Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-февралы № 45
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жободо:
II бөлүмдө:
- мамлекеттик тилдеги тексттин 30-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
31 | Кыргыз Республикасынын ойлоп табууга патентин жана Кыргыз Республикасына карата Евразия патентин колдонуунун ар бир жылына күчүндө сактоо: |
|
| үчүнчү жылга | 120 |
| төртүнчү жылга | 150 |
| бешинчи жылга | 180 |
| алтынчы жылга | 200 |
| жетинчи жылга | 240 |
| сегизинчи жылга | 300 |
| тогузунчу жылга | 360 |
| онунчу жылга | 360 |
| он биринчи жылга | 480 |
| он экинчи жылга | 480 |
| он үчүнчү жылга | 720 |
| он төртүнчү жылга | 720 |
| он бешинчи жылга | 720 |
| он алтынчы жылга | 840 |
| он жетинчи жылга | 840 |
| он сегизинчи жылга | 840 |
| он тогузунчу жылга | 960 |
| жыйырманчы жылга | 960 |
- расмий тилдеги тексттин 31-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 31-2-пункт менен толукталсын:
31-2 | Өтүнмө ээсинин жоопкерчилигине берилген Кыргыз Республикасынын ойлоп табууга патентин колдонуунун ар бир жылына күчүндө сактоо: |
|
| үчүнчү жылга | 60 |
| төртүнчү жылга | 75 |
| бешинчи жылга | 90 |
| алтынчы жылга | 100 |
| жетинчи жылга | 120 |
| сегизинчи жылга | 150 |
| тогузунчу жылга | 180 |
| онунчу жылга | 180 |
| он биринчи жылга | 240 |
| он экинчи жылга | 240 |
| он үчүнчү жылга | 360 |
| он төртүнчү жылга | 360 |
| он бешинчи жылга | 360 |
| он алтынчы жылга | 420 |
| он жетинчи жылга | 420 |
| он сегизинчи жылга | 420 |
| он тогузунчу жылга | 480 |
| жыйырманчы жылга | 480 |
2. Ушул токтомдун 1-пунктунун жоболору Кыргыз Республикасынын ойлоп табууга патентин жана Евразия патентин күчүндө сактоого байланыштуу, ошондой эле өтүнмө ээсинин жоопкерчилигине берилген Кыргыз Республикасынын ойлоп табууга патентин күчүндө сактоого байланыштуу 2015-жылдын 5-октябрынан тартып пайда болгон мамилелерге жайылтылат.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |