Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-августу № 540
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга тийиштүү лабораториялардын жана уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 16-2-тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте кошумча финансы каражаттарын издештирсин жана "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин лабораторияларынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алдындагы түндүк жана түштүк региону боюнча ветеринардык диагностика борборлорунун кызматкерлери үчүн мамлекеттик жарандык кызматтагы стажы сакталат.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция эки айлык мөөнөттө:
- ушул токтомдо аталган кызмат орундарына квалификациялык талаптарды белгиленген тартипте иштеп чыксын жана бекитсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| М.Абулгазиев |
1-тиркеме
"2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин карамагындагы лабораториялардын жана уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
| Кызмат орундарынын аталышы | Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен) |
| Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча борбордук жана Ош лабораториясы |
|
1 | Лаборатория башчысы | 15500 |
2 | Улук адис: - энтомолог, - фитопатолог, - герболог | 13000 |
3 | Жетектөөчү адис: - энтомолог, - фитопатолог, - герболог | 12000 |
4 | Энтомолог, фитопатолог, герболог | 11000 |
5 | Үлгүлөрдү кабыл алуу боюнча адис | 10000 |
| Региондук лабораториялар |
|
6 | Лаборатория башчысы | 14500 |
7 | Улук адис: - энтомолог, - фитопатолог, - герболог | 12000 |
8 | Жетектөөчү адис: - энтомолог, - фитопатолог, - герболог | 11000 |
9 | Энтомолог, фитопатолог, герболог | 10000 |
10 | Үлгүлөрдү кабыл алуу боюнча адис | 9000 |
| Ветеринардык дарыларды, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо борборунун лабораториялары |
|
11 | Лаборатория башчысы | 15500 |
12 | Улук адис: - иммунолог, - бактериолог, - микробиолог, - химик, - токсиколог | 12000 |
13 | Жетектөөчү адис: - иммунолог, - бактериолог, - микробиолог, - химик, - токсиколог | 11000 |
14 | Иммунолог, бактериолог, микробиолог, химик, токсиколог | 10000 |
| Үрөндөрдү экспертизалоо борбордук лабораториясы, Сортторду, данды жана алардан кайра иштетилген продуктуларды баалоо боюнча лаборатория, Өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарынын банк-лабораториясы |
|
15 | Лаборатория башчысы | 15500 |
16 | Башкы адис: - агроном, - агроном-биолог | 13000 |
17 | Жетектөөчү адис: - агроном, - технолог, - инженер, - агроном-биолог | 12000 |
18 | Агроном, агроном-биолог | 11000 |
| Борбордук жана Ош адистештирилген контролдоо-токсикологиялык лабораториясы |
|
19 | Лаборатория башчысы | 15500 |
20 | Улук токсиколог | 12000 |
21 | Жетектөөчү токсиколог | 11000 |
22 | Токсиколог | 10000 |
| Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча департамент |
|
23 | Мамсортучастоктун башчысы | 6200 |
24 | Мамсортучастоктун агроному | 5800 |
| Тоңдогу балык өстүрүү заводу |
|
25 | Директор | 8000 |
26 | Башкы бухгалтер | 6600 |
27 | Башкы адис | 5600 |
28 | Жетектөөчү адис | 5200 |
".
2-тиркеме
"16-2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алдындагы түндүк жана түштүк региону боюнча ветеринардык диагностика борборлорунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
| Кызмат орундарынын аталышы | Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен) |
1 | Түндүк жана түштүк региону боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун директору | 19000 |
2 | Борбордун директорунун орун басары | 17000 |
3 | Бөлүм башчы, башкы бухгалтер, сапат боюнча менеджер | 15500 |
4 | Улук адис: - жогорку категориядагы ветеринардык дарыгер, - адис, - инженер-физик, химик, биолог | 13000 |
5 | Жетектөөчү адис: - 1-категориядагы ветеринардык дарыгер, - адис, - лаборант | 12000 |
6 | Ветеринардык дарыгер, адис, бухгалтер | 11000 |
7 | Дарыкана башчысы, чарба бөлүмүнүн башчысы | 10000 |
8 | Ветеринардык санитар, виварийщик | 9000 |
| Ветеринардык диагностикалоо жана экспертизалоо аймактык бөлүмдөрү |
|
9 | Начальник | 14500 |
10 | Бөлүм башчы | 13000 |
11 | Улук адис: - ветеринардык дарыгер, -адис, - инженер-физик, - химик, - биолог | 12000 |
12 | Жетектөөчү адис: - 1-категориядагы ветеринардык дарыгер, - адис | 11000 |
13 | Лаборант | 9000 |
14 | Ветеринардык санитар, виварийщик | 8000 |
| Ветеринардык диагностикалоо жана экспертизалоо райондук бөлүмдөрү |
|
15 | Начальник | 13500 |
16 | Сектор башчысы | 12000 |
17 | Улук адис: - жогорку категориядагы ветеринардык дарыгер, - адис | 11000 |
18 | Жетектөөчү адис: - 1-категориядагы ветеринардык дарыгер, - адис | 10000 |
19 | Лаборант | 9000 |
20 | Ветеринардык санитар, виварийщик | 8000 |
21 | Борборлордун атайын автомашиналарынын айдоочусу | 5185 |