Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 506
Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун жоюлушуна байланыштуу айрым маселелер жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2024-жылдын 24-июнундагы № 335, 2024-жылдын 27-августундагы № 509, 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785, 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787, 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 245 , 2025-жылдын 23-декабрындагы № 819 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-декабрындагы № 575 "Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагынын сыйымдуулугун пайдалануу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагына кошулуу укугу берилген абоненттердин тизмесинде:
- VI бөлүмүнүн төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 509 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- аскердик соттордун судьяларын аскердик кызматтан бошотуу Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын буйруктары менен 2017-жылдын 1-мартынан баштап, иштеген жылдары үчүн пенсияга чыгуу укугун алууга чейин үч жылдан ашык эмес убакыт калган, аскердик судья катары аскерде кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылардан башкаларын ушул пункттун үчүнчү абзацында белгиленген шарттарды эске алып өздүк курамдын тизмесинен чыгаруу менен ишке ашырылат;
- иштеген жылдары үчүн пенсияга чыгуу укугун алууга чейин үч жылдан ашык эмес убакыт калган, аскердик сотто аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылар аскердик кызматты улантууну каалашса алар Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин кадрына белгиленген тартипте киргизилишет. Мында андай аскер кызматчылардын аскердик кызматты андан ары улантуу маселеси Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык чечилет.
- судья катары аскердик соттордо аскердик кызмат өтөгөн, "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алып жаткан аскер кызматчылардын маянасы төмөнкүдөй кызмат орундардын маяналарына теңештирилет:
Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун төрагасы - Башкы прокурордун орун басары - Кыргыз Республикасынын Аскер прокуроруна;
Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Аскер прокурорунун орун басарына;
Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун судьясы - Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокуроруна;
гарнизондун аскердик сотунун төрагасы - гарнизондун аскер прокуроруна;
гарнизондун аскердик сотунун төрагасынын орун басары - гарнизондук аскер прокурорунун орун басарына;
гарнизондун аскердик сотунун судьясы - аскер прокуратурасынын бөлүмүнүн прокуроруна;
– аскердик соттордо аскердик кызмат өтөгөн, “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алып жаткан аскер кызматчылардын маяналары төмөнкүдөй кызмат орундардын маяналарына теңештирилет:
Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун финансы жана материалдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өзүнчө бөлүмүнүн башчысына;
Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун канцеляриясынын башчысы – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин башкармалыгындагы бөлүмдүн башчысына;
Кыргыз Республикасынын Баткен гарнизонунун Аскердик сотунун канцеляриясынын башчысы – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин офицерине;
Кыргыз Республикасынын Ош гарнизонунун Аскердик сотунун канцеляриясынын башчысы – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин офицерине;
Кыргыз Республикасынын Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун канцеляриясынын башчысы – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин офицерине;
Кыргыз Республикасынын Балыкчы гарнизонунун Аскердик сотунун канцеляриясынын башчысы – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин офицерине;
Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун сот жыйынынын улук катчысы – старшиналык, сержанттык жана катардагы курамдардын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан прапорщиктердин жана аскер кызматчылардын аскердик кызмат орду боюнча маянасынын 7-разряддагы тарифтик торчосуна;
Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун финансы жана материалдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы – старшиналык, сержанттык жана катардагы курамдардын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан прапорщиктердин жана аскер кызматчылардын аскердик кызмат орду боюнча маянасынын 8-разряддагы тарифтик торчосуна;
Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун улук айдоочусу – старшиналык, сержанттык жана катардагы курамдардын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан прапорщиктердин жана аскер кызматчылардын аскердик кызмат орду боюнча маянасынын 8-разряддагы тарифтик торчосуна;
Кыргыз Республикасынын гарнизонунун Аскердик сотунун улук айдоочусу – старшиналык, сержанттык жана катардагы курамдардын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан прапорщиктердин жана аскер кызматчылардын аскердик кызмат орду боюнча маянасынын 4-разряддагы тарифтик торчосуна;
Кыргыз Республикасынын гарнизонунун Аскердик сотунун айдоочусу – старшиналык, сержанттык жана катардагы курамдардын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан прапорщиктердин жана аскер кызматчылардын аскердик кызмат орду боюнча маянасынын 2-разряддагы тарифтик торчосуна;
Кыргыз Республикасынын гарнизонунун Аскердик сотунун сот жыйынынын улук катчысы – старшиналык, сержанттык жана катардагы курамдардын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан прапорщиктердин жана аскер кызматчылардын аскердик кызмат орду боюнча маянасынын 7-разряддагы тарифтик торчосуна.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 335, 2025-жылдын 23-декабрындагы № 819 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти аскердик соттордо судья катары кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылардын социалдык укуктарын камсыздоого байланыштуу акча төлөө маселесин Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларды акча менен камсыздоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына ылайык чечсин.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун жана гарнизондордун аскердик сотторунун маселелери" жөнүндө токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
12. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
13. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2017-жылдын 5-сентябрындагы № 99 саны менен жарыяланды
Премьер-министри | С.Жээнбеков |