Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 138
Дем берүүчү гранттарды ишке ашыруу механизмдерин өркүндөтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфраструктура объекттерин түзүүгө жана реконструкциялоого багытталган чараларды көрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 жана 3-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар" жана "үлүштүк (дем берүүчү) гранттар" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар" жана "дем берүүчү (үлүштүк) гранттар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо механизмин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 28 жана 33-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо тууралуу" жободо:
- аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар" жана "үлүштүк (дем берүүчү) гранттар" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар" жана "дем берүүчү (үлүштүк) гранттар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар - жергиликтүү бюджеттердин жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн тартылган башка каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаты;";
- 11-пунктунда:
биринчи абзацындагы "ашпоого тийиш" деген сөздөр "турат" деген сөзгө алмаштырылсын;
бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 19-пунктундагы "өнүктүрүү планында" деген сөздөр "социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында" деген сөздөргө алмаштырылсын";
- 27-пунктундагы "5" деген цифра "10" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 28-пунктундагы "10" деген цифралар "20" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 29-пунктундагы "15" деген цифралар "25" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 46-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын тийиштүү облуска бөлүштүрүлгөндөн кийинки түзүлүүчү өздөштүрүлбөгөн каражаттары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын республика боюнча баалоо рейтингинин эң чоң баллына ээ болгон долбоорлоруна бөлүнөт";
- 50-пунктундагы "Долбоорлорду" деген сөз "Келишимдерди" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 51 жана 52-пункттарындагы "(контракт)" деген сөз алып салынсын;
- 59-пунктунун "б" пунктчасындагы "(контракттык)" деген сөз алып салынсын;
жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинин аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "үлүштүк (дем берүүчү) гранттар" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "дем берүүчү (үлүштүк) гранттар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинде:
- "Доi деңгээли = (ПДi/Нi) * 100" деген экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "ДОi деңгээли = "(ПДi/Нi)/ПДгр/Нгр * 100,";
- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"ПДгр - пландалган жылга жергиликтүү бюджеттердин топторунун кирешелер болжолу;
Нгр - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын топторунун калкынын саны (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматына ылайык).";
жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинин аталышындагы "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар" деген сөздөр "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган Жобонун 4-тиркемесинин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Критерийлердин аталышы | Индикаторду баяндоо | Балл |
1. Теңдештирүүчү гранттар боюнча камсыздуулук коэффициенти(*)
| Теңдештирүүчү грант албаган ЖӨБ органынын долбоору | 0 |
- 500гө чейин | 5 | |
- 1000ге чейин | 10 | |
- 1500гө чейин | 15 | |
- 2000ге чейин | 20 | |
- 2000ден жогору | 25 |
";
жогоруда аталган Жобонун 5-тиркемесинин аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар" жана "үлүштүк (дем берүүчү) гранттар" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар" жана "дем берүүчү (үлүштүк) гранттар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган Жобонун 5-тиркемесинин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "(контракт)" деген сөз алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускамада:
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар" жана "үлүштүк (дем берүүчү) гранттар" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар" жана "дем берүүчү (үлүштүк) гранттар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 10-пунктундагы "контракттык" деген сөз "келишимдик" деген сөзгө, "Контракттын" деген сөз "Келишимдин" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 59-пунктундагы "контракттын" деген сөз "келишимдин" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 64-пунктундагы түрдүү жөндөмөдөгү "контракт" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "келишим" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 73-96-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 97-пункту "19" деген цифралардан кийин "жана 20" деген цифралар менен толукталсын;
- 98, 100, 101, 119 жана 120-пункттарында түрдүү жөндөмөдөгү "(контракт)" деген сөз алып салынсын;
жогоруда аталган Нускаманын 1-тиркемесинин аталышындагы жана 1-пунктунун төртүнчү абзацындагы "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар" жана "үлүштүк (дем берүүчү) гранттар" деген сөздөр "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар" жана "дем берүүчү (үлүштүк) гранттар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган Нускаманын 3-тиркемесинин аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Контракт" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "Келишим" деген сөзгө алмаштырылсын;
жогоруда аталган Нускаманын 7-тиркемесинин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Контракт" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "Келишим" деген сөзгө алмаштырылсын;
жогоруда аталган Нускаманын 12-тиркемесинин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Контракт" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "Келишим" деген сөзгө алмаштырылсын;
жогоруда аталган Нускаманын 15-тиркемесинин аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Контракт" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "Келишим" деген сөзгө алмаштырылсын;
жогоруда аталган Нускаманын 17-тиркемесинин 1.4-пунктундагы "(контрактка)" деген сөз алып салынсын;
жогоруда аталган Нускаманын 19-тиркемесинин аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "(Контракт)" деген сөз алып салынсын;
жогоруда аталган Нускаманын 20-тиркемесинде:
- аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "(Контракт)" деген сөз алып салынсын;
- биринчи абзацындагы "үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын" деген сөздөр "дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган Нускаманын 21-тиркемесинин бүткүл тексти боюнча "(Контракт)" деген сөз алып салынсын;
жогоруда аталган Нускаманын 22-тиркемесинин бүткүл тексти боюнча "(Контракт)" деген сөз алып салынсын;
жогоруда аталган Нускаманын 23-тиркемесинин 2-пунктундагы "(Контракттын)" деген сөз алып салынсын;
жогоруда аталган Нускаманын 24, 25 жана 26-тиркемелеринин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |