Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-июлу № 388
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКнын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомун ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнүнө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКнын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомун ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн "Кумтөр" долбоорун андан ары ишке ашыруунун өз ара алгылыктуу варианттарын издөө максатында "Кумтөр" долбоору боюнча "Центерра Голд Инк." компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча консультативдик кеңештин курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
"Тиркеме
"Кумтөр" долбоорун андан ары ишке ашыруунун өз ара алгылыктуу варианттарын издөө максатында "Кумтөр" долбоору боюнча "Центерра Голд Инк." компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча консультативдик кеңештин КУРАМЫ
Жээнбеков Сооронбай Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы; |
Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; |
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри; |
Осмоналиев Акылбек Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси -министр; |
Аттокуров Данияр Бексултанович | - | "КСДП" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Жапаров Акылбек Усенбекович | - | "Бир Бол" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Калмаматов Жыргалбек Айтиевич | - | "Кыргызстан" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Сыдыков Бакыт Усенович | - | "Республика-Ата-Журт" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Узакбаев Абылкайыр Осмонбекович | - | "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович | - | "Ата-Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика министри; |
Мамбеталиева Жылдыз Жеенбаевна | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри; |
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Рустамов Абдыкалык Алибекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору; |
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы; |
Артыкбаев Расул Саткынович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары. ". |