Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-марты № 153
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишин уюштуруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо жана киргизүү жол-жобосун өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 15 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө» токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021 -жылдын 5-мартындагы № 78 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:
8-пунктунун 1-пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдерин аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;».
3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- борбордук аппараттарда, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдө ушул токтомдун жоболорун изилдөө боюнча ишти уюштурсун;
- эки жумалык мөөнөттө ездөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги эки айлык мөөнөттө төмөнкүлөргө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелесин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө» токтомуна.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-сентябрындагы № 588 «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым жоболорун жүзөгө ашыруу тууралу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 28-октябрындагы № 233
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө» токтомуна киргизилүүчү
ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентинде:
1) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана тескемелерине Министрлер Кабинетинин Төрагасы, ал эми ал жок учурда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары же Төраганын милдеттерин аткаруу жүктөлгөн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары кол коёт.
Министрлер Кабинетинин токтомдору «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга жатат. Министрлер Кабинетинин тескемелери, эгерде акттын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулуусуна туура келген Министрлер Кабинетинин токтомдору жана тескемелери, эгерде акттын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.»;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
«51. Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин, ошондой эле мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин долбоорлоруна Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, ошондой эле Министрлер Кабинетинин башка мүчөлөрү жана Министрлер Кабинетинин тескемелери менен ыйгарым укук берилген кызмат адамдары кол коёт.
Ушул пунктта аталган эл аралык келишимдерге кол коюуга ыйгарым укук берилген министрликтердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери жана кызмат адамдары кол койбогон учурда, мындай келишимдерге Министрлер Кабинетинин тескемеси менен атайын ыйгарым укуктарды бербестен, Министрлер Кабинетинин Төрагасы же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары кол коёт.»;
3) 8-пункт «ченемдик укуктук актыларынын» деген сөздөрдөн кийин «(актыларынын)» деген сөз менен толукталсын;
4) 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9. Мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын (актылардын) долбоорлору, ошондой эле башка документтер Министрлер Кабинетинин кароосуна Президент, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилери тарабынан киргизилиши мүмкүн. Биринчи жетекчилер жок учурда актылардын долбоорлору алардын милдеттерин аткарган адамдар тарабынан киргизилет. Башка жактардын актылардын долбоорлорун киргизүүсүнө жол берилбейт, эгерде киргизилсе, алар кароосуз кайтарып берилет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (мындан ары – Жогорку сот) жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Министрлер Кабинетинин кароосуна Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча гана мыйзам долбоорлорун киргизет.
Мамлекеттик органдын карамагында турган ведомстволук, аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөр, мекемелер, ишканалар Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагаларынын орун басарларынын дарегине жогору турган мамлекеттик орган аркылуу гана кайрылышат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Министрлер Кабинетинин башка мүчөлөрүнүн дарегине Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу гана кайрылышат, буга жогоруда аталган адамдардын мыйзамсыз аракеттерине даттануулар кирбейт.
Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Министрлер Кабинетинин башка мүчөлөрүнүн дарегине түз кайрылышат.»;
5) 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11. Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын атына ушул Регламенттин 9-пунктунун талаптарын бузуу менен мамлекеттик органдар тарабынан киргизилген кайрылуулар дарек ээсине кароосуз кайтарылып берилет.»;
6) 12-пунктта:
– биринчи абзацындагы «жана аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга аткаруу бийлигинин тиешелүү органдарынын карамагына кирген чөйрөлөргө ылайык» деген сөздөр «, аткаруу бийлигинин башка органдарына, Президентке караштуу мамлекеттик органдарга, алардын карамагына кирген чөйрөлөргө ылайык» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– экинчи абзацындагы «Министрлер Кабинетинин чечимин кабыл алуу талап кылынган ченемдик укуктук актылардын» деген сөздөр «ченемдик укуктук актылардын (актылардын)» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 13-пункттун экинчи абзацы «жергиликтүү мамлекеттик администрациялар» деген сөздөрдөн кийин «, башка мамлекеттик органдар» деген сөздөр менен толукталсын;
8) 14-пункттагы «Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын токтомдору, тескемелери» деген сөздөр «Министрлер Кабинетинин токтомдору жана тескемелери, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелери» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9) 16-пункттагы «Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын ченемдик укуктук актыларында» деген сөздөр «Президенттин, Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында (актыларында), Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларында» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 18-пункттагы «Министрлер Кабинетинин токтому менен» деген сөздөр «Министрлер Кабинетинин токтомдору же тескемелери менен» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11) 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«20. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин чет өлкөлөргө иш сапарлары, ишенип берилген аймактан сыртка чыгуулары Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашылууга тийиш.
Министрлердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин чет өлкөлөргө иш сапарлары Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен, ал эми ал жок болгон учурда - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдери боюнча расмий делегациялардын курамында чет өлкөлөргө иш-сапарлар макулдашылууга жатпайт.
Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин, анын ичинде Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин өргүүлөрү Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен жазуу жүзүндө өргүү башталганга чейин 10 күндөн кечиктирилбестен макулдашылат.
Министрлердин орун басарларынын, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын чет өлкөлөргө иш сапарлары министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин чечимдери боюнча ишке ашырылат.»;
12) 22-пункттагы «аткаруу бийлигинин башка органдары» деген сөздөр «башка мамлекеттик органдар» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13) 24-пункттагы «токтому» деген сөз «Төрагасынын тескемеси» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14) 26-пункттагы «аткаруу бийлигинин башка органдарынын» деген сөздөр «башка мамлекеттик органдардын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
15) 27-пункттун экинчи абзацындагы «аткаруу бийлигинин башка органдарынын» деген сөздөр «башка мамлекеттик органдардын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
16) 29-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«29. Кечиктирүүгө жол берилбеген айрым маселелер боюнча же Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында талкуулоо зарыл болбогон маселелер боюнча Министрлер Кабинети жыйналыш өткөрбөстөн, ушул Регламенттин VI главасында, Президенттин Администрациясынын Регламентинде аныкталган тартипте Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн сурамжылоо жолу менен чечим кабыл алышы мүмкүн.
Төмөнкү маселелер боюнча мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын (актыларынын) долбоорлору Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында гана каралат:
– экономикалык, социалдык, илимий-технологиялык, руханий жана маданий өнүктүрүү боюнча жалпы мамлекеттик программалар;
– Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү үчүн кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдоо мезгилине республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору;
– Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар жылдык отчеттун долбоору;
– фискалдык саясаттын негизги багыттары;
– эл аралык келишимдердин долбоорлору:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө;
эгерде мындай келишимдер Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктарынын бөлүгүн аларга берүүнү караштырса же Кыргыз Республикасы үчүн алардын органдарынын чечимдеринин юридикалык милдеттүүлүгүн белгилесе, Кыргыз Республикасынын эл аралык бирликтерге жана бирикмелерге катышуусу жөнүндө;
жамааттык коопсуздук жөнүндө.»;
17) 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«30. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын (актыларынын) долбоорлорун, Министрлер Кабинетинин жыйналышына киргизилүүчү башка документтер ушул Регламенттин VI, VI главаларында, Президенттин Администрациясынын Регламентинде аныкталган тартипте макулдашылат жана кароого даярдалат.
Президенттин компетенциясына кирген же Жогорку Кеңештин чечимин талап кылган маселелер боюнча сунуштар, эгерде Президенттин, Министрлер Кабинетинин чечиминде башкача каралбаса, министрликтер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Президенттин Администрациясы аркылуу гана киргизилет.
Президенттин жарлыктарынын жана тескемелеринин долбоорлору Президенттин Администрациясынын Регламентине ылайык кезексиз тартипте ыкчам киргизилет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдеринин долбоорлору, анын ичинде Президенттин Администрациясынын ишин уюштуруу боюнча чечимдеринин долбоорлору Президенттин Администрациясынын Регламентинде аныкталган тартипте даярдалат жана кабыл алынат.»;
18) 31-пунктта:
– биринчи абзацындагы «Президенттин Администрациясы» деген сөздөр «компетенциясына жыйналыштарды уюштуруучулук жактан камсыз кылуу маселелери кирген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– экинчи абзацындагы «жана административдик ведомствонун же аткаруу бийлигинин башка органынын биринчи жетекчиси» деген сөздөр «административдик ведомствонун, башка мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
19) 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«33. Министрлер Кабинетинин жыйналышынын катышуучуларын каттоо компетенциясына жыйналыштарды уюштуруучулук жактан камсыз кылуу маселелери кирген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.»;
20) 42-пункттагы «Президенттин Администрациясы» жана «жыйналышка төрагалык кылуучу» деген сөздөр тиешелүү түрдө «жыйналыштарды уюштуруучулук жактан камсыз кылуу маселелери кирген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү» жана «Министрлер Кабинетинин Төрагасы же анын милдетин аткаруучу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
21) 43-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«43. Сунуштар жана сын пикирлер айтылган Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин долбоорлорун, жыйналышта каралган башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун толуктап иштеп чыгуу зарыл болгон учурда, Министрлер Кабинети министрликтерге, администрациялык ведомстволорго, башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмаларды берет. Актылардын долбоорлорун жеткире иштеп чыгуу жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына кол коюуга киргизүү жыйналыш аяктагандан кийин, эгерде башка мөөнөт белгиленбесе, 5 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө аткарылат.»;
22) V главанын аталышы «ченемдик укуктук актыларында» деген сөздөрдөн кийин «(актыларында)» деген сөз менен толукталсын;
23) 46-пунктта:
– «Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары» деген сөздөр «Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары (актылары), Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актылары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– «жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга» деген сөздөрдөн кийин «Президентке караштуу мамлекеттик органдарга» деген сөздөр менен толукталсын;
24) 47-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«47. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында (актыларында), Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын протоколдорунда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларында камтылган тапшырмаларды, ошондой эле Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин алар тарабынан өткөрүлгөн кеңешмелердин протоколдорунда жана резолюцияларда камтылган тапшырмаларын (мындан ары – тапшырмалар) аткаруу тапшырмалар даректелген министрлер, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери, Президентке караштуу мамлекеттик органдар тарабынан уюштурулат.»;
25) 48-пункттагы «факсимилдик байланыш же телефонограмма» деген сөздөр «факсимилдик байланыш, электрондук документ жүгүртүү системасы жана телефонограмма» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
26) 49-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында (актыларында), Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларында камтылган тапшырмалар аткаруучуларга актылардын көчүрмөлөрүн жиберүү аркылуу жеткирилет.».
27) 50-пунктта:
– үчүнчү абзацындагы «тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, тапшырма» деген сөздөр «резолюцияларда, кеңешмелердин протоколдорунда тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, ал» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
«Эгерде Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларында тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, ал эки айлык мөөнөттө аткарылууга тийиш.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларында, резолюцияларда, кеңешмелердин протоколдорунда камтылган ченемдик укуктук актылардын (актылардын) долбоорлорун иштеп чыгууга жана киргизүүгө тийиштүү тапшырмалар эки айлык мөөнөттө аткарылууга тийиш.»;
28) 51-пунктта:
– биринчи абзацында:
«анда «жооптуу» деген сөз менен белгиленген» деген сөздөрдөн кийин «же болбосо тапшырмада биринчи болуп аныкталган» деген сөздөр менен толукталсын;
«жооптуу деп бекитилген, жооптуу аткаруучу» деген сөздөр «негизги аткаруучу» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– экинчи абзацындагы «Жооптуу деп бекитилген, жооптуу аткаруучу» деген сөздөр «Негизги аткаруучу» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
29) төмөнкүдөй мазмундагы VI глава жана 541-5410-пункттар менен толукталсын:
«VI. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун макулдашуунун жана Президенттин Администрациясына киргизүүнүн тартиби
541. Министрлер Кабинетинин жыйналышына киргизүүгө пландалган мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору төмөнкүлөр менен алдын ала макулдашылат:
1) мыйзамдардын долбоорлору, эл аралык келишимдин мыйзамдарга ылайык келиши жөнүндө Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу жана аны ратификациялоонун мүмкүн болуучу финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерин баалоо жөнүндө тескемелердин долбоору – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары – Юстиция министрлиги), Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (мындан ары – Экономика жана коммерция министрлиги), кызыкдар мамлекеттик органдар менен;
2) токтомдордун долбоорлору – Юстиция министрлиги, Финансы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, кызыкдар мамлекеттик органдар менен;
3) тескемелердин долбоорлору – Юстиция министрлиги, кызыкдар мамлекеттик органдар менен.
Министрлер Кабинетинин протоколдук чечимдеринин долбоорлору мамлекеттик органдар менен алдын ала макулдашууга жатпайт.
542. Жазуу жүзүндө сурамжылоо жолу менен Министрлер Кабинетинин жыйналыштарын өткөрбөстөн, кароого пландалган мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун долбоорлору төмөнкүлөр менен макулдашылат:
1) мыйзамдардын долбоорлору, эл аралык келишимдин мыйзамдарга ылайык келиши жөнүндө Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу жана аны ратификациялоонун мүмкүн болуучу финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерин баалоо жөнүндө тескемелердин долбоору – Юстиция министрлиги, Финансы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, кызыкдар мамлекеттик органдар менен;
2) токтомдордун долбоорлору – Юстиция министрлиги, Финансы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, кызыкдар мамлекеттик органдар, Министрлер Кабинетинин тогуздан кем эмес мүчөсүн сурамжылоону камсыз кылуу үчүн башка министрликтер жана мамлекеттик комитет менен;
3) тескемелердин долбоорлору – Юстиция министрлиги, кызыкдар мамлекеттик органдар менен.
543. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору жана коштоочу документтер макулдашууга мамлекеттик жана/же расмий тилдерде берилет.
Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору жана коштоочу документтер 14 өлчөмүндөгү «Times New Roman» шрифти менен 1 саптык интервал аркылуу жазылууга тийиш. Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан анын аты-жөнүн жана датаны көрсөтүү менен парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш.
Акттын долбоорунун текстинин көлөмү машинага жазылган он барактан ашкан учурда документтин арткы бетине иштеп чыгуучу органдын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тескеген түзүмдүк бөлүмдүн мөөрлөрүн коюуга жол берилет.
Макулдашууга киргизилүүчү мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору электрондук санариптик колтамганы пайдалануу шарты менен электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу электрондук түрдө коюлушу мүмкүн.
544. Мамлекеттик органдарда мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун макулдашуу алар келип түшкөн күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөрдөн ашпоого тийиш:
– мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлору – 6 жумуш күн;
– тескемелердин долбоорлору – 3 жумуш күн.
Юстиция министрлиги үчүн мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун макулдашуу жана аларга экспертизалардын адистештирилген түрлөрүн жүргүзүү алар келип түшкөн күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөрдөн ашпоого тийиш:
– мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлору – 10 жумуш күн (100 барактан ашкандар – 18 жумуш күн);
– тескемелердин долбоорлору – 3 жумуш күн.
Министрлер Кабинетинин актыларын шашылыш кабыл алуу зарыл болгондо, анын ичинде согуштук абалдын жана өзгөчө абалдын шарттарында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмалары боюнча макулдашуунун бир кыйла кыска мөөнөт белгилениши мүмкүн же мамлекеттик органдардын жетекчилеринин сурамжылоо барагына виза коюу жолу менен долбоор Президенттин Администрациясында кеңешмеде макулдашылышы мүмкүн.
545. Мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча макулдашуучу мамлекеттик орган демилгечиге позициясын чагылдыруу менен долбоорду макулдашуу жөнүндө мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси тарабынан кол коюлган катты берет. Эгер ченемдик укуктук актыларда макулдашуучу органдын корутунду берүүсү каралса, ал мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси тарабынан кол коюлууга жатат жана катка тиркелет. Биринчи жетекчилер жок учурда каттар (корутундулар) алардын милдеттерин аткаруучу адамдар тарабынан кол коюлат.
Макулдашуунун жыйынтыгы боюнча мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоорунун демилгечиси келип түшкөн эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен долбоорду жеткире иштеп чыгууга же аларды эске албоого, же болбосо долбоорду андан ары жылдырууну токтотууга укуктуу. Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору боюнча эске алынган жана эске алынбаган эскертүүлөр жана сунуштар жөнүндө маалымат жана аларды эске албоонун себептеринин негиздемеси долбоордун негиздеме-маалымкатында берилет. Мыйзамдардын долбоорлору боюнча эске алынган жана эске алынбаган эскертүүлөр жана сунуштар жөнүндө маалымат жана аларды эске албоонун себептеринин негиздемеси долбоорду Президенттин Администрациясына киргизүүдө коштомо катта берилет.
Эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу жана эске албоо үчүн жоопкерчилик Министрлер Кабинетинин мүчөсүнө, административдик ведомствонун биринчи жетекчисине, башка мамлекеттик органдын биринчи жетекчисине жүктөлөт, ал документти Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет жана аны даярдоого жооптуу болуп эсептелет.
546. Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик органдарга берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында алар тарабынан иштелип чыккан чечимдердин долбоорлору жыйналыш өткөрбөстөн жазуу жүзүндө сурамжылоо жолу менен кабыл алынуучу Министрлер Кабинетинин токтомдорунун долбоорлору үчүн ушул главада каралган тартипте жана мөөнөттө макулдашылат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө чечимдердин долбоорлорун макулдашууда Министрлер Кабинетинин тогуздан кем эмес мүчөсүн сурамжылоону камсыз кылуу талап кылынбайт.
547. Президенттин Администрациясына киргизилүүчү Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору төмөнкү документтердин пакети менен коштолууга тийиш:
– долбоорду киргизүүчү мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын наамына коштоочу кат;
– долбоорду киргизүүчү мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган долбоордун төмөнкүлөрдү камтыган негиздеме-маалымкаты:
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускамада көрсөтүлгөн маалыматтарды;
эске алынган жана эске алынбаган эскертүүлөр жана сунуштар жөнүндө маалымат, аларды эске албоонун себептеринин негиздемеси;
финансылык-экономикалык эсептер;
– салыштырма таблица (актка өзгөртүүлөр киргизилген учурда);
– долбоорду макулдашуу жөнүндө мамлекеттик органдардын каттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда мамлекеттик органдардын корутундулары;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган аналитикалык кат;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринин корутундулары (чечимдери);
– Министрлер Кабинетинин жыйналышында долбоорду кароодо катышуусу зарыл болгон адамдардын тизмеси.
548. Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору жана коштоочу документтер Президенттин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагазда жана электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдө берилет. Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору жана коштоочу документтер 14 өлчөмүндөгү «Times New Roman» шрифти менен 1 саптык интервал аркылуу жазылууга тийиш.
Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору мамлекеттик органдын жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан анын аты-жөнүн жана датаны көрсөтүү менен парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш. Акттын долбоорунун текстинин көлөмү машинага жазылган он барактан ашкан учурда документтин арткы бетине иштеп чыгуучу органдын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тескеген түзүмдүк бөлүмдүн мөөрлөрүн коюуга жол берилет.
549. Ушул Регламенттин 547, 548, 63 жана 64-пункттарында белгиленген талаптарды бузуу менен киргизилген документтер Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасын тейлөөчү орун басарын милдеттүү түрдө маалымдоо менен Президенттин Администрациясы тарабынан Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинде аныкталган тартипте кароосуз кайтарылып берилет.
5410. Президенттин Администрациясы мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлоруна жана мамлекеттик органдар тарабынан киргизилүүчү башка материалдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укугу жок. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун киргизген мамлекеттик орган Президенттин Администрациясында турган долбоордун концепциясына өзгөртүүлөрдү киргизбестен жеткире иштеп чыгууга жана аны чакыртып алууга укуктуу.
Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын, башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн терс корутундулары мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоорун демилгечисине кайтарып берүү үчүн негиз болуп саналбайт.
Министрлер Кабинетинин жыйналышында киргизүүгө пландалган мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоору боюнча акыркы чечим Министрлер Кабинетинин жыйналышында кабыл алынат.
Жыйналыш өткөрбөстөн жазуу жүзүндө сурамжылоо жолу менен кароо пландалган, кошумча талкуулоо зарылдыгы келип чыккан мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоору Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын сунушунун негизинде Президенттин же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими боюнча Министрлер Кабинетинин жыйналышына чыгарылышы мүмкүн.»;
30) VI глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«VI. Министрлер Кабинетинин мыйзам чыгаруу ишине катышуусу
55. Мыйзам чыгаруу демилгеси укугу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңешке киргизүүнү камсыз кылуу аркылуу ишке ашырылат.
Мыйзам долбоорлору мыйзам долбоорлоо ишинин жыл сайын бекитилүүчү планына, улуттук жана жалпы мамлекеттик программаларга, Президент жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү башка мамлекеттик программаларга жана стратегиялык документтерге, Президенттин актыларына, чакырууларына жана тапшырмаларына ылайык иштелип чыгат.
56. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча же министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, башка мамлекеттик органдардын сунуштары боюнча киргизилет.
57. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган документтерди тиркеп, Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы кол койгон коштомо кат менен киргизилет.
Коштомо катта мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүүдө министрлердин, мамлекеттик комитеттин төрагасынын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, башка кызмат адамдарынын атынан мыйзам долбоору боюнча расмий өкүл дайындалат.
58. Расмий өкүлдүн ыйгарым укуктарынын көлөмү тапшырмада аныкталат, ал толук же чектелген болушу мүмкүн. Ыйгарым укуктарынын толук көлөмү стенограммада жазылган расмий өкүлдүн чыгып сүйлөгөн сөзү Президенттин, Министрлер Кабинетинин каралып жаткан маселе боюнча көз карашы болуп саналарын билдирет. Ыйгарым укуктарынын чектелген көлөмү расмий өкүлдүн талкуулоонун жүрүшүндө мыйзам долбоорлоруна киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен алдын ала макулдашуусун билдирет.
Расмий өкүл мыйзам долбоорун кароодо Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин жыйналыштарына белгиленген тартипте катышат. Расмий өкүлдөрдү алмаштырууга Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы кол койгон каттын негизинде гана жол берилет.
59. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүүнү жана үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылат. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Жогорку Кеңештин жыйналыштарына катышат, Жогорку Кеңештин, анын комитеттеринин жыйналышына чакырылган Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, башка кызмат адамдарынын келишин камсыз кылат, башка каралып жаткан маселелер боюнча сунуштарды киргизет жана түшүндүрмөлөрдү берет.
Мыйзам долбоорлору, аларды Жогорку Кеңештен чакыртуу жөнүндө каттар, мыйзам чыгаруу демилгесинин башка субъекттери тарабынан демилгеленген мыйзамдардын долбоорлоруна Министрлер Кабинетинин корутундулары Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы аларга кол коюунун алдында Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү тарабынан визаланууга тийиш.
60. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери мыйзам долбоорлору боюнча Министрлер Кабинетинин расмий өкүлдөрүнө жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө зарыл болгон маалыматтарды берүү, мыйзам долбоорлорун кароого катышуу, Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууларды, консультацияларды жана кеңешмелерди өткөрүү, керектүү адистерди жиберүү ж.б. аркылуу Президент жана Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлорун жылдырууга жана кабыл алууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
Аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилерин мыйзам долбоорлорун жылдыруу жана кабыл алуу боюнча ишке тартуу мыйзам долбоорлору боюнча расмий өкүл жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү тарабынан ишке ашырылат.
61. Жогорку Кеңеште кезексиз тартипте кароо үчүн мыйзам долбоору кечиктирилгис катары аныкталышы мүмкүн. Бул учурда мыйзам долбоорунун кечиктирилгис экендиги Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун киргизүүдө коштомо катта көрсөтүлөт.
62. Мыйзам долбоорлору ушул регламенттин VI главасында жана Президенттин Администрациясынын Регламентинде аныкталган тартипте макулдашууга жатат.
63. Президенттин Администрациясына киргизилүүчү мыйзам долбоорлору төмөнкү документтердин пакети менен коштолууга тийиш:
– долбоорду киргизүүчү мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын наамына коштоочу кат;
– мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин кол коюусуна киргизүү үчүн мыйзам долбоору боюнча расмий өкүлдү дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасынын наамына каттын долбоору;
– долбоорду киргизүүчү мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган мыйзамдын долбоорунун төмөнкүлөрдү камтыган негиздеме-маалымкаты:
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн маалыматтарды;
финансылык-экономикалык эсептер;
мыйзамдын долбоору кабыл алынгандан кийин кабыл алууга же өзгөртүүгө тийиш мыйзам актыларынын тизмеги;
– салыштырма таблица (актка өзгөртүүлөр киргизилген учурда);
– долбоорду макулдашуу жөнүндө мамлекеттик органдардын каттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик органдардын корутундулары;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган аналитикалык кат;
– Министрлер Кабинетинин жыйналышында долбоорду кароодо катышуусу зарыл болгон адамдардын тизмеси.
Эл аралык келишимдерди ратификациялоо же денонсациялоо жөнүндө мыйзамдардын долбоорлоруна кошумча төмөнкүлөр тиркелет:
– эл аралык келишимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келиши жөнүндө жана аны ратификациялоонун мүмкүн болуучу финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерин баалоо жөнүндө Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоору, корутундунун долбоору менен;
– долбоорду киргизүүчү мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган тескеменин долбоорунун негиздеме-маалымкаты;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринин корутундулары (чечимдери).
64. Мыйзамдардын долбоорлору жана коштоочу документтер Президенттин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагазда жана электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдө берилет. Мыйзамдардын долбоорлору жана коштоочу документтер 12 өлчөмүндөгү «Times New Roman» шрифти менен 1 саптык интервал аркылуу жазылууга тийиш. Мыйзамдардын долбоорлору мамлекеттик органдын жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан анын аты-жөнүн жана датаны көрсөтүү менен парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш. Акттын долбоорунун текстинин көлөмү машинага жазылган он барактан ашкан учурда документтин арткы тарабынан иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тескеген иштеп чыгуучу органдын түзүмдүк бөлүмүнүн мөөрлөрүн коюуга жол берилет.
65. Редакциялык-техникалык мүнөздөгү (тармактык маселелерди козгобогон), экономикалык жана финансылык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорлору бирдиктүү пакеттерде түзүлөт жана мезгил-мезгили менен Президенттин Администрациясына тиешелүүлүгүнө жараша Юстиция министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлиги тарабынан киргизилет.
Мыйзам долбоорлорунун бирдиктүү пакетинин расмий өкүлдөрү болуп Юстиция министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигинин жетекчилери жана кызмат адамдары дайындалат.
Расмий өкүл мыйзам долбоорлорунун бирдиктүү пакетине мыйзам долбоорлорун киргизген мамлекеттик органдардын жетекчилерин жана кызматкерлерин Жогорку Кеңеште долбоорлорду сунуштоого жана жылдырууга катышууга тартууга укуктуу.
66. Мыйзам долбоорлорунун бирдиктүү пакетин түзүү үчүн министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, Президентке караштуу мамлекеттик органдар Юстиция министрлигине, Экономика жана коммерция министрлигине жана Финансы министрлигине зарыл болгон документтерди (маалыматтарды) беришет.
Зарыл болгон документтердин (маалыматтардын) тизмеси, аларды берүүнүн мезгилдүүлүгү, ошондой эле мыйзам долбоорлорунун бирдиктүү пакетин түзүүгө тиешелүү башка маселелер тиешелүүлүгүнө жараша Юстиция министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигинин чечимдери менен аныкталат.
67. Жогорку Кеңешке берилген мыйзам долбоору аны кароого чейин биринчи окууда Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жеке демилгеси боюнча же министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, башка мамлекеттик органдардын сунуштары боюнча Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кол коюлган мыйзам долбоорун чакыртуу жөнүндө катты Жогорку Кеңешке киргизүү жолу менен чакыртылышы мүмкүн.
Мыйзам долбоорлорун чакыртуу жөнүндө министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, башка мамлекеттик органдардын сунуштары мамлекеттик органдары менен макулдашылууга жатпайт.
68. Президент жана Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленгендерди кошпогондо, мыйзам чыгаруу демилгесинин башка субъекттери тарабынан демилгеленген мыйзамдардын долбоорлоруна расмий корутунду берүү жолу менен Министрлер Кабинети мыйзам чыгаруу ишине катышат.
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган мыйзам долбоорлоруна Министрлер Кабинетинин расмий корутундусу – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси, ал эми калган учурларда Министрлер Кабинетинин Төрагасы же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары кол койгон кат түрүндө таризделет.»;
31) 69-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«69. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Жогорку Кеңештин, анын комитеттеринин жыйналыштарына катышып жана чыгып сүйлөй алышат.
Жогорку Кеңештин жыйналышына чакырылган Министрлер Кабинетинин мүчөсү, административдик ведомствонун, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчиси бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасына, же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарына, же Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө маалымдайт.
Жогорку Кеңештин жыйналышына катышууга мүмкүн болбогон учурда Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери Жогорку Кеңешке жыйналышка келип жана коюлган маселелерге жооп бере алган кызмат адамын көрсөтүү менен өзүнүн жок болуусунун себеби жөнүндө алдын ала кабарлайт.»;
32) 70-пункт «Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү» деген сөздөрдөн кийин «, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери» деген сөздөр менен толукталсын;
33) 71-75-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«71. Финансылык-экономикалык негиздемеси жана башка зарыл болгон материалдары жок Министрлер Кабинетине корутунду берүү үчүн келип түшкөн мыйзам долбоору, эгерде мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Төрагасынын колу менен түшсө, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Жогорку Кеңешке корутунду берүүгө мүмкүн эместигинин себептерин кабарлоо менен кайтарылып берилет.
Финансылык-экономикалык негиздемеси жана башка зарыл болгон материалдары жок Министрлер Кабинетине корутунду берүү үчүн Жогорку Кеңештин комитетинин төрагасынын жана депутатынын колу менен келип түшкөн мыйзам долбоорлору Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары же Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери тарабынан корутунду берүүгө мүмкүн эместигинин себептерин билдирүү менен демилгечиге кайтарылып берилет.
72. Мыйзам долбоорлоруна жана башка ченемдик укуктук актыларына Министрлер Кабинетинин корутундуларынын долбоорлорун даярдоо министрликтер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Жогорку Кеңештен Министрлер Кабинетине расмий корутунду берүү үчүн финансылык-экономикалык негиздемеси жана башка зарыл болгон материалдар менен келип түшкөн мыйзам долбоору 3 күндүк мөөнөттө Президенттин Администрациясы тарабынан корутундунун долбоорун даярдоо үчүн тийиштүү министрликтерге, административдик ведомстволорго, башка мамлекеттик органдарга, анын ичинде милдеттүү тартипте - Финансы министрлигине, Экономика жана коммерция министрлигине жана Юстиция министрлигине жиберилет, алар мыйзам долбоору келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен өздөрүнүн сунуштарын негизги аткаруучуга жиберишет.
73. Негизги аткаруучу мыйзам долбоору келип түшкөн датадан тартып 15 күндүк мөөнөттө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын колу коюлган кат түрүндө таризделген Министрлер Кабинетинин корутундусунун долбоорун даярдоону жана Президенттин Администрациясына берүүнү камсыз кылат.
Корутундуну көрсөтүлгөн мөөнөттө берүүгө мүмкүн болбогондо, негизги аткаруучу Жогорку Кеңеш (комитет, мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти) менен мөөнөттү узартууну макулдашат жана Министрлер Кабинетинин Төрагасын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарын жетишилген макулдашуу жөнүндө маалымдайт.
Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу жөнүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемесинин долбоору же кат түрүндө таризделген корутундунун долбоору мамлекеттик органдар менен макулдашылууга жатпайт.
74. Министрлер Кабинетинин корутундусун даярдоо жана Жогорку Кеңешке берүүнүн мөөнөтү мыйзам долбоору келип түшкөн күндөн тартып 30 күндү түзөт. Жогорку Кеңеш (комитет, мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти) менен макулдашуу боюнча бул мөөнөт узартылышы мүмкүн.
75. Министрлер Кабинетинин корутундуларынын долбоорлору Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын наамына министрликтердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын биринчи жетекчилери же болбосо алардын милдеттерин аткаруучу адамдар тарабынан Жогорку Кеңештен келип түшкөн бардык материалдарды, кызыкдар мамлекеттик органдардын сунуштарын тиркөө менен киргизилет.
Министрлер Кабинетинин корутундуларынын долбоорлору боюнча жөнгө салынбаган пикир келишпестиктер Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын кароосуна киргизилет, ал акыркы чечимди кабыл алат.»;
34) 76-пункттун биринчи абзацы «Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү» деген сөздөрдөн кийин «, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери» деген сөздөр менен толукталсын;
35) 77-пункттун биринчи абзацындагы «Министрлер Кабинетинин Төрагасына,» деген сөздөр «Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасына,» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
36) 79-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«79. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин (мындан ары – Судьялар кеңеши), Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары – Конституциялык сот) жана Жогорку соттун төрагалары менен өз ара аракеттенүү менен соттордун ишин финансылык камсыздоо бөлүгүндө республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыгат.»;
37) 81-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«81. Конституциялык мыйзамды, мыйзамды, Президенттин Жарлыгын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун толугу менен же жарым-жартылай Конституцияга карама-каршы келет деп таануу жөнүндө же болбосо укуктук жөнгө салуудагы кемчиликти жоюу зарылдыгы келип чыгуучу Конституциялык соттун чечими келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Президенттин Администрациясы тарабынан төмөнкүлөргө жиберилет:
– министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, Президентке караштуу мамлекеттик органдарга компетенцияларына ылайык аны аткаруу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү үчүн;
– Юстиция министрлигине, Конституциялык соттун чечимин аткарууга жооптуу мамлекеттик органга 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен сунуштарды берүү үчүн.
Конституциялык соттун чечимин аткарууга жооптуу мамлекеттик органдар ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыгууну жана аларды “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган мөөнөттүн жарымына макулдашууну камсыз кылышат. Эгерде жүйөлүү себептер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана макулдашуу көрсөтүлгөн мөөнөттө мүмкүн болбосо, анда мамлекеттик органдардын сунуштары боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизүү мөөнөттөрү он төрт календардык күндөн көп эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
Конституциялык соттун чечимдеринен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, макулдашуу жана Президенттин Администрациясына киргизүү ушул Регламенттин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.»;
38) төмөнкүдөй мазмундагы 811-пункт менен толукталсын:
«811. Конституциялык соттун чечимин аткарууга жооптуу мамлекеттик органдар ар айдын 5инчи күнүнөн кечиктирилбестен, Юстиция министрлигине Конституциялык соттун чечимдерин аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат жиберишет. Юстиция министрлиги квартал сайын Конституциялык соттун чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзөт жана жыйынтыгы боюнча Конституциялык сотко маалымат берет.
Юстиция министрлиги координациялоо функциясынын алкагында Президенттин Администрациясына төмөнкү сунуштарды киргизүүгө укуктуу:
– Конституциялык соттун чечимдерин аткаруу боюнча ишти жакшыртуу жөнүндө;
– Конституциялык соттун чечимдерин аткарбоо жана талаптагыдай эмес аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана кызматтык адамдарына карата тартиптик жаза чараларын колдонуу тууралуу.»;
39) 82-пунктта:
– биринчи абзац «тапшырманы даярдайт жана аны» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборуна (мындан ары – Борбор) же» деген сөздөр менен толукталсын;
– абзац экинчи «Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси же болбосо тапшырмасы менен» деген сөздөрдөн кийин «Борборго же» деген сөздөр менен толукталсын;
40) 83-пункттун биринчи абзацындагы «Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги» деген сөздөр «Борбордун директору, ал эми ал жокто - Борбордун директорунун орун басары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
41) 89-90-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«89. Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин расмий чечмелөө (түшүндүрүү) министрликтер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен жактырылуучу циркулярдык катты (түшүндүрүү) чыгаруу жолу менен жүргүзүлөт.
Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин расмий чечмелөө (түшүндүрүү) үчүн негиздеме болуп актыларда так эместиктерди, алардын туура эмес же карама-каршы колдонуу практикасынын табылышы эсептелет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемесинин долбоору кол коюлган циркулярдык кат (түшүндүрүү) менен бирге Юстиция министрлиги жана кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашылууга жатат.
Юстиция министрлиги жана кызыкдар мамлекеттик органдар 3 жумуш күндүн ичинде материалдарды карайт жана өзүнүн сунуштарын киргизет.
Макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемесинин долбоору кол коюлган циркулярдык кат (түшүндүрүү) жана башка документтер менен бирге Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын наамына долбоорду киргизген мамлекеттик органдын биринчи жетекчисинин же анын милдетин аткаруучу адамдын колу менен киргизилет.
Тиешелүү тескеменин долбоору Президенттин Администрациясы тарабынан таризделет жана анын мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизбестен чыгарууга даярдалат.
90. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдерин расмий чечмелөө (түшүндүрүү) Президенттин Администрациясынын регламентине ылайык жүргүзүлөт.»;
42) 91-пункттун биринчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Бул максатта Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын жарандарды кабыл алуусу жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулар менен иштөөсү уюштурулат.»;
43) 92-пунктта:
– биринчи абзацындагы «Президенттин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан квартал сайын бекитилүүчү график боюнча» деген сөздөр «тиешелүү график боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– экинчи абзацындагы «Президенттин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү» деген сөздөр «Президенттин Администрациясы, министрликтер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары» деген сөздөр менен алмаштырылсын.