Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Т.Туманов жана Г.А.Скрипкина тарабынан демилгеленген "Бузууларды, жоруктарды жана кылмыштарды жасаган адамдардын мамлекеттик реестри жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Т.А. Сариев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 29 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Т. Туманов жана Г.А.Скрипкина тарабынан демилгеленген "Бузууларды, жоруктарды жана кылмыштарды жасаган адамдардын мамлекеттик реестри жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде мамлекеттик реестрдин милдеттери аныкталган, ошол эле учурда анын максаттарын аныктаган жоболору жок. Андан улам бул Мыйзамдын долбоору кандай максаттарды көздөөрү жана аны менен кандай коомдук мамилелер жөнгө салынаарын аныктоо мүмкүн эмес. Буга байланыштуу аныкталган максаттардан келип чыгуучу милдеттер Мыйзамдын долбоорунда каралбагандыгын белгилейбиз.
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда мамлекеттик реестрдин милдеттери кылмыш сот өндүрүшүнүн чегинде убактылуу кармалган адамдар жөнүндө маалыматтарды топтоо, системалаштыруу жана сактоо болуп саналат деп аныкталган.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин долбоорунда "убактылуу кармалгандар" деген түшүнүк жок. Мындан тышкары, кармоо кыска мөөнөткө болоорун жана Реестрге бул адамдар тууралуу маалыматтарды киргизүү менен байланышкан иштин олуттуу көлөмүн, ошондой эле күнөөсүздүк жоромолу принциптерин көңүлгө алуу менен аталган адамдар тууралуу маалыматтарды Реестрге киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун кароону зарыл деп эсептейбиз. Ушундай эле сын-пикирди камакка алынган адамдарга карата Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пункту боюнча да айтууга болот.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдер, ошондой эле жалпыга бирдей таанылган принциптер жана эл аралык укуктардын ченемдери Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун, 4-беренесинин 5-6-пункттарынын жана 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктунун редакциясын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Өкмөт жана ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ишке ашырат.
Өкмөт аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишин жетектейт.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Өкмөт конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардан улам аларды ишке ашыруу боюнча функцияларды министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга бөлүштүрөт.
Функцияларды бөлүштүрүү жогоруда аталган мамлекеттик органдар жөнүндөгү, алардын укуктук статусун деталдуу жөнгө салууну, ишин уюштурууну, иштөө тартибин, алардын укуктарын, милдеттерин, жоопкерчилигин, ошондой эле алардын башка органдар, мекемелер жана жарандар менен болгон өз ара мамилелерин аныктоочу жоболорду бекитүү аркылуу ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлик органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тиешелүү кандайдыр-бир ченемдерди мыйзам чыгаруучулук деңгээлде бекитүү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жогоруда көрсөтүлгөн беренесине каршы келет.
Жогоруда белгиленгендерди, ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесин эске алсак ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Өкмөт тарабынан аныкталат, ага ылайык Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинде жогоруда аталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын функцияларын көрсөтүү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
5. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиялары: Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча - райондук жана шаардык шайлоо комиссиялары, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиялары түзөт.
Ушуга байланыштуу, Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун редакциясы жогоруда аталган мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирилсин, ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун аталган беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн "аймактык" деген сөз алып салынсын.
6. Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын чегинде сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруу боюнча өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга байланыштуу прокурорго, тергөөчүгө, изин суутпай издөөчү кызматкерге ушул Реестрди колдонуу мүмкүндүгү берилген деп көрсөтүлөт.
Бул ченем жогоруда аталган Мыйзамга жана жазык-процесстик мыйзамдарга шилтеме мүнөздө болгондуктан жогоруда аталган Мыйзамдын 16-беренесинде жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин долбоорунун 35-беренесинде көрсөтүлгөн терминологияны пайдаланууну сунуштайбыз.
7. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Өкмөттүн түзүмү өзүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин жүрүшүндө өзгөртүлүшү мүмкүн болгон министрликтерди жана мамлекеттик комитеттерди камтыйт.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 26-беренесине ылайык, Өкмөткө караштуу иштеген административдик ведомстволор Өкмөттүн чечими боюнча жоюлушу жана кайра өзгөртүлүп түзүлүшү мүмкүн.
Баяндалгандарды эске алуу менен, ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн айрым мамлекеттик органдар жогоруда аталган берененин 5-пункту менен камтылгандыктан Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунун редакциясын кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
Мындан тышкары, Реестрди колдонуу мүмкүндүгүн алуучу мамлекеттик органдардын тизмесине, коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы иштер жана чет элдик мекемелерин кошумча киргизүүнү сунуш кылабыз, анткени коргоо жана консулдук функциялардын маселелери боюнча бир катар милдеттерди ишке ашыруу үчүн коргоо жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын аталган Реестрди колдонуусу зарыл.
Ошондой эле, "Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзү жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу жарандардын категориясы менен тизмени толуктоо зарыл деп эсептейбиз.
8. Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунда аталган Реестрди колдонуу мүмкүндүгү бар мамлекеттик органдарга жашы жете электер менен иштөө боюнча органдар да кирет деп каралган.
Бирок, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында "жашы жетпегендер менен иштөө боюнча органдар" деген түшүнүктөр каралбайт. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 25-беренесине ылайык, турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоону камсыз кылууну ишке ашыруучу балдар органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган саналат. Буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунун редакциясын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
9. Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинде бул Реестрдин маалыматтары документтердин картотекасында жана Маалыматтык системанын маалыматтар базасында чогултулат деп каралган. Бирок "документтердин картотекасы" деген сөз эмнени түшүндүрөөрү түшүнүксүз, Мыйзамдын долбоорунда мындай түшүнүк каралган эмес, буга байланыштуу аталган түшүнүккө аныктама берүүнү сунуштайбыз.
Мындан тышкары, Реестрди жүргүзүүнүн тартибин (киргизүүнүн тартиби жана мөөнөтү, маалыматтарды берүүнүн тартиби жана Реестрден алып салуунун/чыгаруунун тартиби) бекитүү укугун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү маселесин кароону сунуш кылабыз.
10. Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 2-бөлүгүндө ушул Мыйзамдын 1-беренесинде саналган адамдар тууралуу маалыматтарды чогултуучу органдар эсепке алуу-каттоо материалдарын түзөөрү каралган. Ошол эле учурда Мыйзамдын долбоорунда кайсы органдар эсепке алуу-каттоо материалдарын түзөөрү такталган эмес.
Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинде жана 8-беренесинин 2-бөлүгүндө аталган маселелерди кыйла деталдуу регламентациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте эсепке алуу-каттоо материалдарын регламентациялоочу жобонун каралышын сунуштайбыз.
11. Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда "айыптоо корутундусу" жөнүндө жазылган. Ошондой болсо да, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин долбоорунда айыптоо корутундусу процессуалдык документ катары каралган эмес.
Ошол эле учурда, 2015-жылдын 10-июлундагы № 477 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин долбооруна берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусунда мындай документтерди жүргүзүү максатка ылайыктуу экендиги тууралуу көрсөтүлгөндүгүн белгилеп кетебиз.
12. Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда билдирүү тийиштүү документтерди түзүүгө ыйгарым укуктуу башка адам тарабынан түзүлөт деп белгиленген. Ошол эле учурда кайсы ыйгарым укуктуу адам жөнүндө сөз болуп жатканы, ошондой эле тийиштүү документтерди түзүү үчүн бул адам ким тарабынан жана кайсы акты менен ыйгарым укук берилип жатканы түшүнүксүз.
13. Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда жеке адамды идентификациялоочу маалыматтарга туулган датасы жана жери, туулган мамлекети кирет деп белгиленген. Бирок, "туулган жери" деген сөз так түшүнүк болгондуктан "туулган мамлекети" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз.
14. Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3 жана 8, 6 жана 10-пункттарындагы ченемдер бири-бирин кайталап калганын белгилейбиз, анткени Мыйзамдын долбоорунун аталган беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда ошондой эле жогоруда аталган беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунда дагы жазаларын аткаруунун башталышы, аякташы жана орду тууралуу сөз болууда. Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктундагыдай Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда камакта кармоонун башталышы, аякталышы жана орду тууралуу көрсөтүлгөн, ушуга байланыштуу буларды кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
15. Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктунда көрсөтүлгөн "мыйзамдуу чечимди жокко чыгаруу" деген сөздөр түшүнүксүз себеби мыйзамдуу чечим маңызы боюнча жокко чыгарылбайт.
16. "Камакта кармоонун" деген терминди Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин долбооруна ылайык келтирүү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз, анда бөгөт коюу чарасы катары "камакка алуу" деп каралган.
17. Мыйзамдын долбоорунун 12-беренесинде соттолгондугу жөнүндө маалыматтарды Реестрден чыгаруунун шарттары белгиленген.
Ошол эле учурда Реестрдин маалыматтары коомдук коопсуздукту, кылмыштуулуктун профилактикасын, алдын алууну жана каршы аракеттенүүнү камсыз кылуу чөйрөсүндө маанилүү ролду ойношу керек.
Бузууларды, жоруктарды жана кылмыштарды жасаган жашы жете электер жөнүндө маалыматтар кылмыштын бетин ачууда бардык укук коргоо органдары тарабынан изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл. Андыктан мындай маалымат алар 18ге толгонго чейин Реестрден чыгарылбастан, Мыйзамдын долбоорунун 13-беренесинде аныкталган сактоо мөөнөтүнө ылайык сакталышы керек.
Мындан тышкары, укук коргоо органдарында ишке орношуу жана кызмат өтөө маселелерин чечүүдө тиешелүү ченемдик укуктук актылардын жоболорунда талапкерлерге, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин реабилитациялык негиз боюнча кылмыш иши токтотулгандарга карата соттолгондугу алынбагандыгына же жоюлбагандыгына карабастан жазыктуу кылмышы үчүн соттолгон же соттолбогон адамдар укук коргоо органдарынын кызматкерлери боло албай тургандыгын караган талаптар белгиленген.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинин 1-бөлүгүн реабилитациялык эмес негиздер боюнча кылмыш иши токтотулган адам тууралуу маалыматтар менен толуктоону сунуш кылабыз жана ага ылайык "реабилитациялык жана реабилитациялык эмес негизде" деген түшүнүктөргө аныктама берүү керек.
12-берененин 7-бөлүгүндө башка учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген мөөнөт өткөндөн кийин маалыматтар Реестрден чыгарылат деп көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда Өкмөт башка учурларды кандайча аныктайт жана "башка учурларда" деген түшүнүк эмнени түшүндүрөт.
Баяндалгандарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 12-беренесинин 2-7-бөлүктөрүн алып салууну сунуштайбыз.
18. 17-берененин 3-бөлүгүндөгү "же сунуш" деген сөздөр ушул берененин 1-2-бөлүктөрү менен дал келбегендиктен алып салууну сунуш кылабыз.
19. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинде ченемдик укуктук актылардын формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар көрсөтүлгөн. Аталган берененин 5-бөлүгүнө ылайык, ченемдик укуктук актылардын корутунду жоболорунда ченемдик укуктук актылардын күчүнө киришинин тартиби жана мамлекеттик органдарга берилүүчү тапшырмалар баяндалат. Ушуну менен бирге эле Мыйзамдын долбоорунда ченемдик укуктук актынын күчүнө кирүү тартибин жана Мыйзамды ишке ашыруу менен байланышкан тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырма берүүнү караган корутунду жоболор жок. Буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунда корутунду жобону кайра карап чыгуу зарыл.
Жалпысынан төмөндөгүлөрдү белгилейбиз, каралып жаткан Мыйзамдын долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарына ылайык ченемдик укуктук актыны тариздөөгө карата ченем жаратуу техникасын жана талаптарды сактоо менен, жогоруда аталган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алып кылдаттык менен редакциялык жана стилистикалык жактан толуктап иштеп чыгууну талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзамдын долбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келген ченемдик укуктук актылар каржылоо булактары аныкталганга чейин кабыл алынбайт.
Мыйзамдын долбооруна карата финансылык-экономикалык эсептөөлөр жана болуучу чыгымдардын баасы жөнүндө корутундуга ылайык, Мыйзамдын долбоорун ишке ашырууну кошумча каржылоодогу жалпы керектөө ишке ашыруунун биринчи жылында 1595,0 миң сомду түзөт.
Бирок бул каражаттар 2016-жылга республикалык бюджетте каралган эмес.
Буга байланыштуу, өлкөнүн реалдуу финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунда каралган ченемдерди практикалык жактан ишке ашыруу уюштуруучулук, техникалык жана финансылык чаралардын комплексин кабыл алууну талап кыла тургандыгын белгилеп кетүү зарыл деп эсептейбиз.
Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында бул Мыйзамдын долбоорун демилгелөө Кыргыз Республикасынын жаңы Кылмыш-жаза, Жазык-процесстик кодекстеринин, Бузуулар жөнүндө кодекстин жана Жоруктар жөнүндө кодексти иштеп чыгуу жана перспективдүү күчүнө кириши менен шартталган.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн кодекстердин долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кабыл алына электигин жана белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кире электигин эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган кодекстерди кабыл алуунун жыйынтыктары боюнча жана ушул корутундуда чагылдырылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен ушул Мыйзамдын долбоорун оңдоп-түзөтүү максатка ылайыктуу деп эсептейт.