Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-марты № 166
Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомунун редакциясына ылайык)
"Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 410 "Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункту "Акционердик коомдор жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
- 26-пунктунун "б" пунктчасынын жыйырма жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6 - ипотекалык жабымы бар облигация;
7 - катышуунун ипотекалык сертификаты;
8 - опцион;
9 - фьючерс;";
10-11 жана андан ары Адан Zке чейин - баалуу кагаздардын башка түрлөрү үчүн резервге коюлган;";
- Жобонун тиркемесинин 1-таблицасындагы "Ош" деген сабындагы "10" цифрасы "9" цифрасына алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесинде:
- 1-пункту "Акционердик коомдор жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
- 30-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- ипотекалык катышуунун сертификаттарын алгачкы жайгаштырууда;".
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |