Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-июлу № 350
Кыргыз Республикасынын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
Зергердик тармакты өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, иш орундарын жаратуу жана баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдарды өндүрүүчү ата мекендик ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн "Биримдик, ишеним, жаратмандык" программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясы (мындан ары - Концепция), 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга жооптуу министрликтер жана административдик ведомстволор бизнес-ассоциациялар менен макулдашып, анын аткарылышын камсыздашсын жана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине Концепцияны ишке ашыруу мезгилиндеги зергердик сектордун иш жүзүндөгү абалына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгын презентациялоо менен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
- Иш-чаралар планын аткаруу мөөнөттөрү бүткөндө, 2022-жылдын декабрында максаттарга жетишкендиктин натыйжалуулугуна жана коюлган милдеттердин аткарылышына толук баалоо жүргүзсүн;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-июлундагы № 381 "Кыргыз Республикасынын зергердик өнөр жайын 2018-жылга чейин өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 26-июлундагы N 62 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясын аткаруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/Иш-аракеттер | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар жана өнөктөр |
1. Ички сырьёлук базаны өнүктүрүүгө, сырьёлук ресурстарга жетүүгө көмөктөшүү | |||||
1 | Зергердик буюмдарды жасоо үчүн баалуу металлдар (алтын, күмүш) түрүндөгү сырьё менен камсыздоо | 1.1. Ата мекендик зергердик продукцияны өндүрүүчүлөргө аффинаждалган жана аффинаждалбаган ар кандай формадагы жана өлчөмдөгү баалуу металлдарды сатып алуу мүмкүндүгүн берүү: тийиштүү ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана кабыл алуу | Декабрь, 2019-жыл | Аффинаждалган жана аффинаждалбаган ар кандай формадагы жана өлчөмдөгү баалуу металлдарды сатып алуу мүмкүндүгүн кароочу ченемдик укуктук актыны кабыл алуу | ФМ, ЭМ, ӨЭЖМК, УБ (макулдашуу боюнча), "Кыргызалтын" ААК (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
1.2. Баалуу металлдардан зергердик буюмдарды жасоочу ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн Доре куймасын Лондон биржасынын баасы менен кен компанияларынан биринчи кезекте сатып алуу механизмин иштеп чыгуу | Декабрь, 2020-жыл | Ата мекендик зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн Доре куймасын сатып алуу мүмкүндүгүн караган ченемдик укуктук актыны кабыл алуу | ФМ, УБ (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | ||
1.3. Кыргыз Республикасынын аймагына зергердик буюмдарды жасоо үчүн үчүнчү өлкөлөрдөн сырьё түрүндө алынып кирген алтынды, күмүштү, асыл таштарды, асыл эмес таштарды импорттоодо алып кирүү бажы пошлинасынын нөлдүк ставкасын белгилөө боюнча ЕЭКке сунуш иштеп чыгуу жана киргизүү | Декабрь, 2019-жыл | Үчүнчү өлкөлөрдөн алтынды, күмүштү, асыл таштарды, асыл эмес таштарды импорттоодо алып кирүү бажы пошлинасынын нөлдүк ставкасын колдонуу түрүндө бажы тарифтик жеңилдиктерди берүү тууралуу ЕЭКке сунуштарды жиберүү | ЭМ, ӨЭЖМК, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | ||
1.4. Баалуу металлдарды толлинг шартында кайрадан иштетүү боюнча операцияларды жүргүзгөн жер казынасын иштетүүчүлөрдөн зергердик тармакты алтын сырьё менен камсыздоонун механизмин иштеп чыгуу | Июнь, 2021-жыл | Баалуу металлдарды толлинг шартында кайрадан иштетүү боюнча операцияларды жүргүзгөн жер казынасын иштетүүчүлөрдөн ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн сырьёну сатып алуу мүмкүндүгүн караган ченемдик укуктук актыны кабыл алуу | ФМ, ӨЭЖМК, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | ||
2. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен болгон операцияларды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук жана техникалык базаны өркүндөтүү | |||||
2 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин лабораториялык базасын ЕАЭБдин стандарттарына ылайык өркүндөтүү | Натыйжалуу иштөөсү үчүн зарыл болгон жабдууларды техникалык жактан өркүндөтүү | Декабрь, 2019-жыл | Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жөнгө салуу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лабораториялык базасын заманбап жабдуулар менен жабдуу | ФМ |
3 | Ички рынокто баалуу металлдардан зергердик буюмдарды жасоочуларды жана сатуучуларды текшерүүнү жөнөкөйлөтүү | Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдар менен соода жүргүзүүнүн колдонуудагы эрежелерин бизнесчилердин пикирин эске алуу менен оптималдаштыруу | Декабрь, 2020-жыл | Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдар менен соода жүргүзүү эрежелериндеги өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитүү | ФМ, ЭМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
4 | Баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдарды эсепке алууну автоматташтыруу жана маркалоо | Зергердик буюмдарды маркалоонун механизмин иштеп чыгуу | Декабрь, 2021-жыл | Зергердик буюмдарды маркалоо боюнча РФ пилоттук долбоорунун жыйынтыктарын эске алуу менен зергердик буюмдарды маркалоонун механизмдерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актынын кабыл алынуусу | ЭМ, ФМ, МСК, МБК, МТБМК, ӨЭЖМК, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча |
5 | Зергердик буюмдарды өндүрүү үчүн өзгөчө жеңилдиктер режими менен адистештирилген зонаны түзүү | Эркин бажы зонасы же эркин кампа бажы жол-жобосун пайдалануу менен зергердик буюмдарды өндүрүү боюнча адистештирилген өнөр жай зонасын түзүү боюнча концепциянын долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү | Июнь, 2020-жыл | Адистештирилген зонаны түзүү жана ага кирүүнүн тартиби жөнүндө ченемдик укуктук актынын кабыл алынуусу | ФМ, ЭМ, ИИКА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
3. Баалуу металлдар жана асыл таштар рыногундагы экономиканын байкоого алынбаган секторунун деңгээлин азайтуу | |||||
6 | Баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдар рыногундагы экономиканын байкоого алынбаган секторун аныктоо жана ага бөгөт коюу | Тийиштүү мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныктоо жана ага бөгөт коюу иштерин белгиленген тартипте уюштуруу | Дайыма | Баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдардын көмүскө жүгүртүлүшүндөгү экономиканын байкоого алынбаган секторунун деңгээлинин кыскарышы | ЭККМК, МСК, МБК, ФМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
7 | Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү | Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен иштөөдө белгиленген эрежелерди, жоболорду жана нускамаларды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун айыптарды белгилөө боюнча иштеп чыгуу | Декабрь, 2020-жыл | Баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен иштөөдө белгиленген эрежелерди, жоболорду жана нускамаларды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти киргизүү боюнча ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы | ФМ, МБК, ЭККМК, ЭМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
4. Ата мекендик өндүрүштөгү баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды ички жана тышкы рынокко чыгарууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү | |||||
8 | Кыргыз Республикасынын зергердик буюмдарынын брендин тышкы рынокторго чыгаруу | 8.1. Адистештирилген көргөзмө-жармаңке иш-чараларын өткөрүүгө жана зергердик буюмдарды ички жана тышкы рынокторго чыгарууга, чет мамлекеттердеги көргөзмөлөргө катышуу үчүн кыргыз экспортчуларына визалык колдоону камсыздоого көмөк көрсөтүү | Дайыма | Ата мекендик ишкерлердин ири эл аралык көргөзмөлөргө зергердик тармактагы модага мониторинг жүргүзүү жана сатуунун көлөмүн жогорулатуу максатында катышуусу | СӨП, ИИКА, ММТМ, ФМ, Бишкек шаарынын мэриясы, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
Зергерлердин тармактык көргөзмөсүн уюштуруу жана өткөрүү | ИИКА, ТИМ, СӨП (макулдашуу боюнча) | ||||
8.2. Кыргыз зергердик буюмдарын экспорттоочулар үчүн трансчек аралык соода боюнча интернет-платформаны ишке киргизүү, ошондой эле КЭРдин соода интернет-аянтчаларында каттоодон өтүү | Декабрь, 2020-жыл | КЭРдин интернет-мейкиндигинде катталган, ата мекендик өндүрүштүн зергердик буюмдарынын ассортименти менен жумушчу интернет-платформа | ИИКА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | ||
9 | Зергердик тармактын өкүлдөрүн өбөлгөлөө | Зергерлер күнүн белгилөө | Июнь, 2020-жыл | Зергерлер күнүн бекитүү жөнүндө ЧУАнын кабыл алынуусу | ФМ, ЭМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
5. ЕАЭБ алкагында зергердик тармакты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү | |||||
10 | ЕАЭБдин бажы аймагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операция жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашуунун долбооруна кол коюу | Бизнес-коомчулуктун пикирин эске алуу менен андан ары эн тамгаларды өз ара таануу шарттарын кабыл алуу үчүн ЕАЭБдин бажы аймагында пробалык көзөмөл жүргүзүүнүн бирдей талаптарын иштеп чыгуу маселеси боюнча бирдиктүү улуттук позицияны аныктоо | Декабрь, 2020-жыл | Бир мүчө мамлекеттин аймагынан башка мүчө мамлекеттин аймагына зергердик буюмдарды киргизүүдө эн тамгаларды өз ара таанууну караштырган макулдашууну кабыл алуу менен эки жолку эн тамгалоону жокко чыгаруу | ФМ, ЭМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
11 | Зергердик тармактагы ЕЭКтин чечимдеринин, ЧУАлардын долбоорлорун зергердик тармактагы бизнес-ассоциациялар менен милдеттүү түрдө макулдашуу | ЕЭКтин чечимдеринин долбоорлорун зергердик бизнес-коомчулук менен талкуулоо боюнча кеңешмелерди өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына отчет берүү | Дайыма | Баалуу металлдар жана алардан жасалган зергердик буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү ЕЭКтин долбоорлору менен байланышкан маселелерди талкуулоо боюнча иштин жооптуу аткаруучулар жана өнөктөр менен макулдашылган регламентинин бекитилиши | ФМ, ЭМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
6. Зергердик тармакта квалификациялуу кадрларды даярдоо | |||||
12 | Зергердик тармак үчүн адистерди даярдоо | Зергердик тармактагы адистештирилген окуу жайлардын материалдык-техникалык жана методикалык базасынын деңгээлин жогорулатуу ("Дизайнерлердин жана зергерлердин мектеби" мекемеси (катталуу номери - 138154-3301-М). Мекеме тууралуу абитуриенттерге, студенттерге жана башка окуу жайлардын окуучуларына маалымдоого көмөк көрсөтүү | Декабрь, 2022-жыл | Адистештирилген окуу жайлардын материалдык-техникалык жана методикалык базасын жакшыртуу. Зергердик тармакта жогорку квалификациялуу адистердин санын көбөйтүү | БИМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
13 | Студенттердин, ошондой эле зергердик тармакта алдыңкы технологиялары бар чет элдик компанияларда зергердик буюмдарды өндүрүүчү адистердин дайыма стажировкалардан өтүп туруу практикасын киргизүү | Зергердик тармактын чет элдик компаниялары менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларды (меморандумдарды) түзүү | Дайыма | Баалуу металлдардан зергердик буюмдарды жасоонун жаңы методдорун жана технологияларын киргизүүнү караган макулдашууларды түзүү | БИМ, ФМ, ЭМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
Кыскартуулардын тизмеси:
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
ӨЭЖМК | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
ААК | - | ачык акционердик коом |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
МТБМК |
| Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети |
ИИКА | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги |
Финполиция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат |
СӨП | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЕЭК | - | Евразиялык экономикалык комитет |
ЧУА | - | ченемдик укуктук актылар |
КЭР | - | Кытай Эл Республикасы |
РФ | - | Россия Федерациясы |