Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 56 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ | |
| Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71 токтомуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борбору жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-февралындагы № 68, 2017-жылдын 18-августундагы № 504 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борбору (мындан ары - Антитеррордук борбор) Кыргыз Республикасында терроризмге каршы аракеттенүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясаттын негиздерин иштеп чыгуучу жана терроризмге каршы аракеттенген мамлекеттик органдардын ишин координациялоочу, террордук иштердин алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу, ошондой эле террордук актыларды даярдоого жана жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүүчү себептерди жана шарттарды табуу жана жоюу боюнча алардын макулдашкан аракеттерине жетишүү максатында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин (мындан ары - МУКК) түзүмдүк бөлүкчөсү болуп саналат.
2. Антитеррористтик борбордун иши "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган максаттарды жана милдеттерди жүзөгө ашырууга багытталган.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 504 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Антитеррордук борбордун ишмердигинин укуктук негиздерин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эл аралык келишимдер, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, ушул Жобо, ошондой эле МУККнын ички ведомстволук актылары түзөт.
2. Антитеррористтик борбордун негизги милдеттери
4. Милдеттер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) террордук жана башка экстремисттик иштерди табуу, алдын алуу жана бөгөт коюу жаатында мамлекеттик органдардын ишин, терроризмге каршы операцияларды пландаштыруу жана өткөрүү иштерин координациялоо; терроризмге каршы күрөшүү жаатында иш жүргүзгөн мамлекеттик органдар, ошондой эле эл аралык борборлор жана уюмдар менен жумушчу карым-катнашты түзүү жана күтүү, антитеррордук командалык-штабдык жана оперативдүү-тактикалык окуп-машыгууларды даярдоо жана өткөрүү, антитеррордук иштердин программаларын, террордук жана башка экстремисттик акцияларды табуу, алдын алуу жана бөгөт коюу пландарын иштеп чыгуу, стратегиялык объектилердин антитеррордук жактан корголушунун абалын талдоо, объектилердин антитеррордук жактан корголушун өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
1-1) террордук мүнөздөгү кылмыштардын алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу, ошондой эле эл аралык террордук иштердин алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу аркылуу терроризмге каршы аракеттенүү;
2) терроризмге каршы аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу;
3) терроризмге каршы аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин даярдоого катышуу;
4) терроризмге каршы аракеттенүү жаатында эл аралык келишимдердин алкагында кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу;
5) антитеррордук ишти өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, чет мамлекеттердин мындай түзүмдөрүнүн тажрыйбаларын иликтөө жана жайылтуу, илимий-усулдук ишти уюштуруу, терроризмге каршы аракеттенүү көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык маалыматтар банкын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу;
6) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка милдеттерди аткаруу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 504 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Антитеррордук борбордун функциялары жана ыйгарым укуктары
5. Антитеррордук борбордун функциялары:
1) террордук коркунучтардын өзгөчөлүгү жана мүнөздөрү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы террордук кол салуулар мүмкүн болуучу объектилер жөнүндө маалымат чогултуу жана талдоо, ошондой эле объектилердин антитеррордук жактан корголушунун абалын талдоо жана объектилерди антитеррордук жактан коргоонун талаптарын, ченемдерин жана эрежелерин жана аларды жүзөгө ашырууга көмөк көрсөткөн финансылык-экономикалык механизмдери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
2) объектилердин антитеррордук жактан корголушун өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана бул жаатта аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялоо;
3) уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын жана уюмдардын антитеррордук жактан корголушунун абалына контролдук кылуу жана алардын жетекчилеринен объектилердин антитеррордук жактан корголушу жаатында белгиленген ченемдердин жана эрежелердин аткарылышын талап кылуу;
3-1) террордук жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды табуу, алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна келтирилген коркунуч тууралуу маалымат алуу максатында оперативдүү-издөө иш-чараларын өткөрүү, анын ичинде оперативдүү-техникалык жана башка каражаттарды колдонуу, терроризм чөйрөсүндө кылмыш жасаган же аны жасаган деп шектелген адамдарды эсепке алуу;
4) террористтерди же террордук уюмдарды (топторду) табуу, жоюу жана жок кылуу боюнча антитеррордук бөлүкчөлөрдүн ишин уюштуруу;
4-1) антитеррордук иштин субъекттеринин өз ара аракеттенүү көйгөйлөрү боюнча консультациялык-кеңешүүчү органдын ишин уюштуруучулук, маалыматтык-аналитикалык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу;
5) БУУнун, КМШнын, ШКУнун, ЖККУнун, ЕККУнун жана башка эл аралык уюмдардын антитеррористтик түзүмдөрү менен антитеррордук иштин көйгөйлөрү боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
6) терроризмге каршы күрөшүү боюнча бөлүкчөлөрдүн өздүк курамына ведомстволор аралык кесиптик даярдоону уюштуруу жана координациялоо;
7) командалык-штабдык, оперативдүү-тактикалык окуп-машыгууларды жана башка антитеррордук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
8) терроризмге каршы аракеттенүү көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык маалыматтар банкын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу;
9) антитеррордук иштин түрлөрүн жана ыкмаларын өркүндөтүүгө багытталган илимий-усулдук ишти уюштуруу;
10) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-февралындагы № 68, 2017-жылдын 18-августундагы № 504 токтомдорунун редакциясына ылайык)
6. Антитеррористтик борбордун ыйгарым укуктары:
1) өз компетенциясынын чегинде терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо жана өркүндөтүү үчүн зарыл чечимдерди кабыл алат;
2) мамлекеттик жана башка уюмдардан жана кызмат адамдарынан зарыл документтерди, материалдарды жана маалыматтарды сурап алат;
3) Антитеррордук борбордун компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн жумушчу топторду түзөт жана ал топтордун иштөө тартибин аныктайт;
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарын жана адистерин (алардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча) Антитеррордук борбордун ишине катышуу үчүн тартат;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин талап кылган Антитеррордук борборунун компетенциясына кирген маселелер боюнча белгиленген тартипте сунуш киргизет;
6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан коопсуздук системасын жана террордук коркунучтарды жок кылууга даярдыкты күчөтүү боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашырылышына контролдук кылат.
4. Антитеррордук борбордун ишин уюштуруу
7. Антитеррордук борбордун ишине жалпы жетекчиликти жана контролдоону МУККнын төрагасы жүргүзөт, ал МУККнын кызматкерлери үчүн белгиленген тартипте Антитеррордук борбордун кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбордун иш тартиби жана аны уюштуруу, терроризмге каршы күрөшүү боюнча оперативдүү-издөө иш-чараларын өткөрүүнүн формасы, методу жана тактикасы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 504 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Антитеррордук борбордун ишине түздөн-түз жетекчиликти жана башкарууну МУККнын төрагасынын орун басары болуп саналган Антитеррордук борбордун директору жүргүзөт.
9. Директор:
1) Антитеррордук борбордун ишин уюштурат, кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын, түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн милдеттерин жана ички иштөө тартибин аныктайт;
2) Антитеррордук борборуна жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) Антитеррордук борбордун түзүмүн МУККнын төрагасынын бекитүүсүнө сунуш кылат;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Директор жок болгон учурда анын милдетин директордун орун басары аткарат.
10. Антитеррордук борборго тийиштүү жай жана техникалык каражаттар менен жабдылган республикалык "кырдаалдык борбор" түзүлөт, ал жерде республикалык оперативдүү штаб антитеррордук операцияларды башкарат жана жетекчилик кылат.
11. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-февралындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Антитеррордук борборду каржылоо
12. Антитеррордук борбордун ишин каржылоо, аны уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган каржылоонун башка булактарынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.