйнөлүк зергерчилик рынокторуна чыгарууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү | |||||
3.1 | Кымбат баалуу металлдардан жасалган ата мекендик зергер буюмдарга суроо-талапты өбөлгөлөө | Ата мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн зергер продукциясына ички жана эл аралык рыноктордо көргөзмөлөрдү жана жарнамалык өнөктүктөрдү уюштуруу жана өткөрүү | Зарылдыгына жараша (ар жылдык негизде) | Зергер буюмдары рыногун кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү | ФМ, ЭМ, ММБФ, СӨП (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
3.2 | Кымбат баалуу металлдардан жана кымбат баалуу таштардан жасалган зергер буюмдарды стандарттоону жана сертификаттоону өркүндөтүү, зергер буюмдарына жана зергер көргөзмөлөрүнө карата улуттук жана тармактык стандарттарды иштеп чыгуу | Зергер буюмдарына карата талаптарды белгилөөчү, эл аралык ченемдерге ылайык келүүчү ата мекендик стандарттарды иштеп чыгып, жайылтуу | 2017-жылдын II-III кварталдары | Эл аралык талаптарга жооп берген стандарттарды колдонуу менен ата мекендик зергер буюмдарынын атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатуу | ФМ, ЭМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
4. ЕАЭБдин алкагында зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү | |||||
4.1 | ЕАЭБдин алкагында соодалашуу мыйзамдары боюнча маалыматтык өнөктүктү жүргүзүү | ЕАЭБдин алкагында соодалашуу мыйзамдары, ЕАЭБдин техникалык регламенттерин бизнес коомчулуктун колдонуусу боюнча бажы органдарынын өкүлдөрү менен практикалык тренингдерди жана консультацияларды уюштуруу. Финансы министрлигинин, Экономика министрлигинин сайттарында жана зергер тармактагы бизнес-ассоциацияларынын сайттарында окутуучу жана түшүндүрүүчү маалыматтарды жайгаштыруу, ошондой эле максаттуу аудиторияга басылма материалдарды таркатуу | 2016-жылдын IV кварталы | ЕАЭБдин алкагында бажы, салык жана соода режимдери тууралуу ишканалардын маалымдуулугун жогорулатуу. Тематикалык колдонмолорду жана сунуштар жыйнактарын онлайн жана басылма форматтарында жарыялоо | ЭМ, ФМ, МБК |
4.2 | ЕАЭБдин түзүмдөрүнүн ичинде тармактын кызыкчылыктарын коргоо жана илгерилетүү | ЕАЭБдин бажылык аймагында Кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар менен болгон операцияларды жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашуунун долбоорунун алкагында ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдүн мамлекеттик сыноо эн-тамгаларын таануу тууралуу пунктун илгерилетүү жаатындагы тийиштүү ишти жүргүзүү. Реалдуу режимде анык маалымат алуу, аны талдоо жана ыкчам түрдө аракеттенүү үчүн Кыргыз Республикасында жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде сектордун алдыңкы ишканалары жана башка кызыкдар жактар менен мониторингдөө жана алардын өз аракеттенүүсү үчүн кайра байланыш системасын иштеп чыгуу | 2017-жылдын I кварталы | Туруктуу байланышты камсыздоочу жана аракеттенүү үчүн өз убагында сигналдарды алып туруу үчүн кайра байланыш системасы жөнгө салынат | ФМ, ЭМ, бизнес-ассоциациялары (макулдашуу боюнча) |
5. Ички чийки зат базасын өнүктүрүүгө, финансылык жана чийки зат ресурстарын алууга көмөк көрсөтүү | |||||
5.1 | Ата мекендик зергер продукциясын өндүрүүчүлөрдүн стандартсыз куймалардагы аффинирленген алтынды жана күмүштү сатып алуу механизмин иштеп чыгуу | Ата мекендик зергер продукциясын өндүрүүчүлөргө стандартсыз куймалардагы кымбат баалуу металлдарды (ар кандай формадагы жана өлчөмдөгү аффинирленген кымбат баалуу металлдарды: стержендерди, зымдарды, пластиналарды, гранулдарды) алууга мүмкүнчүлүк берүү, тийиштүү ченемдик укуктук актыны иштеп чыгып, кабыл алуу | 2017-жылдын II кварталы | Ата мекендик зергер продукциясын өндүрүүчүлөргө аффинирленген алтынды жана күмүштү алууга квота берүү маселесин чечүү | ФМ, ЭМ, "Кыргызалтын" ААК (макулдашуу боюнча) |