Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-апрели № 188
Жеңил өнөр жай товарларын маркалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 135 токтомунун редакциясына ылайык)
Гродно шаарында 2015-жылдын 8-сентябрында кол коюлган "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- жеңил өнөр жай товарларын маркалоо системасын түзүү боюнча ишти координациялоону салык органынын ишке ашыра тургандыгы;
- "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону эсепке алууну жана контролдоону Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан бекитилген Тизмеге ылайык:
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөндөрдү жана Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан ташып келингендерди ыйгарым укуктуу салык органынын ишке ашыра тургандыгы;
Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин аймактарынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келингендерди бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишке ашыра тургандыгы.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 135 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жободо:
- 7-пункттун алтынчы абзацындагы "марка коюлуучу акцизделчү товарларга акциздик маркаларды" деген сөздөр "товарларда тиешелүү маркалоону" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом Гродно шаарында 2015-жылдын 8-сентябрында кол коюлган "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |