Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-сентябры № 512
Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда ыкчам башкарууда турган ок атуучу куралды жана кадимки ок-дарыларды категориялоо боюнча айрым маселелер жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда ыкчам башкарууда турган ок атуучу куралды жана анын кадимки ок-дарыларды категориялоонун тартибин белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда ыкчам башкарууда турган ок атуучу куралды категориялоо боюнча жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда ыкчам башкарууда турган ок атуучу куралдын кадимки ок-дарыларын категориялоо боюнча жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын жетекчилери өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
1-тиркеме
Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда ыкчам башкарууда турган ок атуучу куралды категориялоо боюнча ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо ок атуучу куралды категориялоо тартибин белгилеген жетектөөчү документ болуп эсептелет.
2. Ушул Жобонун максаты үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат.
- мамлекеттик аскерлештирилген уюмдар, укук коргоо органдары жана атайын кызматтар - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, башка аскердик түзүлүштөр, укук коргоо органдары, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу департаменти, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атайын байланыш кызматтары жана атайын кызматтары;
- ок атуучу курал - жеке пайдаланууга арналган жана өзүнө револьверди жана өзү заряддалган тапанчаларды, винтовкаларды жана карабиндерди, автоматтарды, автоматтык винтовкаларды, жеңил пулеметторду, ошондой эле эсепти түзгөн бир нече адамдын топтук пайдалануусу үчүн арналган куралды жана оор пулеметторду, стволдун алдындагы кол жана станоктук граната ыргыткычтарды, көчмө зениттик пулеметторду, танкка каршы мылтыктарды, кетенчиктебес куралды, көчмө танкка каршы ракеталык комплекстерди, көчмө зениттик ракеталык комплекстерди жана калибри 100 миллиметрден кем эмес минометторду камтыйт;
- категория - ок атуучу куралдын үлгүсүнүн анын техникалык абалына, техникалык ресурсуна (ресурсуна жана иштетилгендигине) жана тигил же бул түрдөгү оңдоону жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу коюлган шарттуу эсептик мүнөздөмөсү;
- категориялоо - ок атуучу куралдын категориясын белгилөө жана документ жүзүндө тариздөө жана (же) бир категориядан экинчи категорияга которуу;
- чектик абал - ок атуучу куралды түздөн-түз арналышы боюнча андан ары пайдаланууга болбогон же максатка ылайыксыз, же аны оң абалга же иштөө мүмкүнчүлүгүнө чейинки абалга жеткирүү техникалык жактан мүмкүн эмес же экономикалык жактан максатка ылайыксыз абал.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ок атуучу курал техникалык абалына, техникалык ресурска (иштөө мөөнөтүнө), пайдалануунун кепилдик мөөнөтүнө жана (же) кепилдик иштөөсүнө жараша беш категорияга бөлүнөт.
4. Категориялоо төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- ок атуучу куралды даярдоочу-ишканадан кабыл алууда;
- ок атуучу куралды Куралдуу Күчтөрдүн аскер бөлүктөрүндө жана башка мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда (мындан ары - мекемелер) кабыл алууда (өткөрүп берүүдө);
- ок атуучу куралды эксплуатациялоонун, анын кепилдик ресурсунун акыркы ченемдик мөөнөтү аяктоодо же техникалык ресурсу (эксплуатациялоо мөөнөтү) иштетилгенде;
- ок атуучу курал иштен чыкканда, ошондой эле кыйроодон, табигый кырсыктан, күжүрмөн сынуулардан кийин;
- ок атуучу куралды контролдук кароо өткөрүүдө;
- ок атуучу куралды орто жана капиталдык оңдоо аяктагандан кийин;
- ок атуучу куралды сатуу же өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алууда.
5. Ок атуучу куралдын белгиленген категориясынын анын техникалык абалына шайкештиги камсыздоочу органдардын жетекчилери жана башка кызмат адамдары, инспекциялаган адамдар, аскер бөлүктөрүнүн командирлери (мекемелердин башчылары), куралдануу боюнча алардын орун басарлары тарабынан ок атуучу куралды кароодо жана текшерүүдө белгиленет.
6. Куралдуу Күчтөр үчүн ок атуучу куралдын категориясын аныктоо үчүн - бөлүктүн командиринин буйругу менен, ал эми калган мамлекеттик аскерлештирилген уюмдар, укук коргоо органдары жана атайын кызматтар үчүн - куралдануу боюнча башкармалыктын (бөлүмдүн) жетекчисинин буйругу менен комиссия дайындалат. Эгерде куралдануу боюнча башкармалыктын (бөлүмдүн) жетекчисинин мындай буйрукту чыгарууга ыйгарым укугу болбосо, анда комиссия жогору турган ыйгарым укуктуу жетекчи тарабынан дайындалат.
Жогоруда көрсөтүлгөн комиссияны аскер бөлүгүндө дайындоо мүмкүн болбогон учурда ок атуучу куралды категориялоо жогору турган штабдын комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.
Ок атуучу куралдын техникалык абалын аныктоодо комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө таянышы керек:
- мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын актыларына, ушул Жобонун 1-5-тиркемелерине ылайык ок атуучу куралга коюлуучу талаптар аныкталган стандарттарга, техникалык шарттарга, эксплуатациялоо боюнча баяндамаларга жана нускамаларга, формулярларга, паспортторго жана башка документтерге:
- ушул Жободо аныкталган категориялуулуктун (жарамдуулук даражасы) техникалык көрсөткүчтөрүнө жана белгилерине;
- мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын актыларында белгиленген ок атуучу куралдын эксплуатациялоо мөөнөтүнө же ресурстарынын чыгымдалыша;
- ок атуучу куралдын сапаттык (техникалык) абалын сыноо жүргүзүүнүн жүрүшүндө гана аныктоого мүмкүн болгон учурда, сыноо жана текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө документтерге;
- ушул Жобонун 1-5-тиркемелерине ылайык ок атуучу куралды үчүнчү же төртүнчү категорияга которууда техникалык абалын аныктаган бузулуулардын жана сынуулардын тизмесине. Мында, ок атуучу куралды иш жүзүндө эксплуатациялоонун жана сактоонун мөөнөттөрү, иштетилген сааттары (циклдерин) жана жүргүзүлгөн оңдоолор эсепке алынат.
7. Ок атуучу куралды төмөнкү категорияга которуу үчүн:
- аскер бөлүктөрүнүн оңдоо бөлүкчөлөрүндө жана оңдоочу аскер бөлүктөрүндө учурдагы оңдоонун жүрүшүндө жоюлуучу ок атуучу куралдын бузулуулары;
- запастык бөлүктөрдүн, аспаптардын жана жабдыктардын бузуктугу же жоктугу;
- биринчи жана экинчи категориядагы ок атуучу куралды модернизациялоо жана конструктивдүү толуктоо;
- биринчи категориядагы ок атуучу куралды эксплуатациялоонун (учурдагы оңдоонун) жүрүшүндө айрым комплекттөөчү буюмдарды биринчи же экинчи категориядагы комплекттөөчү тетиктерге алмаштыруу;
- ок атуучу куралды эксплуатациялоодо жана сактоодо тышкы коррозияга каршы (оксиддик, фосфаттык жана башка) каптоолорунун бузулушу:
- жаңы ок атуучу куралды сактоодо белгиленген жылдык ченемдеринин чегинде заводдук, кампалык, аскердик сыноолор, айдоо (иштетүү), жаңы ок атуучу куралды сактоо жайына ташып өтүү, аскер бөлүктөрүнүн (кампалардын) күчтөрү жана каражаттары менен жоюлушу мүмкүн болгон майда кемтиктердин болушу негиз болуп саналбайт,
8. Ок атуучу куралды төмөнкү категорияга которуу аскер бөлүгүнүн комиссиясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда техникалык абалынын актысынын негизинде таризделет.
9. Ок атуучу куралдын туура категорияланышын жогору турган командирлер (башчылар) контролдойт.
10. Ок атуучу куралды туура категориялоо үчүн аскер бөлүгүнүн командири (мекеменин башчысы), куралдануу боюнча анын орун басары, аскер бөлүгүнүн (мекеменин) ок атуучу куралды категориялоо боюнча комиссиясынын төрагасы жоопкерчилик тартат.
11. Ок атуучу куралды категорияга которуу үчүн төмөнкүдөй актылар түзүлөт:
- биринчи категориядан экинчи категорияга которууга - кошуундун, аскер бөлүгүнүн жана мекеменин башчысы тарабынан;
- үчүнчү жана төртүнчү категорияга которууга - куралдануу башкармалыгынын башчысы тарабынан;
- бешинчи категорияга которууга - министрликтин же ведомствонун жетекчиси тарабынан.
12. Ок атуучу куралды бешинчи категорияга которуу (мындан ары - чектик категорияга) төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- иштөөнүн (жарамдуулугунун, эксплуатациялоонун) белгиленген мөөнөтү аяктаганда же белгиленген техникалык ресурсу иштетилгенде, эгерде ал өзүнүн техникалык абалы боюнча оңдоого (калыбына келтирүүгө) болбосо жана арналышы боюнча пайдаланылбаса;
- капиталдык оңдоо техникалык жактан мүмкүн болбосо (жүргүзүлбөсө, өздөштүрүлбөсө) же экономикалык жактан максатка ылайык болбосо (капиталдык оңдоонун баасы жаңы буюмдун 70 пайызынан ашса) же ишке ашырууда ресурсту убактылуу гана калыбына келтирүүгө алып келсе;
- командачылыктын планы боюнча сыноолор же тажрыйбалык иштер аяктаганда;
- белгиленген сактоо шарттарын, жаңылоо жана техникалык тейлөө тартибин сактоо менен запаста (резервде) белгиленген сактоо мөөнөтү аяктаганда, эгерде алар техникалык абалы боюнча оңдоого (калыбына келтирүүгө) мүмкүн болбосо же түздөн-түз арналышы боюнча пайдаланылбаса:
- ок атуучу курал куралдануудан чыгарылган учурда (жабдуу, эксплуатациялоо) жана аны Куралдуу Күчтөрдө, мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда колдонуу максатка ылайык эмес, аларды утилизациялоо (бөлүү, жок кылуу) төмөнкү категорияга которуусуз жүргүзүлсө.
13. Ок атуучу куралдын белгиленген иштөө мөөнөтүнүн (жарамдуулугунун, эксплуатациялоонун) же техникалык ресурсунун иштетилгендиги аны төмөнкү категорияга которууга актыларды түзүү үчүн негиз болуп саналбайт, эгерде ал өзүнүн техникалык абалы боюнча дайындалуусу боюнча мындан ары пайдалануу үчүн жарактуу, ал эми аны пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү тиешелүү актыларда көрсөтүлбөсө.
14. Ок атуучу куралды төмөнкү (акыркы) категорияга которууда ок атуучу куралдын техникалык абалын аныктоо үчүн дайындалган комиссиянын мүчөлөрү милдеттүү:
- көрсөтүлгөн ок атуучу куралды баардык тараптан дыкат карап чыгууга, ченөөлөрдү жана текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, иштен чыгуу деңгээлин жана себептерин, болгон жетишсиздиктерин аныктоого;
- ок атуучу куралдын формулярынын (паспортунун) толтурулушунун тууралыгын текшерүү, аны комиссиянын төрагасына кол коюуга көрсөтүүгө жана аскердик бөлүктүн (аскердик кампанын) же мекеменин Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар мөөрү менен бекитүүгө.
Куралга формулярлар каралбаган учурда, категория анын техникалык абалы боюнча аныкталат;
- ок атуучу куралды эксплуатациялоо шарттарынын Куралдуу Күчтөрдүн жана башка мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын актыларында жазылган талаптарга ылайык келүүсүн текшерүүгө;
- ок атуучу куралдын иш жүзүндө эксплуатациялоодо болгондугун белгилөөгө, аны оңдоонун жана мындан ары дайындалуусу боюнча колдонуунун максатка ылайыктыгын аныктоого;
- ок атуучу куралдын толукталгандыгын текшерүүгө;
- ок атуучу куралдын курамында камтылган кымбат баалуу металлдардын жана таштардын тизмегин тиркөө менен белгиленген формадагы актты түзүү, ал аларды чыгаргандан кийин кириштөө үчүн негиз болуп саналат. Кымбат баалуу металлдардын жана таштардын жоктугу, алардын ок атуучу куралда жетишсиздиги актыда көрсөтүлөт.
- ок атуучу куралдын техникалык абалы боюнча корутунду жасоого жана аны көбүрөөк максатка ылайык колдонуунун тартиби жөнүндө сунуштарды киргизүүгө (толугу менен жана ар бир тутум боюнча)
15. Ок атуучу куралды акыркы категорияга которууга техникалык абалынын актысын бекитүүгө укугу бар кызмат адамдарына 5-категориядагы ок атуучу куралды керектүү оңдоолорду жана толуктоолорду жүргүзүү менен окуу куралына которууга уруксат берилет. Бул учурда актылар күжүрмөн ок атуучу куралдарды эсептен чыгарууга жана аны окуу ок атуучу куралы катары кириштөөгө негиз болуп саналат.
16. Ок атуучу курал орто жана капиталдык оңдоолорду жүргүзгөндөн кийин экинчи категорияга которулат. Техникалык абалынын актысын оңдоо жүргүзгөндөн кийин жана анын техникалык шарттарга ылайык келүүсүн текшергенден кийин оңдоочу аскер бөлүгүнүн (мекеменин) командири (башчысы) бекитет. Бекитилген актынын негизинде ок атуучу куралдардын үлгүсүнүн формулярларында (паспортторунда) категорияны коюу боюнча жазуу жүргүзүлөт.
17. Ок атуучу куралды эксплуатациялоонун жана сактоонун гарантиялык мөөнөтүнүн мезгилинде ок атуучу куралды сапатсыз жасоонун натыйжасында пайда болгон бузулуулар табылганда аскер бөлүктөрүндө же мекемелерде жазуу түрүндө тиешелүү талаптар түзүлөт жана жасоочу-мекемелерге жөнөтүлөт, бул учурда ок атуучу куралдын категориясы өзгөрүлбөйт.
Акт-рекламацияларды түзүү жана өндүрүштүк мекемелерге же оңдоо мекемелерине көрсөтүү тартиби Кыргыз Республикасынын коргоо министри бекиткен Ракеталык-артиллериялык ок атуучу куралдарды эксплуатациялоо боюнча колдонмодо аныкталган.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Техникалык ресурсу иштетилгенден кийин (эксплуатациялоо мөөнөтү) ок атуучу курал канааттандыраарлык техникалык абалда төмөнкү категорияга которулбайт, ал эми анын эксплуатациялоо мөөнөтү ок атуучу куралды, техниканы, мүлктү жана башка материалдык каражаттарды эсепке алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн - Кыргыз Республикасынын коргоо министри бекиткен Колдонмодо, башка мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын жетекчилеринин тиешелүү чечимдери менен аныкталган техникалык абалынын актысынын негизинде узартылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Оңдоону талап кылган, бирок белгиленген техникалык ресурсун (эксплуатациялоо мөөнөтүн) иштетпеген ок атуучу курал төмөнкү категорияга техникалык абалынын актысынын негизинде которулат.
20. Эгерде ок атуучу курал төмөнкү категорияга эксплуатациялоо шарттарын бузуулардын натыйжасында которулса, анда техникалык абалынын актысына кызматтык иликтөө материалдары тиркелет.
21. Техникалык ресурсу (эксплуатациялоо мөөнөтү) аныкталбаган ок атуучу куралдын категориясы ушул Жобонун 1-5 тиркемелеринде көрсөтүлгөн алардын критерийлерине ылайык, иш жүзүндөгү техникалык абалы боюнча аныкталат.
22. Комплекстердин курамына кирген ок атуучу куралдар ушул Жобонун бөлүмдөрүнө ылайык категорияланат.
23. Чет өлкөлүк ок атуучу курал бир типтүү ата-мекендик куралдарга көрсөтүлүүчү талаптарга ылайык категорияланат.
2. Ок атуучу куралды категориялоо
24. Ок атуучу курал (атылбас куралдан башкасы) анын техникалык абалына байланыштуу төмөнкү категорияларга бөлүнөт:
- биринчи категория - жаңы, эксплуатациядагы жана мурда эксплуатацияда болгон, гарантиялык техникалык ресурсу (эксплуатациялоо мөөнөтү) иштетиле элек, найдын каналында жана ок салгычында коррозиянын издери же раковинасы жана хромдун күбүлүп түшүүсү жок, ооз жагындагы сайдын талаасынын узундугу бир калибрден ашык эмес желген болсо, уруштун талаптарsy канааттандырат.
12,7 мм жана 14,5 мм пулеметтордун найынын каналдарынын кээ бир бөлүктөрүндө жана кесиндинин башталышында хромдун бир аз күбүлүүсү жана майда сыныктары болушу мүмкүн.
- экинчи категория - эксплуатациядагы жана мурда эксплуатацияда болгон, кепилдик техникалык ресурсу (эксплуатациялоо мөөнөтү) иштетиле элек, түздөн-түз дайындалуусу боюнча колдонууга жарактуу, орто жана капиталдык оңдоого чейин техникалык ресурсу (эксплуатациялоо мөөнөтү) иштетилбеген, найынын каналында жана ок салгычында бүдүр түрүндө жаракасы бар, чөйчөгүндө дат басуунун издери, хромдун күбүлүүсү жана майда сыныктары бар, ооз жагындагы сайдын талаасынын узундугу бир калибрден ашык эмес желген, найдын каналынын тышкы катмарынан даана көрүнбөгөн көбүүсү болушу мүмкүн, тапанчалардан башкасы, же найдын ооз жагы көзөлгөн, уруштун талаптарын канааттандырат;
- үчүнчү категория - стационардык оңдоо ишканаларынын шарттарында орточо оңдоону талап кылат;
- төртүнчү категория - капиталдык оңдоого чейин техникалык ресурсу (эксплуатациялоо мөөнөтү) иштетилген жана стационардык оңдоо ишканаларынын шарттарында тетиктерин жасоо жана алмаштыруу менен капиталдык оңдоону талап кылган;
- бешинчи категория түздөн-түз дайындалуусу боюнча колдонууга жараксыз, аны калыбына келтирүү техникалык жана экономикалык жактан мүмкүн эмес жана максатка ылайык эмес.
Базалардагы (кампалардагы) ишканада же күжүрмөн (окуу) куралдарынан кайра жасоо жолу менен жасалган куралдардын макеттери жана музей экспонаттары категорияланбайт.
25. Куралдын негизги техникалык абалы боюнча бешинчи категорияга которууга мүмкүн болгон бөлүктөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
- найдын кутучасы менен най - винтовкалар жана карабиндер үчүн (алмаштырылбас найы менен);
- найдын кутучасы - автоматтар жана пулеметтор үчүн;
- най жана затвордун кутучасы - тапанчалар-пулеметтор үчүн;
- алкак жана (же) затвор - тапанчалар жана револьверлер үчүн.
26. Ок атуучу куралды категориялоо жүргүзүлгөн техникалык абалын аныктоочу бузулуулар жана сынуулар ушул Жобонун 1-тиркемесинде, ок атуучу куралдын ресурсу (узактыгы) - 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн.
|
| Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда ыкчам башкарууда турган ок атуучу куралды категориялоо боюнча жобонун 1-тиркемеси |
Ок атуучу куралды үчүнчү жана төртүнчү категорияга которууда техникалык абалын аныктаган бузулуулардын жана сынуулардын ТИЗМЕГИ
Ок атуучу куралды которуу үчүн негиз болуп эсептелген бузулуулар жана сынуулар | |
үчүнчү категорияга | төртүнчү категорияга |
- винт түрүндөгү жана ийри өткөргүчтөрдүн, ошондой эле резьбалык туташтыргычтардын эскирүүсү же бузулуусу, алар категориялык же чакталган өлчөмдөр менен тетиктерди даярдоо жана механикалык ыкма менен андан ары иштетүү аркылуу эритме куюлуп калыбына келтирилет; - запастык бөлүктөрдү оңдоо өлчөмдөрү менен Тетиктерди орточо оңдоо аркылуу колдонмонун сүрөттөрү боюнча мындай бөлүктөрдү жасоого берүү зарылчылыгы пайда болгон куралдын бөлүктөрүнүн эскирүүсү же тетиктердин 60%га чейинки бөлүгүн гальваникалык иштетүүнү талап кылган куралдын тетиктеринин эскирүүсү; - станоктун, вертлюганын, негизинин, люльканын, постелдин эскириши, аларды четтетүү үчүн температуралык иштетүү, атайын калыптарга салып түздөө жана түзөтүлгөн бөлүктөрдү текшерүү керек; Электр иштеткичинин обмоткасынын витокторунун үзүлүүсү же бири-бирине тийиши | - куралдын тетиктеринин эскириши, аларды калыбына келтирүү үчүн хром менен каптоо керек; - куралдын автоматикасынын тетиктеринин эскириши, аны четтетүү үчүн эритме куюу жана механикалык иштетүү керек; - алмаштырылбас найдагы газ каморасынын пресстелүүчү жеринин, мушкасын калыбынын, мейлөө калыбынын ж.б. бузулуусу; - найдын кутусуна бекитилген оптикалык же түнкүсүн мейлөө үчүн планканын (кронштейндин) ордунан жылып туруусу; - жараксыз тетиктерди (чогултуучу бирдиктерин) алмаштырууну талап кылган куралдын бөлүктөрүнүн бузулуусу (ийилүү, эскирүү, жарака кетүү, көбүү, айрылуу, күйүү, бүктөлүү), аларды жасоо үчүн татаал механикалык жана температуралык иштетүү зарыл |
|
| Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда ыкчам башкарууда турган ок атуучу куралды категориялоо боюнча жобонун 2-тиркемеси |
Ок атуучу куралды категориялоо
Категория | Атайын бөлүгү | Найлар | 100 мм чейинки калибрдеги минометтор | Гранатометтор | Ок атуучу куралдар | |
ППРК, ПЗРК | Артиллериялык системадагы | Кошулган | ||||
Жаңы, колдонуудагы жана мурун колдонулган, оң абалдагы, кепилдик техникалык ресурсу (эксплуатациялоо мөөнөтү) иштетиле элек | ||||||
Биринчи |
| Найдын ресурсту чыгымдоосу (узактыгы) 25%; Заряддык камераны узартуу же найдын каналынын эскириши 2-категорияга которуу үчүн чоңдуктан ашпайт |
| Найдын горизонталдык кыйшаюусу 0-10 ашпайт, эскирүүсү белгиленген мааниден же белгиленген чоңдуктан азыраак | Найдын каналы жылмаланган эмес, эскирүүсү белгиленген мааниден же белгиленген чоңдуктан азыраак | Найдын каналы коррозиялык чөйчөксүз, найдын эскириши бир калибрден аз |
Оң абалдагы, кепилдик техникалык ресурсу (эксплуатациялоо мөөнөтү) иштетилген, орто (капиталдык) оңдоого чейинки техникалык ресурсу (эксплуатациялоо мөөнөтү) иштетиле элек, ошондой эле орто (капиталдык) оңдоодон өткөн | ||||||
Экинчи |
| Найдын ресурсту чыгымдоосу (узактыгы) 25тен 80%га чейин |
| Найдын горизонталдык кыйшаюусу 0-10дон 0-18ге чейин, артка кетүүсү 15 мм ашпайт, чыгып кетүүсү 20 мм | Найдын каналы жылмаланган, артка кетүүсү 15 мм ашпайт, чыгып кетүүчү 20 мм | Узундугунун эскириши бир калибрден ашык, найдын каналынын көбүүсү дөңсөөсүз |
Орто оңдоого чейин техникалык ресурсу (эксплуатациялоо мөөнөтү) иштетилген жана техникалык абалы боюнча орто оңдоону талап кылган | ||||||
Үчүнчү |
| Найдын ресурсту чыгымдоосу (узактыгы) 80ден 100%га чейин |
| Найдын горизонталдык кыйшаюусу 0-18ден ашык | Артка кетүүсү 15 мм, чыгып кетүүсү 20 мм ашык |
|
Капиталдык оңдоого чейин техникалык ресурсу (эксплуатациялоо мөөнөтү) иштетилген жана техникалык абалы боюнча капиталдык оңдоону талап кылган | ||||||
Төртүнчү |
| Белгиленбейт |
| Найдын каналы стационардык оңдоо ишканасынын шартында тетиктерин оңдоону жана жылмалоону талап кылат, артка кетүүсү 15 мм, чыгып кетүүсү 20 мм ашык |
|
|
Түздөн-түз багыты боюнча колдонууга жараксыз, аларды калыбына келтирүү техникалык жактан мүмкүн эмес же экономикалык жактан максатка ылайыксыз (капиталдык оңдоонун наркы жаңысынын 70%нан ашат), ошондой эле мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ченемдик актыларында белгиленген чектик абалына, чектик же чектик-ченемдик эксплуатациялоо мөөнөтүнө жеткен | ||||||
Бешинчи
|
|
|
|
|
|
|
|
| Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда ыкчам башкарууда турган ок атуучу куралды категориялоо боюнча жобонун 3-тиркемеси |
Заряддык камораны узартуу боюнча артиллериялык куралдардын найларын категориялоо ченемдери
№ | Артиллериялык куралдын аталышы | Индекс | Өлчөөчү шакекченин жана аспаптын багыттоочу дискинин ПЗК жана жаңы найдын каморасынын узундугунун өлчөмү, мм | Бир категориядан башкасына которуу үчүн заряддык камораны узартуу, мм | ||||
ченөөчү шакекченин диаметри | багыттоочу дисктин диаметри | каморанын узундугу | биринчиден экинчиге | экинчиден үчүнчүгө | үчүнчүдөн бешинчиге | |||
1 | 1939-ж. үлгүдөгү АЗП-37, 37-мм автоматтык зениттик замбирек | 52-П-167М | 37,85 | 45,9 | 262 | 5 | 12 | 15 |
2 | 1943-ж. үлгүдөгү ЗИС-2, 57-мм танкка каршы замбирек | 52-П-271А | 59,13 | 83,6 | 504 | 8 | 40 | 60 |
3 | С-60, 57-мм автоматтык зениттик замбирек | 52-П-281 | 59,13 | 91,0 | 371 | 25 | 210 | 290 |
4 | 1942-ж. үлгүдөгү ЗИС-З, 76-мм замбирек | 52-П-354У | 77,83 | 83,6 | 398 | 3 | 12 | 15 |
5 | 1944-ж. үлгүдөгү 100-мм талаа замбиреги (БС-3) | 52-П-412 | 103,19 | 139,8 | 721 | 20 | 300 | 400 |
6 | КС-19, 100-мм зениттик замбирек | 52-П-415 | 103,19 | 139,8 | 721 | 20 | 300 | 390 |
Эскертүү. 6-графада келтирилген маалыматтар менен куралдын формулярында жаңы най үчүн ПЗК аспабы менен өлчөнгөн заряддык каморанын узундугу жөнүндө маалыматтар келтирилбеген учурда гана колдонуу керек.
|
| Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда ыкчам башкарууда турган ок атуучу куралды категориялоо боюнча жобонун 4-тиркемеси |
Артиллериялык найлардын жана зениттик артиллериялык системалардын, минометтордун, ок атуучу куралдардын жана чукул аралыктагы салгылашуу каражаттарынын ресурсу (чыдамдуулугу)
№ | Үлгүнүн аталышы | Индекси | Найдын атуучу болжолдуу ресурсу (чыдамдуулугу) |
| 1. АРТИЛЛЕРИЯЛЫК ЖАНА ЗЕНИТТИК АРТИЛЛЕРИЯЛЫК СИСТЕМАЛАР | ||
| Заряддык камораны узартуу боюнча категориялануучу артиллериялык найдын жана зениттик артиллериялык системанын чыдамдуулугу | ||
1 | 37-мм автоматтык зениттик замбирек | АЗП-37-1 | 2500 |
2 | 57-мм автоматтык зениттик замбирек | С-60 | 2700 |
3 | 76-мм замбирек 1942-ж. үлгүдөгү | ЗИС-3 | 1800/2000(**) |
4 | 100-мм талаа замбиреги | БС-3 | 1600/700(**) |
5 | 100-мм зениттик замбирек | КС-19 | 850 |
Найдын каналынын эскирүүсү боюнча категориялануучу артиллериялык системанын найларынын чыдамдуулугу | |||
6 | 30-мм автоматтык замбирек | 2А42 | 5000 |
7 | 73-мм найсыз курал | 2А28 | 1250 |
2. МИНОМЕТТОР | |||
8 | 82-мм автоматтык миномет | 2Б9 (2К21) | 3000 |
9 | 82-мм миномет | 2Б14-1 | 10000 |
3. ОК АТУУЧУ КУРАЛДАР | |||
10 | 9-мм Макаров тапанча | ПМ | 4000 |
11 | 9-мм Стечкиндин автоматтык тапанчасы | АГГС | 8000 |
12 | 9-мм дабышсыз, жалынсыз ок атуу үчүн өзү заряддалуучу тапанча | ПБ | 2000 |
13 | 9-мм дабышсыз, жалынсыз ок атуу үчүн автоматтык тапанча | АПБ | 6000 |
14 | 9-мм тапанча | ПММ, Ярыгина | 4000 |
15 | 9-мм винтовка | ВСС | 6000 |
16 | 9-мм автомат | УЗИ | 4000 |
17 | 9-мм автомат | СР-3 | 4000 |
18 | 9-мм автомат | АС ВАЛ | 5000 |
19 | 9-мм тапанча | СР-1 | 2000 |
20 | 9-мм тапанча | СР-2 | 2000 |
21 | 9-мм тапанча-пулемет | АЕК-919 | 3000 |
22 | 9-мм тапанча | Джерико | 2000 |
23 | 9-мм тапанча | GLOCK | 2000 |
24 | 5,45-мм өзү дүрмөттөлүүчү анча чоң эмес тапанча | ПСМ | 3000 |
25 | 7,62-мм тапанча | ТТ | 1000 |
26 | 7,62-мм Драгуновдун снайпер винтовкасы | СВД | 6000 |
27 | 7,62-мм Мосиндин снайпер винтовкасы | СВМ | 6000 |
28 | 7,62-мм Симоновдун өзү дурмөттөлүүчү карабини | СКС | 6000 |
29 | 7,62-мм Калашниковдун автоматы жана анын модификациясы | АКМ | 10000 |
30 | 7,62-мм Калашниковдун пулемету жана анын модификациясы | ПК, ПКM | 25000 |
31 | 7,62 мм пулемет | РПД-44, РП-46, Печенег | 25000 |
32 | 7,62 мм снайпер винтовкасы | Steyr | 10000 |
33 | 5,45 мм АК автоматы жана анын модификациясы | АК-74, АКС | 10000 |
34 | 5,45 мм автомат | АП-94 | 10000 |
35 | 5,45-мм, 7,62-мм Калашниковдун кол пулемету | РПК, РПК-74 | 20000 |
36 | 12,7-мм пулемет | НСВС | 10000 |
37 | 12,7-мм пулемет | НСВТ | 10000 |
38 | 12/7 мм пулемет | ДШК, ДШКМ, ДШКМТ | 15000 |
39 | 14,5-мм чоң калибрлүү Владимировдун танктык пулемету | КПВТ | 12000 |
40 | 14,5-мм зениттик орнотмо | ЗПУ-4 | 25000 |
41 | 14,5-мм орнотмо | ЗУ-2 | 25000 |
42 | 15-мм кабар берүүчү тапанча | Мартирка | 1000 |
43 | 14.5-мм салынуучу най | У5ТС, 2А46 | 4 000 |
44 | 23-мм салынуучу най | Д-30, БС-3, Д-56, М-30 | 4000 |
45 | 23-мм өзү жүрүүчү зениттик орнотмо | ЗСУ-23-4 | 45000 |
46 | 23-мм зениттик орнотмо | ЗУ-23-2 | 30000 |
47 | 26-мм кабар берүүчү тапанча | СПШ | 1000 |
48 | 26-мм кабар берүүчү тапанча | СП-81 | 1000 |
|
| Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда ыкчам башкарууда турган ок атуучу куралды категориялоо боюнча жобонун 5-тиркемеси |
Найдын каналынын эскирүүсү боюнча минометторду жана гранатометторду категориялоо нормалары
№ | Куралдардын аталышы | Индекс | Жол берилген чеги, мм | ||
Негизги өндүрүштүн чиймеси боюнча | Найдын каналынын бардык узундугу боюнча | Найдын каналынын айрым бөлүгүндө | |||
1 | 82-мм миномет | 2Б9,2Б14 | 82=0,1 | 82,4 | 82,5 |
2 | 40-мм гранатометтор РПГ-7, РПГ-7Д | 6ГЗ, 6Г5М | 40,05=0,17 | 40,3 | - |
3 | 82-мм станоктуу гранатомет СГ-82 | 52-Г-662 | 82=0,46 | - | - |
4 | 73-мм станоктуу гранатомет СПГ-9 | 6Г6 | 73 =0,06 | 73,2 | - |
5 | 73-мм станоктуу гранатомет СПГ-9Д | 6Г7 | 73=0,06 | 73,2 | - |
6 | 73-мм станоктуу гранатомет СПГ-9М | 6Г13 | 73=0,06 | 73,2 | - |
7 | 73-мм станоктуу гранатомет СПГ-9ДМ | 6Г14 | 73=0,06 | 73,2 | - |