Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-августу № 527
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускамада:
- 19-пунктунда:
төртүнчү абзацындагы "90 пайыз" деген сөздөр "89,75 пайыз" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.";
төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи - он экинчи абзацтар менен толукталсын:
"Көлмөлөрдүн ээлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин базалык ставкалары тиешелүү райондун сугат айдоо жерлери үчүн колдонулуучу ставкалар боюнча "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясынын 2-пунктунда белгиленген өлчөмдөрдө жана тартипте белгиленет.
Насостук станциялар менен сугарылуучу жерлердин ээлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин базалык ставкалары тиешелүү райондун кайрак айдоо жерлери үчүн колдонулуучу ставкалар боюнча "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясынын 2-пунктунда белгиленген өлчөмдөрдө жана тартипте белгиленет.";
- 3) пунктчасынын онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жеке жактарга Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (жайыттарды кошпогондо) жерлерин, токой фондусунун участокторун ижарага берүүдө камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү жана төлөө жердин, участоктун ижарачысы тарабынан ушул пунктка ылайык жүргүзүлөт. Мында токой фондусунун участоктору үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн көп жылдык өсүмдүктөргө каралган жер салыгынын базалык ставкасына теңештирилет. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун ижарага алынган жерлери үчүн төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын бөлүштүрүү ушул пунктка ылайык жүргүзүлөт.";
- 26-пунктунда:
биринчи абзацындагы "чарба продукциясын өндүрүү (өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылык) боюнча айыл" деген сөздөр алып салынсын;
"а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) иш берүүчүлөр, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдарында катталган түрүнө карабастан, - туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган кызматкерлердин пайдасына эсептелген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын 2 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1,75 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.";
- 27-30-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ, ошондой эле өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага беришкен айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленет.
28. Өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) айыл чарба кооперативдерине ижарага беришкен жана ошол эле мезгилде алардын кызматкерлери болгон айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү жүргүзүүнү бир негиз боюнча же төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын 12 пайыз өлчөмүндө же камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин базалык ставкасында тандоо укугуна ээ.
Тандоо укугу айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнөн жазуу жүзүндөгү арыздарын алуу жолу менен жылына бир жолу отчеттук жылдын башында, 31-декабрга чейинки мөөнөткө берилет.
29. Жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ, ошондой эле өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага беришкен айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү ижарачы тарабынан учурдагы жылдын 25-июлуна чейин бир жолу же 25-июлуна чейин жана 25-декабрына чейин бирдей үлүштөр менен төлөнөт.
30. Айыл чарба кооперативине ижарага берилген жер участоктору (үлүштөрү) үчүн төлөнгөн айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы ижарачы (айыл чарба кооперативи) тарабынан укук белгилөөчү документ менен белгиленген жер участогунун үлүштөрүнө карата пропорциялуу төгүлөт, ал ижарага берүүчүнүн (кооператив мүчөлөрүнүн) жеке камсыздандыруу эсептерине бөлүштүрүлөт.
Мисал.
Ош облусунун Араван районунда жашаган "Ашымов Максат" дыйкан чарбасы (ижарага берүүчү) "Келечек" (ижарачы) айыл чарба кооперативинин мүчөсү болуп саналат жана 10 гектар сугат жерин айыл чарба кооперативине ижарага берет.
Укук белгилөөчү документтерге ылайык жердин жалпы аянты - 10 га сугат жери Ашымов Максаттын үч үй-бүлө мүчөсүнө менчик укугунда катталган жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда төмөнкүдөй үлүштөрдө бөлүштүрүлөт:
- жердин жалпы өлчөмүнөн 4 га жер участогу (үлүштүн 40%) менчик укугунда Ашымов Максатка (үй-бүлө башчысы);
- жердин жалпы өлчөмүнөн 4 га жер участогу (үлүштүн 40%) Ашымова Миргүлгө (үй-бүлө башчысынын жубайы);
- жердин жалпы өлчөмүнөн 2 га жер участогу (үлүштүн 40%) Ашымова Гүлзатка (үй-бүлө башчысынын кызы) таандык.
Ижарачы - "Келечек" айыл чарба кооперативи ижарага берүүчүлөр (кооперативдин мүчөлөрү) үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн региондук органдын аккумуляциялык эсебине төлөйт. Тиешелүү түрдө, ижарачы ("Келечек" айыл чарба кооперативи) тарабынан төгүлгөн камсыздандыруу төгүмдөрү ижарага берүүчүнүн (жеке жак Ашымов Максаттын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн) жеке камсыздандыруу эсептерине жер үлүштөрүнө пропорциялуу киргизилет.
Айыл чарба кооперативи тарабынан жеке жак (ижарага берүүчү) үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн эсеби төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
№ | Айыл чарба кооперативинин мүчөлөрү (ижарага берүүчүлөр) | Сугат айдоо жер | Эсептелди (сом) | |
га | Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин базалык ставкасы (сом) | |||
1 | Ашымов Максат | 4 | 436 | 1744 |
2 | Ашымова Миргүл | 4 | 436 | 1744 |
3 | Ашымова Гүлзат | 2 | 436 | 872 |
| Бардыгы | 10 |
| 4360 |
Ижарачы (айыл чарба кооперативи) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын ижарага берүүчүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда жер участогунун үлүшүнө пропорциялуу бөлүштүрөт, мында 4360 сом 10 га үчүн төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 100 пайызын түзөт, Ашымов Максатка 4 га үчүн үлүштүн 40 пайызы - 1744 сом, Ашымова Миргүлгө 4 га үчүн үлүштүн 40 пайызы - 1744 сом, Ашымова Гүлзатка 2 га үчүн үлүштүн 20 пайызы - 872 сом бөлүнөт жана 4360 сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрүн камсыздоочунун региондук органынын аккумуляциялык эсебине төгөт.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Ашымов Максат үчүн:
- Пенсиялык фондго - 89,75 пайыз, бул 1565,24 сомду түзөт;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз, бул 174,4 сомду түзөт;
- Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз, бул 4,36 сомду түзөт.
Үй-бүлөнүн калган мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү ушундай эле түрдө жүргүзүлөт.";
- 34-пунктунда:
экинчи абзацындагы "9" деген цифра "8,75" деген цифралар менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.";
- 35 жана 35-1-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35. Ыктыярдуу патент сатып алуу жолу менен атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү, анын ичинде контейнерлерде, павильондордо, күркөлөрдө товар сатуу жолу менен базарларда иштеген жеке ишкерлер үчүн (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү ижарага берүүдөн киреше алуучу же лотоктордо, соода орундарында товар сатуу жолу менен базарларда иш жүргүзүүчү жеке ишкерлерди кошпогондо) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 6 пайыздан кем өлчөмүндө ай сайын белгиленет.
35-1. Лотоктордо, соода орундарында товар сатуу жолу менен базарларда иш жүргүзүүчү жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 3 пайыздан кем эмес өлчөмүндө ай сайын белгиленет.";
- 35-2-пунктунда:
экинчи абзацындагы "9" деген цифра "8,75" деген цифралар менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.";
- 35-4-пункту ",36, 36-1" деген цифралар менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 35-5-пункт менен толукталсын:
"35-5. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөгө алынуучу орточо айлык эмгек акынын өлчөмү ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясынын 2 жана 2-1-пункттарында каралган төлөөчүлөрдөн башкасы) - бул Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмү.
Ушул Нускаманын 35 жана 35-1-пункттарында каралган төлөөчүлөр үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөгө алынуучу орточо айлык эмгек акынын өлчөмү - бул Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан орточо айлык эмгек акысынын өлчөмү жалпысынан республика боюнча эмгек акынын орточо деңгээлинен 50 пайызга жогору болгон ишканалар жана уюмдар боюнча маалыматтарды эске албастан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген Кыргыз Республикасынын райондорунун жана шаарларынын арасындагы орточо айлык эмгек акынын өлчөмү.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын учурдагы жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий статистикалык маалыматтарынын негизинде өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтарды жарыялайт.
Тарифтик ставкаларды эсептөө жыл сайын кийинки жылдын 1-январынан тартып жүргүзүлөт.";
- 36-пунктунда:
экинчи абзацындагы "9" деген цифра "8,75" деген цифралар менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 36-1-пункт менен толукталсын:
"36-1. Юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн, берилген лицензиянын негизинде иштеген, ошондой эле гонорар (сыйакы) алган жеке жактар алган гонорардын (сыйакынын) 10 пайызынан кем эмес өлчөмдө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 90 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.".
- 38-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38. Жалданган кызматкерлердин эмгегин пайдаланган жеке ишкерлер өз пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү ушул Нускаманын 34, 35 жана 35-1-пункттарына ылайык жүргүзө алышат, же текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жалданган кызматкерлерден сырткары ушул Нускаманын 6-пунктуна ылайык өзүнө жана жалданган кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын эсептөөнү, төлөөнү жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнү ушул Нускаманын 7-тиркемесине ылайык формада Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептешүү ведомостторун берүү аркылуу жүргүзө алышат. Тандоо укугу жеке ишкерлерден жазуу жүзүндө арыз алуу аркылуу отчеттук жылдын башында жылына бир жолу 31-январга чейинки мөөнөткө берилет.";
- 41-1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"41-1. Ушул Нускаманын 15-тиркемесине ылайык форма боюнча камсыздандыруу полистери жеке ишкердин, жеке жактын жеке ишкердик жүргүзгөн жери же жашаган жери боюнча камсыздоочунун региондук органдарында патенттин колдонуу мөөнөтүнө алынат.
Патенттин колдонуу мөөнөтүнө алынган камсыздандыруу полисинин наркын эсептөө үчүн анын бир айлык суммасын 30 күнгө барабар айдагы күндөрдүн санына бөлүү аркылуу 1 күн үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы эсептелет. Андан соң камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бир күндүк суммасы патент берилген мөөнөттөгү күндөрдүн санына көбөйтүлөт.
Мисал.
Жеке ишкер Касымов Э. 2017-жылдын 27-29-июнунда Бишкек шаарында өтүп жаткан көргөзмө-сатууга катышты жана 3 күндүк мөөнөткө "Өзү жасаган кол өнөрчүлүк (элдик-көркөм кол өнөрчүлүк) продуктуларын сатуу" кызматынын түрү боюнча ыктыярдуу патент сатып алды. Ал үчүн тарифтин ар айлык ставкасы орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 6%нан кем эмес өлчөмүндө белгиленген. 3 күндө төлөнө турган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы төмөнкүчө эсептелет.
Орточо айлык эмгек акы жалпысынан республика боюнча эмгек акынын орточо деңгээлинен 50 пайызга жогору болгон ишканалар жана уюмдар боюнча маалыматтарды эске албаганда 2017-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн Бишкек шаары боюнча 2015-жылга 10720 сомду түзөт.
10720 сом х 6%/30 күн х 3 күн = 64,32 сом.
Эгерде жеке ишкер I жана II топтогу майып же пенсионер болсо "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясынын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.";
- 67-пунктунун 12-пунктчасындагы "камсыздоочу тарабынан ыйгарылган" деген сөздөр алып салынсын;
- 14-тиркемеде:
7-главанын 6 жана 7-пункттарындагы "4" деген цифра "0" деген цифра менен алмаштырылсын;
9 жана 10-главалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
9. Айыл-чарба кооперативдери үчүн тарифтер | ||||||||||
1 | 001 | Негизги кызматкер | 0 | 8 | 1,75 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
2 | 001-64/69 | Негизги кызматкер | 0 | 10 | 1,75 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
3 | 003 | Пенсионер | 0 | 8 | 1,75 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
4 | 010 | Чет өлкөлүк жаран | 3 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
5 | 100 | I жана II топтогу майыптар | 0 | 2 | 1,75 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
6 | 101 | УАСтын катышуучусу/майыбы | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
7 | 102 | УАСтын катышуучуларына теңештирилген адамдар | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
8 | 106 | КТП | 0 | 8 | 1,75 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
9 | 106-64/69 | КТП | 0 | 10 | 1,75 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
10 | 107 | Пенсионер КТП | 0 | 8 | 1,75 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
10. Жалпы категориялар үчүн тарифтер | ||||||||||
1 | 103 | Бирдиктүү салыктын же салык контрагынын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча милдеттүү патентти сатып алуу жолу менен жалпы салык режиминин жана/же атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү ЖИ |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 8,75 | 0 | 1 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 10% |
2 | 104 | Ижарага берүүчү | 8,75 | 0 | 1 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 10% |
3 | 103 | Ыктыярдуу патентти сатып алуу аркылуу атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлерден сырткары), ошондой эле товарларды контейнерлерден, павильондордон, күркөлөрдөн сатуу аркылуу иш жүргүзгөн ЖИ |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 0 | 89,75 | 0 | 10 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 6% кем эмес |
4 | 103 | Базарларда товарларды лотоктордон, соода орундарынан сатуу аркылуу ишкердик ишин жүргүзгөн ЖИ |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 0 | 89,75 | 0 | 10 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 3% кем эмес |
";
- 19-тиркеме ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрдин, милдетин аткаруучу Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| М.Абулгазиев |
"1-тиркеме
|
| Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускамага 19-тиркеме |
Өз ара эсептешүүлөрдү салыштырып текшерүү актысы _______________ тартып ____________ чейинки мезгил үчүн _______________________________________ төлөөчү менен (төлөөчүнүн аталышы) ___________________________________________________ (аталышы) _______ Социалдык фонддун региондук органынын ортосунда
20___-жылдын "___" ______________
1 | Төлөөчүнүн ИНН |
|
|
|
2 | Төлөөчүнүн ОКПО коду |
|
|
|
3 | Төлөөчүнүн каттоо номери |
|
|
|
| Милдеттенмелер | Төлөөчү | Соцфонд | Айырма |
| 1 | 2 | 3 | 4=2-3 |
4 | Мезгилдин башына карата карыздардын калдыгы. бардыгы (+) карыз; (-) ашыкча төлөм |
|
|
|
4.1 | ТПФ боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү |
|
|
|
4.2 | ТПФдан сырткары камсыздандыруу төгүмдөрү |
|
|
|
4.3 | Финансылык санкциялар |
|
|
|
5 | Мезгил үчүн чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрү, бардыгы |
|
|
|
5.1 | Камсыздандыруу төгүмдөрү (ТПФдан сырткары) |
|
|
|
5.2 | ТПФ боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү |
|
|
|
5.3 | Финансылык санкциялар |
|
|
|
6 | Мезгил үчүн кошумча эсептелген/алынган (-) камсыздандыруу төгүмдөрү, бардыгы |
|
|
|
6.1 | Камсыздандыруу төгүмдөрү (ТПФдан сырткары) |
|
|
|
6.2 | ТПФ боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү |
|
|
|
6.3 | Финансылык санкциялар |
|
|
|
7 | Мезгил үчүн төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү бардыгы |
|
|
|
7.1 | Камсыздандыруу төгүмдөрү (ТПФдан сырткары) |
|
|
|
7.2 | ТПФ боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү |
|
|
|
7.3 | Финансылык санкциялар |
|
|
|
8 | Мезгилдин аягындагы калдык (+) карызды түзөт (-) ашыкча төлөм |
|
|
|
8.1 | Камсыздандыруу төгүмдөрү (ТПФдан сырткары) (8.1 = 4.1 + 5.1 + 6.1 - 7.1) |
|
|
|
8.2 | ТПФ боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү (8.2 = 4.2 + 5.2 + 6.2 - 7.2) |
|
|
|
8.3 | Финансылык санкциялар (8.3 = 4.3 + 5.3 + 6.3 - 7.3) |
|
|
|
Ишкананын (уюмдун) жетекчиси |
| Социалдык фонддун региондук органынын начальниги |
Аты-жөнү __________________________ |
| Аты-жөнү __________________________ |
Колу: ______________________________ |
| Колу: ______________________________ |
М.О. |
| М.О. |
|
|
|
Ишкананын (уюмдун) бухгалтери: |
| Социалдык фонддун региондук органынын кызматкери: |
Аты-жөнү __________________________ |
| Аты-жөнү __________________________ |
Колу: ______________________________ |
| Колу: ______________________________ |