Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-марты № 142
Эксперттик корутунду берүү боюнча уюм-эксперттердин жана үчүнчү өлкөлөр менен сооданы тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарлардын экспортуна жана импортуна уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401, 2016-жылдын 15-июлундагы № 402, 2017-жылдын 22-майындагы № 300, 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 518, 2020-жылдын 22-июлундагы № 392, 2021-жылдын 5-мартындагы № 79, 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 11-1-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эксперттик корутунду берүү боюнча уюм-эксперттердин жана үчүнчү өлкөлөр менен сооданы тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарлардын экспортуна жана импортуна уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 392 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:
6-пункттун 2-пунктчасынын он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- товарлардын экспортуна жана импортуна эксперттик корутундуларды берет.".
4. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө жободо:
- 7-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- товарлардын экспортуна жана импортуна эксперттик корутундуларды берет".
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти жөнүндө жободо:
- 10-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын экспортуна жана импортуна эксперттик корутундуларды берет".
7. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө жободо:
- 8-пункттун он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- товарлардын экспортуна жана импортуна эксперттик корутундуларды берет".
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 115 "Лицензияланууга тийиш болгон экспорттолуучу жана импорттолуучу өзгөчөлүү товарлардын, эксперт-уюмдардын жана лицензиарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомунун 1 жана 2-пункттары.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Тиркеме |
Эксперттик корутунду берүү боюнча уюм-эксперттердин жана үчүнчү өлкөлөр менен сооданы тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарлардын экспортуна жана импортуна уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын ТИЗМЕГИ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 392 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Товардын аталышы | Уюм-эксперттин аталышы | Ыйгарым укуктуу органдын аталышы |
1. Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүгө жана (же) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгууга уруксат тартиби белгиленген товарлар | |||
1 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.1 позициясына ылайык озонду бузуучу заттар | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
2 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.2 позициясына ылайык өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
3 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.3 позициясына ылайык кооптуу калдыктар | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
4 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.4 позициясына ылайык минералогия жана палеонтология боюнча коллекциялар жана коллекциялоо предметтери | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
5 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.6 позициясына ылайык жапайы тирүү жаныбарлар жана айрым жапайы өскөн өсүмдүктөр | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
6 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.8 позициясына ылайык Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин кызыл китебине киргизилген сейрек кездешүүчү жана жок болуу коркунучунда турган жапайы жаныбарлардын жана жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн түрлөрү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
7 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.9 позициясына ылайык асыл таштар | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
8 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.10 позициясына ылайык баалуу металлдар жана баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарлар | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети (баалуу металлдардын кендерин жана концентраттарын, баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды ташып чыгууда) | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
9 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.11 позициясына ылайык минералдык сырьёнун түрлөрү | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
10 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.12 позициясына ылайык баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаменти | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаменти |
11 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.14 позициясына ылайык дары-дармек каражаттары | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык буюмдар департаменти | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык буюмдар департаменти |
12 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.13 позициясына ылайык баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлору болуп саналбаган уулуу заттар | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
13 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.16 позициясына ылайык радиоэлектрондук каражаттар жана (же) жарандык багыттагы жогорку жыштыктуу түзүлүштөр, анын ичинде башка товарлардын курамына орнотулгандар же киргизилгендер | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттиги | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
14 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.17 позициясына ылайык маалыматты жашырын алууга арналган атайын техникалык каражаттар | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
15 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.19 позициясына ылайык шифрлөөчү (криптографиялык) каражаттар | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
16 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.20 позициясына ылайык маданий баалуулуктар, улуттук архивдик фонддордун документтери, архивдик документтердин түп нускалары | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
17 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.21 позициясына ылайык адамдын органдары жана ткандары, кан жана анын компоненттери, адамдын биологиялык материалдарынын үлгүлөрү | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
18 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.22 позициясына ылайык кызматтык жана жарандык курал, анын негизги (курамдык) бөлүктөрү жана аларга патрондор | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
19 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.23 позициясына ылайык отун энергетикалык жана минералдык сырьёлордун райондору жана кендүү жерлери боюнча жер казынасы жөнүндө маалымат | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
20 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.30 позициясына ылайык лабораториянын масштабындагы изилдөөлөрдө, ошондой эле эталондуу стандарт катары пайдаланылган өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана башка туруктуу органикалык булгоочулар | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
2. Тарифтик квоталарды, атайын коргоочу чаралар катары импорттук (атайын) квоталарды белгилөө жана лицензияларды берүү жөнүндө чечим кабыл алынган товарлар | |||
1 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.27 позициясына ылайык тарифтик квотаны белгилөө тууралуу жана лицензияларды берүү жөнүндө чечим кабыл алынган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрү | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
2 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2019-жылдын 6-августундагы № 137 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.29 позициясына ылайык атайын квоталарды белгилөө тууралуу жана лицензияларды берүү жөнүндө чечим кабыл алынган ысык таптоо прокаты | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
3. Автоматтык түрдө лицензиялоо (байкоо жүргүзүү) киргизилген товарлар | |||
1 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2019-жылдын 4-июнундагы № 90 чечимине ылайык импорттоодо автоматтык лицензиялоо (байкоо жүргүзүү) киргизилген болот түтүктөрдүн айрым түрлөрү | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |