Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-сентябры № 588
"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым жоболорун жүзөгө ашыруу тууралу
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткарууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыккан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу боюнча аткаруучу орган катары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги аныкталсын.
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө Министрликтин функцияларына талдоо жүргүзсүн жана аларды оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыккан тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |