Редакцияот 22.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 22-майы № 301

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 306 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин жана Ревизиялык комиссиясынын мүчөлөрүнүн ишин баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 306 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин жана Ревизиялык комиссиясынын мүчөлөрүнүн ишин баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ишин баалоо жөнүндө жобонун 8-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин баалоонун топтомо көрсөткүчү (ИБТК) төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:

 

ИБТК = (Кдх мүчөсү Î 0,7) + (Zдк мүчөсү Î 0,3), мында:

 

Кдк мүчөсү - Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин объективдүү баалоонун жыйынтыктоочу көрсөткүчү;

Zдк мүчөсү - Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин субъективдүү баалоонун жыйынтыктоочу көрсөткүчү.

Директорлор кеңешинин төрагасынын ишин баалоонун топтомо көрсөткүчү (ИБТКт) төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:

 

ИБТКт = (Кдх мүчөсү Î 0,7) + (Zт Î 0,3), мында:

 

Кдк мүчөсү - Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин объективдүү баалоонун жыйынтыктоочу көрсөткүчү;

Zт - Директорлор кеңешинин төрагасынын ишин субъективдүү баалоонун жыйынтыктоочу көрсөткүчү.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

С.Жээнбеков