ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 527 «Мамлекеттик турак жай фондундагы көп батирлүү үйдү башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция04.10.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 4-октябры № 527

Мамлекеттик турак жай фондундагы көп батирлүү үйдү башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик турак жай фондун эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик турак жай фондундагы көп батирлүү үйдү башкаруунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүңө кирет.

 

Премьер-министри

 

С.Жээнбеков