Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-январы № 37
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 80 , 2019-жылдын 4-октябрындагы № 519, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-декабрындагы № 774 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-сентябрындагы № 621 "Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын аталыштарында "улуттук" деген терминди колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын аталыштарында "улуттук" деген терминди колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункттагы "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине жана" деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-январындагы № 26 "Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды "Интернет" түйүнүндө дарек катары колдонуу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
преамбуладагы "жана "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына", "жана фирмалык аталыштарды" деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды "Интернет" түйүнүндө дарек катары колдонуу тартибинде:
- 1-пункттагы ", "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясына" деген сөздөр жана цифралар алып салынсын.
4. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 80 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-октябрындагы № 519 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-декабрындагы № 774 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |