Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-марты № 146
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2016-жылдын апрель-июнунда жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17 жана 31 - беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2016-жылдын апрель-июнунда жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары запаска бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирге:
- чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укугунан ажыраган эркек жарандарды 2016-жылдын апрель-июнунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакыруу боюнча иш-чараларды уюштурсун;
- райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын түзсүн, аларды медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлк жана шаймандар менен жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары менен камсыз кылсын;
- маалымдоо жана жарандардын аскер комиссариаттарына уюшкандыкта келишин камсыздоо боюнча чараларды көрсүн жана зарыл болгон учурда аларды автотранспорт менен жеткирүүнү уюштурсун;
- аскер комиссариаттарында, жыйноо пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу жерлеринде коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) аскер комиссариттарына жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууну уюштурууда көмөк көрсөтүшсүн жана чакыруу комиссияларынын ишин уюштуруу үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариаттарын төмөнкүлөр менен камсыздашсын:
- жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары, медикаменттер, шаймандар, медициналык жана чарбалык мүлк, автомобиль транспорту, байланыш каражаттары;
- зарыл болгон сандагы техникалык кызматкерлер жана тейлөөчү персоналдын адамдары.
4. Республикалык чакыруу комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин жана ага райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерин тандап текшерүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктар жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- аскер комиссариаттарынын өтүнмөлөрү боюнча райондук (шаардык) чакыруу комиссияларына чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн квалификациялуу дарыгер-адистерди жана орто медициналык персоналды бөлүп берсин;
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарды кызмат өтөө жерине жөнөтөөрдүн алдында, аларды контролдук медициналык кароодон өткөрүү үчүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Талас жана Кадамжай шаарларындагы жыйноо пункттарын дарыгер-адистер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, окулист, отоларинголог, стоматолог, психиатр, рентгенолог-фтизиатр) жана орто медициналык персонал менен камсыз кылсын;
- ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелерде кезексиз стационардык (амбулаториялык) медициналык текшерүүнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- аскердик милдетти аткаруудан качкан адамдарды издөө, кармоо жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келүү иштерин жүргүзсүн;
- аскер комиссариаттарында, жыйноо пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу жерлеринде коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын;
- райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жарандардын соттуулугу, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды берсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Керималиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын (чакыруу) начальниги, комиссиянын төрагасы. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Бусурманкулов Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Калмаматов К.С. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Сулайманов Н.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын аскердик-мобилизациялык иштерди уюштуруу жана жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн инспектору; |
Абакиров Д.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын офицери; |
Мураталиев Б.О. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын офицери; |
Назаралиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын офицери; |
Жапар У.А. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Барпиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын офицери; |
Жандармов Р.А. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын офицери; |
Султанов М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын офицери; |
Мамбеталиев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын чакыруу бөлүмүнүн башкы адиси, улук дарыгер (Республикалык жыйноо пункту); |
Матазов Б.А. | - | Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын врач-урологу (Ош жыйноо пункту); |
Сатарова Н.А. | - | Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын кабыл алуу бөлүмчөсүнүн башчысы, дарыгер-терапевт (Жалал-Абад жыйноо пункту); |
Миталипов К.К. | - | Үй-бүлөлүк медицина борборунун маалымат бөлүмүнүн бөлүмчөсүнүн башчысы (Кадамжай жыйноо пункту); |
Ташматова Г.Б. | - | Балыкчы Үй-бүлөлүк медицина борборунун өспүрүмдөр дарыгери, дарыгер-терапевт (Балыкчы жыйноо пункту); |
Жумабекова И.М. | - | Талас облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун өспүрүмдөр дарыгери, дарыгер-терапевт (Талас облустук жыйноо пункту). |
Резерв: | ||
Абдылдаева Г.М. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук фтизиатрия борборунун амбулаториялык-диагностикалык бөлүмчөсүнүн башчысы (Республикалык жыйноо пункту); |
Шананова Г.Т. | - | Ош шаарынын Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгер-терапевти (Ош жыйноо пункту); |
Эсенбаева Г. | - | Жалал-Абад шаарынын № 2 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгер-терапевти (Жалал-Абад жыйноо пункту); |
Эргешов М.Б. | - | Кадамжай аймактык ооруканасынын директорунун орун басары (Кадамжай жыйноо пункту); |
Самакова Н.Ж. | - | Балыкчы № 2 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгер-терапевти (Балыкчы жыйноо пункту); |
Абдраимова Н. | - | Талас райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары, дарыгер-терапевт (Талас облустук жыйноо пункту). |