Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-апрели № 204
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 464 токтомунун редакциясына ылайык)
"Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 49 "Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартиби:
- төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:
"22. Метрология боюнча улуттук органдын аттестациялык комиссиясынын чечимине даттануу "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген административдик (сотко чейинки) тартипте ишке ашырылат. Арыз берүүчү метрология боюнча улуттук органдын аттестациялык комиссиясынын административдик даттануу боюнча чечимине макул болбогон учурда ал сотко кайрылууга укуктуу.".
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 464 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |