Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-ноябры № 575
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 814 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу жана коргоо системасын өркүндөтүү максатында, "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 814 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункттагы "6873" жана "619" деген цифралар тиешелүү түрдө "6923" жана "669" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы:
- чек ара ыйгарым укуктуулары катары жарандарды кабыл үчүн штаттык санды 50 бирдикке көбөйтүү боюнча эсептерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "2016-жылга республикалык бюджет жана 2017-2018-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "2017-жылга республикалык бюджет жана 2018-2019-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна ушул токтомдун 2-пунктунан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| С.Жээнбеков |