Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 166 токтому менен бекитилген |
Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо төмөнкүлөрдү белгилейт:
1) төмөнкүлөрдүн өлчөмүн аныктоо тартибин:
- ипотекалык жабуунун өлчөмүн, аны күрөөгө коюу менен ипотекалык жабылуучу облигациялар (мындан ары - облигация) боюнча милдеттенмелерди аткаруу камсыз кылынат;
- ипотекалык төлөө үлүшү, жалпы үлүштүк менчик укугундагы ага карата үлүш катышуучунун ипотекалык сертификаттары менен күбөлөндүрүлөт.
2) ипотеканы жабуу депозитарийлеринин жана ипотекалык жабууну башкаруучунун иштерин жүргүзүүгө карата талаптар;
3) ипотекалык жабуунун реестрин (мындан ары - реестр) жүргүзүү тартибине карата талаптар;
4) аудитти өткөрүүнүн тартибине жана мөөнөтүнө карата талаптар;
5) отчёт берүүнүн көлөмүнө, мөөнөтүнө жана тартибине карата коюлуучу талаптар:
- ипотекалык катышуу сертификаттарын берүүчү жак (мындан ары - ипотекалык жабууну башкаруучу);
- ипотеканы жабуунун депозитарийи;
6) ипотекалык катышуу сертификаттарынын ээлеринин чогулушун даярдоонун, чакыруунун жана өткөрүүнүн тартибине карата кошумча талаптар;
7) ипотекалык катышуу сертификаттарын жоюунун тартибине, анын ичинде ипотекалык катышуу сертификаттарын жоюуда төлөнүүчү сумманы аныктоого карата коюлуучу талаптар.
II. Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруунун, жүгүртүүнүн жана жоюунун тартиби жөнүндө
2. Кыргыз Республикасында чыгарылган ипотекалык баалуу кагаздарды, элге сунуштоонун шарттарын жана эмиссиянын проспектисин (мындан ары - проспект) мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
3. Облигациялардын эмитентинин өздүк капиталынын көлөмү эмитенттин активдеринин өлчөмүнүн 10 пайызынан кем болбошу керек.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан мамлекеттик каттоодон өтпөгөн ипотекалык баалуу кагаздар менен бүтүм түзүүгө тыюу салынат.
Облигациялардын мурдагы чыгарылышынын жыйынтыгы ишке ашты же ишке ашкан жок деп таанылганга чейин облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоону ишке ашыруу мүмкүн эмес.
Облигациялар, айкын сунуштоонун шарттары жана проспекти мамлекеттик каттоодон өткөнгө чейин, ошондой эле маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ачылганга чейин ипотекалык баалуу кагаздарды жарнамага чыгарууга тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Облигациялардын эмиссиясы айкын болушу, облигацияларды айкын сунуштоо менен коштолушу же жеке болушу мүмкүн, анда эмитент өзүнүн облигацияларын жеке сунуштоо жолу менен жайгаштырат.
6. Эмиссиянын бир проспектине кирген бардык транштагы облигациялар жалпы ипотекалык төлөө менен камсыздалышы мүмкүн.
7. Чыгарылган ипотекалык баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоодо ал чыгарылышка мамлекеттик каттоо номери берилет.
8. Ипотекалык баалуу кагаздардын чыгарылышын, айкын сунуштоонун шарттарын жана проспектин мамлекеттик каттоо үчүн комиссиялык акы алынат, анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген.
1. Айкын эмиссия
§ 1. Облигациялардын айкын эмиссиясынын этаптары
9. Облигациялардын айкын эмиссиясынын жол-жобосу төмөнкү этаптарды камтыйт:
- эмитенттин облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуусу;
- облигацияларды айкын сунуштоонун шарттарын жана проспектин ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик каттоо;
- облигацияларды айкын сунуштоо жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруу;
- облигацияларды жайгаштыруу;
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жыйынтыгын ишке ашканын же ишке ашпаганын таануу.
§ 2. Облигациялардын эл алдындагы сунуштарынын шарттары
10. Облигацияларды айкын сунуштоонун шарттары облигацияларды айкын чыгаруунун ар кандай шарттарын ачык жана түшүнүктүү баяндаган документ болуп саналат, ал шарттарды аткарбоо облигациялардын чыгарылышынын токтотулушуна алып келет.
11. Облигацияларды айкын сунуштоонун шарттары ушул жобонун 1-тиркемесине ылайык формада баяндалат.
Облигацияларды айкын сунуштоонун шарттарынын ар бир барагы номерленип, жетекчинин колу коюлат жана эмитенттин мөөрү менен бышыкталат.
12. Облигацияларды айкын сунуштоонун шарттары үч нускада түзүлөт.
Бир нускасы каттаган органда сакталат, экинчиси - эмитентте болот, ал эми үчүнчүсү болсо көз карандысыз реестр кармоочуга сактоого өткөрүп берилет.
Облигацияларды айкын сунуштоонун шарттарынын текстинде айырмалар бар болсо каттоочу органда сакталган документтин тексти түп нуска деп саналат.
13. Облигацияларды айкын сунуштоонун шарттарында ипотекалык эмитенттин облигацияларды мөөнөтүнөн мурда төлөө мүмкүнчүлүгү каралышы мүмкүн.
Эмитент мөөнөтүнөн мурда жойгон облигациялар кайрадан жүгүртүүгө чыгарылбайт жана баалуу кагаздардын ээлеринин реестрине жазылууга тийиш, анда ипотекалык баалуу кагаздарга укуктардын эсеби жүргүзүлөт.
14. Облигацияларды айкын сунуштоонун шарттарында, облигациялардын чыгарылышы ишке ашпай калды деп таануу учуруна карата эмитент облигациялар үчүн акы катары алган каражаттарды кайтаруунун тартиби каралууга тийиш.
15. Баалуу кагаздарды айкын сунуштоонун шарттарынын негизги жоболорун эмитенттин ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган башкаруучу органы бекитет.
§ 3. Облигациялардын эмиссиясынын проспекти
16. Облигациялардын эмиссиясынын проспекти ушул жобонун 2-тиркемесине ылайык формада таризделет.
17. Облигациялардын эмиссиясынын проспектисинин ар бир бети номерленет, көктөлөт, кызмат адамдары (эмитенттин жетекчиси, башкы бухгалтери) кол коюшат жана эмитенттин мөөрү менен бекитилет.
18. Облигациялардын эмиссиясынын проспекти үч нускада түзүлөт.
Проспекттин нускаларынын текстинде айырма болгон учурда ыйгарым укуктуу органда сакталган документтин тексти түп нуска деп саналат.
19. Эмитент проспектте камтылган маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, жана проспектте камтылган маалыматты ачыкка чыгаруунун тартиби жөнүндө билдирүүнү жалпыга маалымдоонун басма каражаттарына жарыялоого милдеттүү.
Облигациялардын чыгарылышы жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруу төмөндөгү маалыматтарды жана информацияны жарыялоо жолу менен ишке ашырылат:
- эмитент жөнүндө маалымат (аталышы, жайгашкан жери, почтанын дареги, уюштуруу-укуктук формасы);
- облигацияларды мамлекеттик каттоо жөнүндө маалымат (каттоону жүргүзгөн орган, мамлекеттик каттоо өткөрүлгөн күн жана чыгарылышка берилген мамлекеттик каттоо номери);
- облигациялардын негизги параметрлери (чыгарылган облигациялардын жалпы көлөмү, номиналдык наркы, жүгүртүүнүн мөөнөтү, кирешелерди төлөө тартиби);
- жайгаштыруунун баштапкы датасы жана кызыкдар тараптар проспектидеги маалыматтар менен тааныша алуучу жерлер.
20. Проспектиге анда чагылдырылган маалымат үчүн жооптуулар, эмитенттин кызмат адамдары кол коюуга тийиш.
Проспектиге кол койгон адамдар проспектиде туура эмес, толук эмес жана/же инвесторду адаштырган маалыматтан улам облигациялардын ээсине зыян келтирилгендиги үчүн эмитент менен чогуу жоопкерчилик тартышат.
§ 4. Облигацияларды чыгарууну, айкын сунуштоонун шарттарын жана облигацияларды чыгаруунун проспектин мамлекеттик каттоо
21. Облигациялардын чыгарылышын, айкын сунуштоонун шарттарын жана проспектин мамлекеттик каттоо эмитент тапшырган документтердин негизинде бир мезгилде ишке ашырылат.
22. Облигациялардын чыгарылышын, айкын сунуштоонун шарттарын жана проспектин мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтер тапшырылат:
- ушул жобонун 3-тиркемесине ылайык формада толтурулган арыз;
- облигацияларды айкын сунуштоонун Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына жооп берүүчү шарттары;
- Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына жооп берген проспекти;
- эмитенттин каттоодон өткөнүн тастыктаган документтин көчүрмөсү;
- юридикалык жактын уставынын көчүрмөсү, уставга кирген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен;
- эмитент облигацияларды айкын сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алганын тастыктоочу документтин көчүрмөсү;
- облигацияларды айкын сунуштоонун шарттарын жана проспектини каттоо үчүн комиссиялык төлөмдү тастыктоочу документ;
- эмитенттин акыркы 3 жылдагы жылдык бухгалтердик отчётторунун көчүрмөлөрү же эгер эмитент өзүнүн ишин жүргүзүп жатканына 3 жылга жетпесе, өткөн 2 финансылык жылдагы отчёттор;
- берилген бухгалтердик отчётко аудитордун корутундусу (аудиторлордун квалификациясына жана кесиптик компетенциясына талаптарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт);
- эмитенттин милдеттенмелеринин аткарылышына камсыздоо бар экендигин ырастаган документтер;
- проспектини түзүп жаткан мезгилге карата өткөн отчёттук квартал үчүн эмитенттин кварталдык бухгалтердик отчётунун көчүрмөлөрү;
- корпоративдик башкаруу кодексинин көчүрмөлөрү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Ыйгарым укуктуу органга ушул бөлүмгө ылайык тапшырылуучу документтердин көчүрмөлөрүнүн туура экендиги эмитенттин мөөрү жана ал ыйгарым укук берген адамдын колу менен ырасталууга же белгиленген тартипте нотариуста тастыкталууга тийиш.
24. Коомдун уставы жана/же ички документтери менен тапшырылуучу документтердин толуктугун жана тууралыгын камсыздоо боюнча милдет жүктөлгөн эмитенттин кызмат адамдары андагы маалыматтардын тууралыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооптуу болушат.
25. Ыйгарым укуктуу орган эмиссиянын проспектинде жана облигацияларды мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган башка документтерде айтылган маалыматтардын тууралыгын ылгап текшерүүгө укуктуу.
26. Ыйгарым укуктуу орган облигацияларды, айкын сунуштоонун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө, же ушул Жобого ылайык баардык документтер тапшырылган датадан тартып 15 иш күнүнөн кечиктирбей мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө негиздүү чечим чыгарууга милдеттүү.
27. Эмитент облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо үчүн тапшырган документтерге өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө укуктуу. Документтер каралып жаткан мезгилде каттоочу орган эмитенттен айкын сунуштоонун шарттарына жана (же) проспектиге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керектүү өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүнү талап кылууга укуктуу.
28. Облигацияларды, айкын сунуштоонун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоо жөнүндө чечими кабыл алынган учурда. эмитентке төмөндөгүлөр берилет:
- айкын сунуштоонун шарттарынын эки нускасы, алар каттоочу органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлүп, облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо номери жана каттоо датасы көрсөтүлөт;
- проспектинин эки нускасы, алар каттоочу органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлүп, облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо номери жана каттоо датасы көрсөтүлөт;
- облигацияларды мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоочу органдын чечими, анда айкын сунуштоонун жыйынтыгы жөнүндө отчетту жана облигацияларды жоюунун жыйынтыгы жөнүндө отчетту берүүнүн мөөнөтү көрсөтүлөт.
Ипотекалык баалуу кагаздарга берилген мамлекеттик каттоо номери айкын сунуштоонун шарттарынын жана проспектинин ар бир нускасынын титул барагына коюлат.
29. Облигацияларды чыгарууну мамлекеттик каттоодо ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул жобонун 5-тиркемесине ылайык формада Облигацияларды каттоо картасын толтурат.
30. Облигациялардын чыгарылышын, айкын сунуштарды жана проспектини мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй негиздер боюнча чыгарышы мүмкүн:
- эгерде эмитенттин облигацияларды айкын сунуштоосу, ошондой эле облигацияларды чыгаруусу Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына каршы келсе;
- облигацияларды, айкын сунуштоонун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтар Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына каршы келсе;
- документтерде туура эмес маалыматтар бар экени аныкталса;
- тапшырылган документтер жана анда камтылган маалыматтар толук эмес болсо.
Баалуу кагаздарды ачык сунуш кылуунун шарттарын жана проспектин максатка ылайык келбегендигинен улам мамлекеттик каттоодон баш тартууга мүмкүн эмес.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Облигацияларды, айкын сунуштоонун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоодон баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу орган бул эж арыз ээсине жазуу жүзүндө, андай чечим кабыл алынган учурдан тартып 5 иш күнүнөн кечиктирбестен, баш тартуунун себебин керсөтүү менен маалымдоого тийиш.
Айкын сунуштоонун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоодон баш тартылган облигацияларды айкын сунуштоого болбойт.
Баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу орган тапшырылган ар бир документтин бирден нускасын же алардын көчүрмөлөрүн өзүндө калтырат, калган документтер эмитентке кайтарылат.
§ 5. Айкын сунушталган облигацияларды жайгаштыруу
32. Айкын сунуштоонун шарттары жана проспекти мамлекеттик каттоодон өткөн облигациялардын айкын эмиссиясында облигацияларды айкын сунуштоонун шарттарында жана проспектиде көрсөтүлгөн, бирок мамлекеттик каттоого алынган мезгилден баштап 1 жылдан ашпаган мөөнөттө айкын сунушталса болот.
33. Сунушталган ипотекалык баалуу кагаздарды эл алдында жайгаштыруу эл алдында сунуш жөнүндө маалымат ачыкка чыккан күндөн баштап 5 күндөн эрте эмес мөөнөттө башталышы мүмкүн.
Айкын сунушталуучу облигацияларды жайгаштыруу айкын сунуштоо жөнүндө маалымат ачылган күндөн тартып 5 иш күнүнөн эрте эмес башталса болот.
Баалуу кагаздарды айкын сунуштоо жөнүндө маалыматты ачуу айкын сунуштоо жөнүндө маалыматты жарыялоо жолу менен ишке ашырылат, анда каалаган жактар облигацияларды айкын сунуштоонун шарттары жана проспект менен тааныша алуучу жерлер көрсөтүлөт.
34. Айкын сунушталуучу облигацияларды жайгаштыруу фондулук биржада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Фондулук биржанын баалуу кагаздарын сатуунун эрежелерине ылайык ишке ашырылат.
35. Облигацияларды айкын сунуштаган эмитентке айкын сунушталган облигацияларды сатуунун жүрүшүндө түшкөн акча каражаттарды пайдаланууга тыюу салынбайт.
§ 6. Транш менен жайгаштырылуучу облигациялардын эмиссиясынын өзгөчөлүктөрү
36. Облигацияларды айкын сунуштоонун шарттарында аларды бир чыгарылыштын чегиндеги ар кандай мөөнөттөрдө (транштар менен) бөлүп-бөлүп, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган облигацияларды жайгаштыруунун чектик мөөнөтүнөн кечиктирбестен жайгаштыруу каралышы мүмкүн.
37. Облигациялардын бир чыгарылыштын чегиндеги транштарынын жалпы саны, ошондой эле транштар менен жайгаштырылуучу чыгарылыштагы облигациялардын жалпы саны айкын сунуш кылуунун шарттарында, проспектиде (айкын эмиссия кылынган учурда) жана облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечимде көрсөтүлүшү керек. Бир чыгарылыштагы облигациялардын транштарынын жалпы, ошондой эле ар бир транштагы ал облигациялардын так саны менен көрсөтүлүшү, же болбосо аларды аныктоонун тартиби белгилениши мүмкүн.
38. Ар бир траншты жайгаштыруунун мөөнөттөрү же аларды аныктоонун тартиби облигацияларды чыгаруунун шарттарында көрсөтүлөт. Облигациялардын бир чыгарылышынын чегинде ар бир траншты жайгаштыруунун мөөнөттөрү ар кандай болушу мүмкүн.
§ 7. Облигацияларды айкын сунуштоону токтотуп туруу, айкын сунуштоонун шарттарын жана проспектинин мамлекеттик каттоону жокко чыгаруу
39. Ыйгарым укуктуу орган облигацияларды айкын сунуштоону бир айдан ашпаган мөөнөткө токтото турушу мүмкүн жана ал мөөнөт аяктаган соң айкын сунуштоонун шарттарын жана проспектинин мамлекеттик каттоосун төмөнкүдөй учурларда жокко чыгара алат:
- проспектте ар кандай жалган же жаңылыштык жолго салуучу маалыматтар болсо;
- облигацияларды айкын сунуштоо процессинде облигацияларды сунуштоонун шарттары бузулса;
- баалуу кагаздарды айкын сунуштоо процессинде "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар бузулса.
40. Токтото турган мөөнөт аяктагандан кийин жогоруда аталган эреже бузуулар жоюлбаган учурда ыйгарым укуктуу орган облигацияларды айкын сунуштоону ишке ашкан жок деп тааныйт жана айкын сунуштоонун шарттарын жана проспекттин мамлекеттик каттоосун жокко чыгарат.
41. Облигацияларды айкын сунуштоо токтотулуп турган учурда облигацияларды айкын сунуштоого, ошондой эле алар менен бүтүмдөрдү түзүүгө тыюу салынат.
42. Облигацияларды айкын сунуштоонун жана проспекттин мамлекеттик каттоосу жокко чыгарылганда облигацияларды айкын сунуштаган жактар ошол чыгарылыштагы облигацияларды андан ары айкын сунуштоону токтотууга милдеттүү.
§ 8. Облигациялардын эмиссиясын айкын сунуштоонун шарттарына, проспектине өзгөртүүлөр жана толуктоолор
43. Эмитент төмөндөгү учурларда ыйгарым укуктуу органга айкын сунуштоонун жана проспекттин шарттарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду андай өзгөртүүлөр жана толуктоолор пайда болгон же табылган учурдан тартып 5 иш күнүнөн ашпаган мөөнөттө аны каттоо үчүн толук маалымат менен тапшырууга милдеттүү:
- эгерде проспекттин ичинде маалыматтарда өзгөрүүлөр пайда болсо;
- эгерде проспектти ыйгарым укуктуу органга бергенге чейин бар болгон, ачыкка чыгарыла турган жаңы маанилүү маалымат пайда болсо;
- эгерде проспектте жалган же адашууга алып келүүчү маалыматтар бар болсо, же проспектте маалыматты ачууда олуттуу кемчиликтер бар болсо.
44. Эмиссияны айкын сунуштоонун шарттарына, проспектине ушул шарттар менен белгиленген жана эмиссиянын проспектинде көрсөтүлгөн бир ипотекалык баалуу кагаз боюнча укуктардын көлөмү жагынан өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт.
45. Эмитент тарабынан айкын сунуштоонун шарттарына, проспектине өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан баштап облигацияларды айкын сунуштоонун шарттарына жана проспектине киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолорду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматты эмитент ачкан учурга чейин облигациялар менен жарандык-укуктук келишимдерди түзүү токтотулуп турат.
46. Эмитент айкын сунуштоонун шарттарына, проспектиге өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн баштал 5 күндөн кеч эмес мөөнөттө облигациялар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүнү токтотуп туруу жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарууга милдеттүү.
47. Айкын сунуштоонун шарттарына, проспектиге өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун киргизилишин каттоо өзгөртүүлөр менен толуктоолор берилген учурдан баштап 10 иш күнүнөн ашпаган мөөнөттүн ичинде ишке ашырылат.
48. Айкын сунуштоонун шарттарына, проспектиге өзгөртүүлөрдүн жана (же) толуктоолордун киргизилиши катталган учурда эмитент төмөнкүлөргө милдеттүү:
- айкын сунуштоонун шарттарына, проспектиге киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого. Эмитент мурдагы таратылган айкын сунуштоонун шарттарын жана проспектини катталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен толуктоого тийиш;
- эгерде айкын сунуштоонун шарттарына, проспектиге ушундай өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү облигациялардын жазылуучуларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөрүнүн айкын сунуштоодогу акцепттерин кайра алууга жана облигацияларды сатып алууга арыз бергенде төлөгөн каражаттарын кайра алууга укук бере турган болсо жазылуучуларга ушул жөнүндө жазуу жүзүндө маалымат жиберүүгө.
§ 9. Облигацияларды айкын сунуштоонун жыйынтыгы жөнүндө отчётту каттоо
49. Катталган айкын сунуштоонун шарттарында жана проспектиде көрсөтүлгөн облигацияларды жайгаштыруунун мөөнөтү аяктагандан кийин эмитент ыйгарым укуктуу органга облигацияларды чыгаруунун жана жайгаштыруунун жыйынтыгы жөнүндө отчет берет, ал эми эгерде облигациялардын баары ушул мөөнөт аяктаганга чейин жайгаштырылса - ошол чыгарылыштагы акыркы кагаз жайгаштырылгандан кийин 30 күндөн кечиктирбестен берет.
50. Облигацияларды айкын сунуштоо жөнүндө отчёттун ар бир барагы номерленет, көктөлөт, жетекчи, башкы бухгалтер, эмитенттин регистратору (депозитарийи) тарабынан кол коюлат, эмитенттин мөөрү менен бекитилет.
51. Облигацияларды айкын сунуштоо жөнүндө отчётту каттап жана бекитип жаткан учурда каттоочу органга төмөндөгүлөр берилет:
- ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык формада түзүлгөн облигацияларды айкын сунуштоо жана жайгаштыруу жөнүндө отчётту каттоого арыз;
- толук төлөмдү тастыктаган документ (эмитенттин эсебине акча каражаттары түшкөнү жөнүндө банктын маалымкаты);
- ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык формада түзүлгөн облигацияларды айкын сунуштоонун жыйынтыгы жөнүндө эки нускадагы отчет;
- облигацияларды кармоочулардын реестринен көчүрмө;
- жайгаштырылган облигациялардын акысына төлөнгөн чет өлкөлүк валютанын көлөмү жөнүндө маалымат, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эквивалентин көрсөтүү менен;
- резидент эместердин арасында жайгаштырылган облигациялардын наркы, сатып алуучулардын өлкөлөрүн көрсөтүү менен.
52. Облигацияларды кармоочулардын реестринен көчүрмө төмөндөгүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- чыгарылган облигациялардын жалпы саны;
- жайгаштырылган облигациялардын жалпы саны;
- облигацияларды кармоочулардын (юридикалык жана жеке жактардын) жалпы саны.
53. Облигациялар үчүн акы акча каражаттары менен гана төлөнөт.
54. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган облигацияларды айкын сунуштоо жөнүндө отчет берилген учурдан баштап 10 иш күнүнүн ичинде облигацияларды айкын сунуштоо жөнүндө отчетту каттоо жөнүндө чечим чыгарууга, же облигацияларды айкын сунуштоо ишке ашкан жок деп таанып жана облигацияларды айкын сунуштоонун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоону жокко чыгарууга тийиш.
Облигацияларды айкын сунуштоо жөнүндө отчет тапшырылган учурдан баштап 10 иш күн өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу орган ушул облигациялардын айкын сунушталышын ишке ашкан жок деп таанууга укугу жок болот.
Облигацияларды айкын сунуштоонун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоону жокко чыгаруу ушул облигациялардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номеринин жокко чыгарылышына алып келет.
Облигациялардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номерин жокко чыгаруу ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазууну жазуу менен ишке ашырылат.
Облигациялардын мамлекеттик каттоо номерин жокко чыгаруу айкын сунуштоонун шарттарынын жана проспектинин мамлекеттик катталышын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган датадан баштап кийинки күндөн кеч эмес мөөнөттө ишке ашырылат.
55. Облигацияларды айкын сунуштоонун жыйынтыгы жөнүндө отчётту ыйгарым укуктуу органда каттаган датадан баштап 5 иш күнүнүн ичинде эмитент облигацияларды айкын сунуштоонун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты төмөнкүдөй ачыкка чыгарууга милдеттүү:
- облигацияларды айкын сунуштоонун жыйынтыгы жөнүндө билдирүүнү жарыялоого;
- айкын сунуштоонун жыйынтыгы жөнүндө отчётун фондулук биржага жиберүүгө.
56. Облигацияларды айкын сунуштоонун жыйынтыгы жөнүндө отчёт катталган учурда ыйгарым укуктуу орган эмитентке облигацияларды айкын сунуштоонун жыйынтыгы катталганы жөнүндө чечимди жана отчётту каттоо жөнүндө белги коюлган эки нускасын берет.
57. Облигацияларды айкын жайгаштыруу мөөнөтүндө облигациялар айкын сунуштоонун шарттарында белгиленгенден аз санда жайгаштырылышы мүмкүн. Мындай учурда ыйгарым укуктуу орган ушул чыгарылыштагы облигациялардын санын аларды жайгаштыруунун жыйынтыгы жөнүндө отчеттогу маалыматтардын негизинде жайгаштырылбаган облигациялардын санына азайтышы мүмкүн.
58. Айкын сунуштоонун жана проспектинин шартында каралган бир да ипотекалык баалуу кагаз жайгаштырылбаган учурда, мындай чыгарылыш ишке ашпай калды деп таанылат жана ошол чыгарылышка берилген мамлекеттик каттоо номери жокко чыгарылат.
59. Облигацияларды айкын сунуштоонун жыйынтыгы жөнүндө отчётту каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй негиздер боюнча кабыл алышы мүмкүн:
- айкын жайгаштыруу эмиссиясынын учурунда эмитент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузса;
- отчёттогу маалыматтардын курамы ушул Жобо менен белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
- айкын сунуштоонун жана проспектинин жыйынтыгы жөнүндө отчётту каттоо үчүн берилген документтерге жалган же чындыкка дал келбеген (туура эмес) маалыматтар киргизилсе;
- проспектте камтылган маалыматты көрүүнү камсыз кылуу жана маалыматты ачыкка чыгаруунун тартибин жарыялоо боюнча белгиленген талаптар эмитент тарабынан аткарылбаса;
- облигацияларды айкын сунуштоонун мөөнөтүнүн ичинде эмитенттин облигацияларды ишке ашыруунун, облигацияларды кармоочулардын укуктарынын көлөмүн жана мазмунун бир тараптуу өзгөртүүсү;
- облигацияларга камсыздоо берүү боюнча бүтүмдү бузса же башка негиздер боюнча токтотсо, же чыгарылган облигациялар боюнча берилген камсыздоону жайгаштырылган облигациялардын наркын жаба албоочу өлчөмгө чейин азайтса.
60. Облигацияларды айкын сунуштоонун жыйынтыгы жөнүндө отчётту каттоодон баш тарткан учурда мындай чыгарылыш ишке ашпай калды деп таанылат жана анын мамлекеттик каттоо номери жокко чыгарылат.
Облигацияларды айкын сунуштоонун жыйынтыгы жөнүндө отчётту каттоодон баш тарткан учурда ыйгарым укуктуу орган тиешелүү чечим кабыл алынган датадан баштап үч күндөн кеч эмес мөөнөттө, баш тартуунун негизин көрсөтүү менен эмитентке облигацияларды айкын сунуштоонун жыйынтыгы жөнүндө отчётту каттоодон баш тартылганы жөнүндө билдирүү жиберүүгө милдеттүү.
Облигацияларды айкын сунуштоонун жыйынтыгы жөнүндө отчётту каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимдин үстүнөн "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот.
61. Эмитент облигацияларды айкын сунуштоо жөнүндө отчёттогу маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
2. Облигациялардын жеке эмиссиясы (жабык жайгаштыруу)
§ 1. Облигациялардын жеке эмиссиясынын (жабык жайгаштыруунун) этаптары
62. Облигациялардын жеке эмиссиясынын (жабык жайгаштыруунун) жол-жоболору төмөнкүдөй этаптарды камтыйт:
- эмитенттин облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алышы;
- облигациялардын чыгарылышын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоо;
- облигацияларды жайгаштыруу;
- облигацияларды чыгаруунун жыйынтыгын ишке ашты же ишке ашкан жок деп таануу.
§ 2. Жеке эмиссияда (жабык жайгаштырууда) ипотекалык баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо
63. Жеке эмиссияда (жабык жайгаштырууда) облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо үчүн эмитент каттоочу органга төмөндөгү документтерди берет:
- ушул Жобонун 9-тиркемесине ылайык формадагы мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз;
- эмитенттин юридикалык жак катары катталгандыгы жөнүндө тастыктоочу документтин көчүрмөсү;
- юридикалык жактын уюштуруучу документтеринин көчүрмөсү;
- ыйгарым укуктуу органдын облигацияларды чыгаруу жана жабык жайгаштырылышы жөнүндө чечим чыгарганын тастыктаган документтин көчүрмөсү;
- каттоочу жыйымдардын төлөнгөнүн тастыктаган документ.
64. Ыйгарым укуктуу орган документтерди алган датадан баштап 5 иш күнүнөн ашпаган мөөнөттө облигацияларды каттоого же мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алууга милдеттүү.
65. Облигацияларды мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда эмитентке ыйгарым укуктуу органдын облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо тууралуу чечими берилет.
66. Облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодо ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык формада Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү үчүн Облигацияларды каттоо картасын толтурат.
67. Облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон баш тартуу тууралуу чечимди ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй негиздер боюнча кабыл алышы мүмкүн:
- эгерде облигациялардын чыгарылышы Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамынын талаптарына каршы келсе;
- облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтердеги маалыматтар Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамынын талаптарына ылайык келбесе;
- документтерде туура эмес маалыматтардын бардыгы аныкталса;
- берилген документтер жана алардагы маалыматтар толук болбосо.
Жекече сунуш кылуунун шарттарын максатка ылайык келбегендигинен улам мамлекеттик каттоодон баш тартууга мүмкүн эмес.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
68. Облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон баш тарткан учурда ыйгарым укуктуу орган мындай чечим кабыл алынган учурдан баштап 5 иш күнүнөн ашпаган мөөнөттө арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
Мамлекеттик каттоодон баш тарткан учурда ыйгарым укуктуу орган берилген документтердин ар биринин бирден нускасын же алардын көчүрмөсүн өзүндө алып калат, калган документтер эмитентке кайтарылат.
69. Облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимдин үстүнөн "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот.
§ 3. Облигацияларды жеке эмиссияда чыгаруунун жыйынтыктары (жабык жайгаштыруу)
70. Эгерде жайгаштырылган мөөнөтү аяктагандан кийин бирден аз эмес ипотекалык баалуу кагаз жайгаштырылса облигацияларды жеке эмиссияда чыгаруу (жабык жайгаштыруу) ишке ашты деп таанылат.
71. Ипотекалык баалуу кагазын жайгаштыруу аяктагандан кийин 30 күнүнөн ашпаган мөөнөттө эмитент баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөрдү камтыган билдирүү (үч нускада) берүүгө милдеттүү:
1) облигацияларды жайгаштыруу датасынын башталышы жана аякташы;
2) жайгаштырылган облигациялардын саны;
3) бир облигацияны жайгаштыруунун наркы;
4) жайгаштырылган облигациялар үчүн түшкөн кирешенин жалпы көлөмү, анын ичинде:
- улуттук валютадагы акча каражаттарынын көлөмү;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча төлөгөн учурга карата Кыргыз Республикасынын валютасында көрсөтүлгөн чет элдик валютанын көлөмү;
5) коомдун көз каранды эмес реестр кармоочусу тарабынан берилген облигациялардын реестринин көчүрмөсү;
6) облигацияларга акы төлөнгөнүн тастыктоочу документтер.
3. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын эмиссиясы
72. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын эмиссиясы ушул Жободо белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого алынууга жатат. Катышуунун ипотекалык сертификаттарын алардын эмиссиясын мамлекеттик каттоого албай туруп аларды жайгаштырууга тыюу салынат. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын эмиссиясын мамлекеттик каттоо ага ылайык ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруунун тийиштүү эрежесин (мындан ары - эрежелер) бир мезгилде каттоо менен жүргүзүлөт.
73. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын эмиссиясын жана эрежелерин каттоо үчүн ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтер берилет:
- ипотекалык жабууну ишеним менен башкарууну түзүү ниетин билдирген башкаруучу компаниянын арызы;
- ипотекалык жабууну башкаруучунун эрежени бекитүү жөнүндө чечими;
- ипотекалык жабууну башкаруучунун инвестициялык активдерди ишеним менен башкаруу боюнча иштөөгө лицензиясынын көчүрмөсү;
- эреже (үч нускада, көктөлгөн жана башкаруучу компаниянын мөөрү басылып күбөлөндүрүлгөн);
- депозиттик кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимдин көчүрмөсүн;
- көз каранды эмес реестр кармоочу кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимдин көчүрмөсү;
- ишеним менен башкарууга байланышкан эсеп-кысапты жана отчетту аудитордук текшерүүнү өткөрүү жөнүндө көз каранды эмес аудитор менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү.
74. Катышуунун ипотекалык сертификаттары ипотекалык камтууну түзүүчү талапка укугу бар адамдарга берилет.
Катышуунун ипотекалык сертификаттарын жайгаштыруу бүткөндөн кийин ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруучу 30 күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга төмөнкү маалыматтарды камтыган билдирүү (үч нускада) берүүгө милдеттүү:
1) катышуунун ипотекалык сертификаттарын жайгаштыруу башталган жана бүткөн датаны;
2) жайгаштырылган катышуунун ипотекалык сертификаттарынын санын;
3) катышуунун ипотекалык бир сертификатын жайгаштыруунун баасын;
4) коомдун көз каранды эмес реестр кармоочусу берген катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестринен көчүрмөнү.
75. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрин жүргүзүүгө баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча ишке лицензиясы бар көз каранды эмес реестр кармоочу укуктуу.
76. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрин жүргүзүү боюнча келишим бир гана көз карандысыз реестр кармоочу менен түзүлүшү мүмкүн.
77. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрин жүргүзүүнүн тартиби "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-сентябрындагы № 536 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылат.
78. Ипотекалык жабууну башкаруучу кудуретсиз (банкрот) деп таанылган же анын лицензиясы жокко чыгарылган учурда ипотекалык жабууну түзгөн мүлк 30 күндүн ичинде конкурстук негизде ыйгарым укуктуу орган тарабынан тандалган лицензиясы бар башка башкаруучуга ишеним менен башкарууга өткөрүп берилүүгө тийиш.
Конкурска катышуу үчүн башкаруучу компаниялар ушул Жобонун 188-пунктунда белгиленген талаптарга жооп бериши керек.
79. Мүлктүн жана документтердин өткөрүп берилиши ипотекалык жабууну башкаруучунун ыйгарым укуктуу адамдары, конкурстун негизде тандалып алынган ипотекалык жабуунун жаңы башкаруучусу, ошондой эле ипотекалык жабуунун депозитарийи тарабынан кол коюлган кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен таризделет.
Эгер мүлк ипотекалык жабууну башкаруучуга кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюлгандан кийин берилген болсо, ипотекалык жабуунун башкаруучусу ал мүлктү ипотекалык жабуунун жаңы башкаруучусуна мүлк ага келген күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен өткөрүп бериши керек.
Ипотекалык жабуунун жаңы башкаруучусу жөнүндө маалыматтар ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруунун эрежесине киргизилет.
Аталган маалыматтар ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталууга тийиш.
4. Облигацияларды жүгүртүү жана жабуу
80. Облигациялардын ээлеринин укуктарын эсептөө көз карандысыз реестр кармоочу тарабынан ишке ашырылат.
Баалуу кагаздардын эмитенти баалуу кагаздардын көз каранды эмес реестр кармоочусу менен облигацияларды кармоочулардын реестрин жүргүзүүгө жана сактоого келишим түзүүгө тийиш.
81. Облигацияларга менчик укугу реестрди жүргүзүү системасында реестр кармоочудагы өздүк эсептердеги жазуулар менен күбөлөндүрүлөт же облигацияларга укуктарды депозитарийде эсепке алган учурда - депозитарийлердеги депо эсептери боюнча жазуулар менен күбөлөндүрүлөт.
Облигациялардын ээлеринин реестрин жүргүзүүнүн тартиби "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-сентябрындагы № 536 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылат.
82. Айкын сунушталуучу облигацияларды сатуу-сатып алуу боюнча бүтүмдөр фондулук биржада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесине ылайык ишке ашырылат.
83. Облигациялар боюнча пайыздарды төлөөнүн тартиби, мөөнөтү жана жолу облигацияларды айкын сунуштоонун шарттары менен белгиленет.
Ачык компания болгон эмитент пайыздарды төлөгөндөн кийин 5 күндөн кечиктирбестен (же эгер эмитент пайыздарды төлөө мөөнөтү аяктаган учурга карата облигациялар боюнча пайыздарды толук төлөбөсө пайыздарды төлөө датасынан тартып) ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык формада ыйгарым укуктуу органга облигациялар боюнча киреше төлөнгөнү жөнүндө отчёт берет.
Жүгүртүүдөгү облигациялардын ар бир чыгарылышы боюнча эмитент облигациялар боюнча кирешелер төлөнгөнү жөнүндө өзүнчө отчёт берет,
84. Эмитент жүгүртүү мөөнөтү аяктагандан кийин облигациялардын номиналдык наркын төлөө же айкын сунуштоонун шарттарында каралгандай мүлктүк башка эквивалентте төлөө жолу менен облигацияларды жоюуга милдеттүү.
Облигациялар жоюлгандан кийин 5 иш күнүнөн кечиктирбестен (же эгер төлөө мөөнөтү аяктаган учурга карата облигациялардын баарын толук жойбосо) ушул Жобонун 8-тиркемесине ылайык формада ыйгарым укуктуу органга облигацияларды жоюунун жыйынтыгы жөнүндө отчёт берет.
85. Облигациялардын айрым бөлүгү мөөнөтүнөн мурда жоюлган учурда жоюунун жыйынтыгы жөнүндө отчёт ал облигацияларды жоюунун жыйынтыгы боюнча жана облигацияларды жүгүртүү мөөнөтү аяктагандан кийин берилет.
86. Эгерде облигациялар транш менен жайгаштырылса, анда ар бир транш боюнча эмитент облигациялардын жоюлушу жөнүндө өзүнчө отчёт берүүгө милдеттүү.
III. Ипотекалык жабууну баалоо жөнүндө
87. Ипотекалык жабууну баалоо көз каранды эмес баалоочу тарабынан, кыймылсыз мүлктү баалоодон башка учурларда эмиссиянын жол-жобосу башталганга чейин бир айдан эрте эмес мөөнөттө ишке ашырылат.
88. Ипотекалык жабуунун курамына кирген ипотекалык барымталар "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
89. Ипотекалык жабууну түзүүчү барымта менен күбөлөндүрүлгөн насыялардын жана күрөөлөрдүн сапатын баалоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген Активдерди классификациялоо жана мүмкүн болуучу жоготууларды жана чыгымдарды жабуу үчүн резервге тийиштүү которуулар жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлсө болот.
90. Эгер облигацияларды жүгүртүү процессинде "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлардын бири эле пайда болсо, эмитент ушул Жободо белгиленген тартипте жана мөөнөттө ал барымтаны ошого барабар баадагы ипотекалык барымтага жана/же мүлккө алмаштырууга милдеттүү.
Эгер жүгүртүү процессинде ипотекалык жабуунун курамына кирген мүлктүн сапаты начарласа/баасы төмөндөсө эмитент ушул Жободо белгиленген тартипте жана мөөнөттө мүлктү ошого барабар баадагы башка активге алмаштырылат.
91. Облигацияларды жүгүртүүнүн процессинде эмитент ошол чыгарылыштагы облигациялардын жоюла элек бөлүгүнүн суммалык номиналдык наркынын 100 пайызынан кем эмес ипотекалык жабуунун көлөмүн сактайт.
IV. Ипотекалык жабуунун аныктамасы жөнүндө
92. Эмитент облигациялардын эмиссиясында ипотекалык жабуунун депозитарийине түзүлгөн ипотекалык жабууну номиналдык кармоого өткөрүп берүүгө милдеттүү.
Ипотекалык жабуусу бар облигациялардын эмитенти ипотекалык жабуунун абалына ага карата коюлган талаптардын аткарылышы жагынан мониторинг жүргүзө алат.
93. Облигациялар боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуучу ипотекалык жабуунун өлчөмү төмөнкүлөрдү суммалоо жолу менен аныкталат:
- карыздын негизги суммасын төлөө жөнүндө, барымталар менен камсыздалган күрөөлүк келишимдер жана карыз алуу келишимдери боюнча пайыздарды төлөө жөнүндө ипотека менен камсыздалган талаптардын өлчөмүн;
- ушул Жобонун 94-пункту менен белгиленген талаптарга ылайык акча каражаттарынын суммасын;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарынын наркын (акчалай баасын);
- ипотека менен камсыздалган талаптар аткарылбаган же тийиштүү түрдө аткарылбаган учурда. облигациялардын эмитенти Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык сатып алган (өзүнө калтырган) кыймылсыз мүлктү өндүрүүгө чегерген учурда мүлктүн наркын (акчалай баасын);
- ипотекалык жабуусу бар облигациялардын эмитентинин кыймылсыз мүлкүнүн наркын (акчалай баасын), Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык.
94. Төмөнкүдөй талаптарга ылайык болгон учурда акча каражаттарынын суммасы ипотекалык жабуунун курамына кириши мүмкүн:
1) ипотекалык жабуунун курамына киргизилүүчү акча каражаттарынын суммасы ипотекалык жабуунун өлчөмүнүн 10 пайызынан ашпаса;
2) ушул Жобонун 153-пунктунда каралгандан башка учурларда акча каражаттары ушул чыгарылыштагы облигацияларды жоюу датасына чейин коммерциялык банкта мөөнөттүү - депозитте турса;
3) акча каражаттарынын суммасы төмөндөгү валюталардын кайсынысында болсо да сакталып турса:
- сом;
- АКШ доллары;
- евро;
- тенге;
- юань;
- россиянын рубли.
95. Ипотека менен камсыздалган талаптын барымта менен күбөлөндүрүлгөн өлчөмү карыздын негизги суммасын жана/же кредиттик келишимдин же карыз алуу келишиминин шарттарына ылайык пайыздарды төлөө боюнча милдеттенменин аткарылбаган бөлүгүнө барабар деп таанылат.
96. Мамлекеттик баалуу кагаздардын наркы (акчалай баасы) ипотекалык жабууну түзгөн мындай баалуу кагаздардын санынын алардын номиналдык наркына көбөйтүндүсү катары аныкталат.
97. Ипотекалык жабуунун курамына киргизилүүчү турак эмес кыймылсыз мүлктүн наркы (акчалай баасы) көз каранды эмес баалоочу тарабынан, ипотекалык облигацияларды чыгаруунун проспектисин мамлекеттик каттоого чейин 6 айдан эрте эмес мөөнөттө аныкталууга тийиш.
98. Ипотекалык жабуусу бар облигациялардын ипотекалык жабуусунун өлчөмү аларды жүгүртүүнүн бүткүл мөөнөтүнүн ичинде алардын суммалык номиналдык наркынын 100 пайызынан кем болбошу керек.
99. Облигациялардын ипотекалык жабуусунун өлчөмү облигациялар боюнча милдеттенмелер чет өлкөлүк валютада көрсөтүлгөндөн башка учурларда улуттук валюта менен аныкталат. Мында улуттук валюта менен көрсөтүлүп, ипотека менен камсыздалган талаптардын өлчөмү, милдеттенмелери чет өлкөлүк валюта менен көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын наркы, чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарынын суммасы, ошондой эле кыймылсыз мүлктүн чет өлкөлүк валюта менен көрсөтүлгөн наркы (акчалай баасы) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча ипотекалык жабуунун өлчөмүн аныктоо датасына карата сом менен облигациялардын ипотекалык жабуусунун өлчөмү катары эсепке алынат аныктоо күнүнө карата иш жүзүнө ашырылат.
Эгерде облигациялар боюнча милдеттенмелер чет өлкө валютасында көрсөтүлгөн болсо, облигацияларды ипотекалык жабуунун өлчөмү ушул валюта менен аныкталат. Мында ипотека менен камсыздалып, чет өлкөлүк валютада көрсөтүлгөн талаптардын өлчөмү, милдеттенмелери чет өлкөлүк валютада көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын наркы, чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарынын суммасы, ошондой эле кыймылсыз мүлктүн чет өлкөлүк валюта менен көрсөтүлгөн наркы (акчалай баасы) ипотекалык жабуунун өлчөмүн аныктаган датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсепке алынат.
Ар бир айдын акыркы иш күнүнө карата облигацияларды ипотекалык жабуунун өлчөмүн аныктоонун жыйынтыгы ипотекалык жабуунун өлчөмү жөнүндө маалымкатта көрсөтүлөт.
100. Жалпы үлүштүк менчиктеги үлүшү катышуунун ипотекалык сертификаттары менен күбөлөндүрүлгөн ипотекалык жабуунун өлчөмү төмөнкүлөрдү суммалоо жолу менен аныкталат:
а) ипотека менен камсыздалган милдеттенмелер боюнча талаптардын өлчөмүн;
б) башка ипотекалык жабуудагы жалпы менчик укугундагы үлүштү күбөлөндүрүүчү ипотекалык катышуу сертификаттарынын наркын (акчалай баасын);
в) талаптары ипотекалык жабуудан, андай талаптар боюнча өндүрүүгө чегерүүдөн жана ипотекалык жабууну түзүүчү ипотекалык катышуу сертификаттары боюнча милдеттенмелерди аткаруудан турган ипотекалык жабууну түзүүчү милдеттенмелердин талаптарын аткарууга байланыштуу алынган акча каражаттарынын суммаларын,
V. Ипотекалык жабуу депозитарийлеринин иштери жөнүндө
101. Депозитарий ипотекалык жабууну түзгөн мүлктү эсепке алат жана сактайт жана, ошондой эле "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-июнундагы № 344 токтому менен бекитилген Депозитардык иш жөнүндө жобого, депозитарийдин ички документтерине жана депозитарийдин эмитент (башкаруучу) менен келишимине ушул мүлктүн башкарылышын контролдойт.
102. Депозитарий төмөнкүлөрдү кабыл алууга жана сактоого милдеттүү:
- облигацияларды чыгаруу (кошумча чыгаруу) жөнүндө катталган чечимдердин көчүрмөлөрүн, облигациялардын катталган проспектилерин, облигацияларды чыгаруу (кошумча чыгаруу) жөнүндө катталган чечимдерге жана (же) облигациялардын проспектилерине киргизилип катталган өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду, облигацияларды чыгаруунун (кошумча чыгаруунун) жыйынтыгы жөнүндө катталган отчётторду (ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруунун катталган эрежесин жана ага толуктоолорду);
- ипотекалык катышуу сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушунун протоколдорунун көчүрмөлөрүн;
- ипотекалык жабууну түзгөн мүлккө тиешелүү баштапкы документтердин көчүрмөлөрүн, анын ичинде ипотекалык жабууну түзүүчү талаптарды камсыздоочу кыймылсыз мүлктүн күрөөсүнүн мамлекеттик каттоосун тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн, ипотекалык жабууну түзүүчү, облигациялар боюнча милдеттенменин аткарылышын камсыздоочу кыймылсыз мүлктүн мамлекеттик каттоосун;
- ипотекалык жабуунун өлчөмү жөнүндө маалымкаттардын көчүрмөлөрүн;
- ипотекалык катышуу сертификаттарын берүүнү тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн;
- ыйгарым укуктуу органдын эмитент (башкаруучу) "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууну жоюу жөнүндө көрсөтмөлөрүнүн көчүрмөлөрүн;
- ипотекалык жабуунун реестрин жүргүзүүгө тиешелүү документтерди.
§ 1. Ипотекалык жабууну түзүүчү мүлктү эсепке алуу жана сактоо
103. Депозитарий ипотекалык жабууну түзүүчү мүлктү реестрге киргизүү менен мүлктүн эсебин алат.
104. Ипотекалык жабуунун депозитарийи ипотекалык жабууну түзүүчү документсиз баалуу кагаздарга укукту эсепке алат жана ипотекалык жабууну түзүүчү документтүү баалуу кагаздарды сактайт.
Ипотекалык жабууну түзүүчү баалуу кагаздарга укукту эсепке алуу жана мындай баалуу кагаздарды сактоо башка ипотекалык жабууну түзүүчү баалуу кагаздардыкынан, ошондой эле аларга укукту эсепке алуу депозитарий тарабынан ишке ашырылуучу башка баалуу кагаздардыкынан бөлөк ишке ашырылат.
105. Ипотекалык жабуунун депозитарийи ипотекалык жабууну түзүүчү жана ага укуктун эсебин өзү жүргүзүүчү баалуу кагаздардын номиналдык кармоочусу катарында катталууга милдеттүү.
106. Эгерде мындай өткөрүп берүү "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Жобого же облигацияларды чыгаруу (кошумча чыгаруу) жөнүндө катталган чечимге (ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруунун катталган эрежесине) каршы келсе ипотекалык жабуунун депозитарийи эмитенттин (башкаруучунун) ипотекалык жабууну түзүүчү баалуу кагаздарды өткөрүп берүү жөнүндө тапшырмасын аткарууга укугу жок.
§ 2. Ипотекалык жабууну түзгөн мүлктү тескөөнү контролдоо
107. Ипотекалык жабуунун депозитарийи эмитент тарабынан "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө", "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Жобонун талаптары жана облигацияларды чыгаруу (кошумча чыгаруу) жөнүндө катталган чечимде белгиленген талаптардын аткарылышын, ошондой эле башкаруучу тарабынан "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө", "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын, ушул Жобонун жана ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруунун катталган эрежесинин талаптарынын аткарылышын контролдойт.
108. Ипотекалык жабуунун депозитарийи баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга жана эмитентке (башкаруучуга) "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобого ылайык контролдогондо аныкталган эреже бузуулар жөнүндө андай эреже бузуу аныкталган күндөн тартып 3 иш күнүнөн кеч эмес мөөнөттө билдирет.
109. "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө", "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону бузууну эмитенттин жоюусу жөнүндө көрсөтмөлөрдүн көчүрмөлөрүн ыйгарым укуктуу орган депозитарийге жана эмитентке (башкаруучуга) бир убакта жиберет.
110. Ипотекалык жабуунун депозитарийи ыйгарым укуктуу органга жана эмитентке (башкаруучуга) "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобого ылайык контролдогондо аныкталган эреже бузуулар жоюлганы жөнүндө андай эреже бузуу жоюлган күндөн тартып 3 иш күнүнөн кеч эмес мөөнөттө билдирет.
111. Ипотекалык жабуунун депозитарийи ыйгарым укуктуу органга эреже бузуу аныкталганы, эреже бузуу жоюлганы же эреже бузуунун жоюлбагандык фактысы жөнүндө белгиленген мөөнөттө, кагаз түрүндөгү сактагычта же электрондук документ түрүндө билдирет.
Ипотекалык жабуунун депозитарийи эмитентке (башкаруучуга) эреже бузуу аныкталганы жана ал эреже бузуунун жоюлганы жөнүндө депозитарийдин регламентинде белгиленген тартипте билдирет.
112. Эреже бузуу аныкталганы, эреже бузуу жоюлганы же эреже бузуунун жоюлбагандык фактысы жөнүндө билдирүүгө депозитарийдин жетекчиси же ал ыйгарым укук берген адам кол коёт жана депозитарийдин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
§ 3. Депозитарийди алмаштыруу
113. Депозитарийди алмаштырган учурда (ипотекалык жабуунун депозитарийинин укуктары жана милдеттери жаңы депозитарийге өткөрүп берилгенде же эмитенттин (башкаруучунун) ипотекалык жабуунун депозитарийи келишими токтотулуп жана жаңы депозитарий менен келишим түзүлгөндө) ал жаңы депозитарийге ипотекалык жабуунун депозитарийинин укуктарын жана милдеттерин жаңы депозитарийге өткөрүп берүү жөнүндө келишим же эмитенттин жаңы депозитарий менен келишими (ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруу эрежесине депозитарийди алмаштырууну караштырган тиешелүү өзгөртүүлөр күчүнө кирген датага карата) күчүнө кирген датага карата түзүлгөн төмөнкүдөй документтерди өткөрүп берет:
күчүнө киришүү келишимдин датасына Депозитарийдин укуктары жана милдеттери жөнүндө же жаңы Депозитарий менен эмитент келишимин өткөрүп берет (депозитарийди алмаштыруусу каралган ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруунун эрежелерине тиешелүү өзгөртүүлөрдүн күчүнө кирүүнүн датасы);
1) реестр;
2) облигацияларды чыгаруу (кошумча чыгаруу) жөнүндө катталган чечимдердин, облигациялардын катталган проспектилеринин, облигацияларды чыгаруу (кошумча чыгаруу) жөнүндө чечимдерге жана проспектилерге киргизилип, катталган өзгөртүүлөрдүн жана (же) толуктоолордун жана облигацияларды чыгаруунун (кошумча чыгаруунун) жыйынтыгы жөнүндө катталган отчёттордун (ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруунун эрежесине киргизилип, катталган өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун) көчүрмөлөрүн;
3) табылган эреже бузууларды каттоо журналынын көчүрмөсүн;
4) жоюлбаган эреже бузуулар жөнүндө маалыматтарды камтыган документ, ипотекалык жабуу депозитарийинин андай эреже бузуулар аныкталганы, андай эреже бузуулардын өз убагында жоюлбаган фактылары жөнүндө билдирүүлөрдүн көчүрмөлөрүн, жана ыйгарым укуктуу органдын аларды жоюу жөнүндө көрсөтмөсүнүн көчүрмөлөрүн;
5) ипотекалык жабууну түзүүчү мүлк менен болгон жана аягына чыгарыла элек баардык бүтүмдөр жөнүндө маалыматтарды камтыган документ, ошондой эле аталган бүтүмдөргө тиешелүү баардык баштапкы документтердин көчүрмөлөрү.
Ипотекалык жабуунун депозитарийи жаңы депозитарийге ипотекалык жабууну түзүүчү, ипотекалык жабуунун депозитарийи сактоочу мүлктү да өткөрүп берет.
114. Ипотекалык жабуунун депозитарийи мүлктү жана документтерди жаңы депозитарийге эмитенттин (башкаруучунун) тиешелүү буйругунун негизинде, ипотекалык жабуунун депозитарийинин укуктарын жана милдеттерин жаңы депозитарийге өткөрүп берүү жөнүндө келишим күчүнө кирген датадан баштап 3 иш күнүнүн ичинде өткөрүп берет.
Депозитарийге көрсөтүлгөн датадан кийин, энчилүү баалуу кагаздардын ээлеринин (депозитарийдин) реестрин жүргүзүүчү адамдын анын кызыкчылыгын жактап баалуу кагаздарына ээлик кылып жаткан эмитент (башкаруучу) жөнүндө маалыматтарды берүү жөнүндө талабын ырастаган документтер жаңы депозитарийге тийиштүү талап аткарылгандан кийин дароо, ал эми калган документтер - келээр замат өткөрүп берилүүгө тийиш.
115. Документтерди жана мүлктү жаңы депозитарийге өткөрүп берүү кабыл алуу-өткөрүү актысы менен таризделет, ага документтерди жана мүлктү өткөрүп жаткан депозитарий, жаңы депозитарий жана эмитент (башкаруучу) кол коюшат.
116. Ипотекалык жабуунун депозитарийи эмитенттин (башкаруучунун) ипотекалык жабууну түзгөн, аларга болгон укукту ушул депозитарий эсепке алып жаткан баалуу кагаздарды жаңы депозитарийге өткөрүп берүү жөнүндө тапшырмасын дароо аткарууга милдеттүү.
Аталган баалуу кагаздарын өткөрүп бергенге чейин ипотекалык жабуунун депозитарийи энчилүү баалуу кагаздардын реестрин жүргүзүүчү жактын (депозитарийдин) анын кызыкчылыгын жактап баалуу кагаздарына ээлик кылып жаткан эмитент (башкаруучу) жөнүндө маалыматтарды берүү жөнүндө талабын аткарууга милдеттүү.
117. Энчилүү баалуу кагаздардын ээлеринин реестрин жүргүзүүнү ишке ашырып жаткан жактардан (депозитарийден) ипотекалык жабууну түзүүчү баардык баалуу кагаздар жаңы депозитарийдин өздүк эсебине (депо эсебине) кириштелгени жөнүндө билдирүүнү алгандан кийинки күндөн кечиктирбестен, бирок ипотекалык жабуунун депозитарийинин укуктарын жана милдеттерин жаңы депозитарийге өткөрүү жөнүндө келишим күчүнө кирген күндөн баштап 10 иш күнүнөн кечиктирбестен жаңы депозитарий ыйгарым укуктуу органга баардык документтер жана мүлк жаңы депозитарийге өткөрүп берилгендигин тастыктаган документти кабыл алуу-өткөрүү актысын (актыларын) тиркөө менен тапшырууга милдеттүү. Аталган документке ипотекалык жабуунун депозитарийи, жаңы депозитарий, ошондой эле эмитент (башкаруучу) кол коюшат.
118. Ипотекалык жабуунун депозитарийи өзү жүргүзүүчү журналдардагы камтылган маалыматтарды, ипотекалык жабууну түзүүчү мүлккө тиешелүү баштапкы маалыматтардын көчүрмөлөрүн эмитент (башкаруучу) же жаңы депозитарий ыйгарым укук берген адамдардын алуусун 3 жыл бою камсыз кылууга милдеттүү. Маалыматка жеткиликтүүлүк аталган адамдардан тиешелүү жазуу жүзүндөгү суроо-талап келген учурдан баштап 2 иш күнүнүн ичинде камсыз кылынат.
119. Ипотекалык жабуунун депозитарийи жоюлган же анын лицензиясы жокко чыгарылган учурда ипотекалык жабуунун депозитарийи ипотекалык жабуунун жаңы депозитарийине депозитарий жүргүзүүчү баардык журналдардын оригиналдарын, ипотекалык жабууну түзүүчү мүлккө тиешелүү баардык баштапкы маалыматтардын көчүрмөлөрүн өткөрүп берүүгө милдеттүү.
VI. Ипотекалык жабуунун реестрин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө
120. Реестрди жүргүзүү - реестрди түзүүчү маалыматтарды топтоо жазуу, иштеп чыгуу, сактоо жана берүү - төмөнкүдөй жол менен ишке ашырылат:
1) реестрге жазууну киргизүү жана реестрдеги маалыматтарды, ошондой эле ушул Жобого жана депозитарийдин регламентине ылайык документтерди берүү үчүн негиз болуучу документтерди алуу;
2) реестрге жазууларды киргизүү;
3) реестрден маалыматтарды берүү;
4) реестрге жазууларды киргизүүгө, реестрдеги маалыматтарды реестрди жүргүзүүдө депозитарийге келген жана башка маалыматтарды берүүгө негиз болгон документтерди сактоо.
121. Реестри, жүргүзүлүүгө атап айтканда электрондук маалымат базасын пайдалануу менен да тийиш. Мында документтерди кагаз сактагычта жазуу мүмкүндүгү камсыздалууга тийиш.
122. Депозитарийдин, эмитенттин же ипотекалык жабууну башкаруучунун жана баалуу кагаздардын ээлеринин ортосунда документ алмашуу депозитарийдин регламентинде белгиленген тартипте ишке ашырылат.
123. Реестрге жазуулар ушул Жободо жана ипотекалык жабуунун депозитарийинин регламентинде каралган документтердин негизинде киргизилет.
124. Реестрге жазуулар документтердин көчүрмөсүнүн негизинде киргизилген учурда, ошондой эле эмитент (башкаруучу) ипотекалык жабуунун депозитарийине документтердин көчүрмөлөрүн берген башка учурларда андай документтердин тууралыгы эмитенттин (башкаруучунун) мөөрү жана эмитент (башкаруучу) ыйгарым укук берген адамдын колу менен күбөлөндүрүлөт.
125. Ипотекалык жабуунун депозитарийи реестрге биринчи жазуу киргизилген учурдан баштап реестрди түзүү мүмкүндүгүн баардык учурда камсыз кылууга милдеттүү.
126. Ипотекалык жабуунун депозитарийи реестрге кирген ар бир жазууну, ошондой эле каттоо журналына жазуудан баш тартылган ар бир учурду жазууларды каттоо журналына (мындан ары - каттоо журналы) каттоого милдеттүү.
Каттоо журналы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) эмитенттин (башкаруучунун) толук жана кыскартылган аталышы;
2) облигациялардын чыгарылышын (кошумча чыгарылышын) мамлекеттик каттоонун датасын жана мамлекеттик каттоо номерин (ыйгарым укуктуу орган тарабынан ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруу эрежесин жана ипотекалык катышуу сертификаттарынын жеке белгиленишинин каттоо датасы жана номери);
3) жазуулардын каттоо убактысына, датасына жана убактысына жараша берилүүчү катар номери;
4) жазууну киргизүүдөн баш тартуу жана баш тартуунун негизи жөнүндө билдирүүнүн датасы;
5) жазуунун түрү (мүлктү ипотекалык жабуунун курамына киргизүү жөнүндө жазуу, мүлктү ипотекалык жабуунун курамынан чыгаруу жөнүндө жазуу, ипотекалык жабууну түзүүчү мүлк жөнүндө маалыматты өзгөртүү тууралуу жазуу);
6) ипотекалык жабуунун курамына киргизилүүчү же ипотекалык жабуунун курамынан чыгарылуучу мүлккө көрсөтмө, - тиешелүү жазуу киргизилген учурда, ал эми реестрдеги маалыматтарды өзгөртүү жөнүндө жазуу жазылган учурда - ушул маалыматтарга карата көрсөтмөлөр;
7) жазууну жазууга же жазуудан баш тартууга негиз болгон документтерди каттоонун кириш документтерди эсепке алуучу журналдагы документтерди каттоонун номерлерине жана даталарына туура келген номерлери жана даталары;
Каттоо журналы атап айтканда электрондук маалымат базасын пайдалануу менен жүргүзүлүшү керек. Мында документтерди кагаз сактагычта жазуу мүмкүндүгү камсыздалууга тийиш.
Каттоо журналын жүргүзүү ар бир ипотекалык жабуу боюнча өзүнчө жүргүзүлүүгө тийиш.
127. Ипотекалык жабууну жүргүзүү төмөндөгү учурларда токтолот:
- эмитент ушул ипотекалык жабуу менен облигациялардын чыгарылышын (кошумча чыгарылышын) мамлекеттик каттоо үчүн берген документтерди мамлекеттик каттоо ишке ашырылганга чейин кайра артка алганда;
- башкаруучу ушул ипотекалык жабуудагы ишеним менен башкаруунун эрежесин кайра артка алганда;
- ошол ипотекалык жабуусу бар облигацияларды чыгарууну (кошумча чыгарууну) болгон жок же жараксыз деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынганда (күчүнө киргенде);
- ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруунун эрежелерин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынганда;
- ошол ипотекалык жабуусу бар бардык облигацияларды жабуу (катышуунун ипотекалык сертификаттары);
Ипотекалык жабуунун реестрин жүргүзүү ушул пунктта каралган жагдайлардын биринин келишин ырастаган документтер тиркелген эмитенттин (башкаруучунун) тиешелүү буйругунун негизинде токтотулат.
§ 1. Эмитенттин (башкаруучунун) анкетасы
128. Эмитент (башкаруучу) анын негизинде ипотекалык жабуунун реестри жүргүзүлүүчү келишимди түзүүдө ипотекалык жабуунун депозитарийине толтурулган анкетаны бериши керек.
129. Эмитенттин (башкаруучунун) анкетасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) эмитенттин (башкаруучунун) уюштуруу документтерине ылайык анын толук жана кыскартылган фирмалык аталышын;
2) негизги мамлекеттик каттоо номери жана эмитенттин (башкаруучунун) мамлекеттик катталган датасы, эмитентти (башкаруучуну) мамлекеттик каттоону ишке ашырган органдын аталышын;
3) эмитенттин (башкаруучунун) салык төлөөчүсүнүн идентификациялык номерин;
4) кредиттик уюм болуп саналган эмитентке (башкаруучуга) банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензиянын номерин жана берилген датасын;
5) кредиттик уюм болуп саналбаган ипотекалык жабуунун башкаруучусуна инвестициялык активдерди ишеним менен башкаруу боюнча ишти жүргүзүүгө лицензиянын номерин жана берилген датасын;
6) эмитенттин (башкаруучунун) дарегин (жайгашкан жери);
7) эмитенттин (башкаруучунун) атынан ишеним катсыз иш алып барууга укуктуу жеке адамдын аты-жөнү, анын ким экендигин ырастаган документтин (документтердин) түрүн, номерин, сериясын (бланктын номерин), берилген датасын, ошондой эле мындай документти берген органдын аталышын;
8) эмитенттин (башкаруучунун) атынан ишеним катсыз иш алып барууга укуктуу жеке адамдын колунун үлгүсүн жана эмитенттин (башкаруучунун) мөөрүнүн оттискасынын үлгүсүн.
130. Эгерде эмитенттин (башкаруучунун) жеке аткаруу органынын ыйгарым укуктары башка юридикалык жакка (мындан ары - башкаруучу уюм) өткөрүлүп берилсе эмитенттин (башкаруучунун) анкетасы ошондой эле төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) башкаруучу уюмдун уюштуруу документтерине ылайык анын толук жана кыскартылган фирмалык аталышын;
2) негизги мамлекеттик каттоо номери жана башкаруучу уюмдун мамлекеттик катталган датасы, башкаруучу уюмду мамлекеттик каттоону ишке ашырган органдын аталышын;
3) башкаруучу уюмдун салык төлөөчүсүнүн идентификациялык номерин;
4) башкаруучу уюмдун дарегин (жайгашкан жерин);
5) башкаруучу уюмдун атынан ишеним катсыз иш алып барууга укуктуу жеке адамдын аты-жөнү, анын ким экендигин ырастаган документтин (документтердин) түрүн, номерин, сериясын (бланктын номерин), берилген датасын, ошондой эле мындай документти берген органдын аталышын;
131. Ипотекалык жабуунун депозитарийи эмитент (башкаруучу) тарабынан берилген төмөнкү документтердин көчүрмөлөрүнүн негизинде эмитенттин (башкаруучунун) анкетасында камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерет:
1) эмитенттин (башкаруучунун) уюштуруу документтерин аларга киргизилген баардык өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор менен;
2) эмитенттин (башкаруучунун) мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктү же Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине эмитент (башкаруучу) жөнүндө жазуунун киргизилгендиги жөнүндө күбөлүктү;
3) эмитенттин (башкаруучунун) салык органында каттоого тургандыгы жөнүндө күбөлүктү;
4) эмитенттин (башкаруучунун) атынан ишеним катсыз иш алып барууга укуктуу жеке адамдын шайлангандыгын (дайындалгандыгын) ырастоочу документти;
5) эмитенттин (башкаруучунун) атынан ишеним катсыз иш алып барууга укуктуу жеке адамдын ким экендигин ырастаган документти.
132. Эгерде эмитенттин (башкаруучунун) жеке аткаруу органынын ыйгарым укуктары башкаруучу уюмга өткөрүлүп берилсе эмитент (башкаруучу) төмөнкү документтердин көчүрмөлөрүн кошумча берет:
1) башкаруучу уюмдун уюштуруу документтерин аларга киргизилген баардык өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор менен;
2) башкаруучу уюмдун мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктү же Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине башкаруучу уюм жөнүндө жазуунун киргизилгендиги жөнүндө күбөлүктү;
3) башкаруучу уюмдун салык органында каттоого тургандыгы жөнүндө күбөлүктү;
4) эмитенттин (башкаруучунун) акционерлеринин (катышуучуларынын) эмитенттин (башкаруучунун) жеке аткаруу органынын ыйгарым укуктарын башкаруучу уюмга өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган жалпы жыйналышынын протоколун (протоколдун көчүрмөсүн);
5) эмитенттин (башкаруучунун) башкаруучу уюм менен келишимин;
6) башкаруучу уюмдун атынан ишеним катсыз иш алып барууга укуктуу жеке адамдын шайлангандыгын (дайындалгандыгын) ырастоочу документти;
7) башкаруучу уюмдун атынан ишеним катсыз иш алып барууга укуктуу жеке адамдын ким экендигин ырастаган документти.
133. Эмитенттин (башкаруучунун) анкетасында ушул Жободо каралган маалыматтардан тышкары, ипотекалык жабуунун депозитарийинин регламентинде каралган башка маалыматтар да камтылышы мүмкүн, анын ичинде телефон, факс номерлери, электрондук почтасынын дареги, реестринен көчүрмөлөрдү алуу ыкмасы (кат, заказдык кат, чабарман тарабынан, ипотекалык жабуунун депозитарийинин өзүнөн, башка).
Ипотекалык жабуунун депозитарийинин регламентинде эмитенттин (башкаруучунун) анкетасына ушул Жободо каралгандан тышкары башка документтер тиркеле тургандыгы каралышы мүмкүн.
134. Эмитенттин (башкаруучунун) атынан ишеним катсыз иш алып барууга укуктуу жеке адамдын эмитенттин (башкаруучунун) анкетасындагы колунун үлгүсү ипотекалык жабуунун депозитарийинин кызматкеринин катышуусунда жасалышы же нотариалдык күбөлөндүрүлүшү керек.
135. Анкетада камтылган маалыматтар өзгөртүлгөн учурда, эмитент (башкаруучу) Депозитарийге жаңы анкета менен өзгөртүлгөн маалыматтарды берет.
136. Эмитенттин (башкаруучунун) жеке аткаруу органынын же анын башкаруучу уюмунун милдетин аткаруучу жаңы жеке адам шайланган (дайындалган) учурда жаңы анкетага төмөнкү документтер тиркелет:
1) эмитенттин (башкаруучунун) атынан ишеним катсыз иш алып барууга укуктуу жаңы жеке адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү;
2) эмитенттин (башкаруучунун) атынан ишеним катсыз иш алып барууга укуктуу жаңы жеке адамды шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечим кабыл алынган акционерлердин (катышуучулардын) жалпы жыйналышынын же директорлор кеңешинин (байкоочу кеңештин) жыйынынын протоколунун көчүрмөсү (көчүрмө).
137. Эгерде эмитенттин (башкаруучунун) жеке башкаруучу аткаруу органынын ыйгарым укуктары жаңы башкаруучу уюмга өткөрүп берилген учурда эмитенттин (башкаруучунун) жаңы анкетасына ошол башкаруучу уюмга карата документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
138. Эмитенттин (башкаруучунун) анкетасында камтылган маалыматтар өзгөргөн учурда ипотекалык жабуунун депозитарийи өзгөрүлгөн маалыматтарды камтыган мурда берилген бардык анкетаны сактоого тийиш.
Эгерде эмитент (башкаруучу) анкетадагы маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө маалыматты бербесе же аталган маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө толук эмес же такталбаган маалыматты берсе, ипотекалык жабуунун депозитарийи ушуга байланыштуу келтирилген чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
§ 2. Реестрде камтылган маалыматтар
139. Реестрде эмитент (башкаруучу) жана облигацияларды (ипотекалык катышуу сертификаттарын) чыгаруу (кошумча чыгаруу) жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
- уюштуруучу документтерине ылайык эмитенттин (башкаруучунун) толук жана кыскартылган фирмалык аталышы;
- эмитенттин (башкаруучунун) мамлекеттик негизги каттоо номери жана мамлекеттик каттоонун датасы, эмитентти (башкаруучуну) мамлекеттик каттоого алган органдын аталышы,
- эмитенттин (башкаруучунун) салык төлөөчүсүнүн идентификациялык номери;
- кредиттик уюм болуп саналган эмитенттин (башкаруучунун) банктык операцияларды жүзөгө ашырууга лицензиясынын берилген датасы жана номери;
- кредиттик уюм болуп саналбаган ипотекалык жабуунун башкаруучусунун инвестициялык активдерин башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензия берүүнүн датасы жана номери;
- мамлекеттик каттоонун датасы жана облигацияларды (ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруунун эрежелерин ыйгарым укуктуу органдын каттаган датасы жана номери, катышуунун ипотекалык сертификаттарын жеке белгилөө) чыгаруунун (кошумча чыгаруунун) мамлекеттик каттоо номери.
140. Реестрде ипотекалык жабууну түзгөн мүлк жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) күрөөлүк менен күбөлөндүрүлгөн, ипотека менен камсыздалган милдеттенме боюнча талаптар жөнүндө:
- милдеттенменин мааниси (кредиттик келишимден же зайым келишиминен милдеттенме), карыздын негизги суммасы жана пайыздык ставка же кредиттик келишимдин же зайым келишиминин шарттарына ылайык аны аныктоонун эрежелери, ошондой эле аталган келишимди түзүүнүн датасы;
- ипотеканы мамлекеттик каттоонун номери жана датасы, ипотеканы мамлекеттик каттоого алган органдын аталышы;
- күрөөлүктүн берилген датасы жана күрөөлүктү берген органдын аталышы, эгерде талап күрөөлүк менен күбөлөндүрүлгөн болсо;
- ушул Жобонун 140-пунктунун 3-пунктчасынын экинчи-бешинчи абзацтарында каралган, ипотека белгиленген кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтар, ошондой эле көз карандысыз баалоочу аныктаган аталган мүлктүн рыноктук наркы жана мындай рыноктук наркынын абалы боюнча аныкталган датасы;
- эмитенттин талаптарды сатып алуу датасы (башкаруучунун ишеним менен башкаруусуна талаптарды өткөрүп берүү датасы). Мында эмитенттин талаптарды сатып алуу датасы облигацияларды жайгаштыруу мөөнөтүнүн башталган датасынан кеч болушу мүмкүн эмес, аларды чыгаруу (кошумча чыгаруу) тууралуу белгиленген чечимге ылайык;
- талаптын суммасын төлөө мөөнөтү же эгерде бул сумма бөлүп-бөлүп төлөнүүгө тийиш болсо, тиешелүү төлөмдөрдүн мөөнөттөрү (мезгилдүүлүгү) жана алардын ар биринин өлчөмү, же болбосо төлөмдөрдүн бул мөөнөттөрүн жана өлчөмдөрүн аныктоого мүмкүндүк берген шарттары (карызды төлөөнүн планы);
- милдеттенмелердин аткарылышынын мөөнөтү өтүп кеткендиги жөнүндө маалыматтар, анын ичинде келип чыккан датасын жана мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күндүн санын кошо алганда;
- милдеттенмелерди аткаруунун деңгээли (карыздын төлөнгөн негизги суммасынын карыздын негизги суммасына карата жана төлөнгөн пайыздардын суммасынын кредиттик келишимдин же зайым келишиминин шарттарына ылайык эсептелген пайызынын өлчөмүнө карата пайыздык катышы);
- аткарылбаган талаптардын суммасы (өлчөмү), анын ичинде карыздын негизги суммасы жана төлөнүүгө тийиш болгон пайыздардын өлчөмү;
2) мамлекеттик баалуу кагаздар жөнүндө:
- ар бир баалуу кагаздын түрү жана номиналдык наркы;
- баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоонун датасы жана чыгаруунун (кошумча чыгаруунун) мамлекеттик каттоо номери;
- баалуу кагаздарды төлөө күнү (күндөрү);
- баалуу кагаздардын саны жана ар бир баалуу кагаздын наркы (акчалай баасы);
- фирманын толук аталышы, жайгашкан жери, мамлекеттик баалуу кагаздарга болгон укуктарды эсепке алуучу депозитарийдин баалуу кагаздар рыногундагы депозитардык ишти жүзөгө ашырууга лицензиянын номери жана берилген датасы, жайгашкан жери.
3) кыймылсыз мүлк жөнүндө:
- турак эмес кыймылсыз мүлктүн аталышы - жер участогу, имарат, курулма, башка кыймылсыз мүлк;
- калктуу конуштун чектерине чейин такталган кыймылсыз мүлктүн жайгашкан жери;
- кыймылсыз мүлк объектисинин багыты жана аянты;
- кыймылсыз мүлк объектисинин көз карандысыз баалоочу аныктаган рыноктук наркы (акчалай баасы) жана абалга карата мындай рыноктук наркы аныкталган дата;
- кыймылсыз мүлк объектисине эмитенттин менчигинин укуктарын мамлекеттик каттоонун датасы жана номери, аталган укукту мамлекеттик каттоого алган органдын аталышы;
4) акча каражаттары жөнүндө:
- валютанын түрү;
- мөөнөттүү депозитте турган акча каражаттарынын суммасы;
- мөөнөттүү депозитте (депозиттеринде) акча каражаттары сакталган кредиттик уюмдун (кредиттик уюмдардын) толук фирмалык аталышы жана жайгашкан жери;
- депозиттин мөөнөтү аяктаган дата.
141. Реестрде ошондой эле ипотекалык жабуунун өлчөмү жөнүндө маалыматтар камтылышы керек.
142. Ипотекалык жабуунун депозитарийи эмитенттин (башкаруучунун) анкетасын кабыл алуу менен бирге анда камтылган маалыматка негизденүү менен реестрге эмитент (башкаруучу) жөнүндө маалыматтарды киргизет.
Депозитарий эмитенттин (башкаруучунун) жаңы анкетасын кабыл алуу менен бирге андагы камтылган маалыматтарга негизденүү менен эмитент (башкаруучу) жөнүндө реестрде камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизет.
143. Ипотекалык жабуунун депозитарийи эмитенттин тиешелүү буйругунун негизинде облигацияларды мамлекеттик каттоо датасы жана аны чыгаруунун (кошумча чыгаруунун) мамлекеттик каттоо номери жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизет, ага облигацияларды чыгаруу (кошумча чыгаруу) жөнүндө катталган чечимдин көчүрмөсү тиркелет.
Ипотекалык жабуунун депозитарийи ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруу эрежелеринин ыйгарым укуктуу органы тарабынан катталган датасы жана номери, башкаруучунун тиешелүү буйругунун негизинде катышуунун ипотекалык сертификаттарынын жеке белгилениши жөнүндө маалыматты реестрге киргизет, буйрукка ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруунун катталган эрежелеринин көчүрмөсү тиркелет.
144. Ипотекалык жабуунун депозитарийи ушул Жобонун 145-пунктунда каралгандан башка учурларда, мүлктү ипотекалык жабуунун курамына киргизүү жөнүндө жазууну реестрге киргизүү жөнүндө эмитенттин (башкаруучунун) буйругунда камтылган маалыматка негизденип, мүлктү ипотекалык жабуунун курамына бир убакта киргизүү менен ипотекалык жабууну түзгөн мүлк жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизет.
Ипотекалык жабуунун депозитарийи бир мезгилде реестрге тиешелүү жазууларды киргизүү менен ипотекалык жабууну түзгөн мүлк жөнүндө реестрде камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизет.
Ипотекалык жабуунун депозитарийи бир мезгилде ипотекалык жабуунун курамынан аталган мүлктү чыгаруу жөнүндө жазууну реестрге киргизүү менен ипотекалык жабууну түзгөн мүлк жөнүндө реестрде камтылган маалыматтарды алып таштайт.
145. Эгер эмитенттин (башкаруучунун) талабы боюнча ипотекалык жабууну түзгөн талап күрөөлүк менен таризделсе, мындай күрөөлүк жөнүндө маалыматтар ипотекалык жабуунун депозитарийи аны алган күндөн тартып 3 иш күнүнөн кечиктирилбестен реестрге киргизилет.
146. Ипотекалык жабуунун депозитарийи бир эле убакта мүлктү ипотекалык жабуунун курамына кошуу менен ипотекалык жабуунун өлчөмү жөнүндө маалыматты реестрге киргизет.
Ипотекалык жабуунун депозитарийи бир эле убакта реестрге тиешелүү жазууларды киргизүү менен ипотекалык жабуунун өлчөмү жөнүндө реестрде камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизет.
§ 3. Ипотекалык жабуунун курамына мүлктү киргизүү
147. Ипотекалык жабуунун курамына мүлктү киргизүү реестрге тиешелүү жазууну киргизүү жолу менен ишке ашырылат.
148. Ипотекалык жабуунун курамына мүлктүн кошулгандыгы жөнүндө жазуу эмитенттин (башкаруучунун) тиешелүү буйругунун негизинде реестрге киргизилет.
149. Кредиттик келишимден же күрөөлүк менен күбөлөндүрүлгөн зайым келишиминен ипотека менен камсыздалган милдеттенмелер боюнча талапты ипотекалык жабуунун курамына киргизүү жөнүндө жазууну реестрге киргизүү тууралуу буйрукка төмөнкүдөй документтер тиркелет:
1) күрөөлүк;
2) кыймылсыз мүлктүн рыноктук наркын аныктоо жөнүндө көз карандысыз баалоочунун отчётунун көчүрмөсү же көз карандысыз баалоочу тарабынан ипотека белгиленген кыймылсыз мүлктүн рыноктук наркын аныктоону ырастаган жана кредиттик келишимди же зайым келишимин түзгөн датага чейинки 6 айдагы абалы боюнча аталган мүлктүн рыноктук наркы (акчалай баалоо) жөнүндө маалыматтарды камтыган башка документ, эгерде мындай маалыматтар күрөөлүктө көрсөтүлбөсө;
3) кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү же "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган шарттарда ипотека белгиленген кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу фактысын ырастаган башка документ.
150. Күрөөлүктөр менен күбөлөндүрүлгөн, ипотека менен камсыздалган милдеттенмелер боюнча жаңы талаптарды ипотекалык жабуунун курамына киргизүү жөнүндө жазууларды реестрге киргизүү тууралуу башкаруучунун буйругуна катышуунун кошумча ипотекалык сертификаттарын берүүгө байланыштуу катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин тиешелүү чечим кабыл алынган жалпы чогулушунун протоколунун көчүрмөсү да тиркелет.
151. Облигациялар боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоочу ипотекалык жабуунун курамына кыймылсыз мүлктү киргизүү жөнүндө жазууларды реестрге киргизүү тууралуу буйрукка төмөнкүдөй документтер тиркелет:
1) ипотекалык жабуунун курамына киргизилүүчү кыймылсыз мүлккө болгон эмитенттин менчик укугун мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) ипотекалык жабуунун курамына киргизилүүчү кыймылсыз мүлккө болгон эмитенттин менчик укугун мамлекеттик каттоону ишке ашырган орган тарабынан берилген укук белгилөөчү документтердин мазмуну жөнүндө маалымкаттын көчүрмөсү;
3) кыймылсыз мүлккө укуктардын жана ипотекалык жабуунун курамына киргизилүүчү кыймылсыз мүлк объектиси жөнүндө маалыматтарды камтыган аны менен болгон бүтүмдөрдүн бирдиктүү мамлекеттик реестринин көчүрмөсү, бүтүм түзүлгөн күндөн тартып 2 айдан ашпоосу керек;
4) кыймылсыз мүлктүн рыноктук наркын аныктоо жөнүндө көз карандысыз баалоочунун отчётунун көчүрмөсү же көз карандысыз баалоочу тарабынан ипотекалык жабуунун курамына киргизилүүчү кыймылсыз мүлктүн рыноктук наркын аныктоону ырастаган жана ипотекалык облигацияларды чыгаруунун проспектин мамлекеттик каттоого чейинки 6 айдан ашпаган мезгилдеги абалы боюнча аталган мүлктүн рыноктук наркы (акчалай баалоо) жөнүндө маалыматтарды камтыган башка документ.
152. Мөөнөттүү депозитте турган акча каражаттарын ипотекалык жабуунун курамына кошуу жөнүндө жазууларды реестрге киргизүү тууралуу буйрукка кредиттик уюмдагы эмитентте мындай депозиттин бар экендиги жөнүндө банктын маалымкатынын көчүрмөсү тиркелет.
153. Эгерде акча каражаттарынын түшүүсү талаптары катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ипотекалык жабуусун түзгөн милдеттенмелерди аткарууга, мындай талаптар боюнча өндүрүп алууга чегерүүгө байланыштуу болсо, анда бул акча каражаттары ипотекалык жабуу курамына киргизилиши мүмкүн.
ушул пунктта каралган учурда келип түшкөн акча каражаттарын ипотекалык жабуунун курамына киргизүү жөнүндө жазууларды реестрге киргизүү тууралуу буйрукка ипотекалык жабууну түзгөн, ипотекалык жабууну башкаруучунун ишеним менен башкаруусунда турган акча каражаттары эсепке алынган банктык эсептин көчүрмөсү тиркелет.
154. Эгерде мүлк ипотекалык жабуунун курамына башка мүлктү алмаштырууга байланыштуу киргизилсе, мүлктү ипотекалык жабуунун курамына киргизүү жөнүндө жазууларды реестрге киргизүү тууралуу буйрукта ошондой эле төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:
1) алмаштырылуучу мүлк, анын ичинде мындай мүлктүн түрү, анын саны (суммасы);
2) эгерде ипотекалык жабууну түзүүчү же түзгөн талаптарды алмаштыруу ишке ашырылган учурда - алмаштыруунун негизи жана мындай негиздин пайда болгон датасы.
Бул ипотекалык жабууну түзгөн башка мүлктү алмаштырууга байланыштуу мүлктү ипотекалык жабуунун курамына киргизүү жөнүндө жазууларды реестрге киргизүү тууралуу буйрук жана мындай жазууларды киргизүүдө зарыл болгон башка документтер мындай алмашууга негиз пайда болгон күндөн тартып 15 иш күнүнөн кечиктирилбестен ипотекалык жабуунун депозитарийине берилиши керек.
155. Мүлктү ипотекалык жабуунун курамына киргизүү жөнүндө жазууларды реестрге киргизүү тууралуу буйрукка колунун үлгүсү эмитенттин (башкаруучунун) анкетасында камтылган адамдын же ал адамдын колу коюлган ишеним каттын негизинде иштеген эмитенттин (башкаруучунун) өкүлүнүн колу коюлушу керек.
156. Күрөөлүк менен күбөлөндүрүлгөн, ипотека менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча талапты ипотекалык жабуунун курамына киргизүү жөнүндө жазууларды реестрге киргизүү тууралуу эмитенттин буйругуна тиркелген күрөөлүктө ээси - ал эми эгерде күрөөлүк боюнча укуктар өткөрүп берилсе, анда күрөөлүктүн жаңы ээси эмитент болуп саналарын ырастаган белги коюлушу керек.
157. Көчүрмөсү кыймылсыз мүлктү ипотекалык жабуунун курамына киргизүү жөнүндө жазууларды реестрге киргизүү тууралуу эмитенттин буйругуна тиркелүүчү Кыймылсыз мүлккө укуктардын жана аны менен болгон бүтүмдөрдүн бирдиктүү мамлекеттик реестринин көчүрмөсүндө эмитент бул мүлктүн ээси болуп санала тургандыгы көрсөтүлүүгө тийиш.
158. Көчүрмөсү мөөнөттүү депозитте турган акча каражаттарын ипотекалык жабуунун курамына киргизүү жөнүндө жазууну реестрге киргизүү тууралуу эмитенттин буйругуна тиркелүүчү, эмитенттин кредиттик уюмда мөөнөттүү депозитинин бар экендиги жөнүндө банктын маалымкаты ипотекалык жабуунун депозитарийине аталган буйрукту берген мурунку датадан 1 иш күнүнөн ашпаган датага түзүлүшү керек жана тиешелүү депозиттик эсепте (эсептерде) эмитенттин аталган буйругунда каралган суммадан кем эмес өлчөмдөгү акча каражатынын бар экендигин ырастоосу зарыл.
Көчүрмөсү ипотекалык жабуунун курамына акча каражаттарын кошуу жөнүндө жазууну реестрге киргизүү тууралуу башкаруучунун буйругуна тиркеле турган башкаруучунун банктык эсебинин көчүрмөсү ипотекалык жабуунун курамына кошулуучу акча каражаттарынын суммасынын аталган эсебине чегерилгендигин ырастоосу керек.
159. Ипотекалык жабуунун депозитарийи документтерди алган күндөн тартып 3 иш күнүнөн кечиктирбестен бул жазууну киргизиши же киргизүүдөн баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен андан баш тартуу жөнүндө билдириши керек, ал документтердин негизинде мүлктү ипотекалык жабуунун курамына кошуу тууралуу жазуу киргизилет.
Ипотекалык жабуунун курамына мүлктү кошуу жөнүндө жазууну киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлоо эмитентке (башкаруучуга) заказдык кат түрүндө почта аркылуу жөнөтүлөт же эмитенттин (башкаруучунун) ыйгарым укуктуу адамына кол койдуруу менен тапшырылат, эгерде аталган кабарлоону жөнөтүүнүн башка ыкмасы ипотекалык жабуунун депозитарийинин регламентинде каралбаса.
160. Ипотекалык жабуунун курамына мүлктү кошуу жөнүндө жазууну киргизүүдөн баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр:
1) ушул Жободо же ипотекалык жабуунун депозитарийинин регламентинде каралган документтерди тапшырбоо;
2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, анын ичинде ушул Жобонун талаптарына аталган документтердин шайкеш келбегендиги;
3) "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын же облигацияларды (ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруу эрежелери) чыгаруу (кошумча чыгаруу) жөнүндө чечимдин талаптарын бузуу;
4) ипотекалык жабуунун курамына кошулуучу мүлктүн бул ипотекалык жабууну түзгөн башка мүлктү алмаштырууга байланыштуу ипотекалык жабуунун курамынан мүлктү чыгаруу жөнүндө жазууну реестрге киргизүү тууралуу буйрукта аталган мүлккө аны алмаштырууга байланыштуу шайкеш келбегендиги.
§ 4. Ипотекалык жабуунун курамынан мүлктү чыгаруу
161. Ипотекалык жабуунун курамынан мүлктү чыгаруу реестрге тийиштүү жазууну киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Ипотекалык жабуунун курамынан мүлктү чыгаруу жөнүндө жазуу эмитенттин (башкаруучунун) тиешелүү буйругунун негизинде киргизилет.
Ипотека менен камсыз кылынган милдеттенмелер боюнча талапты же акча каражаттарын кошпогондо башка мүлктү ипотекалык жабуунун курамынан аны алмаштырууга (же тийиштүү милдеттенмелердин токтотулгандыгына) байланыштуу чыгаруу жөнүндө жазууну реестрге киргизүү тууралуу эмитенттин (башкаруучунун) буйругуна төмөнкүдөй документтер тиркелет:
1) ипотека предметинин жоголгондугун ырастоочу документтин көчүрмөсү, анын ичинде кыймылсыз мүлккө (ипотекага) күрөө укугун жараксыз деп таануу же башка негиздер боюнча аны токтотуу жөнүндө соттун чечимин - эгерде талапты чыгаруу ипотека предметинин жоголгондугуна байланыштуу ишке ашырылса;
2) талабы ипотекалык жабууну түзгөн милдеттенмени жараксыз деп таануу же башка негиздер боюнча аны токтотуу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү - эгерде талапты жокко чыгаруу сот милдеттенмени жараксыз деп тапкандыгына же башка негиздер боюнча аны токтотуу жөнүндө сот чечим кабыл алгандыгына байланыштуу ишке ашырылса;
3) талабы ипотекалык жабууну түзгөн милдеттенме боюнча карызкорду Кыргыз Республикасынын кудуретсиздик (банкроттук) жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте кудуретсиз (банкрот) деп табуу жөнүндө соттун чечими, эгерде талапты чыгаруу карызкорду милдеттенме боюнча кудуретсиз (банкрот) деп табууга байланыштуу ишке ашырылса;
4) күрөө коюучу менен күрөө кармоочунун талаптарын сотко кайрылуусуз эле ипотека белгиленген кыймылсыз мүлктүн эсебинен канааттандыруу жөнүндө нотариалдык жактан ырасталган макулдашуунун көчүрмөсү, ага ылайык күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлк сатылат жана аталган макулдашууну күбөлөндүргөн нотариустун күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү сатуудан түшкөн акча каражаттарынын суммасын бөлүштүрүүсүн ырастаган документтин көчүрмөсү - эгер талапты жокко чыгаруу соттон тышкаркы тартипте ипотека белгиленген кыймылсыз мүлктү өндүрүп алууга чегерүүгө байланыштуу ишке ашырылса;
5) талабы ипотекалык жабууну түзгөн, милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуучу ипотеканын предмети болуп саналган кыймылсыз мүлктү өндүрүп алууга чегерүү жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү, ошондой соттун аткаруучу-приставынын өндүрүп алууга чегерилген кыймылсыз мүлктү сатуудан түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө токтому - эгерде талапты жокко чыгаруу соттук тартипте, ипотека белгиленген кыймылсыз мүлккө өндүрүп алууга чегерүүгө жана ачык тооруктарда же аукциондо сатылышына байланыштуу ишке ашырылса;
6) өндүрүп алуу чегерилген кыймылсыз мүлк сатылган ачык тооруктун же аукциондун ачык жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү - эгерде талапты жокко чыгаруу ипотека белгиленген кыймылсыз мүлктү өндүрүп алууга чегерүүгө жана анын ачык тооруктарда же аукциондо сатылышына байланыштуу иш жүзүнө ашырылса;
7) ипотекалык жабууга кирген, күрөөлүк менен күбөлөндүрүлгөн кредиттин сапатынын начарлашын ырастаган документтин көчүрмөсү - эгерде ипотекалык жабууга кирген, күрөөлүк менен күбөлөндүрүлгөн кредиттин сапатынын начарлашына байланыштуу иш жүзүнө ашырылса;
8) милдеттенмени аткарууну камсыздоого коюлган кыймылсыз мүлктүн жоголуп кетүү же бузулуу тобокелдигинен камсыздандыруунун алты айдан ашык мезгилден бери жок экендигин ырастаган документтин көчүрмөсү - эгерде талапты жокко чыгаруу милдеттенмени аткарууну камсыздоого коюлган кыймылсыз мүлктүн жоголуп кетүү же бузулуу тобокелдигинен камсыздандыруунун алты айдан ашык мезгилден бери жок экендигине байланыштуу ишке ашырылса;
9) тиешелүү милдеттенменин аткарылышынын токтотулушун ырастаган документтин көчүрмөсү - эгерде талапты жокко чыгаруу тиешелүү милдеттенменин аткарылышынын токтотулушуна байланыштуу ишке ашырылса.
162. Ипотекалык жабуунун курамынан талаптарды жана башка мүлктү чыгарууга "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген ипотекалык жабууга карата талаптарды сактоонун шартында жол берилет.
163. Ипотекалык жабуунун курамынан мүлктү чыгаруу жөнүндө жазууну реестрге киргизүү жөнүндө буйрукта төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) эмитенттин (башкаруучунун) толук же кыскартылган фирмалык аталышы;
2) облигацияларды мамлекеттик каттоонун датасы жана чыгаруунун (кошумча чыгаруунун) мамлекеттик каттоо номери (ыйгарым укуктуу органдын ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруу эрежелерин жана катышуунун ипотекалык сертификаттарын жеке белгилерин каттоонун датасы жана номери,);
3) чыгарылуучу мүлк жөнүндө маалыматтар, анын ичинде мындай мүлктүн түрү, анын саны (суммасы);
4) чыгарылуучу мүлктү алмаштыруучу мүлктүн түрү (ипотека менен камсыз болгон милдеттенме боюнча талап, катышуунун ипотекалык сертификаттары, мамлекеттик баалуу кагаздар, акча каражаттары, кыймылсыз мүлк);
5) мүлктү ипотекалык жабуунун курамынан чыгаруунун негизи (алмаштыруу, сатуу, тиешелүү милдеттенмени токтотуу, ипотекалык баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди аткарууга, ипотека менен камсыз болгон талаптарды же "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ипотекалык жабуунун курамына кошулушу мүмкүн болгон башка мүлктү сатып алууга байланыштуу акча каражаттарын жокко чыгаруу, "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка негиздер) жана бул негиздин пайда болгон датасы.
164. Ипотекалык жабуунун курамынан мүлктү чыгаруу жөнүндө жазууларды реестрге киргизүү тууралуу буйрукка колунун үлгүсү эмитенттин (башкаруучунун) анкетасында камтылган адам же бул адам кол койгон ишеним каттын негизинде иштеген эмитенттин (башкаруучунун) өкүлү кол коюшу керек. Эгерде буйрукка ишеним каттын негизинде иштеген эмитенттин (башкаруучунун) өкүлү кол койсо, анда мындай ишеним каттын көчүрмөсү аталган буйрукка тиркелүүсү зарыл.
165. Ипотекалык жабуунун депозитарийи ипотекалык жабуунун курамынан мүлктү чыгаруу жөнүндө жазууларды киргизүүгө негиз болгон документтерди алган күндөн тартып 3 иш күнүнөн кечиктирбестен, бул жазууларды киргизиши керек же аны киргизүүдөн баш тартуунун негизин көрсөтүү менен ал жөнүндө билдирүүгө тийиш. Ипотекалык жабуунун курамынан ипотека менен камсыздалган милдеттенме боюнча талапты чыгаруу жөнүндө жазууну киргизген учурда ипотекалык жабуунун депозитарийи мындай талап ырасталган документтерди эмитентке (башкаруучуга) өткөрүп берүүгө милдеттүү.
166. Ипотекалык жабуунун курамынан мүлктү чыгаруу жөнүндө жазууну киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө билдирүү эмитентке (башкаруучуга) тапшырык кат түрүндө почта аркылуу жөнөтүлөт же эмитенттин (башкаруучунун) ыйгарым укуктуу өкүлүнө кол койдуруу менен тапшырылат, эгерде ипотекалык жабуунун депозитарийинин регламентинде аталган билдирүүнү жөнөтүүнүн башка ыкмасы каралбаса.
167. Ипотекалык жабуунун курамынан мүлктү чыгаруу жөнүндө жазууну киргизүүдөн баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр:
1) ушул Жободо же ипотекалык жабуунун депозитарийинин регламентинде каралган документтерди тапшырбоо;
2) "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө", "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарына берилген документтердин шайкеш келбегендиги;
3) "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө", "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Жобонун же облигацияларды (ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруунун эрежелерин) чыгаруу (кошумча чыгаруу) жөнүндө чечимдин талаптарын бузуу.
§ 5. Ипотекалык жабууну түзгөн мүлк жөнүндө реестрде камтылган маалыматтарды өзгөртүү
168. Ипотекалык жабууну түзгөн мүлк жөнүндө реестрге тиешелүү жазууну киргизүү жолу менен ишке ашырылат.
Ипотекалык жабууну түзгөн мүлк жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү тууралуу жазуу ушул Жобонун 169-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, эмитенттин (башкаруучунун) тиешелүү буйругунун негизинде реестрге киргизилет.
Эмитент ипотекалык жабууну түзгөн мүлк жөнүндө реестрде камтылган маалыматтарды өзгөртүү тууралуу жазууну реестрге киргизүү жөнүндө буйрукту тиешелүү өзгөртүүлөр пайда болгон күндөн кийинки иш күнүнөн кечиктирбестен, ал эми талабы ипотекалык жабууну түзгөн ипотека менен камсыздалган милдеттенмелерди аткаруунун деңгээли жөнүндө реестрде камтылган маалыматтарды өзгөртүү тууралуу жазууну реестрге киргизүү жөнүндө буйрукту - ипотекалык жабуунун депозитарийинин регламентинде белгиленген мөөнөттө, бирок айына 1 жолудан кем эмес депозитарийге берет.
169. Ипотекалык жабууну түзгөн аткарылбаган талаптардын суммасы (өлчөмү) жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле ипотекалык жабуунун өлчөмү жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү тууралуу жазуу эмитенттин (башкаруучунун) буйругусуз киргизилет. Аталган жазуу ипотекалык жабуунун депозитарийинин ипотекалык жабуунун өлчөмүн аныктоосунун жыйынтыгынын негизинде киргизилет.
170. Ипотекалык жабууну түзгөн акча каражаттарынын суммасы жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү тууралуу жазууну реестрге киргизүү жөнүндө башкаруучунун буйругуна акча каражаттарын башкаруучуга, ипотекалык жабуунун депозитарийине, катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрин жүргүзгөн каттоочуга сый акыны төлөөгө пайдалануу менен катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлерине төлөп берүүгө байланыштуу, ошондой эле ипотекалык жабууну түзгөн мүлктүн эсебинен ипотекалык жабууну ишеним менен башкарууга байланышкан чыгымдарды ишке ашырууга байланыштуу банктык эсептин көчүрмөсү тиркелет, анда акча каражаттарын эсептен чыгарууну ырастаган, ипотекалык жабууну түзгөн акча каражаттары эске алынат.
171. Ипотекалык жабууну түзгөн мүлк жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү тууралуу жазууну реестрге киргизүү тууралуу буйрукта төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) эмитенттин (башкаруучунун) толук же кыскартылган фирмалык аталышы;
2) облигацияларды мамлекеттик каттоо датасы жана аларды чыгаруунун (кошумча чыгаруунун) мамлекеттик каттоо номери (ыйгарым укуктуу орган тарабынан ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруу эрежелерин каттоонун датасы жана номери, катышуунун ипотекалык сертификаттарын жеке белгилөө);
3) маалыматтары өзгөрүлүп туруучу мүлккө карата көрсөтмө;
4) реестрде камтылган өзгөрүлүүчү маалыматтар жана өзгөрүүлөрдү эсепке алган маалыматтар.
172. Ипотекалык жабууну түзгөн мүлк жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү тууралуу жазууну реестрге киргизүү тууралуу буйрукка колунун үлгүсү эмитенттин (башкаруучунун) анкетасында камтылган адам же бул адам кол койгон ишеним каттын негизинде иштеген эмитенттин (башкаруучунун) өкүлү кол коюшу керек.
173. Ипотекалык жабуунун депозитарийи ипотекалык жабууну түзгөн мүлк жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү тууралуу жазууларды реестрге киргизүүгө негиз болгон документтерди алган күндөн тартып 3 иш күнүнүн ичинде бул жазууларды киргизиши керек же аны киргизүүдөн баш тартуунун негизин көрсөтүү менен ал жөнүндө билдирүүгө тийиш.
Ипотекалык жабууну түзгөн мүлк жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү тууралуу жазууну реестрге киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлоону эмитентке (башкаруучуга) заказдык кат аркылуу почта менен жөнөтүлөт же эмитенттин (башкаруучунун) ыйгарым укуктуу адамына кол койдуруу менен тапшырылат, эгерде аталган кабарлоону жөнөтүүнүн башка ыкмасы ипотекалык жабуунун депозитарийинин регламентинде каралбаса.
Ипотекалык жабууну түзүүчү мүлк жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү тууралуу жазууну реестрге киргизүүдөн баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр:
1) ушул Жободо же депозитарийдин регламентинде каралган документтерди бербөө;
2) берилген документтердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарына ылайык келбей калышы;
3) "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын же облигацияларды чыгаруу (кошумча чыгаруу) жөнүндө чечимдин (ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруу эрежелери) талаптарынын бузулушу.
§ 6. Реестрдеги маалыматты берүү
174. Ипотекалык жабуунун депозитарийи жазууну реестрге киргизгенден кийинки бир күндүн ичинде төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен жазууну киргизүү жөнүндө эмитентке (башкаруучуга) кабарлашы керек:
1) депозитарийдин толук фирмалык аталышы;
2) эмитенттин (башкаруучунун) толук фирмалык аталышы;
3) облигацияларды мамлекеттик каттоо датасы жана аны чыгаруунун (кошумча чыгаруунун) мамлекеттик каттоо номери (ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруу эрежелеринин жана катышуунун ипотекалык сертификаттарынын жеке белгисинин каттоо даталары жана номерлери);
4) реестрге киргизилген жазуунун түрү (ипотекалык жабуунун курамына мүлктү киргизүү жөнүндө жазуу, ипотекалык жабуунун курамынан мүлктү чыгаруу жөнүндө жазуу, ипотекалык жабууну түзгөн мүлк жөнүндө маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндө жазуу);
5) жазуу киргизилген дата;
6) ипотекалык жабуунун курамына киргизилген мүлк жөнүндө реестрде камтылган маалыматтар, ипотекалык жабуунун курамынан чыгарылган мүлктүн аталышы жана аны чыгаруунун негиздери же жазуу киргизүүнүн натыйжасына өзгөрүлгөн маалыматтар;
7) ипотекалык жабуунун депозитарийинин регламентинде каралган башка маалыматтар.
Реестрге жазуу киргизилгендиги жөнүндө кабарлоо эмитентке (башкаруучуга) почта аркылуу заказдык кат менен жиберилет же эмитенттин (башкаруучунун) ыйгарым укуктуу адамына кол койдуруу менен тапшырылат, эгерде аталган кабарлоону жиберүүнүн башка ыкмасы ипотекалык жабуунун депозитарийинин регламентинде каралбаса.
175. Депозитарий ар бир айдын акыркы иш күнүнө түзүлгөн реестрдин көчүрмөсүн аны аяктагандан кийинки 3 иш күнүнүн ичинде эмитентке (башкаруучуга) берет.
Эмитенттин (башкаруучунун) талабы боюнча ипотекалык жабуунун депозитарийи аны алган датадан тартып 3 иш күнүнүн ичинде ага ошол талапта көрсөтүлгөн датага карата түзүлгөн реестрдин көчүрмөсүн берет.
Реестрдин көчүрмөсү эмитентке (башкаруучуга) электрондук түрдө, эгерде ал аталган көчүрмөнү кагаз жүзүндө берүүнү талап кылса, кагаз жүзүндө да берет.
Эгерде реестрдин көчүрмөсү кагаз жүзүндө берилсе, реестрдин көчүрмөсүнүн тууралыгы ипотекалык жабуунун депозитарийинин мөөрү жана анын ыйгарым укуктуу адамынын колу менен ырасталышы керек.
176. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда реестрден маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга алардын талабы боюнча берилет.
§ 7. Реестрди өткөрүп берүү
177. Ипотекалык жабуунун депозитарийи ипотекалык жабуунун депозитарийинин алмашкандыгына байланыштуу эмитенттин (башкаруучунун) тиешелүү буйругунун негизинде реестрди жаңы депозитарийге өткөрүп берет.
178. Реестр кагаз жүзүндө же электрондук документ түрүндө өткөрүп берилет.
Эгерде реестр кагаз жүзүндө өткөрүп берилсе, ага ипотекалык жабуунун депозитарийинин ыйгарым укуктуу адамынын колу коюлат жана ипотекалык жабуунун депозитарийинин мөөрү менен бекитилет.
179. Реестрди ипотекалык жабуунун жаңы депозитарийине өткөрүп берүү менен бирге төмөнкүлөр берилет:
- эмитенттин (башкаруучунун) анкетасынын түп нускасы;
- эмитенттин (башкаруучунун) анкетасына тиркелген, ошондой эле эмитенттин (башкаруучунун) анкетасында камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн берилген документтер;
- каттоо журналы.
180. Берилген реестрге жазууларды киргизүү үчүн негиз болуп саналган документтерди сактаган ипотекалык жабуунун депозитарийи эмитенттин (башкаруучунун) суроо-талабы боюнча жазуу жүзүндөгү отчетту берүүгө милдеттүү, анда реестрди өткөрүп берген датага чейинки бүткүл мөөнөт үчүн (же бул мөөнөттүн ичиндеги катталган жак тарабынан көрсөтүлгөн мезгилде) реестрди өткөрүп берген депозитарий тарабынан реестрге киргизилген жазуулар жөнүндө маалымат камтылат. Аталган отчет суроо-талапты алгандан кийин 7 күндүн ичинде берилет.
Аталган отчетту берүү милдеттенмеси реестрди өткөрүп берген датадан тартып үч жыл өткөндөн кийин токтотулат.
VII. Аудит жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө
181. Ипотекалык баалуу кагаздардын эмитенти көз карандысыз аудитордук уюмду тартуу менен өзүнүн финансылык отчетуна, ички контролдоо жана корпоративдик башкаруу системасына жыл сайын аудит жүргүзүүгө милдеттүү.
Ипотекалык жабуунун депозитарийи жана ипотекалык жабуунун башкаруучусу көз карандысыз аудиторду тартуу менен өзүнүн финансылык отчетуна жыл сайын аудит жүргүзүүгө милдеттүү.
Аудиторлордун квалификациялык жана кесиптик компетенцияларына карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
VIII. Ипотекалык жабуунун депозитарийинин жана ипотекалык жабуунун башкаруучусунун ишине карата талаптар
182. Баалуу кагаздар боюнча депозитардык кесиптик ишти жүргүзүүгө лицензиясы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инвестициялык активдерди ишеним менен башкаруу боюнча ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар юридикалык жактар гана ипотекалык жабуунун депозитарийи жана ипотекалык жабуунун башкаруучусу боло алат.
183. Ачык же жабык акционердик коомдор формасында түзүлгөн уюмдар гана ипотекалык жабуунун депозитарийи катары ишти жүргүзө алышат.
184. Башкаруучу компаниянын ал депозитардык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим түзгөн депозитарийдин уставдык капиталына катышуусуна жол берилбейт.
185. Баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүүнү түздөн-түз камсыз кылган башкаруучу компаниянын аткаруучу директорлорунун жана алардын орун басарларынын, анын бөлүмдөрүнүн жана бөлүнүштөрүнүн жетекчилеринин, ипотекалык жабуу операцияларына түздөн-түз катышкан анын адистеринин ошол башкаруучу компания депозитардык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим түзгөн ипотекалык жабуунун депозитарийинин башкаруу органдарынын ишине катышууларына жол берилбейт.
186. Юридикалык жак ипотекалык жабуунун депозитарийинин аткаруучу органы боло албайт.
187. Ипотекалык жабуунун депозитардык тейлөө келишими төмөнкү депозитарий менен гана түзүлөт:
- акыркы 3 жылдын ичинде банкроттук же депозитардык ишти жүргүзүүгө лицензиянын колдонулушун токтотуу же жокко чыгаруу түрүндө санкциялар колдонулбаган;
- депозитарий катары тийиштүү лицензияны алган учурдан тартып эсептелүүчү ишинин узактыгы 2 жылдан кем болбогон;
- депозитардык ишти жүргүзгөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу үчүн өздүк капиталдын жетиштүүлүгү көрсөткүчүнүн ченемдик талаптарына ылайык өздүк каражаты болгон;
- штатында 3төн кем эмес адистери бар, анын ичинде жогорку билимге ээ, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун тиешелүү квалификациялык күбөлүгү бар, депозиттик ишти түздөн-түз жүргүзгөн өз алдынча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин же жеке өзү аткаруучу органдын функциясын жүзөгө ашырган жак.
188. Ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруу келишими ипотекалык жабуунун төмөнкүдөй башкаруучусу менен гана түзүлөт:
- акыркы 3 жылдын ичинде инвестициялык активдерди ишеним менен башкаруу боюнча ишти жүргүзүүгө лицензиясын жокко чыгаруу же колдонулушун токтотуу түрүндө санкциялар же банкроттук жол-жоболору колдонулбагандар менен;
- инвестициялык активдерди ишеним менен башкаруу боюнча ишти жүргүзгөн баалуу кагаздардын рыногунун кесипкөй катышуучусу үчүн өз капиталынын жетиштүүлүк көрсөткүчүнүн ченемдик талаптарына ылайык өзүнүн каражаттары бар;
- штатында 3төн кем эмес адистери бар, анын ичинде жогорку билимге ээ, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун тиешелүү квалификациялык күбөлүгү бар, инвестициялык активдерди ишеним менен башкаруу боюнча ишти түздөн-түз жүргүзгөн өз алдынча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин же жеке өзү аткаруучу органдын функциясын жүзөгө ашырган жак.
IX. Ипотекалык жабуунун депозитарийинин жана ипотекалык жабууну башкаруучунун отчёту тууралуу
189. Ипотекалык жабуунун депозитарийи жана ипотекалык жабуунун башкаруучусу ыйгарым укуктуу органга отчёт берет.
190. Ипотекалык жабуунун депозитарийинин отчёту облигациялардын эмитенти депозитарий менен түзгөн келишимдин күчүнө кирген датасынан баштап же Ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруу эрежелерин каттоо датасынан тартып квартал сайын, отчеттук мезгил аяктаган күндөн 30 иш күнүнөн кечикпей берилет.
Ипотекалык жабууну башкаруучунун отчёту ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруунун эрежеси катталган күндөн баштап отчёттук мезгил аяктаган күндөн 30 иш күнүнөн кечикпей квартал сайын берилет.
191. Отчёт ишеним менен башкаруусун ипотекалык жабуунун башкаруучусу жүргүзгөн ар бир ипотекалык жабуу боюнча өзүнчө түзүлөт, ошондой эле мүлкүн эсепке алууну жана сактоону ипотекалык жабуунун депозитарийи жүргүзгөн ар бир ипотекалык жабуу боюнча өзүнчө түзүлөт.
192. Отчёт ипотекалык жабуунун депозитарийинин электрондук санариптик колу жана ипотекалык жабуунун башкаруучусунун электрондук санариптик колу менен электрондук документти жиберүү аркылуу же оптикалык сактагычта көчүрмөсүн бирге тиркөө менен кагаз түрүндө документти жиберүү жолу менен ыйгарым укуктуу органга берилет. Оптикалык сактагыч катары CD-R же DVD-R оптикалык дисктери колдонулат.
193. Отчёт кагаз түрүндө берилген учурда отчётко номер коюу, көктөп тигүү, ипотекалык жабуунун башкаруучусунун ыйгарым укуктуу адамынын (ипотекалык жабуунун депозитарийинин ыйгарым укуктуу адамынын) колун коюу, ошондой эле ипотекалык жабуунун башкаруучусунун жана ипотекалык жабуунун депозитарийинин мөөрлөрү менен бекитүү керек.
X. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушуна даярдык көрүү, аны чакыруу жана өткөрүү тартибине кошумча талаптар тууралуу
194. Жалпы чогулуш жыйын (күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо жана добушка коюлган маселелер боюнча чечим кабыл алуу үчүн катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин биргелешип катышуусу) түрүндө же сырттан добуш берүү аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн.
195. Жалпы чогулушту даярдоо, чакыруу жана өткөрүү "Акционердик коомдор жөнүндө", "Ипотекалык баалуу кагаздар тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Жобого жана ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруу эрежелерине ылайык иш жүзүнө ашырылат.
196. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушту чакыруу тууралуу жазуу жүзүндөгү талабы жалпы чогулушту чакырууну талап кылган катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин аты-жөнүн (аталыштарын), аларга таандык катышуунун ипотекалык сертификаттарынын санын, ошондой эле жалпы чогулуштун күн тартибин жана ар бир сунушталган маселенин туюндурмасын камтууга тийиш.
197. Ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруу келишими боюнча укуктарды жана милдеттерди ипотекалык жабуунун башка башкаруучусуна өткөрүп берүү маселеси боюнча чечимди кабыл алуу үчүн жалпы чогулушту чакыруу жөнүндө катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жазуу жүзүндө талабы ошол ипотекалык жабууну башкаруучунун толук фирмалык аталышын, анын жайгашкан жерин жана эрежелерде каралган ал тууралуу башка маалыматтарды камтышы керек. Мындай талапка ипотекалык жабууну ишеним менен башкарууну жүзөгө ашырууга ипотекалык жабуунун аталган башкаруучусунун жазуу жүзүндөгү макулдугу тиркелүүсү зарыл.
198. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушту чакыруу тууралуу жазуу жүзүндөгү талабына жалпы чогулушту чакырууну талап кылган катышуунун ипотекалык сертификаттарынын бардык ээлеринин, же алардын өкүлдөрүнүн колу коюлууга тийиш.
Жалпы чогулушту чакыруу тууралуу жазуу жүзүндөгү талапка ипотекалык катышуу сертификатынын ээсинин өкүлү кол койсо, мындай талапка Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлгөн жана ушундай өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастаган ишеним кат (белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын көчүрмөсү) тиркелиши керек.
199. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушту чакыруу тууралуу жазуу жүзүндөгү талабы ипотекалык жабуунун башкаруучусуна төмөнкүдөй жолдор менен берилет:
1) ипотекалык жабуунун башкаруучусунун жеке аткаруучу органынын дарегине (жайгашкан жерине) почта байланышы аркылуу жөнөтүү;
2) ипотекалык жабуунун башкаруучусунун жеке аткаруучу органынын функциясын иш жүзүнө ашырган жакка же ипотекалык жабуунун башкаруучусунун атынан ыйгарым укук берилген башка жактарга аларга жөнөтүлгөн жазуу жүзүндөгү корреспонденцияны кол койдуруп тапшыруу;
3) ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруунун эрежелеринде каралган башка жолдор менен жиберүү.
200. Жалпы чогулушту чакырган ипотекалык жабууну башкаруучу жалпы чогулушту чакыруу жөнүндө же аны чакыруудан жүйөлүү баш тартуу тууралуу чечимди катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушту чакыруу тууралуу жазуу жүзүндөгү талабын алган күндөн баштап 5 күн ичинде кабыл алышы керек.
201. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушту чакыруу тууралуу жазуу жүзүндөгү талабын, ошондой эле жалпы чогулушту даярдоого, чакырууга жана өткөрүүгө байланыштуу ар башка документтерди же талапты, анын ичинде жалпы чогулушка катышууга укуктары бар адамдарга милдеттүү түрдө бериле турган маалыматты камтыган документтердин көчүрмөлөрүн (материалдардын көчүрмөлөрүн) берүү жөнүндө талаптарды алган датасы болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жөнөкөй кат менен же башка жөнөкөй почталык жөнөтүү менен жиберилген учурда - почталык жөнөтүүнү кабыл алгандыгын ырастаган календардык штемпелдин тамгасында көрсөтүлгөн күн;
2) заказ катты же башка катталуучу почталык жөнөтүү менен жиберилген учурда - почталык жөнөтүүнүн дарегиндеги адам кол коюп катты алган күнү;
3) кол койдуруп тапшырылган учурда - тапшыруу күнү;
4) ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруунун эрежелеринде каралган башка жол менен жиберилген учурда - аталган эрежелерге ылайык белгиленген күн.
202. Жалпы чогулушту чакыруудан баш тартуу чечими жүйөлүү болууга тийиш. Чыгарылган чечим жалпы чогулушту чакыруу тууралуу жазуу жүзүндөгү талапка кол койгон катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлерине ушундай чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 күндүн ичинде жиберилет,
203. Жалпы чогулушту чакыруу чечими ипотекалык жабуунун башкаруучусу тарабынан кабыл алынат.
204. Жалпы чогулушту чакыруу чечиминде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) жалпы чогулушту өткөрүүнүн формасы (жыйын же сырттан добуш берүү);
2) жалпы чогулушту өткөрүү күнү;
3) жыйын түрүндө өткөрүлгөн жалпы чогулуштун өткөрүү убакыты жана жери (жыйын өткөрүлө турган жердин дареги);
4) жыйын түрүндө өткөрүлгөн жалпы чогулушка катышкан жактарды каттоо убактысынын башталышы жана аякташы;
5) добуш берүү үчүн толтурулган бюллетендерди кабыл алуунун акыркы күнү жана ушул бюллетендер жөнөтүлө турган почталык дарек (даректер);
6) жалпы чогулушка катышуу укугу бар жактардын тизмесин түзүү күнү;
7) жалпы чогулуштун күн тартиби.
205. Жалпы чогулуш, аны чакыруу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып 45 күндөн кечикпей өткөрүлүүгө тийиш.
206. Эгерде жалпы чогулуштун күн тартибинде ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруу келишиминин мөөнөтүн узартуу маселеси карала турган болсо, анда ошол чогулушта эрежелерге тиешелүү өзгөрүүлөрдү бекитүү маселеси дагы каралышы зарыл.
207. Жалпы чогулушка катышуу укугу бар жактардын тизмеси ипотекалык жабуунун башкаруучусу тарабынан ипотекалык катышуу сертификаттарынын ээлеринин реестриндеги маалыматтардын негизинде жалпы чогулушту чакыруу тууралуу чечим кабыл алуу күнүнө карата түзүлөт.
Жалпы чогулушка катышуу укугу бар жактардын тизмесин өзгөртүү аны түзүү датасына аталган тизмеге киргизилбеген жактардын бузулган укуктарын калыбына келтирген учурда гана, же аны түзгөндө кетирген каталарды оңдогондо киргизилет.
208. Жалпы чогулушка катышуу укугу бар жактардын тизмесин ипотекалык жабуунун башкаруучусу тарабынан аталган тизмеге киргизилген жана ушул талап түшкөн датасына ипотекалык катышуу сертификаттардын берилген жалпы санынан катышуунун ипотекалык сертификаттарынын бир пайызынан кем эмесине ээ болгон жактардын талабы боюнча таанышуусу үчүн берилет. Мында аталган тизмеге киргизилген жеке жактардын даректери жана документтеринин маалыматтары аталган жактардын макулдугу менен гана берилет.
209. Кызыкдар жактын талабы боюнча ипотекалык жабуунун башкаруучусу ушундай талап түшкөн датадан тартып жалпы чогулушка катышууга укугу бар жактардын тизмесинен аталган жак жөнүндө маалыматты камтыган көчүрмөнү, же жалпы чогулушка катышууга укугу бар жактардын тизмесине камтылбагандыгы тууралуу маалымкатты 3 иш күнүнүн ичинде берүүгө милдеттүү.
210. Жалпы чогулушту чакыруу тууралуу билдирүүдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) ипотекалык жабууну башкаруучунун толук фирмалык аталышы;
2) ипотекалык жабуунун депозитарийинин толук фирмалык аталышы;
3) ипотекалык катышуу сертификатын идентификациялаган жеке белгилөөсү;
4) жалпы чогулушту өткөрүү формасы (жыйын же сырттан добуш берүү);
5) жалпы чогулушту өткөрүү күнү;
6) жыйын түрүндө өткөрүлгөн жалпы чогулушту өткөрүү убактысы жана жери (жыйын өткөрүлө турган дареги);
7) жыйын түрүндө өткөрүлө турган жалпы чогулушка катышкан жактарды каттоо убактысынын башталышы жана аякташы;
8) добуш берүү үчүн толтурулган бюллетендерди кабыл алуунун акыркы күнү жана бул бюллетендер жөнөтүлө турган почталык дарек (даректер);
9) жалпы чогулушка катышууга укугу бар жактардын тизмесин түзүү күнү;
10) жалпы чогулуштун күн тартиби;
11) жалпы чогулушту өткөрүүгө даярдык көрүүдө көрсөтүлүүчү маалыматтар (материалдар) менен таанышуу тартиби жана таанышууга мүмкүн болгон дарек (даректер).
211. Жалпы чогулушту чакыруу тууралуу билдирүү жалпы чогулуш өткөрүлө турган күндөн тартып 20 күндөн кечикпей берилет.
Анын берилишине чейин жалпы чогулушту чакыруу жөнүндө билдирүү ыйгарым укуктуу органга жиберилиши керек.
Жалпы чогулушту чакыруу тууралуу билдирүүнү берүү эрежелерде көрсөтүлгөн мезгилдүү басмада ишке ашырылат.
212. Ипотекалык жабуунун башкаруучусу жалпы чогулушту чакыруу жөнүндө билдирүүнү берүүгө кошумчалап жалпы чогулушка катышууга укугу бар жактардын тизмесине киргизилген жактарды эрежелерде каралган ыкмалар менен, тактап айтканда заказ кат менен жалпы чогулушту чакыруу жөнүндө билдирүүнү ар бир аталган жактарга жиберүү, ушундай билдирмени аталган адамдарга кол койдуруп тапшыруу жолу менен маалымдоого укуктуу.
213. Жалпы чогулушту өткөрүү датасына чейин 15 календардык күндөн кечиктирбей жалпы чогулушка катышууга укугу бар жактардын тизмесине кирген ар бир адамга добуш берүү үчүн бюллетендер, ошондой эле ушул Жобонун 215-пунктунда каралган маалымат (материал) жиберилүүсү зарыл. Добуш берүү бюллетени жана аталган маалымат, эгерде эрежелерде добуш берүү бюллетенин жана аталган маалыматты (материалды) берүүнүн башка ыкмасы каралбаса, заказдык кат аркылуу жиберилет же колун койдуруп тапшырылат.
Ушул Жобонун 215-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар (материалдар) жалпы чогулушка катышууга укугу бар жактардын тизмесине кирген адамдарга таанышуу үчүн ипотекалык жабуунун башкаруучусунун жеке аткаруучу органынын дареги боюнча өткөрүлүүчү жайда, ошондой эле жалпы чогулушту чакыруу тууралуу билдирүүдө көрсөтүлгөн башка даректерде жалпы чогулушту чакыруу жөнүндө билдирүү жарыяланган күндөн аны өткөрүү датасына чейин жеткиликтүү болууга тийиш. Аталган маалымат (материалдар) жалпы чогулушка катышкан жактарга анын жыйын түрүндө өткөрүлүп жаткан учурунда дагы жеткиликтүү болушу керек.
Ипотекалык жабуунун башкаруучусу жалпы чогулушка катышууга укуктуу жактардын тизмесине киргизилген жактын талабы боюнча ушул Жобонун 215-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөсүн, эгерде эрежелерде андан кыска мөөнөт каралбаса, тиешелүү талап түшкөн датадан 5 календардык күндүн ичинде берүүгө милдеттүү. Аталган көчүрмөлөрдү берүү үчүн алынган төлөм аларды даярдоого кеткен чыгымдардан ашпоого тийиш.
214. Добуш берүү бюллетенинде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) ипотекалык жабууну башкаруучунун толук фирмалык аталышы;
2) Депозитарийдин толук фирмалык аталышы;
3) ипотекалык катышуу сертификатын идентификациялаган жеке белгилөөсү;
4) жалпы чогулушту өткөрүү формасы (жыйын же сырттан добуш берүү);
5) жалпы чогулушту өткөрүү күнү;
6) жыйын түрүндө өткөрүлгөн жалпы чогулуштун өткөрүү убактысы жана жери (жыйын өткөрүлө турган дареги);
7) добуш берүү үчүн толтурулган бюллетендерди кабыл алуунун акыркы күнү жана жалпы чогулушту чакыруу жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн бюллетендер жөнөтүлө турган почталык дарек (даректер);
8) күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча чечимдердин туюндурмасы;
9) "каршы" же "макул" түрүндө берилген ар бир күн тартибиндеги маселе боюнча добуш берүүнүн варианттары;
10) добуш берүү бюллетенине катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээси же анын өкүлү кол коюшу керектиги тууралуу эскертүү;
11) жалпы чогулушка катышууга укугу бар жактардын тизмесине киргизилген жакты идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтар, же добуш берүү бюллетенин толтурууда ушул сыяктуу маалыматтарды толтуруу керектигин көрсөтүү;
12) жалпы чогулушка катышууга укугу бар жактардын тизмесине кирген жакка таандык катышуунун ипотекалык сертификаттарынын санын көрсөтүү;
13) добуш берүү бюллетенин толтуруу тартибинин дыкат сүрөттөмөсү.
215. Жалпы чогулушка катышууга укугу бар жактардын тизмесине кирген жактарга берилген маалымат (материалдар) төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) эрежелерге өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун долбоору, аларды бекитүү маселеси жалпы чогулуштун күн тартибине киргизилет жана аталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен эрежелердин тексти;
2) ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруу боюнча укуктарды жана милдеттерди өткөрүп берүү үчүн талапкерлердин тизмесине толук фирмалык аталышын, жайгашкан жерин, эрежелерде каралган башка маалыматтарды көрсөтүү менен ипотекалык жабуунун ар бир башкаруучусу жөнүндө маалыматтар, ошондой эле ушул ипотекалык жабуунун башкаруучусунун ипотекалык жабууну ишеним менен башкарууну жүзөгө ашырууга жазуу жүзүндөгү берген макулдугу тууралуу маалыматтар;
3) ушул Жобонун талаптарына ылайык акыркы аныктама учуруна бир ипотекалык катышуу сертификатынын нарктык баасы жана ипотекалык жабуунун өлчөмү тууралуу маалымат.
216. Жалпы чогулушка катышууга укугу бар жактардын тизмесине кирген жактар, ипотекалык катышуу сертификаттары аталган жактардын укуктары мураска алуу же кайра уюштуруу тартибинде өткөн адамдар, же ишеним каттын, же мыйзамдын негизинде иштеген алардын өкүлдөрү жалпы чогулушка катыша алат.
217. Жыйын түрүндө өткөрүлгөн чогулуш жалпы чогулушка катышуу үчүн келген жактарды каттоого берген убакыт өткөндөн кийин ачык деп жарыяланат.
218. Жалпы чогулуштун төрагасы жана катчысы болуп ипотекалык жабуунун башкаруучусунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү саналат.
219. Жыйын түрүндө өткөрүлгөн жалпы чогулушка катышуу үчүн бюллетендери жалпы чогулушту өткөрүү датасынан кечикпей алынган жактарды (алардын өкүлдөрүн) кошпогондо, жалпы чогулушка катышууга укугу бар жактардын (алардын өкүлдөрүнүн) тизмесине киргизилген жактар катталууга тийиш. Жалпы чогулушка катышуу үчүн катталган жактын талабы боюнча ага добуш берүү бюллетени берилет.
Бюллетендери жалпы чогулушту өткөрүү датасынан кечикпей алынган, жалпы чогулушка катышууга укугу бар жактардын тизмесине кирген адамдар жыйын түрүндө өткөрүлгөн жалпы чогулушка катышууга укуктары бар. Аталган жактар катталбайт, аларга добуш берүү бюллетендери берилбейт.
Жалпы чогулушка катышууга укугу бар жактардын тизмесине кирген жактар (анын ичинде ишеним каттын негизинде иштеген жаңы өкүлү) жалпы чогулушка катышуу үчүн катталууга тийиш жана, эгерде өкүлүн алмаштыруу (чакыртып алуу) жөнүндө билдирмени ипотекалык жабуунун башкаруучусу ыйгарым укуктары токтотулган өкүлүн каттоого чейин алынган учурда, добуш берүү бюллетендери аталган жакка берилиши керек.
Каттоо учурунда жалпы чогулушка катышууга укугу бар жактардын тизмесиндеги маалымат менен жалпы чогулушка катышуу үчүн келген жактардын берген (көрсөткөн) документтеринин маалыматы менен салыштырылат.
Каттоону ипотекалык жабуунун башкаруучусу же алардын ыйгарым укуктуу адамдары жүргүзөт. Жалпы чогулушка катышууга келген, бирок анын ачылышына чейин каттоого турбаган жактарды каттоо жалпы чогулуштун күн тартибинин акыркы маселесин талкуулоону бүткөндөн кийин аякталышы керек.
Жыйын түрүндө өткөрүлгөн чогулушка катышуу үчүн катталган жактардын жалпы чогулуштун күн тартибиндеги бардык маселелери боюнча аяктоого чейин добуш берүүгө укуктары бар.
220. Ишеним каттын негизинде иштеген өкүлү кол койгон, ипотекалык жабуунун башкаруучусу алган добуш берүү бюллетендери ипотекалык жабуунун башкаруучусу ушул өкүлүн алмаштыруу (чакыртып алуу) тууралуу билдирүүнү жалпы чогулушту өткөрүү датасынан кечикпей алган учурда жараксыз болуп таанылат.
221. Эгер ипотекалык катышуу сертификаты бир нече жактын жалпы үлүштүк менчигинде болгон учурда жалпы чогулушта добуш берүү укугу жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын бири тарабынан, алардын ыктыяры боюнча, же алардын жалпы өкүлү тарабынан жүзөгө ашырылат. Аталган ар бир жактын ыйгарым укуктары талаптагыдай таризделүүгө тийиш.
222. Жалпы чогулуштун күн тартибиндеги маселелер боюнча добуш берүү бюллетендер боюнча гана жүргүзүлөт.
Эгерде добуш берүү бюллетенине жалпы чогулушка катышууга укугу бар жактардын тизмесине кирген жактын өкүлү кол койсо, мындай бюллетенге талаптагыдай таризделген ишеним кат тиркелүүсү зарыл (белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын көчүрмөсү), болбосо добуш берүү бюллетени жараксыз болуп таанылат.
223. Жалпы чогулуш күн тартибине киргизилбеген маселелер боюнча чечим кабыл албайт, ошондой эле жалпы чогулуштун күн тартибин өзгөртүүгө укугу жок.
224. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жалпы чогулуп өткөрүлгөн (жабылган) күндөн тартып 2 календардык күндөн кечикпей ипотекалык жабуунун башкаруучусу тарабынан жүргүзүлөт.
225. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууда добуш берүүчү тарабынан добуш берүүнүн бир варианты гана калтырылган бюллетендер эске алынат. Аталган талаптар бузулуп толтурулган бюллетендер тийиштүү маселе боюнча добуш берүү бөлүгүндө жараксыз болуп таанылат.
Эгерде добуштардын жыйынтыгын чыгарууда бир жактын же (жана) анын өкүлүнүн бирден ашык бюллетенди толтургандыгы аныкталса, бардык бюллетендер жараксыз деп табылат.
Ошондой эле добуш берүү бюллетени жалпы чогулушка катышууга укугу бар жактардын тизмесине кирген жак же анын өкүлү кол койбогон учурда да жараксыз деп табылат.
226. Жалпы чогулуштун протоколу жалпы чогулуш өткөрүлгөн күндөн тартып 2 күндөн кечикпей түзүлөт.
227. Жалпы чогулуштун протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) ипотекалык жабуунун башкаруучусунун толук фирмалык аталышы;
2) ипотекалык жабуунун депозитарийинин толук фирмалык аталышы;
3) ипотекалык катышуу сертификатын идентификациялаган жеке белгилөөсү;
4) жалпы чогулушту өткөрүү формасы (жыйын же сырттан добуш берүү);
5) жалпы чогулушту өткөрүү күнү;
6) жыйын түрүндө өткөрүлгөн жалпы чогулуштун өткөрүү убактысы жана жери (жыйын өткөрүлө турган дареги);
7) жалпы чогулуштун күн тартиби;
8) жыйын түрүндө өткөрүлгөн жалпы чогулушка катышкан жактарды каттоо убактысынын башталышы жана аякташы;
9) жыйын түрүндө өткөрүлгөн жалпы чогулуштун ачылуу жана жабылуу убактысы, жалпы чогулушта кабыл алынган чечимдердин жана алар боюнча жалпы чогулушта билдирилген добуш берүүнүн жыйынтыгы, - ошондой эле добушка коюлган жалпы чогулуштун күн тартибиндеги маселелер боюнча добуштардын жыйынтыгын чыгарууну баштоо жана аяктоо убактысы;
10) добуш берүү үчүн толтурулган бюллетендер жиберилген почталык дарек (даректер) жана ушундай бюллетендерди кабыл алууну аяктоо датасы;
11) жалпы чогулушка катышууга укугу бар жактардын тизмесине киргизилген жактар ээ болгон добуштардын жалпы саны;
12) жалпы чогулушка катышкан жактар ээ болгон добуштардын саны;
13) жалпы чогулуштун күн тартибинин ар бир маселеси боюнча добуш берүүнүн ар бир вариантына ("макул" же "каршы") берилген добуштардын саны;
14) мындай бюллетендер боюнча добуштардын жалпы санын көрсөтүү менен добуш берүүгө жараксыз бюллетендердин саны;
15) жалпы чогулуштун күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча жалпы чогулуштун кабыл алган чечимдеринин туюндурмасы;
16) добуш берүүгө коюлган жалпы чогулуштун күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча чыгып сүйлөгөндөрдүн аты-жөнү жана сөздөрүнүн негизги жоболору (сырттан добуш берүү түрүндө өткөрүлгөн жалпы чогулушту кошпогондо);
17) жалпы чогулуштун жетекчисинин жана катчысынын аты-жөнү;
18) жалпы чогулуштун протоколу түзүлгөн күн.
228. Жалпы чогулуштун протоколуна жалпы чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колу коюлат.
229. Жалпы чогулуштун протоколуна жалпы чогулуштун чечимдери менен бекитилген документтер тиркелет.
230. Жалпы чогулуштун протоколу түзүлгөндөн кийин добуш берүү бюллетендери, анын ичинде жараксыз деп табылгандары да мөөр басып бекитилип, ипотекалык жабуунун башкаруучусунун архивине сактоого тапшырылат.
231. Жалпы чогулуш кабыл алган чечимдер, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыгы жалпы чогулушка катышууга укугу бар жактардын тизмесине киргизилген жактарга жалпы чогулушту чакыруу жөнүндө билдирүү үчүн каралган тартипте добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет түрүндө жалпы чогулуштун протоколун түзгөндөн кийин 10 күндөн кечиктирилбей билдирилет.
232. Жалпы чогулуштагы добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу отчётто төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) ипотекалык жабууну башкаруучунун толук фирмалык аталышы;
2) ипотекалык жабуунун депозитарийинин толук фирмалык аталышы;
3) ипотекалык катышуу сертификатын идентификациялаган жеке белгилөөсү;
4) жалпы чогулуштун өткөрүү формасы (жыйын же сырттан добуш берүү);
5) жалпы чогулушту өткөрүү күнү;
6) жыйын түрүндө өткөрүлгөн жалпы чогулуштун өткөрүү убактысы жана жери (чогулуш өткөрүлө турган дареги);
7) жалпы чогулуштун күн тартиби;
8) жалпы чогулушка катышууга укугу бар жактардын тизмесине киргизилген жактарга берилген добуштардын саны;
9) жалпы чогулушка катышкан жактарга берилген добуштардын саны;
10) жалпы чогулуштун күн тартибинин ар бир маселеси боюнча ар бир добуш берүү вариантына ("макул" же "каршы") берилген добуштардын саны;
11) жалпы чогулуштун күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча жалпы чогулуштун кабыл алган чечимдеринин туюндурмасы;
12) жалпы чогулуштун төрагасынын жана катчысынын аты-жөнү;
13) жалпы чогулуштагы добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу отчёт түзүлгөн күн.
233. Жалпы чогулуштагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу отчётко жалпы чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колу коюлат.
XI. Катышуунун ипотекалык сертификаттарын төлөө тартиби тууралуу
234. Катышуунун ипотекалык сертификаттарын төлөө ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруу келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин жана катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлери акча каражаттарын төлөө милдетин аткаргандан кийин талаптары ипотекалык жабууну түзгөн милдеттер боюнча алынган төлөмдөрдүн эсебинен жүргүзүлөт.
235. Катышуунун ипотекалык сертификаттарын төлөө өздүк эсеп боюнча чыгымдардын жазуусун катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрине киргизүү жолу менен жүргүзүлөт жана, эгерде катышуунун ипотекалык сертификатына укуктарды эсепке алуу баалуу кагаздар рыногунда депозиттик иш жүргүзүүгө лицензиясы, депо эсептери боюнча чыгымдардын жазуулары бар баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары депо эсептеринде жүргүзөт.
236. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлерине төлөнүүчү акча каражатынын суммасы ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруу келишими аяктаган күнгө карата ипотекалык жабууну түзгөн акча каражатынын суммасынан, ошондой эле милдеттери аткарылбаган талаптарды өткөрүүдөн (сатуудан алынган кача каражаттардын суммасынан жана (же) ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруу келишимин колдонуу мөөнөтү аяктаганда ипотекалык жабуунун курамында калган катышуунун ипотекалык сертификаттардан улам аныкталат.
237. Ушул Жобонун 236-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражаттары катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлерине төлөп берүү ипотекалык жабуунун башкаруучусуна, ипотекалык жабуунун адистештирилген депозитарийине, катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрин жүргүзгөн каттоочунун акыларын жана ипотекалык жабууну ишеним менен башкарууга байланыштуу чыгымдарды кармап калуудан кийин төлөнөт.
238. Ушул Жобонун 236-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражаттары катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлерине ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруу эрежелери менен белгиленген тартипте жана мөөнөттө аларга таандык катышуунун ипотекалык сертификаттарынын санына пропорциялуу төлөнөт.
|
| Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Форма
|
| 20___-ж. "___" _____________ катталган KG мамлекеттик каттоо номери _________________ ______________________________________________ (каттоочу органдын аталышы) ______________________________________________ (ыйгарым укуктуу жактын колу) (каттоочу жактын мөөрү) |
Ипотекалык жабуусу бар облигацияларды айкын сунуштоонун шарттары
Эмитенттин толук аталышы ___________________________________________________________________
Ипотекалык жабуусу бар облигацияларды айкын сунуштоонун шарттарын бекиткен эмитенттин органы
____________________________________________________________________________________________
Бекиткен датасы _____________________________________________________________________________
(күн, ай, жыл)
Эмитенттин жайгашкан орду: __________________________________________________________________
Байланыш телефондору: _____________________________________________________________________
Коомдун жетекчисинин кызмат ордунун аталышы ________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
М.О.
Датасы 20__-ж. "___" ____________________
Ипотекалык жабуусу бар облигацияларды айкын сунуштоонун шарттарына киргизилүүчү маалымат
1. Баалуу кагаздардын түрү, баалуу кагаздарды чыгаруунун идентификациялык белгилери, (сериясынын идентификациялык белгилери, пайыздык, дисконттук ж.б.).
Эгерде облигацияларды чыгарууну транштар менен жайгаштыруу болжолдонсо, бул шартка жараша белгиленет.
2. Ипотекалык жабуусу бар облигациялардын номиналдык наркы.
3. Ипотекалык жабуусу бар чыгарылыштагы облигациялардын саны.
Эгерде ипотекалык жабуусу бар облигацияларды чыгарууну транштар менен жайгаштыруу болжолдонсо, чыгаруу транштарынын саны (санын аныктоо тартиби), ар бир транштагы ипотекалык жабуусу бар облигациялардын саны (санын аныктоо тартиби) да көрсөтүлөт.
4. Ар бир чыгарылыштагы ипотекалык жабуусу бар облигациялардын ээсинин укугу.
Ипотекалык жабуусу бар облигациялардын ээлеринин эмитенттен белгиленген мөөнөттө ипотекалык жабуусу бар облигациялардын номиналдык наркын алууга же башка мүлк эквивалентин алууга, ошондой эле ипотекалык жабуусу бар облигациялардын номиналдык наркынан белгиленген пайызды алууга укугу же башка мүлк укугу көрсөтүлөт. Ипотекалык жабуусу бар облигациялардын ээлеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке ашырууга укуктуу экендиги көрсөтүлөт.
5. Ипотекалык жабуусу бар облигацияларды жайгаштыруунун мөөнөтү жана тартиби.
Ипотекалык жабуусу бар облигацияларды чыгарууну жайгаштыруунун тартиби көрсөтүлөт.
Ипотекалык жабуусу бар облигацияларды жайгаштыруу мөөнөтүнүн башталган жана бүткөн датасы көрсөтүлөт.
Эгерде ипотекалык жабуусу бар облигацияларды чыгарууну транштар менен жайгаштыруу болжолдонсо, ар бир транштын облигацияларын жайгаштыруунун мөөнөтү кошумча көрсөтүлөт.
6. Андеррайтердин толук жана кыскартылган фирмалык аталышы, салык төлөөчүнүн жайгашкан орду жана почталык дареги, идентификациялык номери, баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучусуна лицензия берген орган, берилген күнү жана колдонулуу мөөнөтү, номери.
7. Ипотекалык жабуусу бар бир облигацияны жайгаштыруунун баасы же баасын аныктоонун тартиби.
Эгерде ипотекалык жабуусу бар облигацияларды чыгарууну транштар менен жайгаштыруу болжолдонсо, ар бир транштагы ипотекалык жабуусу бар облигацияларды жайгаштыруунун баасы же баасын аныктоонун тартиби кошумча көрсөтүлөт.
8. Ипотекалык жабуусу бар облигацияларды төлөөнүн шарттары жана тартиби.
Ипотекалык жабуусу бар облигацияларды төлөөнүн шарттары, тартиби, эсептердин формасы көрсөтүлөт.
9. Ишке ашпай калган учурда ипотекалык жабуусу бар облигацияларды чыгарууга төлөө үчүн берилген каражаттарды кайрып берүүнүн тартиби.
10. Ипотекалык жабуусу бар облигациялар боюнча кирешелерди төлөөнүн шарттары:
1) Ипотекалык жабуусу бар облигацияларды төлөөнүн формасы.
2) Төлөө мөөнөтү кошо алганда ипотекалык жабуусу бар облигацияларды төлөөнүн тартиби жана шарттары.
Эгерде ипотекалык жабуусу бар облигацияларды чыгарууну транштар менен жайгаштыруу болжолдонсо, ар бир транштагы ипотекалык жабуусу бар облигацияларды жүгүртүүнүн мөөнөтү кошумча көрсөтүлөт.
3) Ипотекалык жабуусу бар ар бир облигация боюнча төлөнгөн кирешени аныктоо тартиби. Кирешенин көлөмү же аны аныктоонун тартиби, анын ичинде ипотекалык жабуусу бар ар бир облигация боюнча төлөнүүчү кирешенин көлөмү же аны аныктоонун тартиби көрсөтүлөт.
4) Ипотекалык жабуусу бар облигациялар боюнча кирешени төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү, ипотекалык жабуусу бар ар бир облигация боюнча кирешени төлөөнүн тартибин жана мөөнөтүн кошо алганда.
Ипотекалык жабуусу бар облигациялар боюнча кирешелер төлөнүүчү жерди көрсөтүү.
5) Ипотекалык жабуусу бар облигацияларды мөөнөтүнөн мурда төлөөнүн мүмкүндүгү жана шарттары, атап айтканда: мөөнөтүнөн мурда төлөөнүн баасы (наркы), ипотекалык жабуусу бар облигациялар мөөнөтүнөн мурда төлөнүшү мүмкүн болгон мөөнөт, ошондой эле эмитенттин мөөнөтүнөн мурда төлөө тууралуу маалыматты берүү тартиби,
11. Ипотекалык жабуусу бар облигацияларды сатып алуу тууралуу маалыматтар.
Эмитенттин ипотекалык жабуусу бар облигацияларды сатып алуу мүмкүндүгү, шарттары жана тартиби, сатып алынган ипотекалык жабуусу бар облигацияларды жүгүртүүгө чыгаруу мүмкүндүгү, ошондой эле эмитенттин ипотекалык жабуусу бар облигацияларды сатып алуу жөнүндө маалыматты ачуунун тартиби көрсөтүлөт.
12. Ипотекалык жабуусу бар облигацияларды чыгаруу жөнүндө маалыматты ачуунун тартиби.
13. Ипотекалык жабуусу бар облигациялар боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо жөнүндө маалыматтар.
Берилген камсыз кылуунун ыкмасы, фирманын толук жана кыскартылган аталышы, жайгашкан жери, почталык дареги, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, камсыздоонун шарттары.
14. Ипотекалык жабуусу бар облигацияларды жүгүртүүдөгү чектөөлөр.
Жайгаштырылган ипотекалык жабуусу бар облигацияларды жүгүртүүдөгү бардык чектөөлөр көрсөтүлөт.
Ипотекалык жабуусу бар облигацияларды чыгаруунун жана (же) жүгүртүүнүн башка өзгөчөлүктөрү жана шарттары.
Ипотекалык жабуусу бар облигацияларды сатуунун негизги жайлары.
15. Ипотекалык жабуусу бар облигацияларды айкын сунуштоонун башка шарттары.
|
| Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Форма
|
| 20___-ж. "___" _____________ катталган KG мамлекеттик каттоо номери _________________ ______________________________________________ (каттоочу органдын аталышы) ______________________________________________ (ыйгарым укуктуу жактын колу) (каттоочу жактын мөөрү) |
|
| М.О. |
Ипотекалык жабуусу бар облигациялардын эмиссиясынын проспектиси
________________________________________________________________
(эмитенттин толук фирмалык аталышы)
________________________________________________________________
(эмитенттин турган жери, байланыш телефону)
"___" ________________ 20-ж.
Ушул проспектиде айтылган маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачыкка чыгарылууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мамлекеттик орган ипотекалык жабуусу бар облигациялардын ушул проспектинде көрсөтүлгөн маалыматтын тууралыгы үчүн жооп бербейт, жана аны каттоо фактысы менен ипотекалык жабуусу бар, жайгаштырылуучу облигацияларга карата өзүнүн мамилесин билдирбейт.
Берилген баардык маалыматтардын тууралыгы үчүн жоопкерчиликти эмитент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте өзүнө алат.
Сиз эмитенттин ипотекалык жабуусу бар облигацияларына каражат салуу жөнүндө чечим чыгаарда ушул баалуу кагаздарга ээлик кылууга байланыштуу анын пайдасы жана опурталы жөнүндө өзүңүздүн пикириңизге таянышыңыз керек.
Проспект төмөндөгү маалыматтарды камтышы керек:
1) проспектинин түзүлгөн күнү.
2) эмитент жөнүндө жалпы маалымат.
Эмитенттин толук фирмалык аталышы.
Эмитенттин кыскартылган аталышы.
Эмитенттин аталышындагы жана уюштуруу-укуктук формасындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтар.
Эгер эмитенттин ишинин убактысынын ичинде фирмалык аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы өзгөрсө, анда анын мурдагы толук жана кыскартылган аталыштары, уюштуруу-укуктук формалары, ошондой эле өзгөртүлгөн даталар да көрсөтүлөт.
Эмитенттин мамлекеттик каттоосу (кайрадан катталышы) жөнүндө маалыматтар.
Мамлекеттик каттоо номери жана (эмитенттин мамлекеттик каттоодон өткөнүн ырастаган башка документтин) мамлекеттик каттоого алынган датасы көрсөтүлөт, ошондой эле аны мамлекеттик каттоодон өткөргөн мекеменин да аталышы көрсөтүлөт.
Эмитенттин жайгашкан жери, почтасынын дареги жана байланыш телефондору.
Эмитенттин алыш-бериш жана башка эсептери ачылган кредиттик уюмдардын аталыштары.
Эмитенттин жеке капиталы жана катышуучулары жөнүндө маалыматтар.
Эмитенттин түзүлүшү жана өнүгүшүнүн тарыхы.
(Эмитенттин түзүлүшүнүн жана ишинин кыскача таржымалы, түзүлүшүнүн максаттары көрсөтүлөт).
Эмитенттин чарбалык ишинин негизги түрү.
Эмитенттин ишинин тармагындагы жалпы тенденциялар, анын ичинде эмитент үчүн кыйла маанилүүлөрү кыскача баяндалат. Эмитенттин тармактагы ишин чагылдырган салыштырмалуу маалыматтар көрсөтүлөт.
Эмитенттин өнөр жайлык, банктык жана финансылык топторго, башка бирикмелерге катышуусу, ошондой эле эмитенттин туунду жана баш ийүүсүндөгү чарбалык уюмдар жөнүндө маалыматтар.
3) эмитенттин кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар.
Эмитенттин башкаруучу органдарынын структурасы жана компетенциясы жөнүндө маалыматтар.
Эмитенттин башкаруучу органдарынын курамына кирген адамдардын тизмеси, башкаруучу уюм жөнүндө маалымат, эмитенттин башкаруучу органдарына кирген адамдардын, акциялардын ири пакеттеринин ээлеринин жана акционерлердин, акциялардын контролдук пакетинин ээлеринин ортосундагы аффилирленген байланыштын мүнөзү.
Эмитентке кызмат адамдарына таандык болгон акциялардын (үлүштөрдүн) саны жана анын туунду жана көз каранды уюмдарынын саны.
Эмитенттин уставына (уюштуруучу документтерине) ылайык анын башкаруучу органдарынын структурасы жана алардын компетенциясы толук баяндалат.
4) эмитенттин акционерлери (катышуучулары) жөнүндө маалымат.
Акциялардын ири пакеттеринин ээлери жана акциялардын контролдук пакеттерине ээлик кылган акционерлер жөнүндө маалыматтар.
Эмитент жасаган бүтүмдөр, эмитенттин ал бүтүмдөрдү жасоого кызыкдар болгон кызмат адамдары, акциялардын ири пакеттеринин ээлери жана алардын аффилирленген жактары жөнүндө бүткөн акыркы 3 финансылык жылдагы маалыматтар жана эгер эмитент өзүнүн ишин жүргүзүп жатканы 3 жылдан аз болсо, бүткөн ар бир финансылык жыл үчүн, ошондой эле баалуу кагаздардын проспектин түзгөн датага чейинки маалыматтар.
5) эмитенттин баалуу кагаздары жөнүндө маалыматтар.
Эмитенттин ошол учурга карата чыгарылган баардык баалуу кагаздары.
Айкын сунушталуучу баалуу кагаздардын түрү.
Баалуу кагаздын номиналдык наркы.
Көпчүлүккө сунуштала турган баалуу кагаздардын саны.
Айкын сунуштоо белгиленген баалуу кагаздардын саны.
Ушул айкын сунуштоонун алкагында сатуу белгиленип жаткан жана баалуу кагаздардын айкын сунушталышын ишке ашты деп таануу эмитентке зарыл болгон баалуу кагаздардын минимум саны катары саналат.
Айкын сунуштоодогу баалуу кагаздын наркы (бааны аныктоонун тартиби).
Баалуу кагаздарды айкын сунуштоонун шарттары жана мөөнөтү.
Ипотекалык баалуу кагаздар боюнча кирешенин өлчөмүн аныктоонун тартиби.
Сунушталып жаткан баалуу кагаздар мурда чыгарылганы же жайгаштырууга сунушталып жатканы жөнүндө билдирүү.
Баалуу кагаздарды айкын сунуштоо жөнүндө маалыматты ачуунун тартиби.
Айкын жайгаштырылуучу баалуу кагаздарды алууга артыкчылыктуу укуктун болушу, жайгаштырылуучу баалуу кагаздарды алууга жана жүгүртүүгө ар кандай чектөөлөр (баалуу кагаздардын эмиссиясында).
Баалуу кагаздарды айкын сунуштоону уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүчү жактар жөнүндө маалыматтар.
Баалуу кагаздарды сатуу сунушталуучу фондулук биржа жөнүндө маалымат.
Эмитенттин фондук биржанын листингине киргизилгени жөнүндө көрсөтмө.
Эмитенттин баалуу кагаздарды сатып алуусуна байланыштуу тобокелдиктер (эмитенттин ипотекалык баалуу кагаздарынын ээлери туш болуучу тобокелдиктердин факторлоруна жүргүзүлгөн талдоолор келтирилет, атап айтсак: экономикалык, социалдык, экологиялык, техникалык).
Эмитент тарабынан аудиторду кошпогондо кошумча экспертти (эксперттик уюмду) тартууда, проспектте камтылуучу жана/же проспектте шилтеме берилүүчү эксперттин (экспертгик уюмдун) корутундусу.
Баалуу кагаздарды төлөө үчүн алынган каражаттарды кайра кайтаруунун тартиби баалуу кагаздарды айкын сунуштоону таануу ишке ашырылбаган учурда.
Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгарууну камсыздоо жөнүндө маалыматтар;
6) финансылык отчет берүү жана башка маалымат.
Эмитенттин акыркы 3 финансылык жылдын же болбосо ар бир аяктаган финансылык жылдын бухгалтердик отчету, эгер эмитент өзүнүн ишин 3 жылдан аз жүргүзгөн болсо, аталган бухгалтердик отчетко карата аудитордун (аудиторлордун) корутундусу.
Эмитенттин проспектти түзүү учуруна акыркы бүткөрүлгөн отчеттук кварталга кварталдык бухгалтердик отчету.
Эмитенттин учурдагы карыздары жана кредити тууралуу маалымат (милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтүнө жараша эмитенттин кредиттик, дебитордук карызынын түзүлүшү ачылат. Мөөнөтү өткөн кредиттик карыз болгон учурда анын негизги шарттары (пайыздык ставка, айып санкциялары, туумдар) жана болжолдонгон төлөө мөөнөтү көрсөтүлөт).
Эгерде эмитент 3 жылдан азыраак иштеген болсо, акыркы финансылык 3 жылдын ичиндеги же болбосо ар бир аяктаган финансылык жылдагы маанилүү фактылар жөнүндө маалыматтар.
Баалуу кагаздарды пландалган айкын жайгаштыруунун натыйжасында тартылган каражаттарды пайдалануунун тартиби жана багыты.
Көз карандысыз аудитор жөнүндө маалымат.
Ипотекалык жабууну ишеним менен башкаруучу жөнүндө маалымат.
Толук жана кыскартылган фирмалык аталышы, жайгашкан жери, почта дареги, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, телефон/факс, лицензия жөнүндө маалыматтар (номери, берген күнү, лицензия берген орган, колдонулуу мөөнөтү) көрсөтүлөт.
Акыркы аудитордук текшерүү жүргүзүүнүн датасы.
Ипотекалык баалуу кагаздарды жүгүртүүдөгү чектөөлөр.
Жайгаштырылган ипотекалык баалуу кагаздарды жүгүртүүдө бардык чектөөлөр көрсөтүлөт.
Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруунун жана (же) жүгүртүүнүн башка өзгөчөлүктөрү жана шарттары.
Ипотекалык баалуу кагаздарды сатуучу негизги жайлар.
Эмитенттин жетекчисинин
кызмат ордунун аталышы ________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Датасы 20__-ж. "___" _____________
М.О.
Коомдун башкы бухгалтери _______________________________________________
(аты-жөнү, колу)
|
| Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Форма
|
| ______________________________________________ (каттоочу мекеменин аталышы) |
Ипотекалык баалуу кагаздарды, ипотекалык баалуу кагаздарды айкын сунуштоону жана проспектти мамлекеттик каттоого арыз
____________________________________________________________________________________________
(эмитенттин толук фирмалык аталышы)
ипотекалык жабуусу бар облигацияларды, ипотекалык жабуусу бар облигацияларды айкын сунуштоонун шарттары жана ипотекалык жабуусу бар облигациялардын эмиссиясынын проспектин мамлекеттик каттоону ишке ашырууну суранат
____________________________________________________________________________________________
(ипотекалык жабуусу бар облигациялардын формасы, саны, номиналдык наркы,
эмиссиянын көлөмү, ипотекалык жабуусу бар облигацияларды төлөөнүн мөөнөтү жана жайгаштыруунун
ыкмасы көрсөтүлөт; ипотекалык жабуусу бар облигацияларды чыгарууну транштар менен
жайгаштырган учурда - бул жагдай белгиленет)
төмөнкүлөргө ылайык жайгаштырылган
____________________________________________________________________________________________
(ипотекалык жабуусу бар облигацияларды чыгаруу тууралуу тиешелүү чечим, күнү жана номери,
аны бекиткен эмитенттин ыйгарым укуктуу органы көрсөтүлөт)
Эмитенттин жайгашкан жери, почта дареги жана байланыш телефондору:
Жетекчинин кызмат ордунун аталышы: ___________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Датасы 20__-ж. "___" _____________
М.О.
|
| Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобонун 4-тиркемеси |
Форма
Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгарууну каттоо картасы
Эмитенттин аталышы: ___________________________________________________________________________
(толук аталышы, кыскартылган аталышы)
Эмитенттин уюштуруу-укуктук формасы: ___________________________________________________________
Дареги: _________________________________________________________________________________________
Ишинин негизги түрү: _____________________________________________________________________________
Телефон: ___________________________ Телетайп: ___________________________________________________
Телефакс: __________________________ Телекс: _____________________________________________________
Юридикалык жактын каттоо номери _________________________________________________________________
Каттоо күнү (кайра каттоо) _________________________________________________________________________
Юридикалык жакты каттоого алган орган ____________________________________________________________
Эмитентти уюштуруучулар ________________________________________________________________________
Толук аталышы | Индекс, дареги: | Уставдык капиталдагы үлүшү сом менен, % |
Уставдык капитал, сом ___________________________________________________________________________
Жеке капитал, сом _______________________________________________________________________________
Ипотекалык баалуу кагаздардын номиналдык наркы, сом ______________________________________________
Ипотекалык баалуу кагаздардын саны, нуска ________________________________________________________
Ипотекалык баалуу кагаз боюнча пайыздык киреше __________________________________________________
Мезгилдүүлүгү __________________________________________________________________________________
Ипотекалык баалуу кагаздарды жайгаштыруунун башталган күнү ______________________________________
Ипотекалык баалуу кагаздарды жайгаштыруунун акыркы күнү _________________________________________
Ипотекалык баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн мөөнөтү ________________________________________________
Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн.
_______________________________________________________________________________________________
(каттоочу органдын аталышы)
КG мамлекеттик каттоо номери 20__-ж. "___" _______________
Ипотекалык баалуу кагаздардын чыгуусун каттаган кызмат адамдарынын колу.
Каттоочу органдын мөөрү.
|
| Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобонун 5-тиркемеси |
Форма
|
| ______________________________________________ (каттоочу мекеменин аталышы) |
Ипотекалык жабуусу бар облигацияларды айкын сунуштоонун жыйынтыгы жөнүндө отчётту каттоого арыз
________________________________________________________________________________________
(эмитенттик толук фирмалык аталышы)
Ипотекалык жабуусу бар облигацияларды айкын сунуштоонун жыйынтыгы жөнүндө отчетту
каттооңузду өтүнөт:
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
(ипотекалык жабуусу бар облигациялардын формасы, саны, номиналдык наркы,
эмиссиянын көлөмү, ипотекалык жабуусу бар облигацияларды төлөөнүн мөөнөтү жана
жайгаштыруунун ыкмасы көрсөтүлөт; ипотекалык жабуусу бар облигацияларды чыгарууну
транштар менен жайгаштырган учурда - бул жагдай белгиленет)
Катталгандар ____________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
(ипотекалык жабуусу бар облигацияларды чыгарууну мамлекеттик каттоонун датасы жана
мамлекеттик каттоо номери көрсөтүлөт)
Жайгаштырылган: ________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
(эмиссиянын иш жүзүндө төлөнгөн суммасы жана ипотекалык жабуусу бар
облигациялардын саны көрсөтүлөт)
Эмитенттин жайгашкан жери, почта дареги жана байланыш телефондору:
_________________________________________________________________________________________
Жетекчинин кызмат ордунун аталышы: ___________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Датасы 20__-ж. "___" _____________
М.О.
|
| Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобонун 6-тиркемеси |
Форма
|
| 20___-ж. "___" _____________ катталган ______________________________________________ (каттоочу органдын аталышы) ______________________________________________ (ыйгарым укуктуу жактын колу) |
|
| М.О. |
Ипотекалык жабуусу бар облигацияларды чыгаруунун жана жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет
_______________________________________________________________________________________________
(эмитенттин толук фирмалык аталышы)
Чыгарууну мамлекеттик каттоо номери ____________________________________________________________
Чыгарууну мамлекеттик каттоо датасы 20__-ж. "___" ___________________
Эмитенттин жайгашкан жери, почта дареги жана байланыш телефондору:
_______________________________________________________________________________________________
Жетекчинин кызмат ордунун аталышы: ___________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Башкы бухгалтер _______________________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Каттоочу ______________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Датасы 20__-ж. "___" _____________
М.О.
Ипотекалык жабуусу бар облигацияларды айкын сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчёттун мазмуну:
1) баалуу кагаздардын түрү;
2) жыйынтык (чыгаруу, транш) боюнча отчёт берилет;
3) чыгаруудагы транштын саны жана отчёт берилүүчү транштын номери;
4) ипотекалык жабуусу бар облигациялардын ушул чыгарылышынын реестр кармоочусу жөнүндө маалымат;
5) ипотекалык жабуусу бар облигацияларды чыгаруу жөнүндө маалыматты жарыялаган басма органынын аталышы жана датасы;
6) ипотекалык жабуусу бар облигацияларды жайгаштыруунун башталган датасы;
7) ипотекалык жабуусу бар облигацияларды жайгаштыруунун аяктаган датасы;
8) ипотекалык жабуусу бар облигацияларды чыгаруу жана жайгаштыруу:
Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Саны (бирдик) | Номиналдык наркы | Иш жүзүндөгү наркы (сом) |
1. Чыгарылган ипотекалык жабуусу бар облигациялар (чыгаруу, транш)(*) |
|
|
|
2. Ипотекалык жабуусу бар бир облигациянын номиналдык наркы |
|
|
|
3. Жайгаштырылган ипотекалык жабуусу бар облигация |
|
|
|
3.1. Юридикалык жактын арасында |
|
|
|
3.2. Жеке жактын арасында |
|
|
|
4. Ипотекалык жабуусу бар бир облигацияны жайгаштыруунун баасы |
|
|
|
5. Чет элдик инвесторлордун арасында жайгаштырылган бардык ипотекалык жабуусу бар облигациялар: анын ичинде: |
|
|
|
5.1. КМШ өлкөлөрү |
|
|
|
5.2. Алыскы чет өлкөлөр |
|
|
|
6. Жайгаштырылбаган ипотекалык жабуусу бар облигациялар (чыгаруу, транш) |
|
|
|
Эскертүү:
(*) 1 жана 6-саптардагы транштын же ипотекалык жабуусу бар облигациялардын бардык чыгарылышынын жыйынтыгына жараша отчёт берилген, "чыгарууга" же "траншты" деген сөздөрдү белгилеп коюу зарыл.
9. Ипотекалык жабуусу бар облигацияларды сатуудан түшкөн акча каражаттары:
Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Сумма (миң сом) |
Ипотекалык жабуусу бар облигациялардын сатылышынан келип түшүүлөрдүн жалпы көлөмү |
|
Ипотекалык жабуусу бар облигациялар - бардыгы |
|
Анын ичинде: |
|
Акча каражаттары |
|
Төлөө учурундагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен берилген чет элдик валютанын көлөмү |
|
10) ушул чыгарылыштагы, транштагы ипотекалык жабуусу бар облигациялардын ээлеринин жалпы саны (жалпы саны жана юридикалык, жеке жактардын саны өзүнчө көрсөтүлсүн);
11) сатып алуучулардын өлкөлөрүн көрсөтүү менен резидент эместердин арасында жайгашкан ипотекалык жабуусу бар облигациялардын наркы.
|
| Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобонун 7-тиркемеси |
Форма
|
| 20___-ж. "___" _____________ катталган |
|
| ______________________________________________ (каттоочу органдын аталышы) |
Ипотекалык жабуусу бар облигациялар боюнча кирешелерди төлөө жөнүндө отчет
______________________________________________________________________________________________
(эмитенттин толук фирмалык аталышы)
Чыгаруунун мамлекеттик каттоо номери __________________________________________________________
Чыгаруунун мамлекеттик каттоо датасы 20__-ж. "___" ____________________
Эмитенттин жайгашкан жери, почта дареги жана байланыш телефондору: ____________________________
Жетекчинин кызмат ордунун аталышы: ___________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Башкы бухгалтер _______________________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Датасы 20__-ж. "___" _____________
М.О.
Айкын сунушталган ипотекалык баалуу кагаздар боюнча кирешелерди төлөө жөнүндө отчёттун мазмуну:
1) ипотекалык баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү:
- пайыздык ставка;
- бир ипотекалык баалуу кагазга кошуп эсептелген кирешенин суммасы (сом);
2) пайыздарды төлөө жөнүндө маалыматтар:
Инвесторлор | Саны (даана) | Төлөөнүн датасы | Төлөөгө пайыздар | Төлөндү | Төлөөнүн түрү |
Юридикалык жактар |
|
|
|
|
|
Жеке жактар |
|
|
|
|
|
3) ________________________________ (саны) ипотекалык баалуу кагаз боюнча пайыздар төлөнө элек.
4) кошулуп эсептелген, бирок төлөнө элек пайыздардын жалпы суммасы;
5) төлөнбөгөндүгүнүн себеби жана төлөөнүн болжолдуу датасы.
|
| Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобонун 8-тиркемеси |
Форма
|
| 20___-ж. "___" _____________ катталган |
|
| ______________________________________________ (каттоочу органдын аталышы) |
Ипотекалык жабуусу бар облигацияларды айкын сунуштоону төлөөнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет
______________________________________________________________________________________________
(эмитенттин толук фирмалык аталышы)
Чыгаруунун мамлекеттик каттоо номери __________________________________________________________
Чыгаруунун мамлекеттик каттоо датасы 20__-ж. "___" ____________________
Эмитенттин жайгашкан жери, почта дареги жана байланыш телефондору: ____________________________
Жетекчинин кызмат ордунун аталышы: ___________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Башкы бухгалтер _______________________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Датасы 20__-ж. "___" _____________
М.О.
Ипотекалык баалуу кагаздарды айкын сунуштоону төлөөнүн жыйынтыктары тууралуу отчёттун мазмуну:
1) ипотекалык баалуу кагаздардын түрү;
2) отчёт жыйынтыктар (бардык чыгарылыштын, транштын) боюнча берилет;
3) чыгарылыштагы транштын саны жана отчет берилүүчү транштын номери (облигацияларды транштар менен жайгаштырган учурда);
4) ипотекалык баалуу кагаздарды чыгарууну жайгаштыруу жөнүндө отчётту каттоо датасы;
5) ипотекалык баалуу кагаздарды төлөөнүн башталган датасы;
6) ипотекалык баалуу кагаздарды төлөөнүн аяктаган датасы;
7) ипотекалык баалуу кагаздарды төлөөнүн формасы;
8) ипотекалык баалуу кагаздарды кармоочулар тарабынан эмитентке коюлган доо;
9) ипотекалык баалуу кагаздары чыгарууда белгиленген мөөнөттө ипотекалык баалуу кагаздарды төлөбөгөн учурда төлөбөгөндүгүнүн себебин жана бул баалуу кагаздарды төлөөнүн болжолдуу датасын көрсөтүүгө тийиш;
10) ипотекалык баалуу кагаздардын ээлеринин саны (жалпы санын жана юридикалык, жеке жактын санын өзүнчө көрсөтүү).
|
| Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобонун 9-тиркемеси |
Форма
|
| ______________________________________________ (каттоочу органдын аталышы) |
Жеке эмиссиядагы ипотекалык баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоого арыз
_______________________________________________________________________________________________
(коомдун толук фирмалык аталышы)
ипотекалык баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоону ишке ашырууну өтүнөт
_______________________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________________
(ипотекалык баалуу кагаздардын түрү)
саны ________________________ нуска,
номиналдык наркы ____________________ сом,
эмиссиянын көлөмү ___________________ сом.
Юридикалык жактын жайгашкан жери, юридикалык жана почта дареги, байланыш телефондору:
_______________________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________________
Жетекчинин кызмат ордунун аталышы: ___________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Башкы бухгалтер _______________________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Датасы 20__-ж. "___" _____________
М.О.