Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-майы № 300
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 "Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицеизиарлардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1054-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-1-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 "Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмегинде:
- 2-пунктунун "Уюм-эксперт" графасындагы "Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин" деген сөздөр "Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4, 9, 10 жана 19-пункттарынын "Уюм-эксперт" графасындагы "Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр "Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 11-пунктунун "Уюм-эксперт" графасындагы жана "Лицензиар" графасындагы "Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат" жана "Экономика министрлиги" деген сөздөр "Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаменти" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 13-пунктунун "Уюм-эксперт" графасындагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөр "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 20-22-пункттарынын "Уюм-эксперт" графасындагы "Айыл чарба жана мелиорация министрлиги" деген сөздөр "Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |