Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-февралы № 58
"Айыл чарбасын каржылоо - 5" долбоорун бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын февралындагы № 93, 2017-жылдын 13-майындагы № 270, 2017-жылдын 13-октябрындагы № 665, 2017-жылдын 30-октябрындагы № 718 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине жана жеке жактарга 2017-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү секторун жана айыл чарба тармагындагы кызматтарды мындан ары да өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Айыл чарбасын каржылоо - 5" долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги белгиленген тартипте:
- "Айыл чарбасын каржылоо - 5" долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер менен пайыздык ставкаларды субсидиялоо жөнүндө тиешелүү макулдашууларды түзүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин каражаттарынан субсидиянын биринчи траншын каржылашсын;
- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда субсидиялардын экинчи жана үчүнчү транштарын төлөө үчүн зарыл каражаттарды карашсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
"Айыл чарбасын каржылоо - 5" ДОЛБООРУ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын февралындагы № 93, 2017-жылдын 13-майындагы № 270, 2017-жылдын 13-октябрындагы № 665, 2017-жылдын 30-октябрындагы № 718 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
"Айыл чарбасын каржылоо - 5" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты болуп Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине жана жеке жактарына 2017-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында өткөрүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүү, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү секторун жана айыл чарба тармагындагы кызматтарды андан ары өнүктүрүү үчүн жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү саналат.
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү: 36 ай.
Каржылоо булактары: Кыргыз Республикасынын 2017-2019-жылдарга республикалык бюджети, коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин каражаттары.
Долбоорду ишке ашыруунун башталышы: 2017-жылдын февралы.
Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер (чакан кредиттик компаниялар, чакан финансылык компаниялар ж.б.).
Долбоордун баяндамасы. Долбоордун алкагында 2017-жылдын ичинде өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыгын, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү, мал чарбачылыкты, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнү жана айыл чарба тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин финансылык каражаттары Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине жана жеке жактарына жеңилдетилген пайыздык ставка менен берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча кредиттерди жайгаштыруу үчүн коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин чыгымдарын 2017-2019-жылдарга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен субсидиялайт.
Кредиттерди берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
Коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин зайымчылардын карыздарын кайра каржылоого укуктары жок.
Ушул Долбоордун алкагында кредит алуунун милдеттүү шарты болуп банктарда зайымчылардын терс кредиттик таржымалы жана/же адистештирилген финансы-кредиттик мекемелерде болгон кредиттер боюнча акыркы үч жыл ичинде төлөө мөөнөтү кечиктирилген карыздын жоктугу, салыктар жана башка милдеттүү чегерүүлөр боюнча төлөө мөөнөтү кечиктирилген карыздын жоктугу, ошондой эле продукция чыгарууну кеңейтүү/көбөйтүү жана салыктар боюнча чегерүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүү боюнча мүмкүнчүлүктүн болушу саналат.
Долбоорго катышкан коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер зайымчыларга төмөндөгүдөй негизги жалпы шарттарда кредит берүүгө милдеттүү:
Максаттуу тармак | Өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылык, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана иштетүү, ошондой эле экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшү |
Аяккы пайыздык ставка | жылына 10 пайыз - "мал чарбачылык" тармагы үчүн; жылына 10 пайыз - "өсүмдүк өстүрүү" тармагы үчүн; жылына 6 пайыз - "айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана иштетүү" тармагы жана экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшү үчүн |
Кредиттин мөөнөтү | "Мал чарбачылык" тармагы үчүн 18 айдан ашык эмес; "өсүмдүк өстүрүү" тармагы үчүн 24 айдан ашык эмес; "айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана иштетүү" тармагы, экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшү үчүн - 36 айдан ашык эмес |
Жеңилдетилген мезгил | Карыздын негизги суммасы боюнча төгүм төлөөдөн 6 айга чейин толук бошотуу |
Айылдын аксакалдар кеңешинин жазуу жүзүндөгү сунуштамасынын негизинде жеке кредиттер боюнча 100 (жүз) миң сомго чейинки өлчөмдөгү кредиттик каражаттар 12 айга чейинки кайтаруу мөөнөтү менен күрөөсүз негизде берилиши мүмкүн. Ошону менен бирге, бул максаттар үчүн багытталган жалпы сумма берилген кредиттин жалпы суммасынын 5 пайызынан ашпоого тийиш.
2017-жылы кыргыз-казакстан мамлекеттик чек араларында түзүлгөн кырдаалдын кесепетинен зыян тарткан Кыргыз Республикасынын субъекттерине кредиттик каражаттар башкалардан тышкары тармактар боюнча өздөштүрүлбөгөн каражаттардын эсебинен дагы биринчи кезектеги тартипте Комиссиянын чечиминин негизинде берилип турсун.
2017-жылы кыргыз-казакстан мамлекеттик чек араларында түзүлгөн кырдаалдын кесепетинен зыян тарткан Кыргыз Республикасынын субъекттери үчүн кредитти жоюу мөөнөтү негизги сумманын 24 айга чейинки жеңилдетилген мезгили менен 60 айга чейин белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-майындагы № 270, 2017-жылдын 30-октябрындагы № 718 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. "Мал чарба" тармагынын субъекттери үчүн кошумча шарттар
Бул тармак үчүн багытталуучу каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 60 пайызынан ашпоого тийиш.
Бул тармакка төмөнкүлөр менен алектенген субъекттер кирет:
- ири мүйүздүү мал, анын ичинде топоз өстүрүү;
- кой, эчки, жылкы, коён өстүрүү;
- канаттууларды (тоок, өрдөк, каз, төө куш, бөдөнө жана башка айыл чарба канаттууларын) өстүрүү;
- бал аарысын өстүрүү, анын ичинде аары балын жана аары момун өндүрүү;
- балык өстүрүү жана балык питомниктеринин жана балык фермаларынын иши;
- чочко өстүрүү.
Ушул Долбоордун алкагында бул тармактын субъекттери, менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар үчүн бир зайымчыга 3,0 (үч) млн. сомго чейин кредит ала алышат.
Бул тармактын субъекттери айыл чарба жаныбарларын кармоо жана өстүрүү, анын ичинде кыш мезгилинде тоюттарды сактоо үчүн бардык керектүү шарттардын болуусу зарыл.
Өз продукцияларын жеткирип берүүгө кайра иштетүүчү ишканалар менен келишимдерди (контракттарды) түзгөн субъекттерге артыкчылык берилет.
Коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер ушул Долбоордун алкагында зарылдыгына жараша субъекттер берген маалыматтарды текшерүү үчүн кошуналарды жана айылдаштарды сурамжылоого укуктуу.
3. "Өсүмдүк өстүрүү" тармагынын субъекттери үчүн кошумча шарттар
Бул тармак үчүн бөлүнүүчү каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 15 пайызынан ашпоого тийиш.
Өсүмдүктөрдү өстүрүү тармагына төмөнкүлөр кирет:
- дан өсүмдүктөрүн өстүрүү;
- техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүү;
- жашылча, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү, бак өстүрүү;
- күнөскана чарбачылыгын жүргүзүү;
- мөмө жана жер жемиш өстүрүү;
- тамчылатып сугаруу системасын өнүктүрүү.
Ушул Долбоордун алкагында, кредит алуу үчүн өсүмдүк өстүрүү менен алектенген субъекттердин жеке менчик же ижарага алынган айыл чарба багытындагы жери жана ушундай жери бардыгын тастыктаган документи (күбөлүк, ижара келишими, сатып алуу-сатуу келишими ж.б.) милдеттүү түрдө болушу керек.
Өсүмдүк өстүрүү тармагынын субъекттери үчүн кредиттин максималдуу суммасы боюнча чектөөлөр коюлган эмес.
Бул тармактын артыкчылык берилүүчү багыттары болуп экспортко чыгарылуучу айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүнү, ошондой эле күнөсканалар чарбачылыгын жана тамчылатып сугаруу системасын киргизүү боюнча долбоорлорду каржылоо саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 665 токтомунун редакциясына ылайык)
4. "Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана иштетүү" тармагынын, ошондой эле экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшүнүн субъекттери үчүн кошумча шарттар
Бул тармак үчүн бөлүнүүчү каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 25 пайызынан ашпоого тийиш.
Бул тармакка төмөндөгүлөр кирет:
- айыл чарба азыктарын (дан, чанактуу эгиндер, айыл чарба малынын (ири мүйүздүү малдын, кой-эчкинин, жылкынын, канаттуулардын ж.б.) этин жана терилерин, сүтүн (ири мүйүздүү малдын жана майда мүйүздүү малдын ж.б.) иштетүү, кайра иштетүү;
- балыкты жана балык продуктуларын кайра иштетүү жана консервалоо;
- жемиштерди, жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүү жана консервалоо;
- өсүмдүктүн жана малдын майын өндүрүү;
- айыл чарба малына тоют өндүрүү;
- айыл чарба азыктарынан тамак-аш продуктуларын өндүрүү (анын ичинде айыл чарба азыктарынын кайра пайдаланылуучу чийки заттарынан), минералдык сууларды өндүрүүдөн башкасы;
- айыл чарбасы үчүн жер семирткичтерди жана азот кошулмаларын өндүрүү;
- айыл чарба азыктарын таңгактоо, жыйыштыруу жана сактоо жашылча кампасын кошо алганда;
- айыл чарба малы жана канаттуулар үчүн союу цехтери;
- айыл чарба азыктарын сатып алууну, сактоону, ташууну жана сатууну уюштуруу боюнча логистикалык борборлор.
Биринчи категориядагы субъекттерге 20дан ашык жумушчу оруну болгон ишканалар кирет жана ушул Долбоордун алкагында бир зайымчы үчүн көлөмү 150 (жүз элүү) млн. сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредит ала алышат.
Экинчи категориядагы субъекттерге 20га чейинки жумушчу оруну болгон ишканалар кирет жана ушул Долбоордун алкагында бир зайымчы үчүн көлөмү 10 (он) млн. сомдон ашпаган кредит ала алышат.
Ушул Долбоордун алкагында негизги жана жүгүртүү каражаттарын, сатып алууну, ошондой эле эмгек акы фондун каржылоону камтыган өндүрүштүк циклдин бардык этаптары каржыланышы мүмкүн.
Бул тармактын субъекттери Кыргыз Республикасынын резиденти болуусу жана Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, салык кызматын жана социалдык фондду кошо алганда талаптагыдай катталуусу керек.
Бул тармактагы артыкчылыктуу субъекттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
- экспортко багытталган айыл чарба продукцияларынын ээлери;
- жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен айыл чарба продукцияларын (чийки заттарын) жеткирип берүүгө келишимдерди (контракттарды) түзгөндөр;
- жумуш орундарынын саны, айыл чарба продукциясын өндүрүүнү кеңейтүү/көбөйтүү жана салыктык чегерүүлөрдүн көлөмүн жогорулатуу боюнча оң багыттагы өсүү динамикасы барлар.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-майындагы № 270, 2017-жылдын 13-октябрындагы № 665 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Субсидияларды эсептөө
Жеңилдетилген кредиттерди берүүдө коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин чыгымдарын жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан коммерциялык банктардын же адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин кредит берүүсүнүн ай сайынкы көлөмүнөн субсидиялоонун төмөнкүдөй эсептик коэффициенттери кабыл алынат:
- 36 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн - 19,71. Алардын ичинен бир бөлүгү - 9,78 эсептик коэффициенти боюнча 2017-жылы, бир бөлүгү - 7,55 эсептик коэффициенти боюнча 2018-жылы жана бир бөлүгү - 2,38 эсептик коэффициент боюнча 2019-жылы которулат;
- 24 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн - 14,21. Алардын ичинен бир бөлүгү - 9,58 эсептик коэффициенти боюнча. 2017-жылы, бир бөлүгү - 4,63 эсептик коэффициенти боюнча 2018-жылы которулат;
- 18 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн - 11,46. Алардын ичинен бир бөлүгү - 9,32 эсептик коэффициенти боюнча 2017-жылы, бир бөлүгү - 2,14 эсептик коэффициенти боюнча 2018-жылы которулат;
- 12 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн - 8,71, 2017-жылы которулат.
6. Субсидияларды которуу
Эсептик коэффициенттерге ылайык аныкталуучу субсидиялардын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан коммерциялык банктарга жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелерге үч транш менен которулат, анын ичинен:
- биринчи транш - тийиштүү айга субсидиялоого коммерциялык банктардын өтүнмөлөрүн алган учурдан тартып, ар бир айдын 30/31ине чейин;
- экинчи транш - биринчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
- үчүнчү транш - экинчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин.
7. Долборду ишке ашыруунун схемасы
8. Долбоорду ишке ашырууну баяндоо
Долбоорго катышууга каалоосун билдирген коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер ушул токтом күчүнө киргенден кийин 10 күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Долбоорду ишке ашырууга катышууга өтүнмөнү республиканын облустары боюнча бөлүү менен кредит берүүнүн көлөмүн милдеттүү түрдө көрсөтүү менен берүүлөрү жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүүлөрү керек.
Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө калкка талаптагыдай маалымдоо максатында аны ишке ашырууга катышуучу коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер кредит берүүнүн шарттары жөнүндө, ошондой эле бул Долбоор боюнча кредит алууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталуучу мезгил/убакыт жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында, маалымат такталарында (анын ичинде коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин расмий сайттарында) жарыялоого тийиш.
Долбоордун алкагында субсидияларды алуу үчүн коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер ай сайын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тийиштүү айга кредит берүүнүн суммасын көрсөтүү менен субсидиялоого өтүнмө беришет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эсептөө коэффициенттерине ылайык субсидиянын суммасын эсептейт жана коммерциялык банктарга жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелерге субсидиялардын траншын которуу үчүн тиешелүү айга финансылык план даярдайт.
Субсидиялардын транштары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички актыларына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы тарабынан коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин алыш-бериш эсептерине тиешелүү айдын 30/31ине чейин которулат.
Субсидиялар которулгандан кийин коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер өз каражаттарынан, комиссиялык же башка жыйымдарды албастан айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө төмөнкү шарттарда кредиттерди беришет:
- пайыздык ставка "мал чарбачылык" тармагы үчүн - жылдык 10 пайыз; "өсүмдүк өстүрүү" тармагы үчүн - жылдык 10 пайыз; "айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана иштетүү" тармагы, ошондой эле экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшү үчүн - жылдык 6 пайыз;
- кредитти төлөө мөөнөтү: "мал чарбачылык" тармагы үчүн - 18 айдан ашык эмес; "өсүмдүк өстүрүү" тармагы үчүн - 24 айдан ашык эмес; айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана иштетүү" тармагы, ошондой эле экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшү үчүн - 36 айдан ашык эмес;
- кредит боюнча негизги сумманы жана пайыздарды төлөө кредиттик макулдашууга ылайык, карыздын негизги суммасын төлөө боюнча 6 айга чейин жеңилдетилген мезгил берүү менен жүргүзүлөт.
Коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы көзөмөлдөйт.
Субсидиялардын пайдаланылбаган суммаларынын калдыгы коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине которулат.
9. Тобокелдер жана коркунучтар
Жеңилдетилген кредиттерди алуучулар тарабынан каражаттардын максатсыз пайдаланылышы боюнча тобокелдик:
- жеңилдетилген кредиттерди алуучулар тарабынан кредиттик каражаттардын максатсыз пайдаланылышы боюнча тобокелдикти минималдаштыруу белгиленген тартипте коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер тарабынан ишке ашырылат;
- кредиттик каражаттардын башка максатсыз пайдаланылышы аныкталганда коммерциялык банктар же адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер кредиттик каражаттардын пайдаланыла элек калдыгын мөөнөтүнөн мурда кайтарууну зайымчыдан талап кылууга жана кредитти алган күндөн баштап жылдыгы 30% өлчөмүндөгү пайыздык ставканы коюуга укуктуу;
- мындай учурда коммерциялык банк же адистештирилген финансы-кредиттик мекеме берилген кредиттин суммасынан эсептик коэффициенттерди эсепке алуу менен алынган субсидиянын каражаттарын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарып берүүгө милдеттенет.
Коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер субсидиянын каражаттарын башка максатка пайдалануу тобокелчилигин азайтуу максатында:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин субсидияны максаттуу пайдалануу ишине көзөмөлдү белгиленген тартипте жүргүзөт;
- коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер жума сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Долбоорго ылайык жайгаштырылган кредиттердин көлөмү жөнүндө отчётторду берип турушат;
- субсидиянын каражаттарын коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер башка максатта пайдалангандыгы аныкталганда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир тараптуу тартипте андан аркы субсидиялоону токтотууга жана субсидиянын траншына (которгон күндөн баштап) жылдыгы 30 пайыздык өлчөмдө пайыздык ставканы кошуп эсептөө жолу менен финансылык санкцияларды колдонууга укуктуу. Финансылык санкциялар субсидия боюнча которуп берилген транш менен бирге Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине которулуп берилиши керек.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан милдеттенмелерди толук эмес аткаруу тобокели:
- Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги субсидия боюнча биринчи транштын суммасын республикалык бюджеттен коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин алыш-бериш эсептерине ар айдын 30/31ине чейин субсидиялоонун эсептик коэффициенттерине жана субсидияны которуу тартибине ылайык которот;
- субсидиянын экинчи жана үчүнчү траншын төлөп берүү үчүн каражаттар "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда каралат.
Кредиттик каражаттарды толук эмес ылгап алуу тобокели:
- Долбоорго болушунча көп финансы-кредиттик мекемелерди тартуу үчүн долбоорго катышуучулардын саны чектелбейт. Долбоорго ылайык субсидиялоонун эсептик коэффициенттерин жана субсидияларды төлөө тартибин эске алуу менен Долбоорду ишке ашыруу үчүн каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде кредит берүүнүн жалпы көлөмү гана чектелет;
- коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер фермердик, дыйкан чарбалардын жана кооперативдердин мүчөлөрүнө топтук кредит берүү механизмин колдонууга укуктуу.
Табигый катаклизмдердин коркунучу:
- табигый катаклизмдерге байланыштуу зайымчылар тарабынан кредиттерди кайтара албай калуу тобокели пайда болгондо, коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер аларды азайтуу боюнча чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз алдынча көрүшөт.
10. Кредиттик каражаттарды максаттуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү
Кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануунун мониторингин коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер төмөнкүчө жүргүзүшөт:
- зайымчылар кредит алган учурдан баштап, кредиттик каражаттарды максаттуу пайдаланганы жөнүндө отчётторду, кредит боюнча жүргүзүлгөн чыгымдарды документтүү ырастоолорун (контракттар/келишимдер, эсеп-фактуралар, жана/же коштомо кагаздар, төлөгөнү жөнүндө төлөм документтер жана башкалар) тиркөө менен 1 айдын ичинде бериши керек;
- зайымчыдан кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалангандыгы жөнүндө отчётту алгандан кийин коммерциялык банктын же адистештирилген финансы-кредиттик мекеменин ыйгарым укуктуу кызматкерлери кийинки 3 айдын ичинде иштеген ордуна баруу менен мониторинг жүргүзүшөт, ал текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө отчёт менен таризделет. Кредит башка максатка пайдаланылган учурларда, тийиштүү акт түзүлүшү керек жана ал кредит боюнча пайыздык ставка кредит берилген күндөн баштап жылдыгы 30%га чейин көбөйтүлүүгө тийиш.
Зайымчылар банкка же адистештирилген финансы-кредиттик мекемеге кредитти максаттуу пайдаланылганын ырастаган төмөнкүдөй документтерди берүүгө милдеттүү:
- мал сатып алынган-саткан контракттардын/келишимдердин көчүрмөсү же сатып алынган малдын катталгандыгы жөнүндө зайымчынын катталган/жашаган/катталган жери боюнча тиешелүү айыл өкмөтүнүн чарба китебиндеги, малды сатып алгандыгын тастыктаган айыл өкмөтүнүн сөзсүз белгилөөсү менен маалымкат (справка);
- сатып алынган үрөн, минералдык жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочу материалдар жана айыл чарба техникасына белен тетиктер, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөмдөрдү ырастаган контракттардын/келишимдердин жана/же эсеп-фактуралардын, коштомо кагаздардын, төлөө документтеринин көчүрмөлөрү (каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө отчёт менен кошо тапшырылууга тийиш).
Төмөнкү учурларда:
- кредит алуу мөөнөтү менен агротехникалык иштерди жүргүзүүнүн оптималдуу мезгилинин ортосунда ажырым болгондо, кредит берилген күнгө чейин эки айдан эрте эмес тариздөө датасы менен далил болуп актоочу документтерди кабыл алууга жол берилет;
- үрөндү, минералдык жер семирткичти, күйүүчү-майлоочу материалды жана айыл чарба техникасынын белен тетиктерин сатып алууга-сатууга, ошондой эле жеке жактын статусу бар жактардын ортосунда техниканын кызматын көрсөтүү боюнча бүтүмдөр түзүлгөн учурда, айыл аймагынын башчысы күбөлөндүргөн, сатуучунун акча каражатты алганы тууралуу паспорттук маалыматтарын, сатылган үрөндүн же башка продукциянын/көрсөтүлгөн кызматтын санын, сортторун милдеттүү түрдө көрсөтүү менен берген тил каты кошо тиркелген контракт/сатуу-сатып алуу келишими же кызмат көрсөтүүгө контракт/келишим актоочу документ боло алат;
- алыскы айылдардын тургундары күйүүчү-майлоочу материалдарды биргелешип, ыйгарым укуктуу адам аркылуу сатып алышкан учурда автомай куюучу станциялардан алынган бардык төлөм документтеринин көчүрмөлөрү, мындай ар бир кредиттин каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчётко биргелешип алганын көрсөтүү менен тиркелет,
11. Долбоордун натыйжалуулугуна баа берүү
Долбоор боюнча пайдаланылган кредиттик каражаттардын натыйжалуулугун баалоо максатында, коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер долбоорду ишке ашыруунун натыйжалары боюнча жыл аягында карата Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине зайымчылардын кредитти максаттуу пайдалануулары (продукциянын кандай түрлөрүн, жабдууларды, малдын саны, кредитке сатып алынган имараттар жана башкалар), айыл чарба өндүрүшүнүн кредит алганга чейин жана андан кийинки көлөмдөрү, кредит алганга чейин жана андан кийин түзүлгөн жумуш орундарынын саны, өндүрүлгөн продукцияны сатуунун көлөмү, анын ичинде экспорттун көлөмү жөнүндө жалпыланган маалыматты беришет.
12. Коммерциялык банктарда өтүнмөлөрдү каттоонун системасы
Долбоордун алкагында бардык потенциалдуу кардарларга кредиттерди берүүдө ачыктыкты, объективдүүлүктү жана тең мамилени камсыз кылуу максатында, тандалып алынган банктарга кредит алууга өтүнмөлөрдү кабыл алуунун кезектүүлүгүнүн системасы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берилет. Бул система банк кызматкерлери тарабынан манипуляцияларды болтурбоо үчүн кардарлардын өтүнмөлөрүнүн ишенимдүүлүгүн жана параметрлерин редакциялоого мүмкүн эместигин камсыз кылышы керек.
Өтүнмө ээсине өтүнмөнүн номери жана каттоо датасы, ээсинин коду, жайгашкан жери жана талапкерлердин тизмесиндеги кезеги көрсөтүлгөн документ берилиши керек.
Аталган система жөнүндө маалымат коммерциялык банктардын расмий сайттарында, өтүнмө берүүчүнүн толук жеке маалыматтарын жарыялабастан, өтүнмө ээсинин номердик коду түрүндө жарыяланууга тийиш.