Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 516 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 17-декабры № 310
Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасындагы функциялык жана түзүмдүк өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмеги (мындан ары - Тизмек) тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тизмек Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри аталган Тизмек Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы № 411 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жактыруу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 195 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы № 411 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 742 "Электрондук колтамганы пайдаланууга байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-сентябрындагы № 163 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы № 411 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 155(3336) жарыяланды
Төрага | А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмеги
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент.
5. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматы.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти.
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти.
8. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат.
9. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча кызмат.
10. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат.
11. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрт көзөмөлү боюнча кызмат.
12. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы.
13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин архитектуралык-курулуштук контролдоо боюнча башкармалыктары.
14. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат.
15. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Транспорт коопсуздугу чөйрөсүндөгү контроль жана көзөмөл боюнча башкармалыгы.
16. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик.