Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-августу № 537
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, "Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| М.Абулгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
1. Жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
1) 23-пунктунда:
- биринчи абзацындагы "социалдык" деген сөз алып салынсын;
- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Турак жайдын бир чарчы метринин баасы 60000 сомдон ашпашы керек.";
2) 25-пунктундагы "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ачык акционердик коомунун" деген сөздөр "ипотекалык турак жайды кредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 26-пунктунда:
- 1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) узак мөөнөттүү ипотекалык турак жайды кредиттөө үчүн эл аралык фонддордун каражаттарын, ошондой эле ипотекалык баалуу кагаздарды сатуудан алынган каражаттарды тартуу;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пунктчасы менен толукталсын:
"1-1) ипотекалык турак жайды кредиттөө жана кийин аны Кыргыз Республикасынын жарандарына сатуу менен турак жайды курууга инвестициялоо максатында "МИК" ААК мамлекеттик каржылоону камсыз кылуу;";
- 2-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) финансылык-кредиттик мекемелер, анын ичинде өнөктөш банктар аркылуу ипотекалык турак жайды кредиттөөнүн механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү;";
- 4-пунктчасындагы "ипотекалык" деген сөздөн кийин "турак жайды" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 27-пунктунда:
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункту менен толукталсын:
"3-1) турак жайды куруу жана сатып алуу жолу менен "МИК" ААК жеке турак жай фондун түзүү.";
5) 28-пунктунда:
- 2-пунктчасында "региондордо" деген сөз алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пунктчасы менен толукталсын:
"2-1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан арзан турак жайды куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү, инфратүзүм жана коммуникациялар менен камсыз кылуу;";
- 3-пунктчасындагы "региондордо" деген сөз алып салынсын;
- 4-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 29-пунктунда:
- 1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) даяр турак жайды сатып алуу, турак жайды жеке куруу, болгон турак жайды кеңейтүү жана аны капиталдык оңдоо боюнча кредиттөөгө коммерциялык өнөктөш банктар аркылуу кайра каржылоо механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;";
- 2-пунктчасындагы "ссудалык-сактык кассаларды иштетүү" деген сөздөр "контракттык турак-жай аманаттарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 32-пунктунда:
- 1-пунктчасындагы мамлекеттик тилдеги текстиндеги "Жеткиликтүү" деген сөз "Арзан" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2-пунктчасындагы "Социалдык турак жай" деген сөздөр "Жеңилдетилген ипотека" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 35-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"таргетирлөө (сатып алынуучу турак жайдын каржылоо шарттарынын максаттуу багыттарын жана параметрлерин белгилөө) жана скоринг (негизине статистикалык методдор түптөлгөн кардарларды баалоо системасы) системаларын иштеп чыгуу жана "МИК" ААК ишке ашыруу, алар ипотекалык турак жайды кредиттөө боюнча жеке өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен тандоо жана каржылоо процессине ийкемдүү мамилени камсыз кылууга мүмкүндүк берет.";
9) 37-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"37. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги төмөнкүдөй маселелерди чечүү аркылуу ушул Программаны ишке ашырууга көмөк көрсөтүүчү мамлекеттик орган болуп саналат:
- ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча "МИК" ААК көмөк көрсөтүү;
- ипотекалык турак жайды кредиттөө үчүн ресурстарды жана эконом-класстагы турак жайдын курулушуна инвестицияларды тартуу боюнча "МИК" ААК көмөк көрсөтүү;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин пайдалануу менен арзан турак жайды куруу долбоорлорун демилгелөө жана коштоо.";
10) 39-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- "МИК" ААКнын финансылык-чарбалык ишинен алынган пайда;";
11) 40-пунктундагы "банктарды кайра каржылоо менен иштейт." деген сөздөр "банктар берген кредиттерди кайра каржылоону жүзөгө ашырат." деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 46-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"46. Аталган максаттарга жетишүү үчүн "МИК" ААКы төмөнкүдөй маселелерди чечет:
1) туруктуу иштөөсүн камсыздоо;
2) каржылоонун ачык-айкын механизмдерин белгилөө жана киргизүү;
3) ушул Программада аталган чөйрөлөрдө ипотекалык турак жайды кредиттөөнүн стандарттарын, моделдерин жана механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү;
3-1) ушул Программанын алкагында тандоо механизмдерин жана критерийлерин камсыз кылуу;
4) өнүктүрүүнүн так стратегиялык максаттары менен корпоративдик башкарууну белгилөө;
5) ички операциялык жана финансылык процесстер менен башкаруу үчүн ички ченемдик документтерди иштеп чыгуу;
6) жогорку квалификациялуу адистерди тартуу.";
13) 49-пункт:
- "берүүнүн шарттары" деген сөздөрдөн кийин "МИК" ААК тарабынан белгиленет жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- ", эсептелген" деген сөз алып салынсын;
14) 50-пунктундагы "Тиешелүү шарттарда ипотекалык кредит алууну каалаган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тандоонун негизги талаптары менен механизмдерине жана "МИК" ААКынын кошумча талаптарына ылайык келген шарттарда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
15) 51-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
16) 8-главада:
- аталышындагы "Социалдык турак жай" деген сөздөр "Жеңилдетилген ипотека" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 52, 53-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"52. "Жеңилдетилген ипотека" багыты боюнча турак жай менен камсыз кылуу жана ипотека кредитин берүүнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тандоонун талаптарына ылайык келген, Комиссия тарабынан аныкталган Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларына багытталат.
53. "Жеңилдетилген ипотека" багытын ишке ашыруу максатында жарандардын турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн бюджеттик жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка акча каражаттарынын булактарын пайдалануу менен, анын ичинде турак жайларды сатып алуу жана куруу үчүн субсидияларды жана жеңилдетилген кредиттерди белгиленген тартипте берүү жолу менен мамлекеттик колдоо каралууда.";
- 54-пунктунда:
- расмий тилдеги текстиндеги "и" деген байламта "или" деген байламта менен алмаштырылсын;
- "турак жайды сатып алуу үчүн" деген сөздөр "Программанын катышуучуларын турак жай менен камсыз кылуу боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-2-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
17) 9-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. "Арзан ипотека" жана "Жеңилдетилген ипотека" багыттарынын механизмдери
55. Ипотеканын арзандатууну эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен ар түрдүү механизмдерди ишке ашыруунун эсебинен камсыздоо болжолдонууда. Алгачкы этапта төмөнкүдөй механизмдер ишке ашырылат:
- контракттык турак жай аманаттарынын механизми;
- кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай механизми;
- коммерциялык өнөктөш банктар аркылуу кайра каржылоонун механизми:
- даяр турак жайды сатып алууга;
- жеке турак жайды курууга;
- турак жайды капиталдык оңдоого;
- турак жайды кеңейтүүгө.
55-1. Ушул Программанын алкагында "МИК" ААК 1 кв.м наркы 40000 сомдон ашпаган турак жайды курууну же катышуучуларга кийин сатуу менен турак жайды сатып алууну ишке ашырат.
56. "МИК" ААКын өнүктүрүүнүн кийинки этаптарында, турак жай менен камсыздоо жана ипотекалык кредит берүү чөйрөсүндөгү эл аралык тажрыйбаларды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле экономикалык абалды эске алуу менен турак жай менен камсыздоонун башка механизмдери иштелип чыгат жана киргизилет.";
18) 9.1-главасында:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9.1. Контракттык турак жай аманаттарынын механизми";
- 57-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 59-62-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"59. Контракттык турак жай аманаттарынын механизми келишимдерди түзүүгө негизделген, мында келечектеги зайымчы макулдашылган сумманы белгиленген убакыт аралыгында топтоо боюнча кийинкиге калтыруу шарттарын аткаруунун алдын ала аныкталган шарттарында турак жайды сатып алууга кредит берүү боюнча уюм катары банктык эмес финансылык-кредиттик мекеменин милдеттенмелери камтылат.
60. Катышуучулар банктык эмес финансылык-кредиттик мекеме менен келишим түзүшөт, анда турак жайлык каржылоонун суммасы, төгүм жана кредит боюнча пайыздык ставкалардын өлчөмү чагылдырылат, келишимге ылайык сүйлөшүлгөн сумманын белгилүү бир бөлүгүн топтогон катышуучу талапкер болууга укуктуу. Бул параметрлер катышуучу өзүнө оптималдуу вариантты тандап алуусу үчүн ар кандай комбинацияда сунушталат.
61. Банктык эмес финансы-кредиттик мекеменин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланат жана жөнгө салынат.
62. Кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо механизми Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси менен жөнгө салынат. Кийин сатып алуу менен ижаралоо келишиминде ижаралык турак жай кийин сатып алуу менен ижаралоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин же кийин сатып алуу менен ижаралоо келишиминде шартталган сатып алуунун толук наркын катышуучу төлөгөн шартта катышуучунун менчигине өтө тургандыгы каралган.";
- 63-пунктунда:
- расмий тилдеги текстиндеги "жилого фонда на балансе" деген сөздөр "жилищного фонда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "балансында" деген сөз алып салынсын;
- расмий тилдеги текстиндеги "приобретения" деген сөз "выкупа" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 64-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 65-пунктунда:
- "артыкчылыгы ипотекалык кредит алуу үчүн алгачкы төгүмдү" деген сөздөр "Кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо механизминин негизги артыкчылыгы алгачкы төгүмгө каражаттарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 66-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"66. Өнөктөш-банктар аркылуу ипотекалык кредиттерди кайра каржылоо механизми төмөнкүдөй түзүлөт:
1) "МИК" ААК коммерциялык банктар менен кызматташтык жөнүндө макулдашуу түзөт, алар аркылуу Программанын катышуучусуна наркы боюнча, жалпы пайдалуу аянттын өлчөмү жана башка параметрлер боюнча талаптарга ылайык келген турак жайды сатып алууга ипотекалык кредит берилет;
2) өнөктөш-банк берген ипотекалык кредит ипотекалык күрөөгө коюу механизми аркылуу "МИК" ААК тарабынан кайра каржыланат же сатып алынат.";
19) 9.3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 66-1-пункту менен толукталсын:
"66-1 Ипотекалык кредиттерди кайра каржылоо механизми төмөнкүлөр үчүн жарандарга ипотекалык кредит берүү аркылуу ишке ашырылат:
1) даяр турак жайды сатып алууга. Кредит белгиленген шарттарга жана талаптарга ылайык Программанын катышуучуларына даяр турак жайды сатып алууга берилет. Мында, турак жай Программанын катышуучусу тарабынан турак жайга карата белгиленген талаптарга ылайык өз алдынча өзүнүн каалоосу боюнча тандап алынат;
2) жеке турак жайды куруу. Кредит курууга жеке жер участогу болгон Программанын катышуучуларына жеке турак жайды курууга же курулушту бүтүрүүгө берилет. Жеке турак жайды куруу архитектураны көзөмөлдөө боюнча жергиликтүү аймактык мамлекеттик органда бекитилген (макулдашылган) долбоордук-сметалык документтердин негизинде ишке ашырылат. Турак жайды куруу этаптардын ар биринде анын наркын аныктоо менен бир нече этаптарга бөлүнөт. Каржылоо курулуштун учурдагы этабынын наркына тең болгон суммада ар бир этаптын башында транштар менен ишке ашырылат;
3) болгон турак жайды кеңейтүү. Белгиленген талаптарга шайкеш келгенде жеке турак жайын кеңейтүүгө муктаж жарандарга ипотекалык кредиттерди берүү болжолдонууда. Колдо болгон турак жайды кеңейтүү механизми куруу же сатып алуу-сатуу аркылуу аянты боюнча чоңураак турак жайды сатып алууну караштырат;
4) турак жайды капиталдык оңдоо. Жеке турак жайды капиталдык оңдоону каалаган Программанын катышуучулары үчүн "МИК" ААК финансылык-кредиттик мекемелер менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүшөт, алар аркылуу Программанын катышуучуларына турак жайды капиталдык оңдоо үчүн кредит берилет.";
- 67-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
20) 9.4-главасы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- 2-бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Турак жай фондун түзүү";
- 2, 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
2 | Арзан турак жайдын турак жай фондун түзүү | Турак жай рыногунда баалар жана бүтүмдөр жөнүндө маалымат базаларын түзүү жана колдоо | 2016-2020-жылдар | МИК, МКК, МИКтин өнөктөш-банктары (макулдашуу боюнча) | МИКтин жана эл аралык донорлордун каражаттары | МИК үчүн башкаруу маалыматтары |
Региондордо сынамык долбоорлордо арзан турак жай куруу | 2017-2020-жылдар | МИК, Курулуш агенттиги, МИКтин өнөктөш-банктары (макулдашуу боюнча), курулуш компаниялар (макулдашуу боюнча) | Тартылган каражаттар | Калкка андан ары өткөрүп берүү менен жаңы турак жайларды ишке киргизүү | ||
Баштапкы рыноктогу даяр турак жайды сатып алуу | 2017-2020-жылдар | МИК | МИКтин жана эл аралык донорлордун каражаттары | Кийин калкка өткөрүп берүү менен рыноктогу даяр турак жайларды сатып алуу |
";
3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
3 | Программанын механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Жеке турак жай курулушун кредиттөө механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2016-2020-жылдар | ЭМ, МИК | Тартылган каражаттар | Жеке турак жайды курууга ипотекалык кредиттерди берүү |
Келишимдик турак жай аманаттары механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2017-2020-жылдар | ЭМ, МИК, УБ (макулдашуу боюнча | Тартылган каражаттар | Банктык эмес финансылык-кредиттик мекемени түзүү жана анын ишин камсыз кылуу | ||
Кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2017-2020-жылдар | ЭМ, МИК, УБ (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Тартылган каражаттар | Кийин сатып алуу мүмкүндүгү менен жарандарды ижаралык турак жай менен камсыз кылуу | ||
Турак жайды капиталдык оңдоого кредит берүү механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2017-2020-жылдар | ЭМ, МИК, УБ (макулдашуу боюнча) | Тартылган каражаттар | Жарандардын турак жайын оңдоосуна багытталган кыска мөөнөттүү кредиттик продукт | ||
Колдо болгон турак жайды кеңейтүү механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2017-2020-жылдар | ЭМ, МИК | Тартылган каражаттар | Турак жайдын аянтын кеңейтүүгө муктаж болгон жарандарды турак жай менен камсыздоо | ||
Таргетирлөө жана скоринг системаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2017-2018-жылдар | ЭМ, МИК | Тартылган каражаттар | Ипотекалык кредиттөөдө максаттуу жана даректүү мамилени камсыз кылуу |
";
- 5-пунктунда:
- "Чаралар/аракеттер" графасындагы "Социалдык турак жай" деген сөздөр "Жеңилдетилген ипотека" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Күтүлгөн натыйжа (продукт)" графасындагы "Социалдык турак жай" деген сөздөр "Жеңилдетилген ипотека" деген сөздөр менен алмаштырылсын.