Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 10-февралындагы № 56 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 504
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун жана антитеррордук ишти координациялоонун маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун жана антитеррордук ишти координациялоонун маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору жөнүндө жободо:
- 4-пункту төмөнкү мазмундагы 1-1) пунктча менен толукталсын:
"1-1) террордук мүнөздөгү кылмыштардын алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу, ошондой эле эл аралык террордук иштердин алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу аркылуу терроризмге каршы аракеттенүү;";
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 3-1) пунктча менен толукталсын:
"3-1) террордук жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды табуу, алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна келтирилген коркунуч тууралуу маалымат алуу максатында оперативдүү-издөө иш-чараларын өткөрүү, анын ичинде оперативдүү-техникалык жана башка каражаттарды колдонуу, терроризм чөйрөсүндө кылмыш жасаган же аны жасаган деп шектелген адамдарды эсепке алуу;";
- 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбордун иш тартиби жана аны уюштуруу, терроризмге каршы күрөшүү боюнча оперативдүү-издөө иш-чараларын өткөрүүнүн формасы, методу жана тактикасы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.";
- 2 жана 4-пункттарындагы түрдүү жөндөмөдөгү "негизги" деген сөз алып салынсын;
- 5-пунктунун алтынчы абзацындагы "региондук" деген сөз алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |