Сравнение редакций…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 токтому менен бекитилген |
Жумушсуз жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 281 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо жумушсуз жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу (мындан ары - Жобо) расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруунун Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы үчүн бирдиктүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Расмий жумушсуздарды жана жумуш издегендерди кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын базасында калкты жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
2. Кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жиберүүнүн жана уюштуруунун шарттары
3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 281 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кадрларды даярдоодо эмгек рыногундагы керектөөнү аныктоону;
- расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды окутууга болгон муктаждыгын аныктоону;
- билим берүү уюмдарын тандоону;
- расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн келишимдерди түзүүнү;
- расмий жумушсуздарды жана жумуш издеп жүргөн жарандарды кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жиберүүнү;
- расмий жумушсуздарды жана жумуш издеп жүргөн жарандарды кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатуу системасын каржылоону;
- кесиптик даярдоодон, кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өткөн адамдарды сертификациялоону;
- окутууну контролдоону;
- окутуу боюнча мониторинг жүргүзүүнү, ишти талдоону жана статистикалык отчеттуулукту.
Окутууга болгон муктаждык жумушчу күчүнө суроо-талапты жана сунушту талдоонун негизинде эсептелет.
5. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан окуу жайларды тандоо төмөнкүлөрдү караштырат:
- жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды окутуу үчүн тандап алган кесибине окутуучу региондук эмгек рыногунда билим берүү уюмдарын издөөнү;
- көп профилдеги окутууну камсыз кылуу үчүн окутуунун керектүү жабдуулары, тренажерлор, техникалык каражаттар, көрсөтмө куралдар менен жабдылган билим берүү уюмунун кесиптик багытына ылайык билим берүү уюмунда окутуу кабинеттерин, лабораторияларды, устаканаларды, полигондорду камтыган окуу-өндүрүштүк базасынын болушун;
- квалификациялуу окутуучулук курамын;
- оптималдуу наркын жана окутуунун мөөнөтүн;
- эмгек рыногунда талап кылынган актуалдуу окутуу сунуштарын.
6. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды окутуу үчүн билим берүү уюмдары менен бир жылдык мөөнөткө келишим түзөт.
7. Расмий жумушсуздар жана жумуш издеген жарандар топтук жана жеке формада окутулушу мүмкүн.
Топтук даярдоодо теориялык окутуу окуу тобунда, ал эми өндүрүштүк окутуу окуу жайынын ал үчүн атайын түзүлгөн окуу-өндүрүштүк базасында, ошондой эле ишканалардын жумуш орундарында өткөрүлөт (макулдашуу боюнча).
Жеке даярдоодо окуучу теориялык курсту өз алдынча жана окутуучунун консультациясынын жардамы менен окуйт, ал эми өндүрүштүк окутуу устаттын же квалификациялуу жумушчу-инструктордун жетекчилигинин алдында жумуш ордунда өткөрүлөт.
Окутуунун топтук формасы үчүн ар бир окуу топторун 3төн кем эмес жана 20дан ашпаган сандагы адамдар менен комплекттөө сунушталат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 281 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды окутуу мөөнөтү алардын кесиптик деңгээлин, өндүрүштүк тажрыйбасын, кесипти өздөштүрүү тажрыйбасын эске алуу менен, бирок 5 айдан ашпаган мөөнөткө, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү менен макулдашуу аркылуу окутууну өз базасында ишке ашырып жаткан билим берүү уюмдары тарабынан белгиленет.
9. Расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды окутуунун тартиби билим берүү уюмдары тарабынан белгиленет жана ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү менен макулдашылат.
10. Расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды окутууга болгон муктаждык жеке кесиптик багыт берүү кызматтарын өткөрүүнүн натыйжасында аныкталат. Жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун алар үчүн мүмкүнчүлүктүү жана жеткиликтүү бир нече варианттары сунушталып, кыйла ылайыктуусун тандап алышкандан кийин аларга окууга жолдомо берилет.
11. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан расмий жумушсузга жана жумуш издеген жаранга окууга жолдомо берилет, ал эми билим берүү уюмдары бул жолдомонун негизинде аларды окууга кабыл алуу жөнүндө чечим чыгарышат.
12. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү:
- маалымат, консультация берүү, ошондой эле расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жиберүү боюнча иштерди жүргүзөт;
- билим берүү уюмдары менен кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу маселелери боюнча өз ара аракеттенишет;
- расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды кийин жумуш менен камсыз кылуу перспективасы менен аларды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү предметине консультация беришет;
- расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча коюлган талаптарга жооп берген билим берүү уюмдары менен келишим түзүшөт;
- окутуудан өткөн жана окутуунун натыйжалуулугун бааланган расмий жумушсуздардын жана жумуш издеген жарандардын ишке орношуусуна мониторинг жүргүзүшөт;
- билим берүү уюму менен түзүлгөн окутуу жөнүндө келишимге жана бекитилген сметага ылайык расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды окутуунун курстарын каржылайт.
3. Кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу мезгилинде стипендия төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү
13. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү жиберген кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мезгилинде расмий жумушсуздарга жумушсуздук боюнча базалык жөлөкпулдан 20 пайызга көбөйтүлгөн өлчөмдө стипендия төлөнөт.
Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү окутууга жана кайра окутууга жиберген жумуш издеген жарандарга жумушсуздук боюнча базалык жөлөкпулдун өлчөмүндө стипендия төлөнөт.
Чек боюнча окуткан учурда окутууга стипендия төлөө каралбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 281 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү окутулуп жаткан жактын жетишкендиктери жана катышуусу жөнүндө өз убагында (көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 күндөн кечиктирбестен) берилген маалымдардын (билим берүү уюмдары) негизинде ай сайын стипендия эсептейт жана төлөп берет.
15. Стипендия төлөө төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
- окутуу мөөнөтү аяктаганда;
- окутулуп жаткан жаран окуган жеринен чыгарылганда;
- окутулуп жаткан жак окуусун өз алдынча токтоткондо.
4. Окутууга чек берүүнү жүзөгө ашыруу механизми
16. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүндө расмий жумушсуз жаран катарында катталышы окутууга чек алуунун негизги шарты болуп саналат.
17. Окутууга чек берүү төмөнкүдөй иш-аракеттерди камтыйт:
- локалдуу эмгек рыногундагы муктаждыкты эске алуу менен окутууга чек берүү боюнча курстардан өтүүнү аныктоого расмий жумушсуз жаранга, жумушсуз жарандардын арасынан окутуу үчүн топторду түзүү мүмкүнчүлүгү жана локалдуу эмгек рыногунда билим берүү уюмдары жок болгон шартта консультациялык иштерди өткөрүүнү;
- белгилүү бир мезгилге, анын аралыгында расмий жумушсуз билим берүү уюмун өз алдынча тандап алышы зарыл, жумушсуз жарандын колуна окутуу үчүн чекти берүүнү;
- билим берүү уюмдары тарабынан ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнө билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө укук берүүчү лицензиянын көчүрмөсүн тиркөө менен расмий жумушсузду окутууга кабыл алуу жөнүндө документтерди берүүнү;
- ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан окутуу үчүн акча каражаттарын окуу башталганда 50 пайыз өлчөмүндө жана окуу аяктагандан кийин 50 пайыз өлчөмүндө которуу.
Билим берүү уюмдары расмий жумушсуз окуусун аяктагандан кийин ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнө окутуу аяктагандыгы тууралуу маалымдайт.
6. Кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууну каржылоо
18. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүндө катталган расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууну каржылоо калкты жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан республикалык бюджеттен ушул максаттарга каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
Расмий жумушсуздарды жана жумуш издеп жүргөн жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу чыгымдары окутуу чыгымдарынын сметасына ылайык төлөнүп берилет.
Каржылоо шарттары ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү жана билим берүү уюмдарынын ортосундагы келишимге ылайык аныкталат.
7. Кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну контролдоо жана сапатын камсыз кылуу
19. Расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын башкаруу калкты жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
20. Калкты жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- кесиптик окутуунун негизги багыттарын өз убагында негиздүү тандоо максатында республика боюнча жумуш орундарынын түзүмүнүн өзгөрүшүнө, жумушсуз жарандардын санына жана кесиптик-квалификациялык курамына талдоо жүргүзөт жана болжолдойт;
- расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнүн иштерин координациялайт, аларга уюштуруу жана методикалык жактан жетекчилик кылат;
- кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну каржылоонун көлөмүн аныктайт.
21. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында:
- айына бир жолудан кем эмес окуунун сапатын, окуп жаткандардын катышуусун контролдойт;
- кесиптик даярдоодон, кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өткөн адамдарды аттестациялоо боюнча билим берүү уюмдарынын квалификациялык комиссияларына катышат;
- белгиленген мөөнөттө статистикалык отчетту түзүшөт жана калкты жумуш менен камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга беришет.
22. Расмий жумушсуздарды жана жумуш издеп жүргөн жарандарды окуткан билим берүү уюмдары:
- окуу процесси жана окуунун сапаты үчүн жооп беришет;
- ай сайын ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнө окуп жаткандардын катышуусу тууралуу маалымат (табель) беришет;
- кесиптик окутууну же квалификациясын жогорулатууну ийгиликтүү аяктаган расмий жумушсуздарга жана жумуш издеген жарандарга квалификация ыйгаруу менен сертификат тапшырышат.
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 токтому менен бекитилген |
"Жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруунун Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы бирдей тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Расмий жумушсуздарды жана жумуш издегендерди кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын базасында же квалификацияны жогорулатуу боюнча окутуучу тренерлерди тартуу менен калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүргүзүлөт.
2-глава. Кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жиберүүнүн жана уюштуруунун шарттары
3. Расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) кадрларды даярдоодо жана квалификацияны жогорулатууда эмгек рыногундагы муктаждыкты аныктоо;
2) расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандардын арасында окутууга жана квалификацияны жогорулатууга болгон муктаждыкты аныктоо;
3) билим берүү уюмдарын жана квалификацияны жогорулатуу боюнча окутуучу тренерлерди тандоо;
4) расмий жумушсуз жапа жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн келишимдерди түзүү;
5) расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жиберүү;
6) расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын каржылоо;
7) кесиптик даярдоодон, кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өткөн адамдарды сертификациялоо;
8) окутууну контролдоо;
9) окутуу боюнча мониторинг жүргүзүү, ишти талдоо жана статистикалык отчеттуулук.
Окутууга болгон муктаждык жумушчу күчүнө болгон суроо-талапты жана сунушту талдоонун негизинде эсептелет.
4. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан билим берүү уюмдарын тандоодо төмөнкүлөр каралат:
1) регионалдык эмгек рыногунда расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды тандап алган кесибине окутуучу билим берүү уюмдарын издөө;
2) көп профилдүү окутууну камсыздоо үчүн окутуунун зарыл болгон жабдуулары, тренажерлор, техникалык каражаттар, көрсөтмө куралдар менен жабдылган билим берүү уюмунун кесиптик багытына ылайык билим берүү уюмунда окутуу кабинеттерин, лабораторияларды, устаканаларды, полигондорду камтыган окуу-өндүрүштүк базасынын болушу;
3) квалификациялуу окутуучу курам;
4) окутуунун оптималдуу наркы жана мөөнөттөрү;
5) эмгек рыногунда талап кылынган актуалдуу окутуу сунуштары.
5. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан квалификацияны жогорулатуу боюнча окутуучу тренерлерди тандоодо төмөнкүлөр каралат:
1) жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу максатында регионалдык эмгек рыногунда квалификациялуу тренерлерди издөө;
2) тренерлерде окутуунун техникалык каражаттарынын жана көрсөтмө куралдарынын болушу;
3) окутуунун оптималдуу наркы жана мөөнөттөрү;
4) эмгек рыногунда талап кылынган актуалдуу окутуу сунуштары.
6. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды окутуу (квалификациясын жогорулатуу) үчүн билим берүү уюмдары (окутуучу тренерлер) менен бир жылдык мөөнөткө келишим түзөт.
7. Расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик окутуу топтук жана жеке формада жүргүзүлүшү мүмкүн.
Топтук даярдоодо теориялык окутуу окуу тобунда, ал эми өндүрүштүк окутуу окуу жайдын ал үчүн агайын түзүлгөн окуу-өндүрүштүк базасында, ошондой эле ишканалардын жумуш орундарында (макулдашуу боюнча) жүргүзүлөт.
Жеке даярдоодо окуучу теориялык курсту өз алдынча жана окутуучунун консультациясы менен окуйт, ал эми өндүрүштүк окутуу устаттын же квалификациялуу жумушчу-инструктордун жетекчилигинин алдында жумуш ордунда өткөрүлөт.
Окутуунун топтук формасы үчүн ар бир окуу топторун 3төн кем эмес жана 20дан ашпаган санда комплекттөө сунушталат.
8. Расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды окутуу мөөнөтү алардын кесиптик деңгээлин, өндүрүштүк тажрыйбасын, кесипти өздөштүрүүнүн татаалдыгын эске алуу менен, бирок 5 айдан ашпаган мөөнөткө ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү менен макулдашуу аркылуу окутууну өз базасында жүргүзгөн билим берүү уюмдары тарабынан белгиленет.
9. Расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды окутуунун режими билим берүү уюмдары тарабынан белгиленет жана ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү менен макулдашылат.
10. Расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды окутууга болгон муктаждык жеке кесиптик багыт берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн натыйжасында аныкталат. Жумушсуз жана жумуш издеген жаранга кесиптик даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун алар үчүн мүмкүн болгон жана жеткиликтүү бир нече варианттары сунушталууга тийиш, алардын ичинен ылайыктуусу тандалгандан кийин окууга жолдомо берилет.
11. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан расмий жумушсуз жана жумуш издеген жаранга окууга (квалификациясын жогорулатуу) жолдомо берилет, ал эми билим берүү уюмдары (окутуучу тренерлер) бул жолдомонун негизинде аларды окууга кабыл алуу жөнүндө чечим чыгарат.
12. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү:
1) маалымат, консультация берүү, ошондой эле расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жиберүү боюнча иштерди жүргүзөт;
2) билим берүү уюмдары менен кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу маселелери боюнча окутуучу тренерлер менен өз ара аракеттенет;
3) расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кийин жумуш менен камсыз кылуу перспективасы менен аларды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү предметине консультация берет;
4) расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча коюлган талаптарга жооп берген билим берүү уюмдары жана окутуучу тренерлер менен келишимдерди түзөт;
5) окутуудан өткөн расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандардын ишке орношуусуна мониторинг, окутуунун жана квалификациясын жогорулатуунун натыйжалуулугуна баалоо жүргүзөт;
6) билим берүү уюмдары же окутуучу тренерлер менен түзүлгөн окутуу жөнүндө келишимге ылайык расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды окутуу курстарын каржылайт;
7) расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды эсепке алуу мезгилинин алкагында 1 жолудан ашык эмес кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жиберет.
3-глава. Кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу мезгилинде стипендияларды төлөө тартиби жана мөөнөттөрү
13. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү жиберген кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мезгилинде расмий жумушсузга жумушсуздук боюнча базалык жөлөкпулдан 20 пайызга көбөйтүлгөн өлчөмдө стипендия төлөнөт.
Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү окутууга, кайра окутууга жиберген жумуш издеген жарандарга жумушсуздук боюнча базалык жөлөкпулдун өлчөмүндө стипендия төлөнөт.
Айрым учурларда, кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мезгилинде жумушсуздарга жана жумуш издегендерге бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган өлчөмдө кошумча стипендия (анын ичинде окутуу үчүн алмашууга азык-түлүк түрүндө) төлөнүшү мүмкүн.
14. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү окуп жаткандардын жетишкендиктери жана катышуусу жөнүндө өз убагында (көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 жумуш күндөн кечиктирбестен) берилген маалыматтардын (билим берүү уюмдары жана окутуучу тренерлер) негизинде ай сайын стипендия кошуп эсептейт жана төлөйт.
15. Стипендия төлөө төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) окутуу (квалификацияны жогорулатуу) мөөнөтү аяктаганда;
2) окуп жаткандар окуган жеринен чыгарылганда;
3) окуп жаткандар окуусун өз алдынча токтоткондо;
4) ишке орноштуруу жөнүндө анык эмес (жалган) маалыматтар үчүн.
4-глава. Окутууга чек берүүнү ишке ашыруу механизми
16. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүндө расмий жумушсуз катары катталышы окутууга чек алуу үчүн негиз болуп саналат.
17. Окутууга чек берүүнү ишке ашыруу төмөнкүдөй иш-аракеттерди камтыйт:
1) локалдуу эмгек рыногундагы муктаждыкты эске алуу менен окутууга чек берүү боюнча курстардан өтүү зарылдыгын аныктоого расмий жумушсуз жаран менен жумушсуз жарандардын арасынан окутуу үчүн топторду түзүү мүмкүнчүлүгү жана локалдуу эмгек рыногунда билим берүү уюмдары жок болгон шартта консультациялык иштерди өткөрүүнү;
2) белгилүү бир мезгилде жумушсуз жарандын колуна окутуу үчүн чекти берүүнү, анын аралыгында расмий жумушсуз билим берүү уюмун өз алдынча тандап алышы зарыл;
3) билим берүү уюмдары тарабынан ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнө билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө укук берүүчү лицензиянын көчүрмөсүн тиркөө менен расмий жумушсузду окутууга кабыл алуу жөнүндө документтерди берүүнү;
4) ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан окутуу үчүн акча каражаттарын окуу башталганда 50 пайыз өлчөмүндө жана окуу аяктагандан кийин 50 пайыз өлчөмүндө которууну.
Билим берүү уюмдары расмий жумушсуз окуусун аяктагандан кийин ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнө окутуу аяктагандыгы тууралуу билдирет.
5-глава. Кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууну каржылоо
18. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүндө катталган расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттен ушул максаттарга каралган каражаттардын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
Расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга чыгымдар чыгымдардын сметасына ылайык төлөнөт.
Каржылоо шарттары ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү менен билим берүү уюмдарынын (окутуучу теренерлердин) ортосундагы келишим менен аныкталат.
Жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга чыгымдарды каржылоого кошо каржылоочу тарап катышкан учурда, каржылоонун шарттары ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнүн, билим берүү уюмдарынын (окутуучу тренерлердин) жана кошо каржылоочу тараптын ортосундагы келишим менен аныкталат.
6-глава. Кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну контролдоо жана сапатын камсыз кылуу
19. Расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын башкаруу ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
20. Ыйгарым укуктуу орган:
1) кесиптик окутуунун негизги багыттарын өз убагында негиздүү тандоо максатында республика боюнча жумуш орундарынын түзүмүнүн өзгөрүшүнө, жумушсуз жарандардын санына жана кесиптик-квалификациялык курамына талдоо жүргүзөт жана болжолдойт;
2) расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууда ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнүн иштерин координациялайт, аларга уюштуруучулук жана методикалык жактан жетекчилик кылат;
3) кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну каржылоонун көлөмүн аныктайт.
21. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында:
1) айына бир жолудан кем эмес окуунун сапатын, окуп жаткандардын катышуусун контролдойт;
2) кесиптик даярдоодон, кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өткөн адамдарды аттестациялоо боюнча билим берүү уюмдарынын квалификациялык комиссияларына катышат;
3) белгиленген мөөнөттө статистикалык отчетту түзөт жана ыйгарым укуктуу органга берет.
22. Расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды окуткан билим берүү уюмдары (окутуучу тренерлер):
1) окуу процесси жана окуунун сапаты үчүн жооп берет;
2) ай сайын ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнө окуп жаткандардын катышуусу тууралуу маалымат (табель) берет;
3) кесиптик окутууну же квалификациясын жогорулатууну ийгиликтүү аяктаган расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарга квалификация ыйгаруу менен сертификат тапшырат.