Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
1998-жылдын 12-июну N 346
Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-апрелиндеги N 163, 2016-жылдын 1-февралындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын 1990-жылдын 14-январындагы Патент мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товардын келип чыккан жеринин аталыштары жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын келип чыккан жеринин аталышын каттоо, товардын келип чыккан жерин пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Вице-премьер-министр | Б. Силаев |