Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4 – мартындагы № 106 токтомунун негизинде
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-декабры № 702
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Салыктык башкарууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин IX бөлүмүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо тартиби жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
"Кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо жана каттоосун жокко чыгаруу тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Кошумча нарк салыгын төлөөчүлөрдү каттоо, каттоосун жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) IX бөлүмүнүн талаптарына ылайык, ушул Жободо белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
3. Ушул Жобонун талаптары экономикалык иш жүргүзүүчү жана бюджетке кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) төлөө боюнча салыктык милдеттенмеси пайда болгон бардык субъекттерге карата колдонулат.
2. КНС боюнча каттоо тартиби
4. КНС төлөөчүнү каттоо алар тарабынан берилген (REG STI-001) формасындагы кошумча нарк салыгын төлөөчү катары каттоо жөнүндө арыздын негизинде, субъекттин салыктык каттоо орду боюнча ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт.
5. Катары менен он эки календарлык ай ичинде экономикалык иш жүргүзгөн же катары менен он эки календарлык айга жетпеген мезгил ичинде товарларды берүүдө, жумуштарды, кызматтарды аткарууда жалпы наркы КНС боюнча каттоо чегинен ашып кеткен салык төлөөчү, салык салынуучу жабдуу-берүүлөрдүн жалпы наркы КНСти каттоо чегинен ашып кеткен өткөн мезгил боюнча бир айдын ичинде КНС боюнча салык салынуучу субъект катары каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.
6. Салык төлөөчүнү КНС боюнча каттоо салык органы тарабынан салык төлөөчүнү КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө чечим чыгаруу жолу менен ишке ашырылат.
7. Салык органы КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө арызды салык төлөөчү арызды берген күндөн баштап 10 күндүн ичинде карайт, аны КНС төлөөчү катары каттоо же себебин көрсөтүү менен КНС төлөөчү катары каттоодон баш тартуу жөнүндө тийиштүү чечим чыгарат.
8. Кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүнү каттоо жөнүндө салык органынын чечими эки нускада таризделет, жетекчинин колу жана салык органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана КНС төлөөчүнү каттоо жөнүндө чечимди берүү журналына жазып, салык төлөөчүнүн же анын салыктык өкүлүнүн колун койдуруу менен берилет. КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө чечим салык кызматынын органы тарабынан тийиштүү чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде салык төлөөчүгө тапшырылууга тийиш.
9. Эгерде ыктыярдуу тартипте катталган КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө чечим салык төлөөчү тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө алынбаса салык органы КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө чечимди жокко чыгарууга жана 5 иш күндүн ичинде салык төлөөчүгө кабыл алынган чечим тууралуу билдирүүгө укуктуу.
10. КНС төлөөчү катары каттоо салык төлөөчү каттоо жөнүндө арызын берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.
11. Салык кызматынын органы КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө ыктыярдуу арыз берген салык төлөөчүнүн төмөнкү шарттарды аткарышын изилдейт:
а) салык төлөөчүнүн салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарында көрсөтүлгөн юридикалык дарегинин тууралыгын;
б) экономикалык ишти жүргүзүү үчүн атайын жайлардын болушун;
в) банкта алыш-бериш эсебинин болушун;
г) салыктык отчёттун өз мөөнөтүндө тапшырылышын.
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча салык органынын кызмат адамы ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык формада салык төлөөчүнүн изилденгени жөнүндө акт түзөт.
3. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу тартиби
12. КНС боюнча каттоону жокко чыгарууга төмөнкүлөр негиз болот:
1) эгерде КНС төлөөчү катары катталган салык салынуучу субъекттин жабдуу-берүүлөрүнүн салык салынуучу наркы акыркы 12 айда КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашпаса;
2) КНС төлөөчү катары катталган салык салынуучу субъект жоюу жана/же кайра түзүү жолу менен банкрот болсо;
3) эгерде отчёт тапшырылуучу күндөн кийинки күндөн тартып 2 календарлык айдын ичинде салык төлөөчү тарабынан КНС боюнча отчёт тапшырылбаса.
13. Ушул Жобонун 12-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында каралган учурларда салык төлөөчү же атайын администратор салыктык каттоо орду боюнча салык органына КНС боюнча каттоону ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык (REG STI-003) формасы боюнча жокко чыгаруу тууралуу арыз менен кайрылат.
Мында атайын администратор банкроттоо жол-жобосу башталган күндөн кийинки 10 календарлык күндүн ичинде арызын берүүгө тийиш.
14. Арызда салык төлөөчү же атайын администратор КНС боюнча каттоону жокко чыгаруунун себептерин көрсөтөт.
Арызга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
- 2016-жылдын 7-ноябрына чейин - КНС боюнча каттоо документи;
- 2016-жылдын 7-ноябрынан тартып - КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө салык кызматынын органынын чечими.
15. Эгерде КНС боюнча каттоо документи жана/же салык төлөөчүнү КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө салык кызматынын органынын чечими жоголуп кетсе, салык төлөөчү же атайын администратор салык органына алардын жоголгону жана аларды жараксыз деп эсептөө тууралуу расмий басма сөзгө жарыяланган кулактандырууну көрсөтөт.
16. Салык төлөөчүнү КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу тууралуу арызды берүүдө салык төлөөчү же атайын администратор белгиленген мөөнөттүн ичинде КНС боюнча акыркы салыктык отчётун берүүгө милдеттүү.
17. Ушул Жобонун 12-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында каралган учурларда салык кызматынын органы тарабынан КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу же себебин көрсөтүү менен КНС боюнча каттоону жокко чыгаруудан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынып, ал салык төлөөчүнүн өз колуна тапшырылат же 5 иш күндүн ичинде заказ кат менен жиберилет.
18. Салык төлөөчүлөрдүн катталган орду боюнча салык органы тарабынан 2 календарлык айдын ичинде КНС боюнча отчётторун тапшырбаган салык төлөөчүлөрдүн тизмеси төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен түзүлөт:
- юридикалык жактын аталышы же жеке ишкердин аты-жөнү;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери;
- салык кызматынын органынын КНС боюнча салык төлөөчү катары каттоо тууралуу чечиминин номери, датасы;
- салык төлөөчүнүн КНС төлөөчү катары каттоо күчүнө кирген күнү;
- КНС боюнча отчёт тапшыруунун акыркы салыктык мезгили;
- КНС боюнча отчёт тапшырбаган салык төлөөчүнүн КНС боюнча эсеп-фактураларынын ыйгарылган серияларынын жана номерлеринин саны.
19. Ушул Жобонун 12-пунктунун 3-пунктчасында каралган учурларда КНС боюнча каттоо салык төлөөчүнүн арызы жок эле салык кызматынын органынын чечиминин негизинде жокко чыгарылат.
20. Салык төлөөчүнүн КНС боюнча каттоосун жокко чыгаруу салык төлөөчүнүн КНС боюнча каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим салык органы тарабынан кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
21. Салык төлөөчүнүн КНС боюнча каттоосун жокко чыгарууда, анын ичинде жоюу жана/же кайра түзүү жолу менен банкроттоодо КНСтин калып калган эсеп-фактураларынын пайдаланылбаган сериялары жана номерлери жараксыз деп эсептелет.
22. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечимдин негизинде салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн (REG STI-025) формасы боюнча каттоо карточкасына өзгөртүү киргизилет.
23. КНС боюнча каттоосу жокко чыгарылган салык төлөөчүлөрдүн тизмеси ыйгарым укуктуу салык органынын ачык маалыматтык веб-сайтына жайгаштырылат.
|
| Кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Салык төлөөчүнүн кошумча нарк салыгына каттоо АРЫЗЫ
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
|
| Кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
20__-жылдын "___" ______________ |
| Бишкек ш. |
Текшерүү АКТЫСЫ
Биз __________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
(кызматы, салык кызматынын органынын кызматкеринин кызмат орду, аты-жөнү)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 229-беренесинин 6-пунктуна ылайык,
______________________________________________________________________________
(жетекчинин, башкы бухгалтердин, жеке ишкердин аты-жөнү)
катышуусу менен
______________________________________________________________________________
(салык төлөөчүнүн аталышы, ИНН)
төмөнкү даректе жайгашкан
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
(шаардын, райондун, айылдын, көчөнүн аталышы, үй №)
жана _________________________________________________________________________
____________________________________________________________________ катталган
(салык органынын аталышы)
_________________________________________________ контролдук текшерүү жүргүздүк
Контролдук текшерүүнүн натыйжасында төмөнкүлөр аныкталды:
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
Салык органынын кызмат адамдары: | _________________ | ______________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
| _________________ | ______________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
|
|
|
Жетекчиси: | _________________ | ______________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
|
| Кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Салык төлөөчүнүн кошумча нарк салыгына каттоосун жокко чыгаруу тууралуу АРЫЗЫ
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.".