Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-февралы № 58
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
- экинчи абзацтагы "жашын" деген сөз алып салынсын;
- он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"аскерге чакырыла электер - он алты жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы эркек жарандар;";
- жыйырма бешинчи жана жыйырма алтынчы абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"аскерге чакырылуучулар - он сегизден жыйырма беш жашка чейинки курактагы, райондук (шаардык) аскер комиссариаттарында аскердик каттоодо турган, мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга тийиш болгон эркек жарандар;
жыйноо пункту - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүлүштөрүнө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына аскердик кызматка (анын ичинде мобилизациялоодо) чакырылуучу жарандардын ичинен командаларды түзүү жана жөнөтүү пункту;";
2) 3-берененин 2-бөлүгүнүн тогузунчу абзацындагы "Кыргыз Республикасынын жарандык жогорку окуу жайларынын аскер факультеттеринде жана кафедраларында" деген сөздөр "запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоо предметтерин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 6-берененин 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы "жогорку окуу жайлардын аскердик кафедраларында" деген сөздөр алып салынсын;
4) 8-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "Башкы" деген сөз "Генералдык" деген сөз менен алмаштырылсын;
5) 10-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Жарандарды запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоо
1. Запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоо жогорку билими бар мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары жана медициналык багыттагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окушкан жарандар менен жүргүзүлөт.
2. Жогорку билими бар мөөнөттүү аскердик кызматтын кызматчылары менен запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоо ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт.
3. Медициналык багыттагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окушкан, запастагы офицерлер программасы боюнча даярдыктан өтүүнү каалашкан жарандар коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен контракт түзүшөт.
4. Запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоонун толук курсунан жана аскердик жыйындардан өткөн жарандарга медициналык багыттагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын аяктаганда запас боюнча офицердик курамдын "кенже лейтенант" аскердик наамы ыйгарылат, ал эми окуу жайга өткөнгө чейин мөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн жарандарга "лейтенант" аскердик наамы ыйгарылат.
5. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аскердик-каттоо адистиктеринин тизмегин, запастагы офицерлердин программасы боюнча жарандарды даярдоочу окутуу программасын аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн керектөөлөрүн эске алуу менен медициналык багыттагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдары үчүн бөлүнүүчү орундардын санын белгилейт.
6. Запастагы офицерлер программасы боюнча жарандарды аскердик даярдоого тандоо, уюштуруу жана өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
6) 14-берененин 9-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 15-берененин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "мөөнөттүү аскердик кызматка" деген сөздөр "мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 16-беренеде:
- 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"Чакыруу комиссиясынын чечимдеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү үчүн чакыруу комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү, ошондой эле чакыруу комиссиясынын ишине катышкан адамдар жоопкерчилик тартат.";
- 3-бөлүгүндө:
экинчи абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Республикалык чакыруу комиссиясынын курамы жана иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен аныкталат.";
- тогузунчу абзацтагы ", анын ичинде коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Аскердик-дарылоо комиссиясынын корутундусу боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
9) 17-беренеде:
- 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы "баш тарткан" деген сөздөрдөн мурун "өтүүдөн" деген сөз менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:
"5. Издөө иштеринин жүрүшүндө аныкталган райондун (шаардын) аймагында жашаган, бирок аскердик каттоого турбаган чакырылуучулар убактылуу жашаган жери боюнча аскер комиссариатында аскердик каттоого алынат. Чакырылуучуларга аскер комиссариатында өздүк иштер ачылат жана алар райондук (шаардык) чакыруу комиссиясына жөнөтүлөт. Чакырылуучулар боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө протоколдор китебинин көчүрмөлөрү алардын туруктуу катталган жери боюнча аскер комиссариаттарына жөнөтүлөт. Аталган көчүрмөнү алгандан кийин алфавиттик-каттоо китебине тийиштүү жазуулар жазылат, ал эми өздүк иштер чакырылуучулардын чакыруу комиссиясынан өткөн жери боюнча аскер комиссариатына жөнөтүлөт.
6. Жаңы келгендердин арасынан аскер кызматчыларынын алар аскердик ант бергенге чейин аскердик кызматка жарактуулугун чектеген, мурда жашырылган кандайдыр-бир оорулары аныкталса, мындай аскер кызматчылары Республикалык чакыруу комиссиясы менен макулдашуу боюнча тереңдетилген медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүүгө андан ары аскер комиссариаттарына жөнөтүү үчүн жыйын пункттарына кайтарылышат. Бул жөнүндө аты-жөнү жазылган тизмелерде тийиштүү белгилер коюлат. Жыйын пунктунан мындай аскер кызматчысынын ордуна аскер бөлүгүнө белгиленген тартипте башка чакырылуучу жөнөтүлөт.";
10) 21-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-берене. Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруу
1. Жыйырма беш жаш куракка чыккан, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен берилген чакыруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга жана бошотууга ээ эмес жарандар укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоодон баш тарткан учурда мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу.
2. Мобилизациялык резервдин жыйындары жарандардын коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү суммада акчалай төлөмдү төлөөсүн жана узактыгы отуз күн болгон аскер жыйындарынан өтүүсүн карайт.
Төлөнгөн акча каражаттарынын 15 пайызы мамлекеттик чек араны кайтаруу жана сактоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине жана 7 пайызы Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын атайын эсебине которулат.
Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруу жана андан өтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Акчалай төлөм аскер жыйындарын өтүү башталганга чейин төлөнөт.
Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакырылган жарандардан түшкөн акча каражаттары аскерлерди кармоого жана камсыздоого, окуу жыйындарын өткөрүүгө, окуу-материалдык базаны өркүндөтүүгө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын социалдык коргоону жогорулатууга, Тартиптик уставдын талаптарына ылайык аскер кызматчыларын сыйлоого, ошондой эле өкүлчүлүк чыгымдарына жумшалат.
4. Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакырылган жарандар Аскердик ант беришет.
Мобилизациялык резервдин жыйындарын аяктагандан кийин жаран запаска киргизилет жана биринчи категориядагы аскерге милдеттүүлөрдүн каттоосуна коюлат.
5. Жыйырма бештен кырк жашка чейинки курактагы, мурда алгачкы аскердик жыйындардан, ден-соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматтан өткөн жана медициналык кайра күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары боюнча аскердик кызматка жарамдуу деп таанылган жарандар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу.";
11) 32-беренеде :
- 1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-бөлүгүндө:
биринчи абзацтагы "атайын каражаттарга салык төлөнгөндөн кийин" деген сөздөр алып салынсын;
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Альтернативдик кызматка чакырылган жарандардан түшкөн акча каражаттары аскерлерди кармоого жана камсыздоого, окуу жыйындарын өткөрүүгө, окуу-материалдык базаны өркүндөтүүгө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын социалдык коргоону жогорулатууга, аскер кызматчыларын сыйлоого, ошондой эле өкүлчүлүк чыгымдарына жумшалат.";
- 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Укук коргоо органдары тарабынан кызмат өтөө мөөнөтү аяктаган учурга карата адамдын акча каражаттарын төлөбөгөндүгүнөн же толук эмес төлөгөндүгүнөн альтернативдик кызматты өтөөдөн баш тартуу фактысы боюнча чечим кабыл алынгандан кийин чакыруу комиссиясынын альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чечими жокко чыгарылууга тийиш, ал эми альтернативдик кызматтын кызматчысы чакырылуучулардын каттоосуна берилет. Мында төлөнгөн акчалай төлөмдүн суммасы кайтарылбайт.";
- 6-бөлүгүнүн тогузунчу абзацындагы "коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басарынын - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальнигинин буйругунун негизинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
12) 34-беренеде:
- 1-бөлүгүндө
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"оор же өтө оор кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын өтөгөндөр, аскердик жана альтернативдик кызматтарды өтөөдөн баш тарткандыгы үчүн соттолгондор, ошондой эле эки жана андан ашык жолу соттолгондор;";
- алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жыйырма беш жаш куракка чыккандар, эгерде алар жыйырма беш жашка толгонго чейин райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен аларга мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же бошотуу берилген болсо.";
- 4-бөлүгүндөгү "белгиленген акчалай төлөмдү төлөбөстөн аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик билет берилет" деген сөздөр "аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик билет берилет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Жыйырма беш жаш куракка чыккан, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен берилген чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтырууга же бошотууга ээ эмес жарандар укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоодон баш тарткан жана мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүү ниети жок учурда, райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине 250 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү сумманы төлөгөндөн кийин экинчи категориядагы запаска киргизилет.
Төлөнгөн акча каражаттарынын 15 пайызы мамлекеттик чек араны кайтаруу жана сактоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине жана 7 пайызы Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын атайын эсебине которулат.
Аталган жарандардан түшкөн акча каражаттары аскерлерди кармоого жана камсыздоого, окуу жыйындарын өткөрүүгө, окуу-материалдык базаны өркүндөтүүгө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын социалдык коргоону жогорулатууга, аскер кызматчыларын сыйлоого, ошондой эле өкүлчүлүк чыгымдарга жумшалат.";
13) 35-беренеде:
- 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоодон өткөн адамдар, запас боюнча аскердик наам ыйгарылгандан кийин;";
- 2-бөлүгүндөгү "Медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14) 36-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Биринчи категориядагы запаска мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн, чакыруу мобилизациялык резервде кызмат, үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча альтернативдик кызмат өтөгөн, мобилизациялык резервдин жыйындарынан өткөн аскерге милдеттүүлөр кирет.
Экинчи категориядагы запаска аскердик кызмат өтөбөгөн, алгачкы аскердик жыйындардан өткөн, альтернативдик кызматты үй-бүлөлүк эмес жагдайлар боюнча өтөгөн аскерге милдеттүүлөр кирет.".
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти