ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 540 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197»Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтоиу

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 24-августу № 540

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга тийиштүү лабораториялардын жана уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 16-2-тиркеме менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте кошумча финансы каражаттарын издештирсин жана "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин лабораторияларынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алдындагы түндүк жана түштүк региону боюнча ветеринардык диагностика борборлорунун кызматкерлери үчүн мамлекеттик жарандык кызматтагы стажы сакталат.

4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция эки айлык мөөнөттө:

- ушул токтомдо аталган кызмат орундарына квалификациялык талаптарды белгиленген тартипте иштеп чыксын жана бекитсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу

 

М.Абулгазиев

 

1-тиркеме

"2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин карамагындагы лабораториялардын жана уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ

 

Кызмат орундарынын аталышы

Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү

(сом менен)

 

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча борбордук жана Ош лабораториясы

 

1

Лаборатория башчысы

15500

2

Улук адис:

- энтомолог,

- фитопатолог,

- герболог

13000

3

Жетектөөчү адис:

- энтомолог,

- фитопатолог,

- герболог

12000

4

Энтомолог, фитопатолог, герболог

11000

5

Үлгүлөрдү кабыл алуу боюнча адис

10000

 

Региондук лабораториялар

 

6

Лаборатория башчысы

14500

7

Улук адис:

- энтомолог,

- фитопатолог,

- герболог

12000

8

Жетектөөчү адис:

- энтомолог,

- фитопатолог,

- герболог

11000

9

Энтомолог, фитопатолог, герболог

10000

10

Үлгүлөрдү кабыл алуу боюнча адис

9000

 

Ветеринардык дарыларды, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо борборунун лабораториялары

 

11

Лаборатория башчысы

15500

12

Улук адис:

- иммунолог,

- бактериолог,

- микробиолог,

- химик,

- токсиколог

12000

13

Жетектөөчү адис:

- иммунолог,

- бактериолог,

- микробиолог,

- химик,

- токсиколог

11000

14

Иммунолог, бактериолог, микробиолог, химик, токсиколог

10000

 

Үрөндөрдү экспертизалоо борбордук лабораториясы, Сортторду, данды жана алардан кайра иштетилген продуктуларды баалоо боюнча лаборатория, Өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарынын банк-лабораториясы

 

15

Лаборатория башчысы

15500

16

Башкы адис:

- агроном,

- агроном-биолог

13000

17

Жетектөөчү адис:

- агроном,

- технолог,

- инженер,

- агроном-биолог

12000

18

Агроном, агроном-биолог

11000

 

Борбордук жана Ош адистештирилген контролдоо-токсикологиялык лабораториясы

 

19

Лаборатория башчысы

15500

20

Улук токсиколог

12000

21

Жетектөөчү токсиколог

11000

22

Токсиколог

10000

 

Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча департамент

 

23

Мамсортучастоктун башчысы

6200

24

Мамсортучастоктун агроному

5800

 

Тоңдогу балык өстүрүү заводу

 

25

Директор

8000

26

Башкы бухгалтер

6600

27

Башкы адис

5600

28

Жетектөөчү адис

5200

".

 

2-тиркеме

"16-2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алдындагы түндүк жана түштүк региону боюнча ветеринардык диагностика борборлорунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ

 

Кызмат орундарынын аталышы

Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү

(сом менен)

1

Түндүк жана түштүк региону боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун директору

19000

2

Борбордун директорунун орун басары

17000

3

Бөлүм башчы, башкы бухгалтер, сапат боюнча менеджер

15500

4

Улук адис:

- жогорку категориядагы ветеринардык дарыгер,

- адис,

- инженер-физик, химик, биолог

13000

5

Жетектөөчү адис:

- 1-категориядагы ветеринардык дарыгер,

- адис,

- лаборант

12000

6

Ветеринардык дарыгер, адис, бухгалтер

11000

7

Дарыкана башчысы, чарба бөлүмүнүн башчысы

10000

8

Ветеринардык санитар, виварийщик

9000

 

Ветеринардык диагностикалоо жана экспертизалоо аймактык бөлүмдөрү

 

9

Начальник

14500

10

Бөлүм башчы

13000

11

Улук адис:

- ветеринардык дарыгер,

-адис,

- инженер-физик,

- химик,

- биолог

12000

12

Жетектөөчү адис:

- 1-категориядагы ветеринардык дарыгер,

- адис

11000

13

Лаборант

9000

14

Ветеринардык санитар, виварийщик

8000

 

Ветеринардык диагностикалоо жана экспертизалоо райондук бөлүмдөрү

 

15

Начальник

13500

16

Сектор башчысы

12000

17

Улук адис:

- жогорку категориядагы ветеринардык дарыгер,

-  адис

11000

18

Жетектөөчү адис:

- 1-категориядагы ветеринардык дарыгер,

- адис

10000

19

Лаборант

9000

20

Ветеринардык санитар, виварийщик

8000

21

Борборлордун атайын автомашиналарынын айдоочусу

5185