Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 310 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-июлу № 411
Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жактыруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 195, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 742, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-сентябрындагы № 163 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасындагы функциялык жана түзүмдүк өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси (мындан ары - Тизме) тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тизме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган Тизме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-мартындагы № 166 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 195, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 742, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-сентябрындагы № 163 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 195 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
7. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду.
8. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 195 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти.
10. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаменти.
11. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти.
12. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу жана контролдоо боюнча башкармалыгы.
13. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети.
14. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция.