Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 512 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда ыкчам башкарууда турган ок атуучу куралдын кадимки ок-дарыларын категориялоо боюнча ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо кадимки ок-дарыларды категориялоо тартибин белгилөөчү жетектөөчү документ болуп эсептелет.
2. Ушул Жобонун максаты үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
мамлекеттик аскерлештирилген уюмдар, укук коргоо органдары жана атайын кызматтар - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, башка аскердик түзүлүштөр, укук коргоо органдары, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу департаменти, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атайын байланыш кызматтары жана атайын кызматтары;
кадимки ок-дарылар - ок атуучу куралга, револьверге жана өзү заряддалуучу тапанчаларга, винтовкаларга жана карабиндерге, автоматтык винтовкаларга, жеңил пулеметторго, оор пулеметторго, найдын алдындагы кол жана станоктук гранатометторго, алып жүрүүчү зениттик пулеметторго, танкка каршы куралдарга, кетенчиктебес куралдарга, алып жүрүүчү танкка каршы ракеталык комплекстер, көчмө зениттик ракеталык комплекстер жана калибри 100 миллиметрден аз минометтор;
танкка каршы башкарылуучу ракета (ТКБР) - танкка жана башка сооттолгон бутаны кыйратууга арналган башкарылуучу ракета;
зениттик башкарылуучу ракета (ЗБР) - алып жүрүүчү зениттик ракеталык комплекстин курамына кирген жана ар кандай аба бутасын кыйратууга арналган "жер-аба" классындагы ракета;
запастык бөлүктөр, аспаптар жана жабдыктар (ЗБАЖ) - техникалык тейлөөнүн, регламенттик иштердин жана кадимки ок-дарылардын, ТКБР жана ЗБР оңдоонун баардык түрлөрүн аткарууга арналган запастык бөлүктөр, аспаптар, жабдыктар;
категория - кадимки ок-дарылардын үлгүсүнүн анын техникалык абалына, техникалык ресурсуна (ресурсуна жана иштетилгендигине) жана тигил же бул түрдөгү оңдоону жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу коюлган шарттуу эсептик мүнөздөмөсү;
категориялоо - документ жүзүндө ок атуучу куралдын категориясын аныктоо жана тариздөө жана бир категориядан экинчи категорияга которуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кадимки ок-дарылар, ТКБР жана ЗБР өзүнүн техникалык абалы боюнча төмөнкү категорияларга бөлүнөт:
- биринчи категория - күжүрмөн колдонууга жана узак убакытка сактоого жарактуу (анын ичинде күжүрмөн колдонууга чектөөсү бар), дефектилери жок же цехте оңдоону талап кылбаган жана күжүрмөн колдонууга тоскоолдугу жок (анын ичинде 64211 аскер бөлүгүнүн командачылыгынын чечими менен жаңылоого тийиш болгон) мындан тышкары, мөөнөтү өтпөгөн техникалык жарамдуулугу болгон кадимки ок-дарылар, ТКБР, ЗБР, алардын комплекттөөчү элементтери жана ЗБжА кирет;
- экинчи категорияга - цехте оңдоону, кээ бир элементтерин алмаштырууну, кызматтык эксплуатациялоодо, сорттоодо пайда болгон дефектилерди жоюуну талап кылган, гарантиялык жана белгиленбеген же мөөнөтү өткөн техникалык жарамдуулугу менен ТКБР, ЗБР, алардын комплекттөөчү элементтери жана ЗБжА кирет;
- үчүнчү категорияга - күжүрмөн колдонууга жараксыз, өндүрүштө, заводдо оңдоого (кайра жасоого, кайра жабдууга, алмаштырууга) тийиш болгон, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана тиешелүү мамлекеттик аскерлештирилген уюмдар, укук коргоо органдары жана атайын кызматтар үчүн полигондук сыноолордун, ошондой эле күжүрмөн колдонууга коркунучтуу, жарылуу, өрттөнүү таасиринин алдында турган, ошондой эле автомобилдик, авиациялык жана темир жол кырсыктарынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин камсыздоочу органынын чечими менен тыюу салынган кадимки ок-дарылар, ТКБР, ЗБР, алардын комплекттөөчү элементтери жана ЗБжА кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Техникалык ресурсу иштетилгенден кийин (эксплуатациялоо мөөнөтү) ТКБР жана ЗБР техникалык абалы канааттандыраарлык болсо шарттуу түрдө техникалык шарттардын параметрлерине ылайык келүүсүн жылдык контролдук-техникалык текшерүү жүргүзгөндөн кийин жана керек учурда регламенттик иштерди аткаргандан кийин техникалык абалынын актысынын негизинде алардын эксплуатациялоо мөөнөтүн узартууга жол берилет.
5. Оң жана бузук абалдагы техникалык жарамдуулугунун мөөнөтү аяктаган жана аяктабаган ТКБР жана ЗБР кезектеги жылдык контролдук-техникалык текшерүүгө чейин сакталууга тийиш. Регламенттик иштердин жыйынтыгы боюнча мындан ары аларды колдонуу боюнча чечим Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин камсыздоочу органы тарабынан кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кадимки ок-дарыларды, ТКБРны жана ЗБРны категориялоо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда аларды келген учурда жана сактоо процессинде техникалык кароодо, камсыздоочу башкармалыкта (кызматта жана бөлүмдө) жазылган наряддар боюнча берүүнүн алдында;
- кабыл алууда;
- борттук аппаратуранын параметрлеринин жыйынтыгы боюнча регламенттик текшерүүдө;
- лабораториялык жана полигондук сыноолордун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдери боюнча;
- аракеттеги сакталуу мөөнөтү өткөндө.
7. Кадимки ок-дарыларды, ТКБР жана ЗБР төмөнкү категорияга которууга техникалык абалынын актысы (сапаттык абалын өзгөртүү актысы) бекитилет:
а) кадимки ок-дарыларды которууда:
- экинчи категорияга которууда кошуундардын жана бөлүктөрдүн командирлери кийин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин камсыздоочу органына, башкармалыктардын (кызматтардын жана бөлүмдөрдүн) башчылары тиешелүү мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын камсыздоочу органдарына билдирүү менен;
- үчүнчү категорияга Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин камсыздоочу органы - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн жана тиешелүү мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын камсыздоочу органдары;
б) ПТУРду которууда:
- экинчи категорияга - кошуундардын ракеталык-артиллериялык куралдануу кызматтарынын башчылары кийин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин камсыздоочу органына билдирүү менен;
- үчүнчү категорияга Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин камсыздоочу органы;
в) ЗУРду которууда:
- экинчи категорияга - кошуундардын ракеталык-артиллериялык куралдануу кызматтарынын башчылары кийин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин камсыздоочу органына билдирүү менен;
- үчүнчү категорияга Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин камсыздоочу органы менен.
Кадимки ок-дарыларды, ТКБР жана ЗБР үчүнчү категорияга которуу актысын зарыл учурда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин камсыздоочу органдарынын жана кошуундардын жана аскер бөлүктөрүнүн командирлери аларды ордунда кароодон кийин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин камсыздоочу органынын жана ракеталык-артиллериялык куралдануу кызматынын өкүлдөрү бекитишет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Жараксыз ок-дарыларды сатуу тартибин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин камсыздоочу органы кошуундардан жана бөлүктөрдөн үчүнчү категорияга которууга жыйынтыкталган актыларды алганда аныктайт. Бул актыларда ок-дарылар күжүрмөн колдонууга жараксыз болуп эсептелген дефектилер көрсөтүлүшү керек. Дефектилердин мүнөздөмөсү ушул Жобонун көрсөтмөлөрүнө ылайык келиши керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Жараксыз ок-дарылар Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин ок-дарыларды утилизациялоо пунктунда жок кылынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Кызматтык колдонууда жана транспортировкалоодо коркунучтуу кадимки ок-дарыларды жок кылууга актыларды кошуундардын жана бөлүктөрдүн командирлери бекитишет. Бул ок-дарылар белгиленген тартипте Коргоо министрлигинин камсыздоочу органына билдирүү менен белгиленген тартипте жок кылынат.
Кызматтык колдонууга коркунучтуу ТКБР, ЗБР жана алардын комплекттөөчү элементтери Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин камсыздоочу органынын чечими боюнча жок кылынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Сактоо мөөнөтү өтпөгөн гарантиялык мөөнөтү жана техникалык жарамдуулук мөөнөтү менен кадимки ок-дарыларды экинчи категориядан биринчи категорияга которуу оңдоодон кийин же кээ бир элементтерин алмаштыргандан кийин ар бир оңдолгон партияга түзүлгөн (аракеттеги техникалык документациянын талаптарына ылайык) ведомосттун жана актынын негизинде жүргүзүлөт.
12. Базалар өндүрүштөн жана алардын чогултуу жана оңдоо цехтеринен келип түшкөн ТКБР, ЗБР жана алардын элементтерин чиймелердин жана техникалык шарттардын (ТШ) талаптарына ылайык кабыл алышат. Ок-дарыларды аскердик кампаларга кабыл алуу ушул Жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
Базалардан (кампалардан) жабдуу планы боюнча жөнөтүлүүчү ок-дарылар чогултууга ТШ жана чиймелердин талаптарына ылайык келиши керек.
13. Ок-дарылардагы, ТКБР, ЗБР жана тарасындагы коргоочу каптоолордун бузулушу же так эмес маркалоо (аны калыбына келтирүү үчүн керектүү маалыматтар болгондо), ок-дарыларда, коррозиянын азыктарынын пайда болушу, ошондой эле ТКБР жана ЗБРЗБжА менен толукталбагандыгы категорияны төмөндөтүүгө негиз болуп саналбайт. Маркалоо жана лактап сырдоо каптоосу калыбына келтирилиши керек, ал эми коррозия азыктары бул ок-дарыларды, ТКБР жана ЗБР оңдоо боюнча кезектеги иштерде жоготулушу керек.
14. Ок-дарылар, ТКБР жана ЗБР үчүн таралар, кутулар атайын нускамаларга ылайык категорияланат.
15. Таранын герметикалуулугунун бузулуусу аларда сакталган буюмдардын категориясын төмөндөтүүгө негиз болуп саналбайт. Герметикалуу эмес порох канистралары, пеналдар, кутулар жана полиэтилен каптар оң абалдагылар менен алмаштырылышы керек же герметикалуулугун калыбына келтирүү менен оңдолушу керек. Тешилген (ашыкча басымды жоюу максатында) металл кутучаларда сакталган пиротехникалык каражаттардын жана ок атуучу куралдын окторунун категориясы төмөндөтүлбөйт.
16. Чет өлкөлүк ок-дарылар жана алардын элементтери ушул Жобого ылайык категорияланат.
17. Ок-дарылардын аз партиялары аларды чогултууга же бөлүштүрүүгө жеткенге чейин бул партиялардын курамына кирген ок-дарылардын техникалык абалына ылайык категорияланат.
Кошуундарда жана бөлүктөрдө чогултулган партияларга кошуу же бөлүштүрүү ок-дарыларды оңдоо боюнча колдонмого ылайык жүргүзүлөт.
|
| Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда ыкчам башкарууда турган ок атуучу куралдын кадимки ок-дарыларын категориялоо боюнча жобонун тиркемеси |
Ок атуучу куралдын ок дарылары (14,5 мм чейинки калибрди кошкондо)
1. Ок атуучу куралга окторду категориялоо | ||
1.1. Биринчи категория | 1.2. Экинчи категория | 1.3. Үчүнчү категория |
1.1.1. 1946-жылы жана андан кийин жасалган, заводдук герметикалык тарада сакталган, толук өндүрүштүк маалыматтары менен (анын ичинде ашыкча басымды жоюу үчүн тешиктери бар цинктерде жана кутучаларда). 1.1.2. 1946-жылы жана андан кийин чыгарылган октордун чогултулган кампалык партиялары | 1.2.1. 1946-жылы жана андан кийин чыгарылган, герметикалык эмес тарада, лентада жана магазиндерде бештен ашык жыл сакталган, эндей түрүндө, октордун кыймылынын түрү жана жарамдуулук деңгээли боюнча, ошондой эле коррозия азыктарын тазалоону жана окторду борбордук жана аймактык базаларда жана кампаларда айырмалоочу сырын калыбына келтирүүнү талап кылган. 1.2.2. Өндүрүштүк маалыматтары жок, сорттоону жана чогултулган партияларга кошууну талап кылган | 1.3.1. 1945-жылды кошуу менен ага чейинки бардык жылдарда чыгарылган, заводдук герметикалык тарада, герметикалык эмес тарада, эндей түрүндө же ленталарда толук өндүрүштүк маалыматтары менен же алары жок сакталган. 1.3.2. Тайып кетүүсү бар (капсюласында издери бар). 1.3.3. 64211 аскер бөлүгүнүн корутундусу боюнча химиялык туруктуу эмес же баллистикалык туруктуу эмес порохтору менен. 1.3.4. Гильзанын фланцында, кесиндисинде, корпусунда же фланцында жаранкасы бар же октор же гильзалар урунуусу менен. 1.3.5. Гильзанын же октун үстүндө тазалоо менен жоюуга болбой турган коррозиясы менен. 1.3.6. Термелген же түшүп кетүүчү октору менен. 1.3.7. Капсюласында көп кычкылы менен. 1.3.8. Узак убакытка сууда же майлагычта чыланган белгилери менен |
2. Зениттик башкарылуучу ракеталарды категориялоо колдонууга даяр | ||
2.1. Биринчи категория | 2.2. Экинчи категория | 2.3. Үчүнчү категория |
2.1.1. Өзүнүн курамында биринчи категориянын бардык элементтери бар, мөөнөтү өтпөгөн гарантиялык мөөнөтү жана узартылган техникалык жарамдуулук мөөнөтү менен, маркалоосу жана формулярлары менен | 2.2.1. Мөөнөтү өткөн гарантиялык мөөнөтү же техникалык жарамдуулук мөөнөтү менен. 2.2.2. Өзүнүн курамында жок дегенде биринчи же экинчи категориядагы элементи бар. 2.2.3. Оңдоону талап кылган (бузук комплекттөөчү элементтерин, өзүнчө түйүндөрүн жана тетиктерин алмаштырууга жана тетиктерди чачууга байланыштуу башка бузулууларын жоюу). 2.2.4. Борттук аппаратуранын параметрлери боюнча бракка чыгарууга байланыштуу куралсыздандырууну талап кылган. 2.2.5. Формулярлары жок | 2.3.1. Колдонууда коркунучтуу жардыргычтары жана күжүрмөн бөлүктөрү менен |
3. Танкка каршы башкарылуучу ракеталарды категориялоо | ||
3.1. Биринчи категория | 3.2. Экинчи категория | 3.3. Үчүнчү категория |
3.1.1. Өзүнүн курамында биринчи категориядагы бардык элементтери бар, гарантиялык сактоо мөөнөтү өтпөгөн же уз артылган техникалык жарамдуулук мөөнөтү менен, маркалоосу жана формулярлары менен | 3.2.1. Мөөнөтү өтпөгөн гарантиялык мөөнөтү менен же техникалык жарамдуулук мөөнөтү менен. 3.2.2. Курамында жок дегенде экинчи же үчүнчү категориядагы элементи бар. 3.2.3. Оңдоону (бузук комплекттөөчү элементтерин, өзүнчө түйүндөрүн жана деталдарын алмаштырууну, тетиктерди чачууга байланыштуу башка бузулууларды жоюуну) талап кылган. 3.2.4. Борттук аппаратуранын параметрлери боюнча бракка чыгарууга байланыштуу куралсыздандырууну талап кылган. 3.2.5. Формулярлары менен | 3.3.1. Колдонууда коркунучтуу жардыргычтары жана күжүрмөн бөлүктөрү менен |