Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-сентябры № 518
Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этностук кыргыздарга жана кайрылмандарга көмөк көрсөтүү боюнча 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кайрылман" программасын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этностук кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо жана жардам көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этностук кыргыздарга жана кайрылмандарга көмөк көрсөтүү боюнча 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кайрылман" программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этностук кыргыздарга жана кайрылмандарга көмөк көрсөтүү боюнча 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кайрылман" программасын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралардын планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Программаны жана Иш-чаралардын планын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;
- Программаны жана Иш-чаралардын планын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттин чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырышсын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей Программанын жана Иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы:
- Программаны жана Иш-чаралардын планын ишке ашыруу боюнча мониторингди жүргүзсүн;
- отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча топтолгон маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этностук кыргыздарга жана кайрылмандарга көмөк көрсөтүү боюнча 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кайрылман" программасын жүзөгө ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Практикалык иш-чаралар | Аткаруучулар | Күтүлүүчү жыйынтык | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булактары |
1. Ченемдик укуктук базаларды өркүндөтүү | ||||||
1.1 | Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу (кайрылмандарга мамлекеттик кепилдиктерди берүүнүн, кайрылман ырастамаларын узартуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн документтерди тапшыруунун мөөнөттөрүн бузуу үчүн жоопкерчилик тартибин аныктоо ж.б.) | Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү | ММК,УКМК, ИИМ, БИМ, Соцфонд (макулдашуу боюнча), ССМ, ЭСӨМ, Этностор агенттиги, КЖАКД, КРӨ ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | 2017-жылдын 1-апрели | Тийиштүү жылга бекитилген мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка бюджеттик каражаттарды тартуунун алкагында |
Өркүндөтүүнү талап кылган ченемдик укуктук актылардын тизмегин даярдоо | 2017-жылдын 1-майы | |||||
Кыргыз Республикасына көчүп келип жаткан этностук кыргыздарга жана кайрылмандарга мамлекеттик кепилдиктерди берүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | III квартал 2017-жыл | |||||
Эл аралык ченемдерди, КМШга катышуучу мамлекеттердин моделдик мыйзамдарын эске алуу менен, мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды даярдоо Кайрылмандарга жеңилдиктерди, компенсацияларды берүүнү караган ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | 2017-жылдын IV кварталы 2017-жылдын IV кварталы | |||||
2. Маалымдоо-түшүндүрүү иштери | ||||||
2.1 | Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздардын, кайрылмандардын миграциясы чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түшүндүрүү боюнча маалыматтык компанияларды өткөрүү | Республиканын региондорунда укуктук консультация берүү, маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | ММК, ИИМ, КРӨ ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздардын, кайрылмандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу | Жыл сайын | Тийиштүү жылга бекитилген мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка бюджеттик каражаттарды тартуунун алкагында |
Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү, жашаган жери боюнча каттоо жана эсепке коюу, кирүү/чыгуу визаларын алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу тууралуу маалыматтарды министрликтердин жана ведомстволордун сайттарында үзгүлтүксүз жаңыртуу Телерадиоканалдар аркылуу Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздарга, кайрылмандарга мамлекет тарабынан берилүүчү социалдык жеңилдиктер тууралуу, ошондой эле алардын социалдык-экономикалык адаптацияланышына (интеграцияланышына) көмөк көрсөтүүнү чагылдыруу | ММК, ТИМ, БИМ, Соцфонд (макулдашуу боюнча), ССМ, ЭСӨМ, Этностор агенттиги, КЖАКД, КРӨ ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу | Дайыма | Тийиштүү жылга бекитилген мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка бюджеттик каражаттарды тартуунун алкагында | ||
Көчүп келүүчү этностук кыргыздарга карата жергиликтүү калк тарабынан толеранттуу мамиле кылууну пропагандалоо | Этностук кыргыздардын, кайрылмандардын маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу | |||||
Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздарга, кайрылмандарга көмөк көрсөтүү боюнча программаны жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу | ||||||
Кайрылман статусун алуу боюнча жер-жерлерде этностук кыргыздар менен КРнын мыйзамдарын түшүндүрүү үчүн жолугушууларды өткөрүү | ||||||
2.2 | Мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын түшүндүрүү жана коргоо | Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздарга, кайрылмандарга маалыматтык-консультациялык кызмат көрсөтүү. Такталарга этностук кыргыздардын, кайрылмандардын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздарга, кайрылмандарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер, кайрылман статусун берүүнүн тартиби жөнүндө маалыматтык материалдарды жайгаштыруу | ММК | Этностук кыргыздардын, кайрылмандардын маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу | Дайыма | Тийиштүү жылга бекитилген мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка бюджеттик каражаттарды тартуунун алкагында |
3. Эсеп жана контроль | ||||||
3.1 | Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздарды жана кайрылмандарды жашаган жери жана келген жери боюнча каттоого алууну систематизациялоо | Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздарды, кайрылмандарды каттап, эсебин жүргүзүү | КЖАКД Этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздардын, кайрылмандардын санынын эсебин жүргүзүү | Дайыма | Тийиштүү жылга бекитилген мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка бюджеттик каражаттарды тартуунун алкагында |
Маалыматтарды миграция жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга жиберүү | КЖАКД, Этностор агенттиги ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздардын маалымат базасын түзүү | Квартал сайын | |||
4. Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздарга, кайрылмандарга жардам көрсөтүү жана аларды коргоо | ||||||
4.1 | Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздарды жана кайрылмандарды жайгаштыруу | Республиканын райондорунда, шаарларында жана областтарында конкреттүү сандагы үй-бүлөлөрдү жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн көрсөтүү менен, региондук жайгаштыруу программасын иштеп чыгуу, кабыл алуу | КРӨ ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ММК, ССМ, УКМК, ИИМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча), БӨУ (макулдашуу боюнча), МКК | Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздарды, кайрылмандарды жайгаштыруу үчүн райондордун жана облустардын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды алуу | 2017-жылдын II кварталы | Тийиштүү жылга бекитилген мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка бюджеттик каражаттарды тартуунун алкагында |
Жер участокторуна муктаж болгондордун тизмесин түзүү | КРӨ ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Жер участокторуна муктаж болгон кайрылмандардын эсебин алуу | Квартал сайын | Тийиштүү жылга бекитилген мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка бюджеттик каражаттарды тартуунун алкагында | ||
Кайрылмандарга Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганда турак үй куруу жана тейлөө, жеке көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн менчикке өткөрүп берүү менен жер участокторун акысыз мөөнөттүү пайдаланууга берүү | КРӨ ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Кайрылмандарды жер участоктору менен камсыз кылуу, жергиликтүү коомдоштукка интеграциялоо | Дайыма | |||
4.2 | Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздардын, кайрылмандардын айыл чарбасында ишке орношуусуна көмөктөшүү | Айыл чарбасын жүргүзүү үчүн ЖКБнын айыл чарба багытындагы жерлерди үч жылдык мөөнөткө ижарага берүү | КРӨ ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздарды, кайрылмандарды ишке орноштуруу | Жыл сайын | Тийиштүү жылга бекитилген мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка бюджеттик каражаттарды тартуунун алкагында |
4.3 | Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздардын, кайрылмандардын билим алуу укугун камсыз кылуу | Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик окуу жайларына өтүү үчүн квоталарды бөлүү | БИМ | Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздардын, кайрылмандардын билим деңгээлинин жогорулашы | Жыл сайын | Тийиштүү жылга бекитилген мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка бюджеттик каражаттарды тартуунун алкагында |
Муктаж болгондорго жалпы жана мектепке чейинки билим берүүчү мекемелерден орун берүү | Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук Кыргыздардын, кайрылмандардын балдарынын билим деңгээлинин жогорулашы | Жыл сайын | ||||
Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздардын, кайрылмандардын башталгыч, орто жана кесиптик билим алып жаткан балдарын дайыма эсепке алуу | Сабатсыздыкты кыскартуу, квалификациялуу адистерди даярдоо, этностук кыргыздардын, кайрылмандардын балдарын жергиликтүү коомдоштуктарга интеграциялоо | Квартал сайын | ||||
Тиешелүү ченемдик укуктук актыларга толуктоолорду киргизүү жолу аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында билим алууну каалаган алыскы жана жакынкы чет өлкөдөн келген этностук кыргыздарга окуу визаларын акысыз берүү маселесин кароо жана мүмкүнчүлүккө жараша көмөк көрсөтүү | ТИМ | Алыскы жана жакынкы чет өлкөдөн келген этностук кыргыздарга билим алуу үчүн шарттарды түзүү | Жыл сайын | Тийиштүү жылга бекитилген мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка бюджеттик каражаттарды тартуунун алкагында | ||
4.4 | Жаңы жерде тезирээк ыңгайланышуусу үчүн мамлекеттик жала расмий тилдерди окутуп-үйрөтүүгө жардам көрсөтүү | Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздардын, кайрылмандардын мамлекеттик жана расмий тилдерди окуп-үйрөнүүсү боюнча курстарды уюштурууга көмөктөшүү | БИМ | Жергиликтүү коомдоштукка ыңгайлаштыруу | Жыл сайын | Тийиштүү жылга бекитилген мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка бюджеттик каражаттарды тартуунун алкагында |
4.5 | Кайрылмандардын медициналык жардам алуу укугун камсыз кылуу | Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык медициналык жардам алууну камсыз кылуу | ССМ, ММКФ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында кайрылмандар үчүн медициналык кызматтардын кепилденген жеткиликтүүлүгү | Үзгүлтүксүз | Тийиштүү жылга бекитилген мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка бюджеттик каражаттарды тартуунун алкагында |
4.6 | Кайрылман статусун алган балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, пенсиялык камсыздоого укугу жок эмгекке жөндөмсүз жарандарды, пенсионерлерди социалдык жактан коргоо | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарга ылайык жөлөкпулдарды чектөө жана төлөп берүү | ЭСӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Кайрылман статусун алган балдары, пенсиялык камсыздоого укугу жок ишке жарамсыз адамдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү мамлекеттик жөлөк пул менен камсыздоо | Дайыма | Тийиштүү жылга бекитилген мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка бюджеттик каражаттарды тартуунун алкагында |
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсия чектөө жана төлөп берүү | Соцфонд | Кайрылман статусун алган этностук кыргыздарды пенсия менен камсыздоо | Дайыма | Тийиштүү жылга бекитилген мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка бюджеттик каражаттарды тартуунун алкагында | ||
4.7 | Жергиликтүү калк менен Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздардын, кайрылмандардын ортосундагы чыр-чатактардын алдын алуу | Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздар, кайрылмандар чогуу жайгашкан жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | ИИМ, УКМК, Этностор агенттиги, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), БӨУ (макулдашуу боюнча), ЭАУ (макулдашуу боюнча) | Мүмкүн болуучу коомдук чыр-чатактардын алдын алуу жана андан качуу | Дайыма | Тийиштүү жылга бекитилген мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка бюджеттик каражаттарды тартуунун алкагында |
4.8 | Иммигрант - этностук кыргыздардын массалык түрдө келүүлөрүнө байланышкан коркунуч жана тобокелдиктерди профилактикалоо жана коопсуздук шарттарын камсыздоо | Иммигрант - этностук кыргыздардын эсебин алуу, кайрылман күбөлүктөрүн берүүдө документтерди ар тараптуу дыкат иликтөө, тез арада документтештирүү | ММК, УКМК, ИИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМА | Коопсуздукту камсыздоо | Дайыма | Мамлекеттик органдардын функциялык милдеттенмелеринин алкагында |
4.9 | Кыргыз Республикасына көчүп келген кайрылмандарды ишке орноштуруу | Иш менен камсыз кылуу борборлорунда каттоо, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана кийин ишке орноштуруу менен кесиптик окутууга жиберүү | ЭСӨМ | Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү | Дайыма | Тийиштүү жылга бекитилген мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка бюджеттик каражаттарды тартуунун алкагында |
4.10 | Кыргыз Республикасына келген жана жашай турган жери жок этностук кыргыздарды, кайрылмандарды убактылуу жайгаштыруу | Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздарды, кайрылмандарды убактылуу жайгаштыруу пункттарын ачуу | ММК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМА, ЭАУ (макулдашуу боюнча), БӨУ (макулдашуу боюнча) | Этностук кыргыздардын, кайрылмандардын турак үйлөрүн курганга же кыймылсыз мүлк сатып алганга чейин убактылуу жашап туруусуна шарт түзүү | Дайыма | Тийиштүү жылга бекитилген мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка бюджеттик каражаттарды тартуунун алкагында, Эл аралык уюмдардын каражаттары |
Кыскартуулардын тизмеси:
КР | - | Кыргыз Республикасы |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
ММК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
Этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги |
КЖАКД | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
Соцфонд | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
КРӨ ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик органдар |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
КМШ | - | Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги |
БӨУ | - | бейөкмөт уюмдар |
ЭАУ | - | эл аралык уюмдар |