Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 10-февралындагы № 56 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-февралы № 68
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун жана антитеррордук ишти координациялоонун маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында терроризмге каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун жана антитеррордук ишти координациялоонун маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борбору жөнүндө жободо:
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 4-1)-пунктча менен толукталсын:
"4-1) антитеррордук иштин субъекттеринин өз ара аракеттенүү көйгөйлөрү боюнча консультациялык-кеңешүүчү органдын ишин уюштуруучулук, маалыматтык-аналитикалык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу;";
- 11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Антитеррордук иштин субъекттеринин өз ара аракеттенүү көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссия жөнүндө жободо:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Антитеррордук иштин субъекттеринин өз ара аракеттенүү көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссия (мындан ары - ВКК) Кыргыз Республикасында терроризмге натыйжалуу каршы аракеттенүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүлөрүн камсыздоо максатында түзүлгөн коллегиялык консультациялык-кеңешүүчү орган болуп саналат.";
- 2-пунктундагы "ВКК кабыл алган" деген аббревиатура жана сөздөр "ВВК төрагасы бекиткен" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"ВККнын төрагасы болуп кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын жетекчиси саналат. ВККнын курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. ВККнын мүчөлөрү өздөрүнүн ыйгарым укуктарын башка адамдарга берүүгө укугу жок. ВККнын мүчөсүнүн жыйынга катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, ал бул тууралуу жети күндөн кечиктирбей ВККнын төрагасына билдирүүгө милдеттүү. ВККнын мүчөсүнүн жыйынга катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, анын милдеттерин аткаруучу адам ВККнын төрагасы менен макулдашкандан кийин кеңеш берүүчү добуш укугу менен анын жыйынына катыша алат. ВККнын жыйыны, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса укуктуу болуп саналат.";
- 4-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"4. ВККнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- терроризм коркунучунун жайылышы, аталган коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча мамлекет тарабынан кабыл алынып жаткан чаралардын натыйжалуулук маселелери боюнча өлкөдөгү кырдаалга дайыма мониторинг жүргүзүү;
- терроризмге каршы аракеттенүү маселелери боюнча мыйзамдарды өркүндөтүүгө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды даярдоо;
- терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүү маселелерин кароо, алардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана координациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1. ВККнын ыйгарым укуктары:
1) жыйынды чакырат жана функциясына терроризмге каршы аракеттенүү кирген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелер менен уюмдардын жетекчилерин жана башка кызмат адамдарын анын ишине катыштыруу менен аны өткөрөт;
2) жыйындарында ВККнын курамына кирген мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын, антитеррордук ишин субъекттеринин өз ара аракеттенүү көйгөйлөрү боюнча аймактык координациялык топтордун (мындан ары - АКТ) жетекчилеринин отчётторун угат, АКТнын тийиштүү жылга пландарын бекитет, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү иштеринин жыйынтыктарын талкуулайт;
3) өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелер менен уюмдардын терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүсүн координациялоо жана өркүндөтүү үчүн зарыл болгон чечимдерди кабыл алат;
4) Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
5) Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан терроризмге каршы аракеттенүү маселелери боюнча зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурайт жана алат;
6) ВККнын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу топторду түзөт жана бул топтордун иш тартибин аныктайт;
7) ВККнын ишине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын жана адистерин, ошондой эле коомдук бирикмелер менен уюмдардын (макулдашуу боюнча) өкүлдөрүн тартат.";
- 5-пунктундагы "АТБнын директору" деген аббревиатура жана сөз "ВККнын төрагасы" деген аббревиатура жана сөз менен алмаштырылсын;
- 7-пунктундагы "антитеррордук иштин субъекттеринин өз ара аракеттенүү көйгөйлөрү боюнча аймактык координациялык топтор (мындан ары - АКТ)" деген сөздөр жана аббревиатура "АКТ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 8-пунктундагы "облустар боюнча МУККнын аймактык бөлүкчөлөрүнүн начальниктеринин" деген сөздөр жана аббревиатура "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 23-февралында № 15 жарыяланды
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
"3-тиркеме
Антитеррордук иштин субъекттеринин өз ара аракеттенүү көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, комиссиянын төрагасы.
Ведомстволор аралык координациялык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун директору - төраганын орун басары.".