Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 44
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине жана административдик ведомстволоруна төмөнкүлөр боюнча:
- кызыкдар мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, башка юридикалык жана жеке жактар менен ведомстволор аралык комиссияларды, эксперттик кеңештерди, жумушчу топторду түзүү/уюштуруу чөйрөсүндө, буга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр жана анын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле кен пайдалануу жана эл аралык финансылык жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча комиссияларды түзүүдөн тышкары жетектегендер кирбейт;
- жеке жана юридикалык жактарга аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтардын административдик регламенттерин бекитүү.";
- 5-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- бакалаврларды, магистрлерди даярдоо багыттары, жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү адистиктери, мектептик билим берүүнүн бардык баскычтарындагы сабактар боюнча (жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын макеттеринен, жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү багыттарынын жана адистиктеринин тизмелеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынан башка) мамлекеттик билим берүү стандарттарын.";
- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун экспертизалоонун адистештирилген түрлөрүн жүргүзүү боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо жөнүндө жобо.";
- 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи-жыйырма экинчи абзацтар менен толукталсын:
"- ички аудит боюнча колдонмону;
- кепилдик программасын түзүү жана ички аудиттин сапатын жогорулатуу боюнча колдонмону;
- үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү боюнча окуу программаларын жана материалдарын;
- тренингдер системасын киргизүү жана ички аудиторлорду сертификациялоо боюнча талаптарды;
- ички аудит кызматынын иштерин пландоо үчүн тобокелдиктерди баалоо боюнча колдонмону.";
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи-он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды табуу жана орноштуруу, баланы үй-бүлөдөн тышкары жайгаштыруу жана оор турмуштук кырдаалдагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу жана аларды социалдык коштоо боюнча методикалык сунуштамаларды, нускамаларды, көрсөтмөлөрдү;
- мамлекеттик социалдык заказды жүзөгө ашыруу үчүн бөлүнүүчү бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо методикасын;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте Майыптуулукту баалоодо дене-боюнун иштешин, турмуш-тиричилигинин чектелишин жана ден соолугун эл аралык классификациялоо жана церебралдык шал оорусу менен ооруган балдарды реабилитациялоо программаларын колдонуу боюнча планды.";
- 9-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- музей иштери жаатында нускамаларды, жоболорду;
- китепкана иштери жаатында нускамаларды, жоболорду, стандарттарды.";
- 10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
- "бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн документтерди тариздөөдө мамлекеттик органдардын, башка уюмдардын жана тышкы экономикалык ишке катышуучулардын өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы";
- "Бирдиктүү терезе" маалыматтык системасынын алкагында иштердин типтүү регламентин.";
- 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу-жыйырма бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- көлмөлөрдүн абалын жана балыкты жана сууда жашоочу башка организмдерди көбөйтүүнүн шарттарын жакшыртуу боюнча балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык-иш чараларды жүргүзүүнүн тартибин;
- суу объекттеринин балык чарба мелиорациясын жүргүзүүнүн тартибин;
- балык запастарын жана алар байырлаган чөйрөнү коргоо эрежелерин, балык коргоо боюнча штаттан тышкаркы жана коомдук негиздеги кызматкерлерди уюштуруунун жана иштетүүнүн тартибин;
- Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балык чарбаларын уюштуруу жана балык уулоону жүргүзүү үчүн көлмөлөрдү жана балык уулоо участокторун бекитүүнүн тартибин;
- балыктардын баалуу эмес жана начар түрлөрүн мелиорациялык кармоонун, балык чарба көлмөлөрүнүн балык уулоо участокторун тазалоонун тартибин;
- табигый жана жасалма көлмөлөрдүн балык байырлоо ченемдерин белгилөөнүн тартибин жана балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык иштерди жүргүзүүнүн тартибин;
- көлмөдөн алынган же көлдө, садокто жана көлмөдө өстүрүлгөн балыкты жана балык продуктуларын эсепке алуунун тартибин;
- балык өстүрүү-биологиялык ченемдерин жана балык чарбаларда товардык балыктарды жана балык өндүрүүчү материалдарды өстүрүүнүн эрежелерин;
- балык өнөр жайын, ихтиологиялык мониторингин жана балык запастарын кайра өндүрүүнү уюштуруунун тартибин;
- илимий-изилдөө максатында балык уулоого, контролдук уулоо үчүн, балык өстүрүү-мелиорациялык иштерди жүргүзүүгө, климатташтырууга, балык көбөйтүүгө жана аларды кайра өндүрүүгө документтерди жана билеттерди берүүнүн жана пайдалануунун тартибин;
- илимий-изилдөө максатында балык уулоого, контролдук уулоо үчүн, балык өстүрүү-мелиорациялык иштерди жүргүзүүгө, климатташтырууга, балык көбөйтүүгө жана аларды кайра өндүрүүгө документтерин жана билеттерин;
- балык запастарын жасалма жол менен кайра өндүрүү максатында өндүрүш балыктарын өндүрүүчүлөрүн атайын уулоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн тартибин;
- балыкчылык, балык өстүрүү, балык уулоо максаттары үчүн көлмөлөрдү юридикалык жана жеке жактарга конкурстук негизде берүүнүн тартибин;
- балык уулоо, балык өстүрүү максатында юридикалык жана жеке жактарга бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо участокторунда егердик кызматты уюштуруунун жана иштетүүнүн тартибин;
- балык чарба көлмөлөрүндө жана балык уулоо участокторунда ихтиологиялык иштерди жана балыкты контролдук уулоонун тартибин;
- балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу үчүн берилген табигый жана жасалма көлмөлөрдүн балык чарбалык потенциалы жөнүндө балык өстүрүү-биологиялык негиздемени түзүүнүн тартибин;
- Кыргыз Республикасында пайдаланууга уруксат берилген пестициттердин жана агрохимикаттардын каталогун.";
- 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курал-жарактарынын, аскердик техникаларынын, ок-дарыларынын жана материалдык-техникалык каражаттарынын белгиленген запастарын түзүүнүн, топтоонун жана чыгымдоонун ченемдерин.";
- 24-пунктунда:
- жетинчи жана сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү кылмыш жасагандыгы үчүн жазасын өтөгөн адамдардын тизмегин түзүүнүн тартибин;";
төмөнкүдөй мазмундагы отуз экинчи жана отуз үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- маалымат берүүчү адамдардын тизмесин;
- террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо үчүн кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо эрежелерине карата жалпы талаптар (маалымат берүүчү адамдардын ар бир категориясы үчүн өз-өзүнчө).";
- 25-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 27-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү-жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууну уюштуруу боюнча колдонмону. 1-бөлүк (жашыруун);
- Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустар жана чек ара отряддары боюнча аймактык башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын уюштуруу боюнча колдонмону. 2-бөлүк (жашыруун);
- Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу боюнча колдонмону. 3-бөлүк (жашыруун);
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын мамлекеттик кайтаруу боюнча чек ара кезметтери кызматын уюштуруу жана өтөө боюнча колдонмону.";
- 29-пунктунда:
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик мүлктү эсепке алууну жана инвентаризациялоону уюштуруу боюнча методикалык жана ченемдик документтерди;";
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү-жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- мамлекеттик ишкананын жетекчиси менен типтүү келишимди;
- мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдорду башкаруу органдарында мамлекеттин атынан чыгуу менен типтүү келишимди;
- "Мамлекеттик мүлктү ижаралоо келишимдерин эсепке алуу жана каттоо" электрондук порталы аркылуу иштердин эрежеси жана мамлекеттик мүлктү ижаралоо келишимдерин түзүү укугуна электрондук соода жүргүзүүнүн эрежелерин;
- электрондук соода аянты менен иштөөнүн эрежелерин жана мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча электрондук торуктарды жүргүзүүнүн эрежелерин.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- жаныбарлардын ден соолугун коргоо жана тамак-аш коопсуздугу жаатында нускамаларды, эрежелерди, жоболорду.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | А С.Жээнбеков |