Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-декабры № 686
"Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Э.Мавлянова, А.Алтынбеков жана М.К.Жеенчороев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 686 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Э.Мавлянова, А.Алтынбеков жана М.К.Жеенчороев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй жыйынтыкка келди.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин экинчи абзацында "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоо каралган, ал редакцияга ылайык "Административдик-аймактык бирдиктерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, шаарларды, айылдарды адамдардын аттары менен атоого жана кайра атоого тыюу салынат, буга төмөнкүдөй учурлар кирбейт:
1) административдик-аймактык бирдиктерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, шаарларды, айылдарды мамлекетке эмгек сиңирген жана коомдук ишмерлердин ысымдары менен атоо жана кайра атоо;
2) административдик-аймактык бирдиктерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, шаарларга, айылдарга жоготулган, бирок кеңири белгилүү болгон өткөндөгү жана азыркы тарыхый аталыштарды кайра кайтаруу.".
"Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын географиялык объектилерге аталыштар мамлекеттик жана расмий тилде берилет. Эл аралык пайдаланууга арналган документтерде, картографиялык жана башка басылмаларда Кыргыз Республикасынын географиялык объекттеринин аталыштары мамлекеттик жана расмий тилден эл аралык стандарттарда белгиленген тартипте латын алфавитинин тамгалары менен берилет.
"Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын географиялык объекттерине аталыштарды берүүгө жана аларды өзгөртүп атоого байланышкан бардык чыгымдар, ошол объекттер аймагында жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын эсебинен жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу айта турган нерсе, аталган Мыйзамдын долбоору кабыл алынса республикалык бюджеттен каражат керек болот да бул жергиликтүү бюджетке кошумча оорчулук жаратат, мында дотацияда турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоо сурап кайрылуу коркунучу бар.
Сунушталып жаткан "мамлекет алдында өзгөчө эмгек сиңирген адамдар" деген баяндама жалпы баа берүүчү мүнөздө жана ошондуктан тийиштүү субъекттерге бул же тигил учурду өздөрүнүн каалоосуна жараша дискрециялык чечмелөөгө укук берет.
Мамлекеттин алдында өтөгөн өзгөчө эмгекти аныктоонун механизмдерин жана критерийлерин аныктоо зарыл деп эсептейбиз, анткени андай болбосо Мыйзамды ишке ашыруу администрациялык-аймактык бирдиктерди кайра-кайра өзгөртүп атай берүү практикасына алып келиши мүмкүн.
Сунушталып жаткан өзгөртүү жергиликтүү жамааттар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү тарабынан административдик-аймактык бирдиктерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, калктуу конуштарды өзгөртүп атоо үчүн демилге козгошуна, өздөрүнүн кызыкчылыктарын демилгелешине негиз болушу мүмкүн, бул болсо административдик-аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштардын тарыхый аттарынын жок болушуна алып келиши ыктымал.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25 жана 26-беренелерине ылайык ченемдик укуктук актынын долбооруна негиздеме-маалымкатта каржылоо булактары жөнүндө маалыматтар болууга тийиш экендигин, ошондой эле ишке ашырылышы мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоону жаратуучу ченемдик укуктук актылар аны каржылоонун булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого тийиш экендигин айта кетүү зарыл.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемдерин эске алуу керек, ага ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Бирок негиздеме-маалымкатта каржылоо булагы бар экендиги жөнүндө финансылык-экономикалык маалыматтар жок.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, ошондой эле бюджеттик ресурстардын чектелүүлүгүнө, кирешелер алынбагандыктан бюджеттин орчундуу тартыштыгына байланыштуу, негизинин жана зарылдыгынын жоктугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.