ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30 августундагы № 471 «2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча концепциянын долбоорун кайра сурап алуу жөнүндө» токтому

Редакция30.08.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 30 августу № 471

2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча концепциянын долбоорун кайра сурап алуу жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча концепциянын долбоору кайра сурап алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-мартындагы № 127 “2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча концепциянын долбоорун жактыруу жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Премьер-министр                                                                                                                                                                                                 С.Ш.Жээнбеков